Шайлообек Дүйшеев

Акын Шайлобек Дүйшеев Кыргызстандын Нарын облусундагы Борбордук Теңир-Тоо койнунда, Ат-Башы районундагы Ат-Башы кыштагында 1950-жылы 23-февралда туулган.

1968-жылы айылындагы орто мектепти аяктаган.

1968–1970-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1970–1975-жж. куруучу мекемелерде жумушчу, бетончу, Ат-Башы райондук гезитинде кабарчы болуп иштейт.

1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин (ал кезде — филология факултетинин журналистика бөлүмүн) аяктаган.

Ошол эле 1980-жылдан тартып Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде кабарчы, облустук телерадио уктуруу комитетинде редактор болгон.

1983–1990-жж. Кыргыз филармониясында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

1990–1996-жж. «Ала-Тоо» журналынын бөлүм редактору, «Кыргызстан маданияты» гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеди.

1996-жылдан «Асаба» гезитинде кабарчы, редактордун орунбасары, биринчи орунбасары, «Агым» гезитинин кызматкери болуп иштеди.

2011-жылы акындын чыгармачылыгына арналган «Отко чуркаган бала» даректуу тасмасы тартылган (Режиссеру — Бакытбек Турдубаев).

Учурда «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги кабарчысы болуп иштеп келет.

Заманбап кыргыз поэзиясындагы орду

Шайлообек Дүйшеев заманбап кыргыз поэзиясына бараандуу салым кошкон акындардын бири.

Ш. Дүйшеевдин чыгармалары 1968-жылдан бери жарыяланып келе жатат.

1985-жылы «Аптап» аттуу биринчи поэзиялык жыйнагы чыккан.

Коомдук ишмердиги

1987-жылдан Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү.

1989-91-жылдары акындын «Кайдыгерлик» жана башка саясий ырлары жүздөгөн нааразылык чаралары, митингдер, саясий ачкачылык жана башка оппозициячыл өнөктүктөр маалында ырчы Сагынбек Момбеков жана башка замандаштары тарабынан аткарылып келген.

Анын коррупцияга каршы ырлары 21-кылымдын алгачкы он жылдыгында мурдагы президенттер А.Акаевдин жана К.Бакиевдин режимдерине каршы нааразылык жыйындарда аткарылган.

Сыйлыктары

2006-жылы «Кыргыз Эл акыны» наамын жана башка бир катар сыйлыктарды алган.

2010-жылы декабрда III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Байдылда Сарногоев атындагы Эларалык сыйлыктын ээси.

2012-жылы «Эки дөөнүн күрөшү» чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Уикипедия

 

Шайлообек Дүйшеев жана анын чыгармалары тууралуу

Бөтөнзордук (ой толгоо)

Теңир колдогон талант

Шайлообек Дүйшеев «Кыргыз маданият борборунда»

Улуттук эгемендүүлүктүн Гомери

Шайлообек Дүйшеев: «Сөздүн кереметин эми түшүнө баштадым»

Шайлообек Дүйшеев: «Акын эмес, сүрөтчү болмокмун»

Атуулдарды ойготкон акын Шайлообек Дүйшеев

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты: «Жетим кылып өстүрүп ырас кылган экен…»

Белгилүү Шайлообек Дүйшеев жана белгисиз Искендер Жумабаев

Дөөлөрдү күрөштүргөн акын Шайлообек Дүйшеев

Кыялбек УРМАНБЕТОВ, акын: «Мени «стоматолог», Шайлообекти «Шаке шаман» деп коюшат»

Шайлообек манасчы

Шайлообек

Макалалары. Чыгармалары

Сөз дайра

Сөз дайра. 26.07.2011

Сөз дайра. 03.08.2011

Сөз дайра. 08-16.08.2011

Сөз дайра. 26.08.11

Сөз дайра: 23.09.2011

Агындылар (үзүндүлөр)

Ырлары

Эки дөөнүн күрөшү

Отко чуркаган бала

 

КАЙДЫГЕРЛИК

Кайдыгерлик деген эме
Каракчыдай кайтарып өзүбүздү,
Кайдыгерлик деген эме
Кашайтып көзүбүздү,
Айттырбай сөзүбүздү
Бычаксыз канап бүттүк,
Кайдыгерлик дегенден биз
Таптакыр тажап бүттүк!

Кайдыгерлик дегендин
Капканынан чыкпай жүрүп,
Жаманын да,
Жакшысын да,
Гүлүн дагы,
Күлүн дагы,
Бир жерге камап бүттүк.

Жалгыздык башка түшсө
Ашар кылып,
Атаны – үй,
Баланы – базар кылып,
Биз тиккен дарак кана?
Сыйлаган кичүүлөрүн,
Улуусун урматтаган адат кана?

Жашоодо ыйды көрдүк,
Сыйды көрдүк,
Жылдызсыз
Жылмаңдаган түндү көрдүк,
Жыргалдан көз ачылбай,
Жыгылып жаткан жерде Күндү көрдүк,
Тургузбадык!

Жыгылып жаткан жерде
Айды көрдүк,
Тургузбадык!
Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик!
Таш болуп катып калган
Ташбоор, мерес
Жанды көрдүк,
Унчукпадык,
Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик!

Жерди ойлобой
Итибиз үрүп турса,
Ишибиз жүрүп турат деп ойлодук,
Элди ойлобой,
Эбин таап ичип-жемей адат болду,
Эс тарткан уланыңдын
Эшикке чыгар замат
Эс-дарты арак болду.

Эстелиги жок деги тарых барбы?
Тарыхы жок эстелик эстеликпи?
Эстелиги, тарыхы жок
Эл ушул деп,
Айтабыз кайсыл элди?

Кызыл таш кыйла эстелик,
Кыргыздын борборунда күйүп турат?
Карачы,
Эстелигин Токтогулдун,
Ак таңдай акынга эмес,
От жерге коюн жайып
Олтурган чабанга окшойт,
Түбү менен казып келип,
Асфальтка ое салган карагайлар,
Түнү менен шашып келип,
Кызматка кое салган адамга окшойт.

Бозоргон бетондордун арасында
Ыйлап турам,
-Кыргыздар,
Тарых музейине там бергиле?-деп,
-Кыргыздар,
Тарыхыңарга кан бергиле?-деп.

Айткылачы,
Эстелик тургузганга
Эмне жетпейт?
Таш жетпейби,
Болбосо,
Баш жетпейби?
Айткылачы,
Эки метр бөз кеткен Алыкулга,
Канча таш кетет эле?
Эстелик тургузганга Кожомкулга
Өзүнүн ташы өзүнө жетет эле!

Калк мурасын
Кагазга каалагандай көктөттүк бүт,
Көйнөктү өзгөрткөндөй
Жер-суунун аттарын да өзгөрттүк бүт,
Жайлоону жолго айланттык,
Кочкорду Кочкор дебей,
“Кочкорка” деп койго айланттык,
Токмокту “Такмак” дедик,
Акылсызды акылман деп,
Акылманды акмак дедик.
Кийбегендин баарысын кийдик дедик,
Билбегендин баарысын билдик дедик,
Кыйратып салгансып биз,
Кыргызды кыргыз дебей,
“киргиз” дедик.

-Бул кайсы базар?-десең.
-Бул деген базар эмес,
“Дардаңбай кашар” дешет.
-Бул кайсы балык?- десең,
-Бул деген балык эмес,
“Дардаңбай арык” дешет.

Дардаңбай,
Дардаңбайлар,
Кайда барсаң дардаңбайлар толуп алган,
Дардаңбайлар дардайып тоюп алган,
Даарат алган жерине да
Жадагалса өз аттарын коюп алган!

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик!
Баткакка баткан жандай,
Биз сага кайдыгерлик
Баттык го белчебизден.
Тоголонуп баратсаң эңкейиштен,
Токтотуп калмак турсун
Тоголонуп кетсе экен деп керкейишкен,
Ыйлап турсаң аркы өйүздөн,
Ырсаңдап жыргап турган берки өйүздөн,
Кишиге окшош жандар чыкты.
Же болбосо
Эмделбей кабылдаган,
Элп эткен желди көрсө
Этеги жабылбаган,
Элин саткан,
Жерин саткан,
Койнунда эрин саткан,
Эрмектеп денин саткан,
Туруксуз максат чеккен,
Тууп салып таштап кеткен
Сойкулар кайдан чыкты?

Жанкурбумдун айтайын даты менен,
“Атамдай болгон агам…” деп калчу эле,
Аккан суу токтогондой,
Аккан кан токтогондо
Токтойт тура,
Өмүрдүн өргө жүрөр ташы деген,
Атасындай болгон бир агасы анын
Балбылдап батып кетти 39 жашы менен…

Кырк жашка чыкпайт эми,
Кыйкырган үнүн анын укпайт эми,
Болгону кыштыр-жайдыр уктайт эми…
39 деген эмне?
Болгону 10дон үчөө,
Анан 9…
39.

