Салижан Жигитов: «Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар, … бир гана арман: айтылбастан сөз калар!»

Баары өтөт, баары өзгөрөт турмушта

Ушул саптар жүрөккө сүртүлүп өтчүдөй болуп кандай таамай айтылган, эртеңин көрүп тургандай. Негизи акылгөй, сөз баккан чеберлер ушинтип айта алат болсо керек. Анткени, бул жашоого түбөлүктүү түркүк болгон эч ким жоктугу алмуздактан бери айтылып келет эмеспи. Баары өтөт, баары өзгөрөт. Бир жакшы жери маанисин жоготпойт. Албетте, буга биздин ата-бабалардан калган тарыхтын өзү күбө. Жаратылыштын өзүнүн баарына бирдей калыс мыйзамы — туулмак бар жерде өлмөк да барын биле жүрүү тура. Мындай мыйзамды тааныбай коюуга адамзаттын күчү барбы? Жок экендиги улуу чындык. Ар бир замандын өзүнүн тарыхында жеке адамдык тагдырдан элдик тагдырга өтүп, аты калган каармандары гана эл оозунда унутулбай айтылып калат. Аны купуя асыл арманга айландырып айтып кеткен Салижан Жигитовдун ааламдан өткөнүнө дагы билинбей куштай учуп, суудай аккан убакыт өтүп, үч жылга карап калды. Салижан аганы эстегенде өзүнүн жазып кеткен мындай бир ыр саптары эске келет:

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ачышып
каректерим,
Шуу үшкүрүп
ыйлагым келет менин!

Бул ысымды укканда мүлдө кыргыз эли шуу үшкүрүп, бир таанымал жакшы атуулун эске салат. Анткени ал адабиятчы, сынчы, акын, коомдук ишмер деген расмий аталыштарынан сырткары адамдардын жүрөгүнө жакын айжаркын мүнөзү бар асыл адам эле. Ал балким дагы көп жашамак, асылган оору алмайынча койбосу чынбы, арабыздан эрте алып кетти. Өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде жазган «Ооруканада жазылган ыр» деген ырында:

Мен көз жумсам кызмат ордум
бош калар,
бирок дароо орун басар башкалар.
Турмуштун түк токтолбосун белгилеп,
ошол күнү далай бөбөк көз жарар.

Мен көз жумсам, сыртта агайын
дос калар,
алар мени аз убакка эске алар.
бир гана арман: айтылбастан сөз калар,
жомок болуп эл эсинде сакталар.

Мен көз жумсам, жарык дүйнө
соо калар,
тыным албай жер өз огун айланар.
Тамак ичип,
эмгек кылып,
жер басып
соо жүргөндөн артык бакыт кайда бар?!,

— дегени окуган адамдын көңүлүнө кыттай уюп, алтын өмүрдүн аз күнчөлүк баркын эске салып, ойго батырат.
«Аттиң Салижан болгондо, жол баштабайт беле деп…»

Калемдеш досу, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун эскерүүсүндө мындайча айтылат: «Өткөн өмүр-аккан суу. Жерде кар жатканда күлойронду жоктогон элек, азанын арманы эмгиче арылгансыды, бара-бара көксө да сууду окшойт.

Баары бир берендин асыл сөзү, кылыгы, элеси кайрылып келе берет экен. Анын тула бою көз алдыга тартылат, же көчөдө ага окшогон бирөөлөр кабылат. Кээ жерден анын каткырык, күлкүсү жаңырып калат.

Салижан Жигитовду бир көргөн, кебин эшиткен пенде эч унутпас эле. Анын биз билип- билбеген дидарынын жылдызы нурданып, мээрими төгүлүп турчу.

Биз Салижандын кумар кандырган кыйла сөзүн кырк жыл бою уктук. Аны менен баарлашканда биздин эбиреген кобурубуз Салижандын тунук ойлору, акылы алдында шоона эшпей калат, аны сезгенде айбыгып, оозду эрте тыйганга, курдымакты басканга шашчубуз.

