Жазгүл Жамангулова

1983-жылы Нарын аймагында төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктаган. «Доор ыйлайт» атуу поэтикалык жыйнактын автору.

Жазгүл Жамангулова жана анын чыгармачылылы тууралуу

Кара сөз

Байма Сутенова өзүн сагынды

Султан Жумагулов: «Азыркы гезиттер 90-жылдардагы чапанын чечише элек»

Бурулкан Сарыгулова: «Түпкүрдө акын болгум келчү…»

Кален Сыдыкова: «Беш депутат менен беш жыл соттоштум…»

 

Ырлар

«Доор ыйлайт» китеби («Бийиктик», 2008)

 


БАШТАГЫМДЫ САГЫНАМ

Узун чыйыр,
Бир кичине багыты бар тааныган.
Улам кыйын,
Жаңы беттеп бара жаткан жагы улам.
Жаңычылдык,
Үмүт кезген күндөрүмдүн шары бар,
Бирок неге,
Азыркы эмес, баштагымды сагынам?

Үмүт бирөө,
Кайырчыдай асатаяк көтөргөн,
Үсүл-кесил,
Ыр карааны кайчы өтүп көчөмдөн.
Жандай албай,
Жакшы ырымдын жөп-жөнөкөй караанын,
Жармач ырдын,
Саңырсыган көчөсүнөн өтөм мен.

Чарк жарылбай,
Чындык өлгөн кир турмушту аркалап,
Чаңызгыган,
Ылай-топо күңүрттөнгөн чартарап.
Чуркай албайм,
Алдым кара, жалгандыкка сүңгүгөн,
Чындык өлдү,
Деп каңкуулап күңгүрөнөт арка жак.

Саман-топон,
Сан күндөрдүн кирпигине чаң туруп,
Санаа басат,
Жалгыз өңдүү сагынганым бар туруп.
Баары жалгыз,
Бир мен эмес кербен жолдо келе аткан,
Жаман жүгү,
Жакшылардын далысына артылып.

2008-жыл

 

БАЛАЛЫК

Унутуп, баардыгын кайгынын,
Кайра эле бир обон кайрыдым.
Балалык күндөрдүн ирмеми,
Балалык жылдардын бир деми,
Силерди мезгилден айрыдым.

Тилинип көөдөнүм муң баскан,
Мезгилдер түйшүктү ырбаткан…
Баарына өчөшүп токтолдум,
Бардаштуу тойлордо жок болдум,
Баолук кездерди сыйлашкан.

Чачылдым, төгүлдүм, куландым,
Жашымдан бүт күчүм чыгардым.
Балалык, мен сенден ажырап,
Баёлук ал менден жашынат.
Бул кандай азабы булардын?

Балалык кулаган мезгилден,
Баёлук дүйнөсү эскирген.
А бирок эртеңде бакыт бар,
Багынаар мага да бакыттар,
Баланын бал жытын сездирген.

 

АЙЫЛ

Баягы боппоз тамдар,
Баягы айылдаштар, жайкы аңыз.
Баягы мен барк албас убактарда,
Баарыбыз булут менен жарышканбыз.

Мен өскөн чакан айыл,
Мекендин тулку боюн түзүп турган.
Мен анда гүлдөр өңдүү,
Мезгилдин бариктерин үзүп тургам.

Мууздалган жашыл чөптөр,
Муюган мусаапырдай кечки талаа.
Майышып бир айрылык  чөп көтөрүп,
Жооруган манжаларым унуттум,
Унуттурган эсти кара?

Баягы аңыздагы чөмөлөлөр,
Байкелер чалгылары аркы-терки.
Баягы бир кошуна кайда кеткен?..
Ажалдын чалгысында калды деди.

Мен келдим чөп чабышта,
Мекендин саратаны мага тааныш.
Мен келдим айрысы жок,
Мезгилдин күнүн чапкан улуу жарыш.

 

ИШЕНИМ

Ишеним өлгөн
Калаа …
Иримдеп, бириндеген.
Изиңди жашырасын,
Издесем таптырбастан,
Ийги жооп айттырбастан,
Кетипсиңер,
Эми мен ишенимдүү,
Ишеним туурасында,
Сүйлөшөм кимиң менен?!