Тегирменти деп аталган айылдагы жаңы казган
Мүрзөдө турам тоңуп,
39, 39.
О эми,
Сен Нуралы
Ок жеген куландайсың,
Ойронуң отуз тогуз,
39,39,39…
Сен эми аны
93 кылалбайсың”

Көздөн жаш,
Көкүрөктөн арман чыгат,
Айткылачы?
Кол сунсаң арылаган,
Туура эмес дарылаган,
Эң жөнөкөй ооруга да дарт белгисин кое албаган,
Эң жөнөкөй ооруну да жое албаган,
Жыландай чала өлтүргөн,
Наристе бала өлтүргөн,
Врачтар кайдан чыгат?

Ошолор оорукана дегенге
Кантип кирет?
Ак халатты уялбай кантип киет?
“Кантип,
Кантип… Кантип?” дегенден жалкып, жүдөп,
“Кантип, кантип?” дегендер уйку бербей
Мээмде калкып жүрөт.
Өмүрдүн кайдан билсин баркын булар,
Оо Гиппократтын анты ургурлар,
Эл ичинде уялбай кантип жүрөт?!

Ак койду өлтүрдүң деп тултуктайбыз,
Адамды өлтүргөнгө унчукпайбыз!
Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик!
Катып калгыр катпай турат,
39 жыл каккан айкөл жүрөк,
Тегирменти деп аталган бир айылда
Какпай турат,
39 жылдан аркы жыл эсеби
Аңылдап актай турат…

Жыйналышта кайра куруу,
Айкындык деп лакылдайбыз,
А бирок.
Өзүбүздүн башыбызда төөнү көрбөй,
Бирөөнүн көзүндөгү көөнү көрүп
Бакылдайбыз!

Ак-Сай, Арпа арып барат,
Алай, Чаткал карып барат,
Ысык-Көл, Соң-Кол улам байып барат,
Жайкалган чөптөр кыйрап,
Жайыттар жылдан-жылга тарып барат,
Ага болбой
Асфальт жолдо машиналап,
Темир жолдо вагон менен,
Деңиз жолдо баржа менен,
Үндөрдү укпай “токто”” деген,
Үндөрдү укпай “кайда?” деген,
Тонна, тонна азотторду,
Көлдү көздөй алып барат,
Көлдү көздөй акыр-чикир
Көз жаш болуп агып барат…
Кайдыгерлик!
Кайдыгерлик!
Айткылачы,
Эмне жетпейт?
Баарысы бар,
Корооңдо машинанын жаңысы бар,
Көзүңдө көз айнегиң,
Оозуңда чайнаган сагызың бар.
Айткылачы,
Эмне жетпейт?
Баарысы бар.

Жаралып калган үчүн корстон болбой,
Жан багып жүргөн үчүн арстан болбой,
Адам бол деп жатпайбы сүйгөн жарды,
Адам бол деп жатпайбы сүйгөн жарды,
Адам бол деп жатпайбы билген жанды,
Чөнтөгүң кабат-кабат болгон менен
Дүйнөң жарды,
Дүйнөң жарды,
Дүйнөң жарды…

Түгөнүп жатса дагы
Түгөйлек деп шашылбайбыз,
Өрттөнүп жатса дагы
Өчө элек деп лакылдайбыз,
Өлтүрүп жатса дагы
Өлөлек деп шашылбайбыз,
Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик
Катып турат,
Кара таштай
Үстүбүздөн басып турат!..
1988-жыл, февраль.

 

БАЛАПАН ТУУРАЛУУ БАЛЛАДА

Кызыл аптап,
кызыл закым жел өпкөн,
кызгалдактуу талаа көрсөм, жайык көрсөм кең өстөн,
элеттеги эски сарай, үй эсиме түшө берет качандыр бир мен өскөн.

Чеке-белин эрмен басып,
алабата сербейген,
бозторгойдун уясындай жепирейген там эле
бир кемпирдин канатынын күүсү астында термелген…

Жаман экен бөөдө кырсык,
алай-дүлөй нөшөрлөгөн жамгырдан,
бастырмага баратканда урунуп,
оң мүрүсүн чалгы урган,
таранчыны көргөн элем,
жем тиштеген калыбында тырпырап,
аңтарылган көзү менен
балапанын бир жалт карап жан кыйган….

Өлүм деген кыйын тура,
өксүп өмүр сызды ары,
өлүп жаткан таранчыны тиргизчүдөй
ала койдум кыктагы,
көөдөнүмдөн атып чыгып чымчык болуп жүрөгүм,
уядагы жетим калган
балапанды чарк айланып сыздады…

Жарганаттай жанды сабап,
чарык таштай тартылып,
жандалбастап ал уяга жем ташыдым талпынып.
Башы бүтүн жан жок тура,
менин дагы энем бир күн кош айтты,
балапандай уядагы мени жалгыз калтырып…

Мен карасам улутунуп,
энелерди бала ээрчитип бараткан,
ал балапан карачу эле муңун төгүп,
чымчыктарды сайрап учкан дарактан.

Билбейм бизди сактады окшойт,
көз жаш,
куса,
кек эмес,
кемпир менен таранчынын
арбактарын алып жүргөн Жараткан.

Көпөлөктөй үмүттөрдү
азгырбаган бул жазмышта от барбы?
Көлөкөлүү көктөм болду бизге ошондо кош кайгы,
уясынан учуп чыкты чымчык болуп балапан,
бозторгойлуу элеттеги
менин да уям бош калды.

«Кайыр кош!» деп кеттим үйдөн,
калдаңдаган тилегимдин кайыш боосун кармана,
каргашалуу күн туш келсе,
калка болор ага-иниден кайда маа,
тууган жерден тамырымды жулдум дагы
тоодон ойго серпилип,
бой таштадым көк жин чачып көбүктөнгөн дайрага.

Ал дайрада актым жалгыз,
агындыдай ташка урунуп,
жарга урунуп термелдим,
анан бир күн алтын чайкап жүргөндөрдүн
көз торуна элгендим.

Алтынымды алышты да,
азабымды таштап кете беришти,
канатымды кагалбастан
каржилигин огу жанчкан мергендин,
карышкырдай как талаада сенделдим.

Актым жалгыз,
«жалгызмын» деп айтпа дедим,
«жалгызмын» деп созбо обон,
айрылганда Алмамбеттей чороcyнан,
акырек ылдый агып жашы,
Манас дагы «жалгызмын!» деп боздогон.

Жан азбы азыр
жашын төгүп,
жакындарын жоктогон?
Жан азбы азыр,
жамгыр кечкен жолдорду эмес,
жалгыздыгын коштогон?

Жалгыздыгы барлар гана
жалгыздыктан сактап турат дүйнөнү.
Жалгыздыгы барлар гана
Жалган менен Чын дүйнөнүн ортосуна токтогон.

…Коңур өлөң тоо-талаанын
гүлгө толуп этеги,
короолордо сайрап турат дарак болуп баягы үй,
балапандар чымчык болуп кечээги.

Жалгыздардын каргышына калбайм десең аяп өт,
жалгыздардын ыйык болот,
жалгыз болот Мекени!..

 

КАЙДЫГЕРЛИК-2

Кайдыгерлик деген
неме,
Кайран элди
карактап соеобу дейм,
Каны-жанын какшытып
соробу дейм,
Калкан болор бүркүтсүз калктын
көзүн
Карга-кузгун кашайтып
Оебу дейм.

Кайдыгерлик деген неме,
Кайран элди
Чокуга чабабы дейм,
Кара жолго кареги агабы дейм,
Жомок жолборс жолою жоош элдин
Жонун тилип тамгасын салабы дейм,
Жок кылып алабы дейм.

Карааны карт тарыхтын бетин каптап,
Канча бел,
Белестерден өткөн элдин,
Кайраты таш күйгүзгөн өрттөн элдин,
Камчысын чагылганга айландырып,
Каңгайга кара бороон төккөн элдин,
Кайыкса Бакай болуп башын жөлөп,
Кайышса Манас болуп көпкөн элдин,
Кааласа каалагандай өскөн элдин…

Кайдыгерлик деген неме,
Канатсыз калгандыгын
Туюп турат,
Капталдан карышкырдай
Улуп турат,
Кайдыгерлик деген неме,
Абыке-Көбөш болуп,
Ажалын сунуп турат,
Кайнатпай көчүгүңө
Карандай сууну күндө
Куюп турат,
Карасаң маңдайыңда
Калк эмес, кыргыз эмес,
Кашайган дудук турат!