Ал жалганы жок төл сөзүнүн кусуру менен адамды өзүнө тартып алчу. Биз угуучу болуп, муюп калар элек. Ал сөздү жондотпой, таамай, ачык, азил менен чындыкты орундуу айтчу. Табияттын сулуулугуна балкыгандай же музыка угуп магдырагандай жан сергиткен накыл сөздөрү да ой, кубат берип байый түшчүбүз.

Салижан кара жаак чечен, сөз төрөсү эле. Болгондо да чулу ойду, кундуу сөздү капилет айта салчу. Анын замандашка, бийликтегилерге, парламентке айтар сөзү оозунда камдалуу болучу. Азили адамдын кыял-жоругун, терс жагын чымчып, керт башын кемсинтпей, көңүл оорутчу эмес.

Бүгүнкү күндөгү кайсы бир жыйында же жолугушууда чындык айтылбай, топ жарган сөз табылбай буулуп турганда, аттиң, Салижан болгондо, жол баштап бербейт беле, ажаатты ачпайт беле деп кейип калабыз.

Ал биздин акылыбызды, оюбузду дүйнөлүк маданияттын, акыл-эстин кашка жолуна салып, чындыкты көрсөтүп койчу.»

Шуулдаба теректер,
теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым
келет менин

Кеңеш агайдын эскерүүсү айтса-айтпаса төгүнбү, мындай шуу үшкүрүктүү өкүнүчтү көп эле угуп жүрөбүз. Салижан ага кашкайган чындыкты кашкайып туруп айтканы айрым жасакердүү мактанычтан миң эсе өйдө экени белгилүү. Дагы бир сөз эске түшөт. Кыргыз адабиятындагы кыздар поэзиясына да адабиятчы, сынчы катары Салижан Жигитовдун кара кылды как жарган калыс сөзүн акын Үрүниса Маматова акындарча сырдашып олтурган мүнөттөрдө бир айтты эле. Үрүниса эже 70-жылдардын муунуна кирген акындардан эмеспи. Илгери, мындан бир нече жылдар мурун ал жаңыдан ырларын жазып жүргөн мезгилде Салижан агага бир көрсөтүп, ырлары жөнүндө пикирин угуп, сындан өтүп көрөйүн дептир. Анан ырлар топтомунун кол жазмасын берген экен. Салижан ага бир сыйра окуган соң:

— Мындай ырларды Жолон ажатканада олтуруп жазып салат, -деп ыргытып ийген экен. «Ошондон кийин ыр деген кандай көрөңгөнү, кандай жоопкерчиликти талап кыларын түшүнгөм, ырас эле ошентиптир, көзүм ачылган Салижан агайдын айтканынан кийин»,-деген эле Үрүниса эже. Чынын айтсам көп киши көзүңү көрсө мактай берет эмеспи, Салижан аганын бетке чабар ачыктыгын көп угуп, мен дагы акын боло аламбы же жокпу деп, ырларымды окутуп, пикирин укканга куштар болуп жүргөм, муну уккандан кийин жүрөгүм үшүп, даабай көп учур өттү. Кийин, кийин Салижан ага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде иштеп жүргөн өмүрүнүн акыркы жылдары журналисттик кызматтын айынан бир маектешүүдөн кийин жаңы жарык көргөн китебимди берип, эмне дейт болду экен деп көпкө жүрөкзаада болуп жүрдүм. Ошол маектешүүдө Салижан аганын адабият менен искусство эле эмес, коом, саясат, дегеле ааламды кучагына алып турган тирүүлүктүн философиясы тууралуу дагы түшүнүк ааламы кеңири экендигине таңдандым эле. Анын ар бир сөзү, ал турмак юморунун көлөкөсүндө дагы бир чоң ойдун тулкусу жаткандай сезилген. Көрсө, анын ой жүгүртүү маданияты бийик экен. Биз кээде башка элдердин залкар таланттарынын, ойчулдарынын сөзүн мисалга алып, үлгү тута берген адатыбыз бар. Башкаларды окуу, үйрөнүү дагы зыяны тийбеген пайдалуу нерсе, бирок эң алгач өзүбүздүн эле улутубуздун көркөм дөөлөтүнүн көрөңгөлүү керемет-күчүн таанытып турган залкарларыбызды үлгү тутсак башка элдерден эч бир кем калышпаган рухий зоболосу бийик пайдубалыбыздын бар экендигин сездирген залкарларыбыздын катары арбын. Алардын бири Салижан Жигитов агабыз экендиги чындык. Соңку бир жолукканда «Ой сен акын турбайсыңбы Бактыгүл, китебиңди бизде түркчө которгон студенттерге берейин, кабарлашып тур»,-деп айтканда бир купуя кубанып, рахмат айтканым бар. А кишинин өзүнүн жазган ырлары аз болсо да саз эле да. Айрыкча анын «Элегия» деген ыры биз алгач калем кармап жазган убакта жаралса дагы, азыр окуганда азыр жазылгандай касиети менен сагыныч, кусалык сезимди козгойт:

