Тартынчаак Король Лир же «Чиркин өмүрдүн» генералы

Пендебиз да, көпчүлүк учурда ушул залкар эле деп анын көзү өтүп кеткенде гана жер муштап, өкүнүп, артисттин талантын айтып, баалап калабыз. Кыргыз улуттук академиялык драма театрында таланттуу, залкар артисттер саналуу гана калышты. Алардын бири — театрдын көркүн, сахнанын ажарын ачкан КР эл артисти Мукамбет ТОКТОБАЕВ. Аны менен көптөн бери маек куралы деп убакыт-сааты чыкпай аткан эле. Жаңы эле киного тартылып келип, кайрадан Маданият министрлигинде жаңы спектаклге даярданып аткан жеринен жолуктум. Экөөбүздүн маегибиз анын чыгармачыл жолунан башталды.

— Өзүм Көлдүн Барскоонунан болом. Кичинемен комуз, мандалин, аккордеон чертип өстүм. 10-класста окуп жүргөндө «Кайрылсаң боло мен үчүн» деген ырга обон жазып, аны радиого берип, ошол кезде анча-мынча обончу катары да эсептелип жүргөн элем. Ырымды уккан композиторлор музыкалык окуу жайга тапшыр деп айтышкан. Бирок, Москвадагы ГИТИСке өтүп алсам, бул жерде окумак белем. Москваны аяктап келгенден кийин Ошко театр ачасыңар деп жиберип ийишти. Ошто алты жыл иштеп, кайра Фрунзедеги драмтеатрга келдик. Анан бул жерде иштеп жүрүп, «Манастын уулу Семетейди» ойноп калдым. Эки жыл катары менен Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп, башкалар алып, мен албай калдым. Баш каарман Семетейди мен ойнодум, сыйлыкты Акүйгө чуркагандар алып кетишти. Ошого таарынып, Кырдрамдан чыгып, «Тунгуч» театрына кетип калдым. Ал жерде беш жыл иштедим. Анан кайра бул жерге чакырып алышты, ошондон бери иштеп атам. Ошентип, Токтогул сыйлыгына жетпей калдым, бул адамдын бактысынан экен, бир келсе келет, келбесе жок. Ошол боюнча «Ормонхан» спектаклинен да көрсөтүлдүм, андан да болбой калды. Кийинчерек «Эмгек сиңирген артисти», андан кийин «Эл артисти» наамын алдым.

— Сизди мындан 20-25 жыл мурун «Мыскыл жана тамаша» көрсөтүүсүнөн чыгып жүргөнүңүздү көргөнүм эсимде. «Автобус» деген ырды да ырдачу элеңиз…

— Бир күнү Сүйүнбай Эралиевдин китебин карап отурсам ушул ыр бар экен. Аны гастролдоп жүрүп автобустан обон чыгаргам. Ошол ыр менен көп жерди кыдырып келдим. Чынын айтканда, «Мыскыл жана тамашаны» баштаган Келдибек Ниязов, Асанкул Шаршенов, мен — үчөөбүз элек. Көп жыл катары менен биз алпардык. Андан кийин союз тарап кетип, алардын баары калды. «Куудулдар театры» деп Жаныбек Алыкулов өзүнчө театр ачып, кийин «Мыскыл жана тамашаны» андан ары алып кетишти. Акыркы мезгилде куудулдарга таптакыр сын жок болуп калды. Биздин учурда атайын комиссия, көркөм кеңеш келип көрүп, кыскарткыла же күчөткүлө, анан элге тартуулагыла дечү. А булар өз билгендерин жасап, маданияты жок, сөгүнгөн сөздөрдү кошуп «Мыскыл жана тамашанын» деңгээлин түшүрүп жиберишти.

— Эмнегедир союз убагында тартылган фильмдерден сизди көп көралбайбыз?

— Киного кеч тартылып калдым. Себеби, окууну аяктагандан кийин эле Ошко кеттик. Биринчи жолу Ошто иштеп жүргөндө Мырза Гапаровдун «Күнөстүү арал» деген чыгармасына жазылган фильмге тартылдым. Ошондон кийин Болот Шамшиев тарткан Ч.Айтматовдун «Фудзиямадагы кадыр түн» чыгармасындагы Мамбеттин ролуна жеткенде союз ыдырап кетти. Эми кайра жанданып баратабыз. Мына жакында эле Бакыт Карагуловдун «Бешик» деген фильмине тартылып келдим. Так ушул фильмди тартып атканда Геннадий Базаров да «Танго» деген фильм тартып, мени чакырды. Эки фильмде тең роль ойногондуктан, улам бир жагына чуркап тартылып, айтор, жетиштим. «Чиркин өмүргө» тартылып атканда дагы башка фильмге чакырып, бир фильмден бошоп экинчисине чуркап, айтор, катарлаш эки тасмага тартылгам. Кийинчерээк ушундай кырдаал дагы кайталанды. Алты фильмге эки жакта чуркап жүрүп тартылдым.