Кайдыгерлик деген неме,
Кайыш тонун жамынып
Туруп турат,
Калп эле угуп турат,
Кайыктай чөккөн элди,
Кареги өчкөн элди,
Кайрадан кан Алооке каптагансып,
Карбып-тербип Алтайга көчкөн элди,
Кара жемсөө чоңдорун каргап-шилеп,
Жатып алып үйүндө сөккөн элди,
Жанына келе калса,
Жалынып өпкөн элди.

Кайдыгерлик деген неме,
Карап турат,
Катыгы канча калды,
Акырын санап турат,
Далай кылым баскан элди,
Дарегин каада-салтка каткан элди,
Даңкына дарт жолотпой,
Дайрадай жер үстүндө аккан элди,
Каганы калыстыктан тайыганда,
Казыктай кара жерге
Каккан элди.

Кайдыгерлик деген неме,
Карап турат, Калп эле кабак бүркөп,
Аяп турат,
Касиети Башынан качкан элди,
Калем талдай кыздары көчө бойлоп,
Кашаттан ылдый жагын саткан элди,
Түкүрүнүп түн бою чоңдоруна,
Түпкүч болуп эртеси жаткан элди,
Түлкү болуп кубулган мастан элди.

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Калк элек го,
Калктардын даңкы элек го,
Караңдаган дүйнөнү кезип турган,
Кара жердин төбөсүн бешик кылган,
Ыркырышкан ит болбой бүгүнкүдөй,
Ынтымакты, Ырысты кешик кылган,
Карылары балпайып төрдө олтуруп,
Канжыгада бактысын сезип турган,
Карып-мискин чыгарбай кайран элден,
Кадырына калкынын жетип турган,
Капкан бузуп, жип үзгөн шылуундардын
Кара ташын камырдай эзип турган,
Касам ичип калп айткан калак беттин,
Кара башын чамгырдай кесип турган,
Калыстыкка келгенде кайран кыргыз
Кара жанын садага этип турган,
Калк элек го,
Калктардын даңкы элек го!..

Кайдыгерлик,
Карачы эмне кылды,
Каргы тагып мойнуңа
Теңге кылды,
Кайырчыны билбеген кыргыздарды
Кара курсак, каңгы баш
Пенде кылды,
Каңгай кылбас каргышты
Элге кылды,
Каада-салтын мээсинен кагып алып,
Каамыт кийген качырдай Делбе кылды,
Кайсарыңды көрүнгөн динге тыгып,
Калпагыңды ыргытып,
Селде кылды,
Кайдыгерлик,
Карачы, эмне кылды?

Калк элек го,
Калктардын даңкы элек го,
Оттон түшүп казаны төгүлбөгөн,
Ойротто да жик-жикке сөгүлбөгөн,
Оттобостон ой-тоону ишин кылып,
Он сегиз миң ааламдын огунда да,
Ортосунан экиге бөлүнбөгөн,
Мээси жогун эки өйүз тизип алып:
«Ме, меникин жегин!» деп сөгүнбөгөн.

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Карачы,
Кайдыгерлик бөгүп турат,
Каргашасы караңдап
Чөгүп турат,
Айыл менен кыштакты араласаң,
Ар киминин ичинде ит өлүп турат,
Ала Тоонун ар кайсыл коктусуна
Абил бийлер уусун сээп өрүп турат,
Акыретте айрылып бөлүнбөгөн
Адигине-Тагайдын урпактарын,
«Акжол» менен «Атжолго»бөлүп турат,
«Атжолуна» ар кимдин таштандысын,
«Акжолуна» асфальтын төгүп турат!
(…)
Партиянын «паштетин» жеп азандан,
Пай-чай көрчү жактарга белет алган,
Пайда болду жамынып «паранжысын»,
«Парламент карманный» деп аталган.

(…)
Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Желпинип жерди сатып,
«Жер ой!» дедик,
Желмогузду чакырып,
«Кел ой!» дедик,
Жеген сайын жегичти
«Же гой!» дедик,
«Нет,жебе!» дегендерди,
Немистей тамга такап,
«Немой» дедик,
Кен чыккан жердин баарын,
«Жепштейн, Менштейнге»,
«Ме гой!» дедик,
Хер ойду,
«Герой!» дедик!..
Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Карында жатканда эле талак туубай,
Калкына канат тууган,
Каныкей, Курманжандай санат тууган,
Кайда энелер,
Абыке-Көбөш туубай,
Асили бөлөк туубай,
Манас тууган?
Кайда энелер,
Суур эмес султан тууган,
Качыр эмес,
Калкына тулпар тууган,
Карга туубай,
Кадимки шумкар тууган
Кайда энелер?!
Бишкек, 21-январь, 2008-жыл.

 

* * *

Көңүл канап, өң алеттен азабыз,
күндө бөлөк жолго түшүп басабыз.
Күндө бөлөк ыйман күтүп дүйнөдөн
биз акырын өлүп бара жатабыз.

Бектер-хандар гүлдөп шапар тебишет,
бейитиңдин так үстүндө жеп-ичет.
Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма
Арзыматтар ырдаганга келишет.

Койбуз, уйбуз, балким кыйган терекпиз,
биз байларга шайланарда керекпиз.
«Эл» деген — биз, макулук да, маймыл да,
Эч ким дагы, эч нерсе да эмеспиз.

Ата-Журтта ач жылаңач, араң жан,
аялга окшоп зордукталган, таланган.
Өрттү көздөй жылып келе жатабыз,
өзүбүздүн сөөгүбүздөн каланган.

 

БИШКЕК

Бишкек, Бишкек… Билбегенге биздин шаар,
Бирге — чылбыр, экисине — тизгин шаар.
Бир карасаң калдай каалга, кан сарай,
Бир карасаң кара баткак, мискин шаар.
Көдөөсү көп, көр-жер тарткан көлүк шаар,
Көздүү жактан келип түшсөң «өлүк» шаар.
Байкушуна — базар, мазар, баш паанек,
Байларына — байлык, айлык, өрүкзар.
Милийсасын тизип алып таңгактап,
Бир көчөсүн жууп-жуктап, ардактап.
Өйүз-бүйүз эл шыкалган ал жерден
Өкмөттүк колонна өтөт дардактап.
Миң көчөсүн жылда жамайт жырыйган,
Маршрутка көп, машина көп чымындан.
Үйгө барып чөнтөгүңдү аңтарсаң,
Колу чыгат МАИлердин шымыңдан.
«Артис тамдар» салынганы салынган,
Антсе деле шаар болуудан жаңылган.
Белден өйдө келе бакан кыштактар,
Белден ылдый ала бакан айылдар.
Уркуюшуп арасынан муз-кардын,
Варикозу сыяктанып буттардын.
Ташын-кумун тээп салып асфальттын
Тамырлары качып барат дубдардын.
Тиштериңдин баары металл коронка,
Бишкегиңдин баары бензоколонка.
Азыр бул шаар махабаттын шаары эмес,
Бир жиндинин колундагы воронка.
Ээсиз үйүн кытайларга толтурган,
Эри да жок, эли да жок кол сунган.
Бишкек мага кемпир болуп элестейт
Эски-ускусун сатып бурчта олтурган…

 

КЫРГЫЗ ТАҢЫ

Кылаңгыр нурга жык толуп,
булуттар булайт үлбүрөп.
Атка окшойт бул таң нык тоюп,
акырда турган үргүлөп.

Жылгалар аздан агарып,
«жылт» этет тоого төнүп жол.
Арчалар белди таянып,
адырлар чубайт өгүз жон.

Жашыл төр. Жалбыз аңкыган,
бел, бейит көзгө жай жылат.
Жылкылар түшөт кайкыдан
туяктар көктө шаңгырап.

Жээгине мел-калт шыкалып,
жең болуп жерде агат сай.
Чала уйку көздөй кызарып
чарчаган чычырканактар…

Жалгыз там. Бешик сырдалган,
ээр токум. Жалгыз сарай тур.
Ашкана. Керме кир жайган,
аш үстөл. Жаайт таранчы…

 

ЖАЗГЫ ТАҢ

Аруу жел агып көктөмгө,
агарып жылдыз өчкөндө.
Мөңгүдөн түшкөн өзөндүн
мөлт этти жашы чөптөргө.

Агыш нур аздан тарап жай,
ачылып айыл барактай.
Тарбаңдап чуркап келатат
таш жолду бойлоп дарактар.

Жөжөдөй алсыз, уяң да,
жөө келип бул таң туманда,
Жөөлөсөң кулап кетчүдөй
жөлөнүп турду тулаңга…

 

ЖАМГЫР

Көл-шал түшүп жамгыржан,
көнөктөттү калбырдан.
Булут басты тоо башын,
бурганактап кар кылган.

Кыян жүрүп заматта,
кырды-кырдай чабат да.
«Чарт» дей түшөт асмандын
чагылганы чала аткан.

Желеленип аңыздар,
жер — деңиздей, алыстан
Агындыдай чайпалат
агыш сарай, агыш там.