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып.
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.

Шуулдаба терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…

Акындын күчү өмүрдүн көз ирмемин сүрөт кылып алдыңа жайып, эсиңе келтирет. Ушу тууралуу дагы бир таланттуу агабыз Алым Токтомушовдун Салижан Жигитовдун көзү өтүп кеткенден кийин жарыккка чыккан «Жаңырык» аттуу китебиндеги баш сөзүндө минтип жазганын окудум:

«Ушул «Элегия» деген ыры үчүн эле Салижан Жигитовго эстелик орнотуп койсо жарашмак. Эстеликтин Жигитовго эми эч бир кереги жок, коомго, келечек муунга керек. Ошону менен адам жандүйнө ташкыны канчага көтөрүлгөнү айкындалмак.

Тилекке каршы бизде антпейт. Кайран Сакең, айран Сакең бул китебин көрмөк түгүл «Эскермелерди» да бүтүргөнгө шаасы жеткен жок. Оңбогон оору жеткирбеди. Эми китебин биз көрөбүз. Ошого каниет кылалы.»

Жазылып бүтпөй калган «Эскерме»

демекчи, Салижан аганын өзү жазып бүтпөй кеткен эскермелеринен дагы бүгүн окурмандарга гезит бетинен сунуш кыла кетсек удулу келип турат. Бир жеринде мындайча жазыптыр:

«Ар бир Адам баласы өзү өмүр сүрө турган заманды тандап албайт. Ата-энесин да, тууган элин да, киндик кескен жерин да тандап туулбайт. Мен деле көп калктардын акылмандары айтып келаткан ушундай универсал турмуш мыйзамынан тышкары калган жокмун.»,-дейт. Бул эми бардык адамзатына тиешелүү калыс сөз. Ушул эскерүүлөрдөн Салижан аганын өзгөчө жөнөкөйлүгү, турмуштагыдай карапайым улуулугу, эч бир жасалмасыз чындык менен жуурулушкан мүнөзү кара аттын кашкасындай көрүнүп тургандыгы таң калтырат. «Менин бүт өмүрүм совет мезгилинде өттү. Совет мектебинен таали-тарбия алдым. Совет мектебин, совет университетин, совет аспирантурасын бүтүрдүм. Совет идеологиясынын алкагында жашап, ага кызмат кылдым. Совет бийлигине каршы чыккан жокмун. Андан эч ыдык да көргөнүм жок, анын эрке баласы да болгонум жок.

