Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору, профессор Үмүт КУЛТАЕВА: «Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда»

Үмүт Баймуратовна, КУУда быйылкы жыл мамлекеттик тил жылы деп жарыяланды. Мындай чечимдин кабыл алынышына эмне себеп болду?

— Өткөн жылдын 16-декабрында КУУга проректор болуп келдим. Буга чейин жыйырма жылдан ашык И.Арабаев атындагы университетте иштедим. Бир жумадай КУУдагы абал менен тааныштым. Айтып коюшум керек, КУУ билим берүүнүн флагманы дегендин чындыгы бар экен. Даярдалып жаткан адистер, жалпы контингент, окутуучу-профессордук курам жагынан флагман болчу окуу жай экендигине ишендим.

Өкмөттүн токтому, нормативдик документтер бардыгына карабай мамлекеттик тил боюнча проректордун статусу жогору болгон жок. Башка проректорлордукундай эле деңгээлде болуп калды. Мен бул жерге мамлекеттик тил боюнча проректор болуп келдим. Ушунун өзү көп нерсеге милдеттендирет. Бу биринчи себеп. Экинчиси, окуу жайдагы иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлүп, чогулуш, жыйындар, токтом, буйруктар жалаң эле орус тилинде болору көзгө дароо көрүнүп, байкалды.

Атүгүл эшиктеги аты-жөндөрү, кызмат абалдары орус тилинде жазылып турат. Ушул жагдайлар окуу жайга мамлекеттик тилге байланыштуу чечкиндүү кадамдар зарылдыгын көрсөттү. Анан 23-декабрда кызматтык кат жазып, ректорго кирдим. Ректор менин сунушумду туура кабыл алып, зор ынтаа, ыклас менен макул болду. 30-декабрда администрация жамааты менен болгон жыйында чечимди угуздук. 20-январда окумуштуулар кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү. Окумуштуулар кеңешинин отурумунда КУУда 2009-жылды — мамлекеттик тил жылы деп жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алышты.

Мамлекеттик тил жылы деп жарыялангандыгы абдан жакшы. Бирок, бул демилге эмнелерди ичине камтыйт, эмнелер жүзөгө ашырылат, мунун алкагында кандай иштерди аткарабыз деген планыңыздар бар?

— Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгына быйыл 20 жыл болот. Биз ушуга байланыштуу жогорудагыдай чечимди кабыл алдык. 20 жылдан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын колдонулуш чөйрөсүн кеңейтүү жөнүндө көп айтылды. Бирок, бул нерсе тиешелүү деңгээлде болбой элди, коомчулукту канааттандырбай жатат. Көп жакшы план, максаттар сөз жүзүндө эле калып жатат. Ошондуктан 2009-жылда бул багытта аткара турган иштерибиз натыйжалуу болсун деп, маселенин экинчи жагын финансы маселесин чечтик. Бул максатта КУУда «Кыргыз тили» коомдук фондун уюштуруп, анын эсебин ачалы деп жатабыз. Фонддун мыйзамдык, нормативдик иштери бүтүп калды. Эсеп ачканда, ага кимдер акча чегерет? Бул кайрадан эле көйгөй, чечүүнү талап кылган маселе. Анан биз мындай көйгөйдү аз да болсо чечели деп, марафон өткөрөлү дедик. Өзүңүз билесиз, 21-февраль БУУда эне тилдердин күнү. 20-февралда «Элдин өмүрү — анын тилинде» аттуу илимий практикалык конференция өткөрүп, ушуга улай эле марафон өткөрөлү деп жатабыз. Марафонду уюштуруп жатканда «жаңы эле келип, акча сурап жатат» деп айтышабы деп тартынат экенсиң. Элибиздин уучу куру эмес, эне тилге күйүп-бышкан жарандар табылат го деп, марафонду уюштуруп жатабыз. Ошол эле учурда марафонго окуу жайдын эсебинен да акча бөлүнүп, чогулган акчага биринчи кезекте окуу куралдарын, окуу программаларын мамлекеттик тилде чыгарууну максат кылдык. Өткөн жылдын октябрь айында кабыл алынган Салык кодексинде мамлекеттик тилдеги окуу куралдарын, программаларды чыгаргандар салыктан бошотулсун деген берене бар. Ал да биздин ишке жардам болот. Биздин негизги максат, стратегиябыз ушундай. Бизде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө чоң көңүл бурулууда.