Көк чылгый жол кенебей,
көктү тиктейт теребел.
Кылыч окшоп кыяк чөп
кыткылыктайт беделер.

Даалдап суулар чапкылап,
дарак жыргап аптыгат.
Санаасы жок кашкаңдап,
сайдын ташы каткырат.

Көшөрдү күн көшөрдү,
көзү ачылбай нөшөрдүн.
Өйүз менен тең болуп,
өңү албырат өзөндүн.

Ээн талаа. Бар атчан,
эрбең-эрбең бараткан.
Эмне издеди бейубак,
агат, агат, агат жаан…

 

ТҮШ

Кеберсийт талаа. Чөккөн күн,
чөл сүйрөп келет аптабын.
Өрөөнгө түшкөн өрттөгү
өзөндүн онтойт таштары.

От жаккан мештей ысылап,
үйлөр үп. Үймөк чөп жошо.
Кызыл ат — кырга кызыл от,
төө өркөч тоого — көз бото.

Арыктын суусу балдырттап.
айыл тынч өткөн түндөрдөй.
Жалгыз бак — жалгыз балмуздак,
жамгырсыз күндөр, күйгөн жер.

Закымды жиреп унчукпай,
желесин тартат зым мамы.
Учалбай турат чымчыктар,
шишкебек болуп зымдагы.

Коруктан түшпөй кыйкырган,
короздун үнү түгөнүп.
Кол чалгы чарчап шылкыйган,
короодо талды сүйөнүп.

Таранчы чоктой бүркүлгөн,
жалбырттап жатат бул аңыз.
Ак түтүн болуп илкиген
жол гана алсыз чубалып…

 

КҮЗ

Алыстап аптап көздөгү,
ала бел. Айдын чөккөнү.
Аштоону тиктеп алаят,
ак торпок үймөк чөптөгү.

Арыктап токой, тал жүдөп,
айыл суз. Аста сай күлөт.
Агарган бейит алдында,
акырын оттоп мал жүрөт.

Жон жатат боздоп «ЗИЛ» аккан,
жол бойлоп турат бир ак там.
Жомокпу, малбы, сүйүүбү,
жок издеп барат бир атчан.

Саргарып аңыз күндү өрүп,
сары кыр жондор сүйрөйүп.
Өтүктөн түшкөн чулгоодой
жол келет бутка сүйрөлүп.

Кабар жок кайткан куштардан,
кан-сөлсүз асман сустайган.
Кагаздай талаа… Зым мамы —
карандаш өңдүү учталган…

 

БИШКЕК

Бишкек, Бишкек… Билбегенге биздин шаар,
бийлегенге бизнес шаар, тизгин шаар.
Билим саткан, тилин саткан, бит саткан,
бир карасаң бир бечара мискин шаар.

Бир карасаң көр-жер тарткан көлүк шаар,
бир карасаң капкараңгы «өлүк» шаар.
Шодокондун бүркүттөрү тыткылап,
шордуу журту жашап жаткан көнүп саал.

Бир көчөсүн жылда кумдайт ардактап,
милийсасын боо-боо кылып таңгактап.
Өйүз-бүйүз элин жерге түкүртүп,
өкмөттүк колонна өтөт дардактап.

Миң көчсүн жылда жамайт жырыйган,
машина көп, маршрутка көп чымындан.
Үйгө келип чөнтөгүңдү аңтарсаң,
МАИлердин колу чыгат шымыңдан.

Мээси — базар, колу -Кокон, ою — акча,
мен дегендин баары — бензоколонка.
Бишкек бүгүн махабаттын шаары эмес,
бир жиндинин колундагы воронка.

Уркуюшуп арасынан муз, кардын,
варикозун элестетип буттардын.
Таш жолдорун тешип чыгып асфальтын,
тамырлары ыйлап турат дубдардын.

Бийик тамдар салынганы салынган,
бирок Бишкек шаар болуудан жаңылган.
Тең жарымы келе бакан кыштактар,
тең жарымы келе союл айылдар…

 

КАРГАЛАР

Каргалар ай, каргалар каркылдаган,
каркылдаган үнүңдө айтылбаган,
Тагдыр бар ээ таңды-кеч силер жүргөн,
таштандынын ичинде дарты ырбаган.

Каргалар ай, каргалар каркылдаган,
каркылдаган үнүңдө айтылбаган.
Чындык бар ээ чырылдап силер жүргөн,
чыла-кыктын ичинде жалтылдаган.

Каргалар ай, каргалар каркылдаган,
каркылдаган үнүңөр айкын маган.
Тааныйт белек өзүңөр болбогондо,
талга конгон булбулду шаңкылдаган…

 

* * *

Айылдарың ойдон-түздөн, койнуңдан
мечиттерге чейин салып жолдорун.
Созот тоодон, аргыл-таргыл коргулдан
тарамышы көпкөк болгон колдорун.

Жайыттарың эшектер жүр тебелеп,
картаң айыл малын кайда аркандайт?
Дамбал кийген даабат жерди желелеп,
дамбалсыздар ач талааңды майкандайт.

Кузгун кумдап, куюн кускан бул жолдон,
кудай да өтпөйт, жок шоораты, карааны.
Кыргыздарды өз жеринде кул болгон
каргап согот кайгы-муңдун шамалы.

Милийсалар аргамжыдай салаңдап,
акүй сайын абийрди аскан даргалар.
Жарыгы жок калаалары караңдап,
кайырчыдай каптап барат каргалар.

Билет алар таштандыда кык барын,
таштандылар Мекени го карганын.
Таштандыдай таштап жатат кыштагың,
таштап жатат кыргыз арын, арманын.

От табалбай оңду-солду оролуп,
орустардын үйрүн көздөй көчкөнү.
Сейитбектин Сергей болуп жоголуп,
Тейитбектин теги тездеп өчкөнү.

Койдун көзү оюлганы оюлган,
Мааникердин Манас кеткен артынан.
Казактарга хандын колу коюлган
кагаз кеткен… «Кара кагаз» — Каркыраң.

Улуп түшөт мөңгүлөргө аккан чаң,
дүжүрлөрдүн сөөгү күйөт ашууда.
«Мурункунун» ою менен аткан таң,
«кийинкинин» колу менен батууда…

 

САГЫНДЫМ, САРГЫН ТАЛАА

Булаңгыр баскан тоодон
Буурул таң тоздоп келет.
Булуттар булактарга
Бурулуп токтоп келет.
Буулуккан сезимдерди
Бул дүйнө коштоп келет.
Караган, чийди аралап,
Кара мал оттоп келет.
Калкылдап, кайран жерлер,
Канымды козгоп келет.
Алыста жүргөн атчан
Атама окшоп келет.
Арманым аласалып,
Ал күндү жоктоп келет…

Жашыл дөң, жалбыз, адыр,
Жайлоолор төрү кенен.
«Жарк» этет жалгыз айыл,
Жазыксыз өңү менен.
Сүзүлүп түтүн булайт,
Сүт жыттуу көңү менен.
Шыбырайт шыраалжындар,
Шыбактар дөңү менен.
Адашкан жамгыр жылат,
Арзуунун чөлү менен.
Коштошуп келе жатам,
Өмүрдүн көбү менен…

Сагындым, саргын талаа,
Сагындым аптабыңды,
Чалгыңды чөбү менен!

 

* * *

Айнекти аяз саймалайт,
Апакем көңүн жай калайт.
А кыштын көңгө тиши өтпөй
Азуусу отту аймалайт.

Үй ичин кактап меш нуру,
Үшүгөн тышта кеч туру.
Чаалыккан күндү баяндайт,
Чайнектин созгон эски ыры.

Үйүнө сууктан жалынган,
Үн катпайт. Эшик жабылган…
Таштекте жатат «Эне тил»
Тамызгы болуп жагылган.

 

* * *

Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай,
Жарык дүйнө, жашоо калды аккан жай.
Күндөгүдөй таңдар атып, Күн  батып,
Күүгүм кирип, күйө берет асманда Ай.

Кеттиң Мелис, бир жаап өткөн ак кардай,
Бактар калды, сен аралап баскан жай.
Тоонун, суунун көрбөй, туйбай элесин,
Азап жоктур өлүп алып жаткандай.

Кадырлашкан достор менен үйүңдө,
Каалагандай каткыралбай түнүндө.
Кандай арман кайтпай калган ушинтип,
Каалгасы жок кара жердин түбүндө.

Балаң калды, жарың калды ак маңдай,
Баары калды… Сен өлүмгө шашкандай,
Муздак көрдү кала бердиң кучактап,
Муң-зарыңды ошол көрдөн тапкандай.

Көргөн-билген өлүптүр деп угушат,
Көр башында көптөр муңдап турушат.
Көпкө дейре көналышпай туугандар,
Көксөгөн ый, өксүгөн үй, кун учат.