1995-жылы Ташкенде Кыргызстандын элчиси болуп жүрсөм, бир күнү Өзбекстан телевидениесинин бир кабарчысы мени көчөдөн эле кармап алды. Аны-муну сураштырып, акыры мага мындай собол берди: «Өмүрүңүздө кандай ката, кандай жаңылыштык кетирдиңиз?» Мен бир аз ойлоно калып мамындай жооп кайтардым: «Менин бүткүл өмүрүм совет коомунда өттү. Ал эми ошол коомдун жаңылыштуу жактары көп болуп чыкпадыбы. Бир коомдун бүтүндөй тарыхы катага ширелип турса, менин жеке өмүрүм каяктан катасы жок өмүр болот эле. Балким менин бүт өмүрүм бир жаңылыш өмүрдүр».

«Чынында да мен идеалдуу же өрнөктүү дегидей өмүр сүрө алган жокмун. Нускалуу өмүр сүргөнгө реалдуу турмуштан, коомдук шарттардан көбүрөөк жеке өзүмдөн акылга жетиштүү бай эместигим, элеттик (провинциалдык) түшүнүктөрүм, ыкшоолугум, көп коёндун артынан кубалай бергендигим, дагы башка өксүк жактарым жолтоо кылды окшобойбу. Ата-энем мени жакшы эле адамдык данек менен жараткан экен, а данектен дүпүйгөн чынардай бакыбат дарак өнүп-өсүп чыккан жок, жапалак арчадай бирдеме өсүп тим болду белем»,- дегенин карабайсызбы. Бул эмне деген жөнөкөйлүк. Эмесе Салижан агадай айылдык мугалимден залкар окумуш-туулукка, мамлекеттик элчиликтин даражасына жеткен, чыгармачылыкта сөз баккан чебер катары поэзия болобу, проза болобу ооздон түшпөгөн ондогон китептери жарык көрүп, драмаларды жазып, дүйнөлүк адабиятты, элдик оозеки адабиятты чемичкедей чагып, Назым Хикметтин, Мустай Каримдин, Реми Дордун ырларын кыргызчага которуп, публицистикада өнөр алды кызыл тил экендигин көрсөтүп, саясатта, коомдо бийик атуул болуп таанылган белгилүү ишмер дагы ушинтип айтабы?! Бул бир улуулуктун белгиси го. Алым Токтомушов айткандай «Өзүн өзү аёосуз сындап, өзүнө өзү камчы чаап атпайбы. Улуу кишилер ушундай болот. Өзүнө да, өзү жасаган ишке да канааттанбайт. Лев Толстой ошентип өлгөн. Лев Толстойду Сакеңдей узун-туурасынан окуган Кыргызстанда балким, башка киши жоктур.

Чыгармачылыкка «көп коёндун артынан кубалай бергеним, дагы башка өксүк жактарым жолтоо болду окшобойбу» деп өзүн жана бир жанчыптыр, Сакең. Муну адабияттын «абысындары» да дамамат айтып келген. Көбүнчө өч алуу максатында. «Кыргыз орусча айтмайынча ишенбейт» деп койчу эле өзү, улуу Пушкинден орусча келтирейин: «Однообразность в писателе доказывает односторонность ума, хоть, может быть, и глубокомысленного». Пушкин «көп коёндун» маанисин жакшы билчү».

Чындыктан жаралган чындык

Канткен менен Салижан Жигитов улутубуздун рухий байлыгына өз салымын кошкон улуу инсан. Улуулардын атын атап, эскере жүрүү тирүүлүктүн ыйык парзы. Мындай чыгаандарын ар бир замана өзү жаратат. Кандай айтканыбызда дагы калайык-калкка таанылган тагдырдын ээси болуу бактылуу тагдыр. Салижан аганын өлүү күнүнүн даңазасына тирүү күнүнүн баркы жетпеген тагдырлар дагы бар, кайриет деш керек. Чындыктан жаралган чындык эч качан өлбөйт дейт экен. Кыргыз адабияты, илиминин тамырлап чыккан бир таланты катары элибиздин тарыхында Салижан Жигитовдун аты сыймыктуу жашай бермекчи.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, «Кыргыз Туусу» (17-февраль, 2009-ж.)

Соц тармактар:

Добавить комментарий