ЖК депутаты Бакыт Бешимов: «Бизде жылдан жылга сабатсыз муундар көбөйүп баратат»

«Азыр көпчүлүк мектептерде негизги сабактардан мугалимдер жетишпейт. Дене тарбиясынан, кол эмгектен берген мугалим физика сабагын берип жатат. Мындай болбойт. Жаштардын билим деңгээли өтө чектелүү, бул улут чоң коркунуч алдында турат дегендик. Бизде жылдан жылга сабатсыз муундар көбөйүп баратат»,-дейт Бакыт Бешимов

Аргасыз жабылган мектептердин абалы, жалпы эле өлкөбүздүн эртеңи эмне болот? «Эл пикир» изилдөө борборунун маалыматында Кыргызстандагы балдардын 7,6 пайызы мектепке барбайт. Мектепке кийүүчү кийиминин, окуу куралдарынын жоктугу, ата-энесинин иш издеп алыска кеткендигинен улам же болбосо өздөрү каражат тапканга ык алып алгандар сыяктуу окууну аксаткан өспүрүмдөрдүн мындан башка да толтура себептери бар. Ал эми мугалимдердин айрымдары узартылган каникулга чыгуу менен окуу программасы көбүрөөк сааттагы сабактардан жетишпей калышы мүмкүн, бирок көп деле үзгүлтүккө учурабайт деген пикирде. Кээ бир мугалимдер болсо «мурда пахта терүү убагында деле жетишип келбедик беле» деген ойлорун айтышат. Бул теманын тегерегинде билим берүү тармагында 20 жылдан ашуун убакыт эмгектенип, ЖОЖдо ректорлук кызматты аркалап келген, ЖКнын депутаты, окумуштуу, педагог Бакыт Бешимов менен болгон маекти сиздерге сунуш кылабыз.

— Бакыт мырза, учурда көп мектептер узартылган каникулда эмеспи, бул көрүнүш билим берүүгө терс таасирин тийгизбей койбойбу?

— Өткөндө Таласка барганда, көп мектептер каникулда экенин көрдүм. Бул абдан өкүнүчтүү. Ошондо атамды эстедим. Согуш убагында эркектердин баары согушка кетип, атам сельсоветтин секретарлыгын аткарчу экен. Ошол учурда 12 эле жашта болгон. Мына ошондо пахтаны майлап туруп, күйгүзүп шам кылып китеп окуганынан билимге умтулганын байкайсың. Биз болсо андан канча эсе жакшы шарттарда жашаганыбызга карабай окубай жатканыбыз туура эмес. Кеп ушунда, объективдүү шартка шылтап эле кол жайып отуруп алганыбыз болбойт. Ал эми жылытуу системасын көмүргө, отунга мазутка өткөрүү канча каражат талап кылат, бул оңой жумуш эмес. Мына ушундай кырдаал түзүлгөндөн кийин Өкмөт, жергиликтүү бийлик, өзүн өзү башкаруучу система өзгөчө чараларды көрүш керек болчу. Тилекке каршы, алар эң оңой жол менен «кийин толуктап коёбуз» деп мектептерди жаап, таркатып жиберди.

— Сиздин оюңузча кандай чараларды көрсө болот эле?

— Чарасыз эч нерсе болбойт. Мисалы, кайсы мектепке канча окуучу батат, канча нөөмөт окуй турганын тактап алгандан соң, көмүр менен жылытылган коңшу айылдагы мектептептерге кезек менен окутса болмок. Билим берүүгө каражатты аябастан алысыраак болсо да автобус уюштурса болот эле. Ушул жагы ойлонулдубу? Менимче, жок. Бир айылда көмүр менен жылытылган мектеп окуп жатат, коңшу айылда жок. Дагы бир мисал, мамлекеттик имараттарда электр энергиясы бар учурларда сабак өткөнгө эмнеге болбосун. Электр станциялары менен сүйлөшүп балдарды окуткан убакта жарыкты өчүрбөй турууну макулдашууга болбойт беле, болот болчу. Жаштар, балдар биздин, Кыргызстандын келечеги. Алар үчүн эч нерсени аябай, реалдуу кам көрүш керек. Мугалимдерге кошумча акы төлөп, имараттарда, чоңураак үйлөрдө, 10-15тен бөлүп тиешелүү сабактарды өтүүнү караса болот эле. Өзгөчө кырдаал дегенден кийин, өзгөчө ыкмаларды пайдаланыш керек да. Жылуулук жок деп окуучуларды таркатып жиберди, бардык эле жерде жарым күн жарык берилип жатат. Ар бир үйдө телевизор бар. Теле аркылуу эң мыкты мугалимдерди сабак бердиртип, график менен класстарга бөлүп окутуу программаларын атайын уюштурса болбойт беле, болот болчу. УТРКдагы керексиз көрсөтүүлөрдүн ордуна мисалы, географиядан «National geographic», «Animal planet» деген каналдардан кыргызчага которуп, көрсөтсө болмок. Ошондой ЭлТР да ушундай кошумча программаларды уюштурса болот эле. Азыр 60 пайыз элде телевизор бар, DVD сөзсүз болот. Мугалим DVD аркылуу сабактарды жаздыртып, окуучуга тапшырма берип, текшерип турса деле өспүрүмдөр бир нерсе үйрөнмөк.

— Мындай ыкма менен билим берүү канчалык реалдуу?