Үстөл, китеп… Андан сени көрүшөт,
Үйдөгүлөр күндө көз жаш төгүшөт.
Акырындап балдарың да сен өңдүү,
Атасы жок жашаганга көнүшөт.

А сен болсо, кол-бутуңду чече албай,
“Ала-Арчадан” Асанбайга жете албай.
Кум жамынып кунсуз жайда жатасың,
Курган башты курттан алып кете албай.

“Өлгөндөр” көп, тирүү жүрүп жөн эле,
Өзүңдү эстеп сөз кыларбыз дөбөдө.
Бул жазмышта канча болсо досторуң,
Душманың да ошончолук көп эле.

Ыйман элең ыйманы аз аз элге,
Ыраазы бол, коркпой жаткын “жат элде”.
Балдар эмне, көнөт, көнөт акыры,
Баарынан да кыйын болор Аселге.

Аздап, аздап тараар жалган, тараар чын,
Ал жакта эми түбөлүккө каларсың.
Сен чындыкты издечү элең тозоктон,
Балким аны тигил жактан табарсың…
18.09.11

 

ЧӨП ЧАБЫК

Токтогул. Толук. Толгон жай,
топудай жерде чөмөлө.
Ак мөңгү тоолор — тоңгон май,
аңыздын баары чөбөгө.

Араба, чийне агылган
адырда жатат жол түтөп.
Жарк эткен чалгы — чагылган,
жаныңа жашыл сол түшөт.

Козу түш. Күчөйт чөп чабык,
чама жок чалап жутканга.
Күн эрип келет өрт тамып
талаага, гүлгө, кыздарга.

Булутсуз асман. Теребел
боз закым басып ныкталат.
Ашпозчу бийкеч, беде, жел,
беде эмес кесме жыттанат.

Чарчашты чалгы чапкандар,
чарчады көктө Күн дагы.
Чапжондо жалгыз атчанга
чапкылап барат бригадир…

 

ЧАК ТҮШ

Аттайбыз деп арыктан
сууга түшүп калышкан
Асман менен Жер экөөн
аптап кылып агызган.

Адырдагы булакта
чалгыларды чыңайт чал,
чапкан беде. Ат жатат
чалкуйругун сырайткан.

«Чыңк», «чыңк» эткен чыңоордон
«чырт» деп жанып ыр ойго,
чымчык болуп чырлыйттап
чыгып барат кыр-ойго.

Ох, Күн санын чапкылап,
он жаш келин аптыгат,
ортого алып бир кызды,
оңду-солду каткырат.

Чаңкаган жол суналган,
чалкасынан куланган.
жан дүйнөсү алоолоп
чарчап турган уландын,

чалкыйт жаштык көзүнөн,
чар тарабы көшүгөн,
чабалактап туралбай
чак түш жатат дөшүдө…

 

ТҮН

Ак-Сай мелт-калт аязда,
жылдыз калкыйт алмадай.
Ит. Жөлөнгөн таякта.
илген чырак — жанган Ай.

Короо, кары күрөлгөн,
кой көң, чийне, акыр, ат
Жеми, чөбү түгөнгөн,
бир боо саман акыят.

Коктулардын колтугун
шамал жатат өпкүлөп.
Түнү бою койчунун
түшүнө чөп, чөп кирет.

 

* * *

Кар түшүптүр. Шамал улуп өзөндө,
кыш да сүйрөп өттү бүгүн жүгүңдү.
Качан келдиң? Жан көрүнбөйт көчөдө,
өчүп турган терезелер үйүңбү?

Тосуп чыккан итиң кана? Балдарың
отту таштап, кууп кеткен өз күнүн.
Тарт атыңды? Ошол жакка айдагын,
бул жамгырың эмес али… өткүнүң.

Көңүл далай өрттө калды, ок жеди,
талкаланды, кайттың бирок майдандан.
Аңыраят өмүрүңдүн бош жери,
жолуң сыздайт өтүгүңдү айланган.

Кошкун жаштык? Жүрөк сенде калалбайт,
мындан ары болбойт чогуу барууга.
Күн – бычактай көз алдымда жалаңдап,
жыл – аёосуз көкүрөктөн агууда.

Жашоо кымбат! Кымбат андан жоготууң,
баш көтөрбөй баса берер кез гана.
Бата тилейм! Бакыт тилейм жолоочум,
жолуң шыдыр! Жолдош болсун эс сага!

 

БИЙИКТИК

Учат куштар, казат жерди чычкандар,
уктап туруп, кайра отуңду жагасың.
Учуш керек дешет сага учкандар,
учуш керек, бирок жок да канатың?

Учуш керек! Ураалашат, учасың,
дарек-дайның өтөт колдон колдорго.
Ким-бирөөдөн мамилеңди бузасың,
ким-бирөөнүн буту керек конгонго.

Ким-бирөөнүн күчү керек басканга,
каалагандай ыргытууга ташыңды.
Сайга түшүп аңыраңдап акканга,
сансыз жолу даңктаганга атынды.

Акыйкаттык! Сага канча чакырым?
Жолдосуңбу? Көктөсүңбү көгөргөн?
Кимдин башы? Сеникиби? Акырын
ким-бирөөнүн ийинине жөлөнгөн.

О, бийиктик! Сага канча аткан таң,
дагы канча жылдыз күйгөн бар ашууң?
“…бийиктикти издебегин асмандан,
бийиктикти жерден гана табасың”.

“…Жерден гана?”
“Селт” этесиң куштардай,
мейкиндикте чагылгандын талашы.
Учуш керек дешет сага учкандар,
учуш керек! Бирок барбы канатың?

 

ЖАЛГЫЗДЫК

Оттор өчөт. Кулайт жылдар акырын,
келесиң сен азың калып көбүңдөн.
Ойлор сансыз, сансыз, сансыз чакырым,
жолдор дагы сансыз жолго бөлүнгөн.

Коломтоңо башка бирөө жылынган,
ачалбайсың өз үйүңдүн эшигин.
Чагылгандар каршы-терши жыгылган,
капчыгайда калган түндөй сезимиң.

Бейтааныштай кайдыгердик, жымжырттык,
көкүрөктү тепсеп жылат калаалар.
Көздөрүңдө кош из болуп жылжыйт суу,
чегирткелер сайрап учкан талаалар,

тоолор, таштар, чийлер, гүлдөр, шыбактар,
чийне тарткан жондор каштай чийилген.
Атаар таңдар уктап кеткен убактай,
батаа кечтер таштап кеткен иңирдей.

Кайда жылдар көлөкөңдөй ээрчиген,
күлүп жанган достор кана, кайда алар? —
тилегиңе жетиш үчүн берчү дем,
күйүш үчүн күчтү берчү кайрадан?

 

ЧИРКЕЙЛЕР

Чийлүү жондо чийне тартым бараттым,
чиркейлердин арасында калат ким?
Жабалактап жаап чыгып алдыман,
жайнап турган асманымды талашты.

Чий түбүнөн бүтөп жолду куш уччу,
чиңилдешип тынчтыгымды бузушту.
Апам баштан айландырган чыныдай
так төбөмдөн айланышты, учушту.

О, чиркейлер тумандаган көздөрү,
өз уулуна өгөйлөбө өз жерин?
Дүйнө жалаң чиркейлерден турбайт деп
тилиң билсем айтаар элем көпкө бир.

О, чиркейлер, уюлгуган асманда,
колум барбайт коруганга, чапканга.
Ата Журттун чиркейи да алтын деп
айтаар элем тилим болсо айтканга.

Асыл калкым, акын болуш коогалуу,
акын болуш санжыра да, доо дагы.
Өткөнүңдү табыш үчүн келген соң
өлүм да жок, жок анан да соо калуу.

 

* * *

Кой сарай. Короо. Шамалдын
койну таш, тамы чабандын,
коктудан чыккан боз түтүн
колундай жылуу аялдын.

Аппак, дөн, андан арыда
аз калган кеч тур агууга,
адырда көздөй алкынган
ат эмес, аяз мамыда.

Асман – из, төмөн өрүлгөн,
атчан, ит төштөн көрүнгөн,
алдыда чуурган ак койлор
ак мөндүр болуп төгүлгөн.

Эзилет койчу ойлордон,
элетке сиңген о жолдор…
эстесе эсил күндөрү
эскирген жыгач ноолордой

туш-тушта жатат күнсүрөп,
тумчуккан бир үн күрсүнөт,
ылымта таппай кирээрге
ызгаарга ыза бүркүлөт.

Оңдонот кайрып жакасын
отуна өрттөп капасын,
желбиреп турат Каныкей
жем салган кармап чакасын…

 

* * *

Эх жигит, неге бук болдуң
жамгыр тыңдап тыштагы.
Тобун кууп жүргөн футболдун
түштүбү эске кыштагың?