Агарып таң да атты,
Кечтин да келээр жолу,
Алыс эмес…
Арманым жанга батты,
Төбө чач жерге тийип,
Бутуман бирөө силкип,
Жаткан өңдүү
Негедир көрбөй жатам,
Чамгаракты.

Бук айттым танда барып,
Бир күн, миң кайталанып,
Издедим ишенимди!
Силер да издегиле,
Алар да сураштырсын,
Дагы көп кошунага,
Айта барып.
А мүмкүн бүт улуттун,
А мүмкүн жалгыз менин
Ишенимим,
Калгандыр талкаланып…

2008- жыл

 

ЖОЛ

Барат жол басыгымды эселеген,
Бар үмүт бир жарыкка жетелеген.
Булуттун бучкагына илине албайм…
Булуттун башында элем кечээ эле мен.

Таң эле бүтүн дүйнө кеч кирбеген,
Тартышып, таарынбапмын эч ким менен.
Бул турмуш көрдөн кара сыяктанат,
Телмирип көр экенин сездирбеген.

Урунуп урчугуна аска таштын,
Өмүрү ойго келбес жакка бастым.
Өзөнгө өгөй болуп турган күнү,
Өзүмдү келе берет ташка чапкым.

 

«…»

Сүйүптүрмүн,
Акылыман кетип мен.
Сарсанаага батып анан,
Сапарымда сен бир азга, кечиксең.
Сүйүптүрмүн меш күйбөгөн,
Муздак тамда, жатып да.
Сезбептирмин, жаппаптырмын, айнекти,
Канча муздак кирсе дагы,
Жабылбаган эшиктен.

Сырткы муздак, сезилбептир.
Сезилбептир башкалардын дабышы.
Сенден төмөн, сенден күчсүз,
Болгон экен теребелдин баарысы.
А мен анын кучагында,
Алсыздыктан бийлепмин.
Бирок сүйүү мен күткөндөй,
Жылуулугун түгөтөөрүн,
Билбепмин…

Сүйүптүрмүн,
Ызгаар түндүн, мазак кылып бороонун.
Гүлзар болуп турган менен,
Сезбептирмин,
Көрксүздүгүн короонун.
Байкабапмын,
Тумандаган карегимдин, азабын.
Билем жалгыз, сен багынткан.
Сезимимдин ирмеминде,жашадым.

Азыр денем, үшүп барат.
Жабылбаган муздак тамдын, ичинде.
Жашырбаган сырым калды,
Жан дүйнөмдү багындырган, кишимде.
Бирок муздак, бүт дүйнөмдү,
Билгениндей багынтып.
А жүрөгүм, бир ирмемде,
Баштагы бир жалгыздыгын,
Сагынтып…

«Journalist news» (№16)

 

ЧООЧУН АЙЫЛ

Чоочун айыл,
Кеберсиген өзөнү.
Кебетеси жакпайт соңку жылдардын.
Күйүк бүркөт каңырсыган өзөнүм.
Көнө албайм го, көнө албадым,
Кыйналдым…
Чоочун айыл оюнчуктай чачылган,
Чоң сыноосу белем,
Өмүр жылдардын?

Чоң адамдар,
Балдар оңду ойногон.
Жакпайт мага улуулардын айылы,
Билбейм нени дагы кантип,
Ойлоном?
Жарык болбойт мында айдын жарымы.
Чоочун айыл,
Мен тургуну, а бирок
Көөдөнүмдө балалыкты сагынуу…

Чоочун көчө,
Чаңызгытып чаң бүрккөн.
Чанам ичтен бул айылдын жыргалын.
Чарчоо менде,
Жандар жоктой мен күткөн.
Мен башканын көңүлүнө сыйбадым.
Чоочун айыл,
Көнбөйм сага, көнө албай…
Чок түштүм да, чоң кайгыма ыйладым!
19.07.2009-ж.

 

ЖАЛГЫЗДЫК… МЕН…

Түнт, тынч токой…
Башкалар биле албаган,
Мерез мүнөз,
Башкага тил албаган.
Билгендерге жөнөкөй чарбактырмын…
Билбегенге коргондой кире албаган.