— Театрда залкар таланттар менен иштештиңиз. Азыркы жаш артисттерден келечектеги Б.Кыдыкеева, М.Рыскулов, Т.Турсунбаева, С.Жумадылов сыяктуу артисттерди көраласызбы?

— Бир кишини бир кишиге теңегенге болбойт. Илгеркилер айтмакчы, Муратбек Рыскулов өлүп деле театр жүрүп атат дегендей кеп да. Ошолордун деңгээлиндегилерди чынын айтсам, азыр көрелекмин. Ал залкарлар тубаса жаралып калган таланттар экен. Мындай адамдар канча бир жылда бир чыгат же чыкпайт.

— Залкарлардын арасынан кимиси менен камыр-жумур болуп иштешип, ошолорду эстегенде кимисинин элеси биринчи ирээтте көз алдыңызга тартылат?

— Мектепти аяктап келип, филармонияда ырчы болчумун. Бир күнү драмтеатрга ырдаган, аккордеон черткен балдарды тандап атыптыр деп угуп калдык. Негизи филармониядан 4-5 айлап гастролдоп жүрүп аябай тажаган элем. Ошондон улам Кырдрамга кирсемби деген ойдо жүргөм. Драмтеатрга дароо эле өтүп кеттим. Бир күнү Муратбек Рыскулов мени көрүп, «бул кайсы бала?» деп сурап калды. Бул бала жакшы ырдайт, аккордеон чертет деп мактап киришти. «Кана, ырдап көрчү» деди эле, филармонияда ырдап жүргөн ырларымды ырдап бердим. Муратбек Рыскулов өзү төрөпейил, илгерки бай-манаптай болгон киши эле, «бери кел» деп мени күнүгө чакырып ырдатчу болду. Бир күнү «сени бир жерге алып барайын, макулсуңбу» деди. Ал кишинин сөзүнө жок деп айтууга болбойт эле. Менин көзүмчө бир жерге телефон чалып, андан кийин экөөбүз опера-балет театрына бардык. Муратбек Рыскулов экөөбүз бир кичинекей бөлмөгө кирдик, бул эмнеси деп таңгалып сураганча болбой эшиги шарт жабылып, көтөрүп кетти. Көрсө, лифтке түшүптүрбүз. Үстүңкү кабатка чыксак төрт-беш киши күтүп турган экен. Алар биз менен учурашып, «ушул балабы» деп сурашты. Алар мени текшерип, үнүмдүн жетишинче ырдатышты. Кийизбаевага окуучу болуп, хордо иштемек болдум. Ошентип, мени операга өткөзүп коюп, Муратбек Рыскулов: «Эми сенин иштей турган жериң ушул, экинчи тигил жакка барба» деп калтырып кетип калды. Ал жер мага укмуштай жат көрүндү. Эки-үч күндөн кийин кайра драмтеатрга качып бардым. Муратбек Рыскулов келатса эле декорациялардын артына жашына калам. Ошентип жүрүп Муратбек Рыскуловду окууга өтүп атканда көрдүм, комиссияда отурган экен, мени сүрдүү карап, өзүнө чакырып, «баягы сенсиңби?» деди. Ооба дедим. «Эмне, окуюн деп атасыңбы, мен сени ырчы болот экен десе» деп башын чайкады. Ошентип окууга өтүп кеттим.

— Театрдан дайыма өзүңүз каалаган ролду ойноого мүмкүнчүлүк болдубу?

— Жок, мен ойногум келип турса деле айталчу эмесмин. Азыр деле ошондоймун. Тартынчаактык жайым бар. Мисалы, «Король Лирди» ойнойм деп өмүрүмдө ойлогон эмесмин. Көрсө, бул актердун бактысына келген бир бакыт экен. Ал келет же өмүр бою келбейт. Директор чакырып, «сизге ишенип ушул ролду берели деп атабыз, элдин каалоосу ушундай болуп атат» дегенде чынында корктум, толкундандым. Режиссер келип, «ойногонго каалоочулар болсо жазылгыла» деп койду. Ага эки-үчөө жазылып ийген экен. Аларды көрүп менин боюм кыска, тигилер келбеттүү, бойлору чоң болсо деп күмөн санап калдым. Бирок, буйрук экен, «Король Лирди» ойноп, гран-прини жеңип алдык. Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыкты алдым.

— Кыргызстанга таанымал ырчы Гүлнур Сатылганова уулуңуз Даниэлдин келинчеги эле. Даниэл менен Гүлнур кантип баш кошуп калышты эле?