Сарайда сары топ турат
санааңды санга азгырган.
“Дарбаза…” дале бош турат,
бош турат күнсүп бастырмаң.

“Гол” кирсе жыргап сүйүнгөн
кыздар жок азыр баягы.
Чөөт дагы соолуп билинбей,
чөп басып калган талааны.

Секн сүйгөн бир кез күнү-түн
селкиде эми башка шаң.
Күтүүдөн үзүп үмүтүн,
Күйөө таап алган капкачан.

Эркек жок, урап дубалы,
эскирип жону оркоюп,
ээн калган тамың тур али
элетте жалгыз томсоруп.

Каймагын камдап дайыма,
камын жеп шаардан келет деп,
күйпөктөп күндө тамында
бир кемпир жүрөт сени эстеп…

 

* * *
С.Акматбековага

Актай жол…
Шамал жыгылган,
Ай турат үйгө жылынган.
Үй турат айдын жолунда
Акынга тагдыр буюрган.

О бул жер жамгыр өрттөгөн,
о бул чөп чөптөй өчпөгөн,
сагындым, Сагын, ырыңды —
жашоону, жолду көксөгөн.

Жалгыздык кандай тездигин
сезгендей акын сезди ким?
Ай турат талдын түбүндө,
үй турат ырдап кечкурун.

 

АЙЫЛ КҮЗҮ

Жакага шашып күз жели,
жай тартып үйлөр мүштөгүн,
жалбырттап күйгөн аптаптын
жалбырак болуп түшкөнү

Угулат. Күндөр шуудурап,
уй тоскон дөндөн “чуу” жылат,
булаңгыр баскан талаада
буластап барат буурул ат.

Узун түн… кыска куюшкан,
убакыт жазды унуткан,
чакырып кышка жаткансып
чагылган учпайт булуттан.

Самандай аңыз сарала,
сай бойлоп аккан араба,
сапары бүтпөс жүрөктөн
сагыныч келет санаага.

Чөл окшоп өңдөн кыярган
чөмөлө салган кыраңдар,
чөп тарткан жолдо күз жатат
чөккөн төө мисал туралбай…

 

КИРГЕН КЕЧ

Жондун асты. Айдоо. Малдын чаңында
шапалактын чыгат үнү тажаган,
Күнсүгөн жер алып учат айылга,
күн да кошо келаткансып бададан.

Алыш бойлоп чакчыгайлар тызылдап,
кеч мышыктай жылып кирет иңирден.
Чийдин саргыч үкүлөрү ызылдайт
чиркейлердин салмагына ийилген.

Талаалардын талып барат кыны улам,
жел думугуп сайды жээктейт кечалбай.
Канаттарын сууга малып дымыган
аарылар тур арыктардан кеталбай.

О бул учур – бейкуттукту түшүнгөн!
Түндүн жылуу көшөгөсүн ачат кол.
Эски араба кетип-кетпей үзүлгөн
ээндикте чылым чегип жатат жол…

 

АСЫЛ АЙЛЫМ

Сайды кечип чыктым бүгүн жолуңа,
жүрөк ырдап сени көздөй жүгүрөт,
наристедей ала коюп колума,
көкүрөккө кыссам деймин сүйүп эх!

Асыл айлым!
Торгой талааң, желген жел
буудайыңдын сабагында кайкалап,
сары гүлдөр, сары топу эрмендер
арыктардын жээгин бербей чайпалат.

Ага-буга аккан күндөй жылды аяйм
камчыга окшоп каяккадыр түшүргөн,
кайран төрлөр, жылкы жыттуу жылгалар,
кеткен элем сага келиш үчүн мен.

Себеп эмес, шылтоо издеп кежилдеп,
миң ирекет үй-бүлөмдү алдадым,
Ата Журтуң ушул болот сенин деп,
асыл айлым, баламды алып барбадым.

Кайра айланып тапкычакты өзүңдү
канча кылым калыш керек калаада.
Кечир мени карай албай көзүңдү,
тиктеп турган тоолоруңа, талааңа…

 

ӨТКҮН

Келатам эгин – деңизден,
ак сарай – сүзгөн кайыктай,
жолоочу өтпөй зериккен
жол жарк дейт көзгө балыктай.

Трактор. Боз үй. Капталдан
аңыздан дойлоп түтүн жаайт,
агыш нур жылжып асмандан,
арпага Айдын сүтүн саайт.

Далай кыр ашкан жүрөктөй
дукүлдөйт аттын туягы,
чымчык “чыр” эткен түнөктөн
тууган жер демин туямын.

Сугаттан калган суу жатат
дыйкандын сөзүн шыбырап,
өлүмдү сезбей дуу жашап
өткөн күн бутка жыгылат.

Эх, бизге болбос кечирим,
жаз деген – жалган түш тура,
жапты жел жайдын эшигин,
жакындап калды күз мына?..

 

КҮЗ

Учат сенин жүрөгүңө каргалар,
шамал илкип барат аста аңыздан,
көпкөк бойдон түшүп калган алмалар
көз жашындай – эң акыркы агызган.

Ташыңдын да, талааңдын да табы жок,
тамды чертип жамгыр гана ыр ырдайт,
эгин төккөн кампалардын жаны бош,
бригадирдин тааныш үнү угулбайт.

Чатырына чыгып алып үйлөрдүн,
тоону тиктейт, тиктейт, тиктейт морулар,
жалгыз бактын жанындагы жүргөн ким —
жалбырагы кулап жерге колунан?

Сен белең, күз бутагындан үзүлгөн,
өңдөн азып күттүң кимди мынчалык,
бороон боздоп кыш кирдиби түшүңө,
чана тарткан көрдүңбү аяз зыркаарын?

Бакыт, сүйүү, чарчоо сиңген жолуңа
баштагыдай жакпайт эми үптү күн,
аял өңдүү бошоп турган боюнан
аялуу да, аруусуң да күз бүгүн…

 

* * *

Тийген Күн,
салган Там калат,
балдарың калат калаада.
Мүрзөңдү тиктеп Ай калат,
мал калат сенсиз талаада.

Баскан Жол,
аткан Таң калат,
бир кабар келет алыстан.
Ырларың ыйга айланат,
айланат досуң таанышка.

 

* * *

Ат-Башыда чебеленип,
Алмашыңа берерге алма таппай турсаң,
Ош базарда тебеленип,
ой-тоого батпай турат…

 

ЖОМОК

Кыш шыбырап:
“пады-шахым, эгем” дечү,
“падышанын уулунан да
сени жакшы көрөм” дечү.

Кыз чын эле
сүйүчү дейт,
жигит болсо падышанын
уулу билбес
көп нерсени билүчү дейт.

Кыз шыбырап:
“кембагалым, кемем” дечү,
“кембагалдын уулунан да
сени жакшы корөм” дечү.

Кыз чын эле
сүйүчү дейт,
жигит болсо кембагалдын
уулу билген
көп нерсени билүчү дейт…

 

* * *

Жаныбектин гитарындай көңүлдүү
жашоо бүгүн жанга жагым көрүндү.
Жамгыр төккөн кечти тиктеп олтуруп,
жакын жерден көралбадым өлүмдү.

 

* * *

— Жолоочу болсоң жол кордойт,
жол болсоң баары тепселейт.
— Тепселиш үчүн жол болбойт,
жол болуш үчүн тепселет.

 

* * *

О Ысык-Көл, сен да калдың жөтөлүп.

Акырындык менен биздин жээктен да
кулат таштар,
“күр” деп бир күн көчөбүз.

Чабалдаев деген кыргыз ырчысын
бейитине келатабыз көтөрүп.

 

ӨМҮР

Өмүр – кыска, жыл – тешик,
өталбайсың “жылт” этип,
курсак тойгон дүйнөдөн
кулайт күндөр “былч” этип…

 

КҮТҮҮ

Айыксак, ооруганга,
оорусак айыкканга,
саргарып күндүр-түндур
күткөнгө,
зарыкканга
чылымга үйрөнгөндөй үйрөнөбүз.

Ана кетет…
Мына кетет…
Тил эмизген сөз да сөзбү,
автобустар кетип кетпей,
шаардагы автобекет
шайы ооп турат
канча элге шаасы жетпей…

А сенин аңырайып
Тишиң бүтпөй,
тишиң бүтсө
ишин бүтпөй,
кайда барсаң
күтмөй, күтмөй,
кайда барсаң
эсеп, эсеп,
кайда барсаң
кезек, кезек…

Күтпөй турган күн деги бүткөн өңдүү,
жадагалса өлүмдү да
арты ким деп күткөн өңдүү.
Күтүү бизди октоп, октоп,
так жүрөккө,
көзгө,
мээге
атып жаткан окшоп, окшоп…

Аэропортко —
асман, жерден,
аэропортко аккан элден,
баш айланат баскан элден,
уктап,
күтүп,
жаткан элден.