Жакындарым,
Билчүдөй дарманымды.
Жаман достор бөлүшүп арманымды.
Бирок, бирок көзүмдө бүтүн дүйнөм…
Жалган дүйнө ай, ким билмек,
Бар жагымды?

Бөлүшө албай,
Баатыры, чабалы да,
Батына албай жүргөн бар карааныма.
Башым жөлөп турчусу,
Кайдан болмок?..
Тикен төшөп жатышса таманыма.

Жалгыз калам,
Ээндикте дүйнөм менен.
Эсендик бар, эргүүгө күндөр кенен.
Чанып, таштап пендени…
Бирок өзүм,
Чаң жыттанган денемди сүйрөп келем.
10.11.2009-ж.

 

ДООР ЫЙЛАЙТ

Мунарык жер бети дүрбөлөң,
Мунжулар денесин сүйрөгөн.
Жана да жүргөнсүйт ичинде,
Өз тилин кыл менен күрмөгөн.

Агылып ар жактан агынды,
Аралап жер бетин чамында.
Булганган адамзат дүйнөсү,
Буулугуп асылын сагынды.

Кел-кел деп сунулган колдор да,
Кел өт деп суранган жолдор да.
Көркүнөн кеткенсип баратат,
Көп изди жашырган борбор да.

Түз эмес арбыды жаңылган,
Доор ыйлайт ырысын сагынган.
Аттиң ээй, көкүрөк көбөйдү,
Калп эле “алкым” деп чабылган.

Кылымдык карт үндүү каадаңды,
Келебиз көө менен чегелеп.
Кыт өңдүү уюган байлыкты,
Күкүмдөй сапырдык тебелеп.

Бел сынып мертинди тулпарың,
Бээ десең, төө дейт ал урпагың.
Сен берген ак нандан кур калып,
Жеп жатат башканын улпагын.

Кийинди бөтөндүн чепкенин,
Кул болуп көтөрдү кетменин.
Бир гана калгансыйт кайран эл,
Оо, дүйнө кабарсыз кетмегиң.

Тил барат өлчүдөй жөтөлүп,
Дил турат ачкадан өзгөрүп.
А балаң баратат базарга,
Өз жерин сатканга көтөрүп.

Алдуунун канат кайрылган,
Карыя сакалдан айрылган.
Жигиттер намыстан ажырап,
Аялдар болууда жан курман.

Көөкөрдө кымызын тарттырып,
Көз тойбой көк сууну шимирип.
Жатышкан көңдөйлөр ичинде,
Өтүүдө, өтүүдө тирилик!

 

БҮЧҮР

Жазды таптым, бүчүр байлаган,
Мен өмүргө жипсиз байланам.
Мен даракмын бүчүр байлаган,
Же даракпы мага окшогон,
Айтор жашыл, бүчүр, айланам.

Жазды таптым же жаз таптыбы,
Бул да өмүрдүн алтын жаштыгы.
Кичинекей анын наздыгы,
Бүчүр жардым жазда мен анан,
Актыгы ай, дилдин актыгы.

Мен даракмын… Бүчүр бактагы,
Мен энемин күчтүү аптабы.
Жазды таптым, балам жаздагы,
Даракмынбы, дарак менминби,
Бүчүр жарган, жашыл жаздагы.

Даракмынбы, дарак менминби?

 

ҮЛБҮРӨК ДҮЙНӨ…

Үргүлөгөн каралдым үргүлөгөн,
Үлбүрөгөн колдогу гүлдү көрөм.
Күз түнөгөн көз менен карай албайм,
Кучагымда дүйнөнү үлбүрөгөн.

Мемиреген кулунум, мемиреген,
Дүйнөм бүгүн түгөлдүр сени менен.
Аалам ысып турганын билсек гана,
Наристенин жып-жылуу деми менен.

Карыш бутуң, быйтыйган алаканың,
Жытың жыпар… көлкүлдөп баратамын.
Сөзүң арбып, баарына кызыгууң күч,
Шашылбачы таанууга балапаным.

Кантип коргойм бороондон улуп турган,
Турмуштанчы, туш келди уруп турган.
Сен чоңойсоң апаң да коргой албайт,
Бүт баарысын көзүңдөн туюп турган.