— 2003-жылы Кыргызстанга индиялык Жавахар деген профессор келген. Ал Индияда билим берүү институтун жана атайын окутуу усулдук борборун түзүп, эң мыкты мугалимдерди (математик, физик, химик, биолог) тандап, алардын бүт сабактарын DVD, CDге жаздыртат экен. Мына ошолорду DVD, CD аркылуу таратып, теле аркылуу көрсөтүшөт. Окуучулар көргөн программалардан суроолору болсо жогорудагы борборго кайрылып жооп ала алышат. Кыргызстанда ушул сыңары программаны бир учурда «Эдюрайт» деген компания уюштурган. Бирок, кыргыз өкмөтү ал убакта ага такыр көңүл бурган эмес. Ошондо ушул программага көңүл буруп, Жавахар профессор менен иштешип, аталган институттун филиалын ачып өркүндөткөндө, мына азыркы абалда билим берүүдө чоң ролду ойноп, жакшы ишке жарамак.

— Мугалимдер окуу программасына жетишебиз, мурдагыдай пахтага барган убактарда деле жетишип келгенбиз дешет, буга сиздин көз карашыңыз кандай?

— Мен ага кошула албайм, өзүм деле пахтага барып жүргөнмүн. Бир ай, эки ай жүрчүбүз, бирок, ал убакта советтик мектепте окутуу менен азыркы учурду салыштырууга такыр болбойт. Ошондуктан бул ой туура эмес, ал убакта көзөмөл күчтүү болуп, кошумча сабактар өткөрүлүп, мындан сырткары факультативдер, кружоктор иштечү. Мына ошолор калып кеткен сабактарды толуктап койчу. Азыр көпчүлүк окуучулар үйгө келип сабак окубайт. Алардын үстүнөн тиешелүү көзөмөл жок. Тестирлөө борборундагы билим берүүнүн деңгээлин текшерген программанын жыйынтыгында 6-9-10-класстагы 60 пайыз окуучу мектептин программасындагы жөнөкөй эле нерселерди билбейт. Бул бир. Мен билим берүү системасында иштеп келе жатам. Буга чейин 2,5 жыл Борбор Азиядагы Америка университетинде (АУЦА) эмгектенип, кирүү экзамендерде абитуриенттердин билим деңгээлине анализ жасачумун. Көрсөткүч жылдан жылга төмөндөп баратат. Болбосо АУЦАга мыкты окуучулар, үй-бүлөсү бекем, акчасы бар, жетиштүү, билим алууга шарты бар деген балдар келет.

— Мындай көрүнүш адистердин жетишсиздигинен жана сабатсыздыгынан улам деп ойлойсузбу?

— Педагогдорго таң калам, алар бала үчүн, улуттун келечеги үчүн жүрөгү ооруш керек. Азыр көпчүлүк мектептерде негизги сабактардан мугалимдер жетишпейт. Дене тарбиясынан, кол эмгектен берген мугалим физика сабагын берип жатат. Мындай болбойт. Жаштардын билим деңгээли өтө чектелүү, бул улут чоң коркунуч алдында турат дегендик. Бизде жылдан жылга сабатсыз муундар көбөйүп баратат. Элетте көпчүлүк жаштардын мектептеги эле билими бар. Азыркы учурда экономикада, өндүрүштө, башка жагын алыңыз, жаштардын билими начар. Кыргызстанда билимдүү адистер жетишсиз. Бул аргументтер. Эгерде ушундай жол менен кете берсек беш жылдан кийин жалпы биздин мамлекеттик системабыз урай баштайт. Себеби диплому бар, бирок билими жок жаштар келет. Советтер союзунда билим алып, тарбияланган муун кетип, анын ордун билимсиз жаштар ээлеп, мамлекеттин деңгээли төмөндөй баштайт.

— Мындай абалдан чыгуу үчүн кандай чараларды көрсө болот деп ойлойсуз?

— Билим берүү системасында кардиналдуу өзгөрүштөр болуш керек. Кыргызстандын азыркы абалына, эртеңки муктаждыгына, максаттарына ылайык аракет жасоо зарыл. Бюджет жетишсиз, бирок, билим берүү системасына абдан көп грант, инвестиция тартса болот. Булар менин башыман өткөн, учурунда ректор болуп турганымда абдан көп инвестиция тартканмын. Биринчи иретте, мектеп менен жогорку окуу жайлардын финансылык менеджментин чечишибиз керек. Себеби бул жерде абдан чоң кемчиликтер бар. Экинчи багыт, биз жаш муундарды кайсы идеяларда, нраваларда, моралда, үрп-адатта тарбиялагыбыз келип жатат? Жөнөкөй эле китептерден алган билим менен толтуруу эмес, кандай инсандар, кандай жарандар болушу керек? Бизге мамлекетин сүйгөн жана өтө изденүү жолунда жүргөн жаштар керек болуп жатат. Бирок ошондой нерсеге жетиш үчүн, жалпы мамлекетибизди, мамлекетти башкаруу системаны башка жолго бурушубуз керек. Азыр жаштарга тиешелүү билим берүү үчүн инфра- структурага салым көбүрөөк болуш керек. Бул — Интернет. Интернетти кыргыз тилинде өнүктүрүшүбүз керек. Биз күн сайын артта калып жатабыз. Эгер биз аны өнүктүрүп кетсек, элетте балдар ошого мүмкүнчүлүк алгандан кийин аны өздөштүрүп кетет. Бирок биз баа бербей жатабыз. Үчүнчү багыт — тарбия иштерин башка жолго салсак. Билимге тиешелүү жалпы мамлекеттик органдар, жаштарыбызды кайсы нукта тарбиялоо, кандай баалуулуктар жөнүндө айтууга көңүл буруулары зарыл.

Маектешкен Элиза Иранова, «ZamanКыргызстан» (13-февраль, 2008-ж.)

Соц тармактар:

Добавить комментарий