убакытың учат куштай,
убакытың учкан менен
самолётуң учпай, учпай…

А биз болсок
жон-жай гана
жаткан сазга баткан таштай
жөн-жай гана
чөгүудөбүз…

Ар күн сайын
аэропортто,
вокзалдарда,
горОНОдо,
сельсоветте,
кабинетте,
оорукана,
дүкөндөрдө,
же башкада,
же кассада
ар күн сайын
күткөнгө,
зарыкканга,
ооруганга,
айыкканга
чылымга көнгөн сымал көнүүдөбүз,
ар күн сайын,
акырындан “өлүүдөбүз”…

 

ЧАЛ. ҮЙ. ЖОЛ

Ушул жылдын кайсыл бир күндөрүндө
Пишпектин жепирейген камыш жапкан үйлөрүндө
коз жумду
өзүмдүк там-ташы бар
Матвей деген бир чал.

Чалдыкында жүргөндө бир да келишпеген,
чал төшөктө жатканда бир дагы көрүшпөгөн
аял
эркек келишип алып анан,
айкырышып,
талашып тамын анан,
Узатышты маркумду жайына араң…

Канча жыл чогуу турган,
үйлөнгөн,
турмуш курган – таштап жерди,
чий жон менен,
мүрзөгө бара жаттык чал экөөбүз
бир жол менен.
Жеткен кезде
бөлүнүп кеттик эки:
чал калды көр ичинде,
мен кеттим ижара издеп,
кайгымды болүшүүгө…

 

КАН ЖОЛ

* * *

Бүгүн жалгыз ырдап чыгам,
салып чыгам үнүмдү,
сагындым мен санаа төккөн
сай жээгинде үйүмдү.

Күндөр аттан түшө калып,
учат мезгил өзөктөн,
сай жээгинде турат бир үй,
чал, кемпирдин көзү өткөн…

 

* * *

Бас, баса бер, үмүтүңдү
өчүрбөсүн шамал, кар,
ушул жолдун аягында
сени сүйгөн аял бар.

Карай бербе каалгаң ачып
карда калган изиңди,
апкелтат тагдыр бүгүн
сен эңсеген кишини.

 

* * *

О тирүүлөр, өлгөндөрдүн
жерде жанган нурусуң,
о бейиттер көмкөрүлгөн,
жөнөкөйсүң, улуусуң.

Кереги жок сага даңктын,
жана таштын коргону,
достор салган бир ууч топо,
көз жаш болсо болгону.

 

* * *

Асман сайга түшкөн жерден
агат дайраң көгөрүп,
о тууган жер, турдум көпкө
көпүрөнү жөлөнүп.

Өз төрүмдө өздү билбей
өскөнүмө өкүнөм,
көпүрөңөн өттүм далай
болалбадым көпүрөң…

 

* * *

Жалбарбагын көзүн карап,
сооротпогун токтолоп,
ыр бар ыйдын өзүндө да,
кайгыда да от болот.

Ыйлап алсын жайына кой,
жылытпагын от сурап,
көкүрөктүн куса-муңун
коз жаш гана жок кылат.

 

* * *

Жалбырактар түштү жерге,
кечке, түнгө жашыруун,
мен да мына күздү жерде
тепсеп басып акырын,

карап турдум келгин кушту
кетип жаткан жылып жай,
о Ата Журт, келген кышты
чымчык, каргаң жылытаар…

 

* * *

Жалгыздыктын арабасын
тарттым анын атындай,
ат арыды, а жол дале
калды алиге басылбай.

Кайрыла кет үйүң муздап,
отуң өчкөн кезинде,
жалгыздык да, араба да
турат жолдун четинде.

 

* * *

Кезээр тообуз дагы канча,
ичээр суубуз көп, азбы,
бакыт издеп карыганча
баскан жолдон өң азды.

Кеткен элек гүлдөн, жерден,
сөздүн, оттун айынан,
балким тирүү жүргөндөрдөн
бардыр бизди тааныган.

 

* * *

Асман-жердин баары барик,
бакта баскан жолду гой.
— Качан кар жаайт? – деп сурадың, —
жалбырактар тоңду го?

Качан, кантип кар жаачу эле,
жол каткалаң, тышта Күз,
каргалардай көнүп бүттүк
кар жаабаган кышка биз.

 

* * *

Канат болгон элге дайым
жөлөк да бар, өнөк бар,
Манас болгон жерге дайым
Абыке бар, Көбөш бар.

Бардыгына көнгөн жерде
өчүрүшөт шамалды,
акылмандык өлгөн жерде
өнүп чыгат арамдык.

 

* * *

Ыр токудук кечтен кечке,
ый токудук күйүттүү,
о канча жыл үмүт жолдо
бизге жетпей күйүктү.

Бүгүн ошол терезелер
текши гүлдөп – алча, гүл,
от тамызып жүрөт шамал,
оту очтү экен канчанын?

 

* * *

О өлүм, жол азгырбагын,
ансыз деле келет күн,
ансыз деле бу жазмышта
сен да бизге керексиң.

Акыйкат деп азап чеккен
адам менен эсептеш,
дүнүйө кууп, шапар тепкен
ансыз деле кетет тез…

 

* * *

Жылдар, үндөр аккан көчө,
от – кыймылдан чарчаган,
түндү жээктеп кетип барат
түтүн жуткан арчалар.

Дарак таппай түнөгөнгө
шаар кезет жел гана,
сабагынан кулап түшкөн
алмага окшойт жер мага.

 

* * *

Балдары да, аялы да
көрөр жазмыш нурларын,
акын өттү, аягыла
жетим калган ырларын.

Аягыла баскан жерин
шамал, кыян жүргүчө,
жарык кылып жаткан көрүн
ыры кайра тиргизээр.

 

* * *

Мына кан жол, өмүр өттү
үнсүз, ыйсыз, коогасыз,
о бул күнгө жеткен элең
канча кылым жол басып,

Алдың оттой күйүп-жанып,
“тез, тез, тез” деп азгырат,
келсең даалдап, үмүт карып,
казылган көр… Ат турат…

 

КАРАГАЙЧЫ КЕМПИР

Энем Канымгүлдүн элесине эстелигим

Кара колдун жаны эле оюктагы,
кароолчунун тамы эле конуштагы.
Кара кемпир бар эле, кара кемпир
“карагайчы кемпир”, деп коюшчу аны.

Карагайчы кемпир ал жесир эле,
кайран чалы капкачан эсил эле.
Караан кылып карманган жалгызы да
кара шыйрак каргадай жетим эле.

Жетим бала. Жетим там, Жесир эне,
жер үстүнүн тооп кылып четин эле
Эсен-аман жүрүшчү,эл катары,
эл катары өмүрүн кезип эле.

Канын басып кайгырса жаратынын,
канат кылып кайрылса канатынын.
Калдаңдаган ал бала баласы эле
карагайчы кемпирдин баласынын.

Жону калың дүйнөнү койгулаган,
жоош сары бала эле болбураган.
Жоготчудай эрмешип энесинин
жолго чыкса этегин Чойгулаган.

Жоругу бай жомогу “жалгыз мунун,
жолдош кылган жанына жалгыз мунун.
Жоош сары бала эле болбураган,
жоош сары бала эле барбык мурун.

Жакшылыкка жалынып элге келген,
жашап жүрдү ал кемпир элбең-элбең.
Таңдан кечке кашында каралдысы
таноолору дердеңдеп эрбең-эрбең.

Оолак калып оокат деп тербеңдеген,
оолак калган күнүнө термелбеген.
Ошол кемпир билинбей жашай берди,
ошол уулун жетелеп эрбеңдеген.

Каткалаң жол бычактын мизине окшоп,
караган чий караңдап кишиге окшоп.
Караңгыдан капчыгай суурулганда
карагайлар тарактын тишине окшоп.

Кайыңдыдан кар келчү калкылдаган,
кабар келчү кар менен айтылбаган.
Тегеренип эшикте аяз турчу
терезеден киралбай калчылдаган.

Кайыңдыдан кар келчү үлпүлдөгөн,
кабар келчү кар менен күн-түндөгөн.
Каалгабыздын артында аяз турчу
казан мешке жеталбай сүлкүлдөгөн.

Куурма чайга көшүлүп, бою жашып,
кубатына кой көңдүн момурашып.
Эне-бала бир өзүм бактыларын
эрмек кылып атканда божурашып.

Үзөнгүлөр үндөктөп ышкырынып,
үйдү көздөй жыңайлак кыш чыңырып.
Үнү чыгып алайды дүлөй кылган,
үнү чыгып аттардын бышкырынып.

Каптал жондон жебедей атылышып,
“карагай” деп караңдап ашыгышып.
Карагайдай кишилер карагайдай
“карагайчы кемпир” деп чакырышып.