Сиз коомдук фонддун эсебинен мамлекеттик тилге байланыштуу иштерди жүзөгө ашырабыз деп жатасыз. Чындыгында андай иштер бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануусу керек. Сиздер коомдук фондго эле таянасыздарбы, же окуу жайдын бюджетинен да жардам болобу?

— Университет сөзсүз колдоо көрсөтөт. Бул маселени чечтик. Окуу жайдын акчасын фонддун эсебине которуп, анан пайдаланалы деп жатабыз. Мындай чечимге эмнеге келдик? Жаңы ректорат илимий китепкана менен таанышканда фонддогу жалпы китептердин 10%ы гана мамлекеттик тилдеги адабияттар экендигин көрдүк. Билим алып жаткандардын контингенти такыр башканы көрсөттү. Өлкөнүн алыскы аймактарынан келгендердин баары эле орус тилиндеги окуу куралдарына тиштери өтпөйт да. Коррупциянын булагы ушул жерде жатпасын деген ойго келдик.

Эгерде орус тилин билбеген студенттер китептерди окуп, түшүнүшпөсө, предметти өздөштүрө албаса, анан эмне кылышат? Кандайдыр жолун таап баа алганга, экзамен тапшырганга аракет кылышат да. Балким, биз тиешелүү шарттарды түзбөгөндүктөн коррупциялык көрүнүштөр болуп жаткандыр деген ойго келдик. Кийинки убакта окуу процессин гумандаштыруу деген түшүнүк модага айланып баратат. Окуу процессин гумандаштыруу деген эмне? Бул билим алып жаткан адамга тиешелүү шарт түзүп берүү дегендикке жатат.

А тиешелүү шартты биз кантип түзүп беребиз? Билим алуу мүмкүндүгү менен камсыз кылып беришибиз керек. 70-жылдары бизге белгилүү болгон болгар окумуштуусу Лозанов башка тилде жаттап окуган студенттерди текшере келгенде, 70%ында шизофрениянын элементтери келип чыккан. Айыл жерлеринен шаарга келип, башка чөйрөгө жаңыдан көнүп жаткандарга башка тилдеги окуу куралдарын сунуштап, таңуулай берүүбүз окуу процессин гумандаштырууга такыр туура келбейт. Ошондуктан, жок дегенде билим алуунун алгачкы этабында шарттарды түзүп берүү максатында жогорудагыдай аракеттерди көрүп жатабыз. Албетте, алыскы аймактан келгендер кыргыз тилинде окушуп, башка тилдерди үйрөнбөсүн дегендик эмес. Студент канчалык көп тил билсе, ошончолук жакшы.

Сиз келип, иш баштагандан бери иш кагаздарынын канчасы кыргызчаланды? Байкап көрдүңүзбү?

— Окумуштуулар кеңешинин алгачкы жыйынын мамлекеттик тилде өткөрдүк. Бул жердеги улуу муундагы окутуучулар, тилчилер аракеттериме ыраазы болуп, рахматтарын айтып жатышат. Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүп, жыйындарда кыргыз тилинде сүйлөсөк деле болот турбайбы деген пикирлерин билдиришүүдө. Биз мындай аракеттерди жаңы эле баштадык. Бирок, акырындап окуу жайдын бардык иш кагаздарын кыргызчалатып, адистерди окутуп, туруктуу иш алып бара берсек, КУУда мамлекеттик тилдин салтанат курарына ишенем.

Албетте, сабактардын баарын кыргыз тилинде жүргүзүү мүмкүн эмес. Бирок, ошентсе да канча пайызы мамлекеттик тилде өткөрүлөт? Сиздин баамыңызда окуу жайдагы сабактардын канчасын кыргыз тилинде жүргүзсө болот?