— Балам азыр 39 жашка чыкмак. Ал 25 жашында кайтыш болду. Даниэл Ленинграддан актерлук окууну бүтүп келген. Ленинградда окуп жүрүп, Клара деген кызга үйлөнгөн эле. Баласынын төрөлгөнүнө он күн болгондо бизге жеткирип беришти, багып алдык. Өмүрүмдө эрте туруп көргөн эмесмин, ошол неберемди багып алгандан кийин таңкы саат беште кезекке туруп сүт алып келчүмүн. Анан алар окуу жайды бүтүп келишип, бул жакта иштеп калышты. Клара менен Даниэлдин урушу Ленинграддан эле башталса керек. Ортолорунда түшүнбөстүктөр болуп атты. Келинди кетирбей үч ай кармадык. Бир күнү төркүнүнө барып келейинчи деп суранып кетип, ошол боюнча келген жок. Баласы Ильяс биздин колубузда калды. Андан кийин Даниэл Гүлнурга үйлөндү, андан Арнас аттуу баласы бар. Даниэл каза болгондо Гүлнурга «баланы бизге бер, экөөнү чогуу чоңойтолу, сен жашсың, турмушка чыгасың» деп сурагам. Бирок, болбой койгон. Гүлнур турмушка чыккандан бери катышпай калдык. Турмушка чыкканча үйгө неберебизди менен азык-түлүктөрүн көтөрүп келип, жардам берип турчу. Биз да алардыкына барып турчубуз. Бир күнү жашаган жерине барып, таппай калдык. Көчүп кетиптир. Турмушка чыккандан кийин баягыдай болбой калат экен, баралбай калдык. Өзүнөн бир да кабар алган жокпуз. Же Арнас бизге өзү келбейт. Бирок, Ильясты Гүлнурдукуна жиберип турам. Экөө биртууган эмеспи, катышып турушат. Бир жолу Ильясты сен улам эле бара бересиңби, бүгүн барбай эле койчу, жумуштар бар эле десем, ал «жалгыз биртууганым болсо кантип барбайм» дебатпайбы. Муну карасаң деп таңгалып, бара бер дедим. Биз барбасак дагы, эки биртууган катышып, бири-бири менен барышып-келишип турсун дейбиз. Бизди тим эле койсун, Ильяс менен Арнас биртууган да, аларды айырбаш керек. Биз эмне, бир күнү көз жумабыз.

— Даниэлдин өз өмүрүн кыйышына эмне себеп деп ойлойсуз?

— Чынын айтсам, мен ушул кезге чейин түшүнбөйм. Жатып алып ар кайсыны ойлойсуң. Мисалы, бизден кеткен жок, кимден кетиши мүмкүн? Же дагы бир башка себептери барбы? Эгерде кат жазып кетсе да, ушундай болуптур деп ойломокпуз. Эч нерсеге түшүнбөй калдык. Канча жыл жаман болуп, өзүмө келалбай жүрдүм. Ушул жөнүндө сөз болсо эле уккум келбей чыгып кетчүмүн. Ошол кезде ар бир 10-15 мүнөттө кайра-кайра элестей берчү. Эки жыл ошентип жүрдүм. Үчүнчү жылы кичине алыстады, кийинки жылдары кичине жоголду. Азыр балдары чоңойгон сайын дале көз алдымда турат, бирок, баягыдай эмес. Даниэлден калган баласы атасына окшошуп кетет.

— Жубайыңыз да чыгармачыл адам экенин билебиз?

— Кемпирим экөөбүз тең ГИТИСти бүтүргөнбүз. Ортобузда төрт уул, бир кызыбыз бар. Баардыгы үйлөнүп-жайланган. Азыр байбичем пенсияда, неберелерин, үйдү карайт. Жакшы актриса болчу. Анын багын мен байлап салдым. Ошто иштеп жүрүп наам алайын дегенде бул жакка алып келдим. Бул жерден бирдеме алайын деп атканда «Тунгучка» кетип калдык. Замандаштарынын баары алышты, мен аны ар кайсы жерге сүйрөп жүрүп эч кандай наам албай калды. Кээде таарыныч ирээтинде «сен үчүн мен эч кандай наам албай калдым» деп айтып калат.

— Былтыр жазында сиз менен маектешейин десем, келиниңиздин, андан кийин апаңыздын каза болгонун айттыңыз эле?..

— Улуу баламды атамдар багып алышкан. Айылдагы чоң атасынын үйүн карайт. Ошол айылдагы уулумдун келинчеги былтыр 32 жашында боору ооруп каза болуп калды. Беш баласы бар эле. Неберелеримдин кичүүсү эки жарымда болчу. Андан он алты күн өткөндөн кийин эле артынан апам каза болду. Шаар менен айылдын ортосунда жүрүп калдык. Азыр байбичем, кээде өзүм барып неберелеримди карап турабыз. Ата-энемдин жалгыз баласы болгондуктан, мага кичине кыйын болуп калды. Биртуугандарың көп болсо жамандык-жакшылыктарда бирин-бири колдоп, билинбейт экен. Дагы жакшы, балдарым чоңоюп калды.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Агым» (13-февраль 2009-ж.)

Соц тармактар:

Добавить комментарий