Карагайдай кишилер шашылышып,
“карагайчы кемпир” деп бакырышып.
Кара баркыт чапанын кийип-кийбей,
карбаластап кемпир да шашып-ушуп.

Чыкчу тышка чыдабай. Өздөрү кар,
чылбыры кар, кирпиги, көздөрү кар.
Кара мурут “барк” этип карап турчу,
“карагайды сана да, өткөрүп ал!”

Кара кемпир баласын караттырып,
карагайды алчу эле санап-жыйып.
А тигилер аттарын көбүк баскан,
аса байлап салышып таңаштырып.

Анан шашпай жамбаштап жатып алып,
аркы-терки кеп-сөзүн чачып алып.
Кажылдашып картага кирер эле
казан мешти бооруна басып алып.

Кайта-кайта ачылган шише келип,
кайта-кайта арактан иче берип.
Каңылжарды өрттөгөн бир жаман жыт
калкып чыкчу абага ителенип.

Желпигенде жээгинен арак уруп,
“жеңеке” деп жээликчү кара мурут.
“Карагайды жакшылап карап бергин,
карагайдан там берем сага куруп!”

Жеңил эмес, бир нече кабат кылам,
жер төлөсүн бетондоп гараж кылам,
Өйүздөгү орусту жалдаймын да
өзүм болсо башкарып, карап турам.

Эл турат го ээликсем тутамымда,
эски үйүмдү жаз менен бузамын да,
Эшигине ширетип жалаң темир
эң сонун там саламын ушу айылга.

Канатымды кааласам кердиртемин,
катындарга карагат тердиртемин.
Карагайды жакшылап кайтар жеңе,
“карагайчы” деген кат бердиртемин!”

…Кара чырак капшытта каңырсыган,
каланган көң. Чылгоолор саңырсыган.
Жамажайы жайылган ичик-тондо
жалаңкат төш, жалаң көз талымсыган.

Карта. Шамал. Кажышып, ыркырашып,
“кайч” эткен үн. Каалганын тынчы качып.
Таманда кар. Талтайган көлөкөлөр
так айнектин түбүнө шыркыратып.

Калжаң-калжаң караандар алабарман,
каткырыктар кайыштай шалаланган.
Кайта-кайта жаңырып жатчу шыпта
“карагайдан” деген сөз “карагайдан”.

Табы тартпай эртеси сүйлөшүүгө,
тартылышып талаанын чүмбөтүнө.
Жөндөп алып аттарын жөнөп кетчү,
жөнөп кетчү карагай сүйрөтүүгө.

Балталарын байланып күпүйүшкөн,
“балч” дедире ак карга түкүрүшкөн.
Жүдөңкү өң кишилер түкүйүшкөн,
жүздөрү көк, көздөрү бүтүйүшкөн.

Караандарын заматта думбалактап
кар басылбай жатчу эле бурганактап.
Кепе тамдын морунан аккан түтүн
кеткендерге жоолугун булгалактап…

Кең айдыңды кар каптап тегиз мүлдө,
кепе тамдын от күйүп эң үстүндө.
Жашап жаткан өңдөнүп кетер эле
жалгыз гана ушул там жер үстүндө.

Байкуш кемпир не кылат, сабаты жок,
баласынан башка анын чарасы жок.
Карагайын кайтарып жүрөр эле
“кайтар” деген бир барак кагазы жок.

Карагайлуу күндөрдү карачы тек,
карагайга калтырган санаты бек.
Кай бирөөлөр баланы тергээр эле
“карагайчы кемпирдин баласы” деп.

Кадимкидей кан-жанын демеп ага,
кайрат берчү сөз керек белем ага.
Карап көрсөң укмуштай угулчу экен
“карагайчы кемпирсиң” деген ага.

“Карагайчы” дегенге муюп эле,
кайта-кайта чай демдеп куюп эле.
Карай берчү эшикке кирип чыгып,
Карай берчү күн-түнү туруп эле.

Карын кагып, муздарын күбүп эле,
кара жанын түйшүккө үйүп эле.
Канча жолу чакырган жерден калды
карагайын карайм деп жүрүп эле.

Балким ошол алыска чакырган бир,
баласына атайлап катылган бир.
Балким ошол… ким билет бактысыдыр
маңдайына акыркы жазылган бир.

Балким ошол… билбеген, билген жолдор,
бактысыдыр бороонду тилген жолдор.
“Каралдым” деп башынан сылап күндө
карагайдын чайыры сиңген колдор.

Балким ошол… балалык кайта жангыс,
алтын чыгар кир колго байкап алгыс.
Балким ошол баланын өмүрдөгү
бактысыдыр эч качан кайталангыс…

* * *

Кайыңдыдан кар келди, сабаган кар,
кабар келди кар менен чабагандай.
Карегинде кемпирдин каралдысы,
караганы кемпирдин карагайлар.

А бала не, энесин эгежилеп,
“айтчы энеке, ал дагы келе-би–деп.
Карагайчы байкемдер бизге дагы
карагайдан там салып береби?” деп.

Кара жолдон атса эле алагай таң
карпа-курпа жүгүргөн баладай таң.
Карегинде баланын кара мурут,
карегинде баланын карагай там.

Калдаңдатып кара өтүк, кара шымын,
карын кеччү талаанын аязынын.
Карап уччу чымчыктар чуркаганын
карагайчы кемпирдин баласынын.

Бешим эле, кез эле ызылдаган,
бешим эле, кеч эле чыкылдаган.
Мүрзөлөрдү аралап кеткен жолдо
мүдүрүлбөй жүгүргөн, тызылдаган.

Өөдө көздөй бараткан убагында,
өтүгүндө, шымында, тумагында.
Өкүргөн бир үн чыкты, өкүргөн бир
өмүрүндө, өңүндө, кулагында.

Кара кемпир… ак кемпир… уу-чуу эшик,
карарган Ай. Кар. Шамал. Зуу-зуу эшик.
Кара кепин… Ак кепин… Карагайлар
кара мурут… Ак мурут. Шуу-шуу этип.

Кара кемпир… Ак кемпир… Ачылган кар,
кара кепин… Ак кепин… Казылган жай.
Кара мурут… Ак мурут… Карагайлар,
кара бейит, ак бейит… чачылган кар…

Чачылган кар. Чачылган булут уруп,
кар да кетти карарып, унутулуп.
Бае тилек, үмүтү талкаланган
бала кетти үшкүрүп, улутунуп.

Кар да кетти, кара жол караң этти,
кар да кетти, кар менен бала кетти.
Боздоттурар бейиттин боз шыбактуу,
боз шыбактуу элесин ала кетти.

Чачылган кар. Карды жел козгоп турар,
кайыңдынын шамалы коштоп турар.
Карагайлуу кайкыдан түшкөн издер
карагайчы кемпирди жоктоп турар…

 

АПТАП

Талаа өзөн таппайт кайда катаарын.
тандыр кылып кактап барат чөл деми.
Күндү бирөө алып келип атайын
Токтогулга таштап кеткен өңдөнүп.

Кулайт аптап кучагына чөптөрдүн,
кумурскалар чарчап жылат, жай жылат.
Тамчыга окшоп таранчынын көздөрү
закым урган жолду тиктейт жалдырап.

Талыйт куштун канаттары ысыктан
араң чыккан короздордун үнүнө.
Талыкшышат тал-теректер, ысыйт чаң
көлөкөлөр качат тамдын түбүнө.

Ысыйт баары, ысыбоого жок дарман.
боюн таштайт кудуктарга чакалар.
Боюн таштайт кудуктарга бош калган
кумда жатып жинди болгон бакалар.

Булак кирет, булут кирет түшүңө,
“мөлт” дейт карек мөңгү баскан чокуга.
Бүткүл денең күнгө айланып кичине,
бүт денеңе сиңет жердин оту улам…

 

КЕЧ

Кеберсийт талаа. Чөккөн Күн…
чөл сүйрөп келет аптабын.
Өрөөнгө түшкөн өрттөгү
өзөндүн ойнойт таштары.

От жаккан мештей ысылап
үйлөр үп. Үймөк чөп-жошо,
Кызыл ат–кырга кызыл от.
төө өркөч тоого көз-бото.

Закымды жиреп унчукпай
желесин тартат зым мамы
Учалбай турат чымчыктар
шишкебек окшоп зымдагы.

Айнектер аста жалбырттап
айыл тынч өткөн түндөрдөй.
Жалгыз бак–жалгыз балмуздак,
жамгырсыз күндөр–күйгөн жер.

Таранчы чоктой бүркүлгөн
жалбырттап жатат бул аңыз.
Ак түтүн болуп илкиген
жол гана алсыз чубалып…

 

 

Соц тармактар:

Шайлообек Дүйшеев: 7 комментариев

Добавить комментарий