— Болжол менен азыр жалпы сабактардын 40%ы мамлекеттик тилде окутулат. Эгерде биз алдыга койгон максаттарга жетишсек, анда 80%га жеткирүүгө болот. Эмнеге таянып айтып жатам? Бул жердеги эң чоң юридика факультетинин өкүлдөрү менен жолуктум. Алар мамлекеттик тилдеги юридика боюнча окуу куралдары жетишпегенин айтышты. Мен «Нуска» дүкөнүнө барып, «Юридикалык термин, аталыштардын сөздүгү» деген китепти көрдүм. Бирок, бул китеп эмдигиче юридика факультетине сатылып алынбаптыр. Ошондой эле «Жаза кодекси» деген да окуу куралы турат, ал китеп да бул жакка жеткен эмес. Демек, эң татаал деген юридика боюнча кыргыз китептери чыгып жаткандан кийин башка предметтер боюнча да кыргызча лекцияларды окуп, окуу процессин жүргүзсө болот. Ага жетиштүү окутуучулар курамы да бар. Буларды эске алып, окуу жайдагы сабактардын 80%ын кыргыз тилинде өткөрсө болот деп айта алам.

Юридика факультети жөнүндө сөз кылып калдыңыз. Аталган факультетте негизинен мыйзамдар, нормативдик актылар окутулат. Алардын бардыгынын кыргызчасы бар. Биздин мугалимдердин бир жалкоолугу бар, орусча тексттерди кыргызчага которуп, лекция жазгандан эринишет. Менин жеке пикиримде, адабият менен тарыхтан кийин кыргызча окутууга оңой предмет — укук таануу. Алардын шылтоосу жөн гана жалкоолукта болуп жаткандай. Сиз кандай дейсиз?

— Бул жерде дагы бир факторду эске алышыбыз керек. Юридика факультетине көбүнчө орус мектепти бүткөн шаардык балдар келишет. Алар кыргызча лекцияларды түшүнбөйбүз деген дооматтарды коюшат. Келип эле өзүбүздүн «киргиздер» тоскоолдуктарды кылышат. Ошентип, бул жерде эки көйгөйдүн учугу келип чыгат.

Биз ошондуктан окуу жайдагы мамлекеттик тилдин абалын координациялоо үчүн атайын структура түзүп жатабыз. Ал үчүн беш штат ордун ачып, биринчи кезекте илимий кызматкерди, жогорку квалификациядагы усулчуну алабыз. Ошондой эле мамлекеттик тилди окуткан мугалимдердин, кафедранын статусун жогорулатуу да алдыбызга койгон максаттардын бири. Бул кафедрага көптөн бери көңүл бурулбай калгандыктан, мугалимдер өз иштерине көңүлкош болуп калышкан. Анткени, бизге кайдыгер карашып, экинчи планда мамиле кылышат дешет. Бир жагынан арыз, экинчи жагынан көйгөй катары ыймандай сырларын айтышты.

Мамлекеттик стандарт менен алганда мамлекеттик тил предметтеринин көлөмү да азайып кеткен. Же орус тилинде окугандар үчүн 280 саатка, анын ичинде аудиториялык иштер 154 саатка түшүп калган. Эч бир предмет мындай көлөм менен натыйжага жетише албайт. Мен учурдан пайдаланып окуу жайдын администрациясына ыраазычылык билдиргим келет. Алардын колдоосу менен учурда мамлекеттик тил предметинин көлөмү орус тилинде окугандар үчүн 340 саатка жетти. Же чет тилдерди окутуунун көлөмүнө теңелди. Биринчи кезекте окуу процессине көлөм, экинчи кезекте жетиштүү окуу куралдары, үчүнчү кезекте сабак берүүчү мугалимдердин болуусу зарыл. Ушул үчилтик болгондо гана студенттер натыйжалуу билим ала алышат. Буйруса бизде булардын бардыгы болгону жатат.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, «Кыргыз Туусу» (17-февраль, 2009-ж.)

Соц тармактар:

Добавить комментарий