Үлбүрөгүм, назигим, бүчүрлөрүм,
Үзүлбөгүн, эч качан үзүлбөгүн.
Амалы көп адамдын табиятын,
Таанытпоого келсе эх… күчүм менин.

Жаңы чыккан жапжашыл бутактарым,
Мынча эзилип мөмөмдү кучактадым.
Мен да кечээ короомдун көчөтү элем,
Такыр башка чарбактан бутактадым…

Мээрим бирок өзүңдүн чарбагыңда,
Түшүнөөрсүң бой тиреп калганыңда…

 

ЖАШЫЛ ЖАЙЛОО – ЖАШЫЛ КЕЗ

Ээн жолдогу бала күндүн карааны,
Эрбеңдеген кечки туман, кечки жай.
Кеткен бойдон кой кайтарган кыр менен,
Келбей койгон убаданын бектиги ай.

Таң эртеңде, жайлоо бетте шүүдүрүм,
Кепшеген кой маңырайып бурулган.
Жылкы менен кошо келчү желеге,
Мен айдаган жайлоодогу буурул таң.

Жылкы саамдай тез- тез өткөн мезгилдин,
Жакасында торпок эмген энесин.
Жашыл жайлоо, жашыл жаштык, жашыл кез,
…Күн куйкалап салды бирок денесин.

Кызык элек… Менден улуу тууганым,
Биргелешип май чучукту уурдадык.
Жедик аны таш бооруна жашынып,
Кетти бизден ал жылдар да уурдалып.

Мен кырларда далай жолу ырдадым,
Кырлар, тоолор, аңыз- түстөр угушчу.
Мен аларга бийлеп берчүм шамалдай,
А шамалдар баарын тыйпыл кылышты.

Ээн жолдогу бала күндүн карааны,
Жайлоодогу кол чырактай илинген.
Жай кечинде кой издеген атамдай,
Батты жылдар капкараңгы иңирге.

Ээн жолдогу бала күндүн карааны!

 

ЧАЧЫЛГАН ТЕКЧЕ

Чачылган текче,
Жыйноого моюн барбаган.
Чачылган китеп,
Чачылган барак… Ар кадам…
Чарчаймын, жөн- жай,
Жалкоолук мени кыйнаган.
Чачылган текче,
Жашоодо,
Качан жыйналам?

Чаӊ-будуӊ күндөр,
Чалмакей салган дүйнөмдү.
Жанагы китеп, жанагы ырды
Ким көрдү?
Жок, баары мына,
Өчөшкөн өмүр ирмеми.
Өзгөчө элем!
Өзөнүм жаман кирдеди.

Чачылган текче,
Чачылган менин көӊүлүм.
Жашабай жатып,
Чарчадым пенде- пендеден.
Чагылган өӊдүү,
Түшкүм бир келчү, түшкүм бир.
Түшүнбөйм бирок,
Тартынып калдым эмнеден?

Узарбай кайра,
Кыскарам… күндүн өткөнү.
Өзүмдү жеӊбейм,
Өзгөнү жеӊип, өзгөнү.
Өзүмдө күрөш, өзүмдө жеӊбес,
Душманым.
Өӊгөнү жеӊдим,
Өзүмдү бирок, утпадым.

Чачылган текче,
Жыйнагым келет бүгүн да.
А бирок башка- башкалар
Колду кармаган.
Чачылган текче,
Жансызсыӊ бирок,
Мен сага,
Чачылган бойдон, чачылган бойдон,
Байланам.

Чачылган текче,
Текче эмес.  Менин өмүрүм…
Чачылып турат,
Күндөрүм барак айрылган.
Чачылам мен да,
Күн сайын…
Кечээ башка элем,
Чарт жанган үчүн бөлүнүп турчум,
Айрымдан.

 

ИЗ…

Издер калат артымда, издер калат,
Ишенимди издеген тирүүлүктөн.
Иӊир болуп турган бир көчөлөрдө,
Издер калат, каламын күбүлүп  мен.

Таман жол бар алдымда, таман жол бар,
Тагдырымдын багытын чийип турган.
Тагдырым бар барына топук кылып,
Тайкылыгы башымды ийип турган…

 

БАШАЛАМАН

Түйшүкпү, ишпи, сүйүүбү,
Көөдөндө бороон жайлабай.
Таӊым бар, кечим жок күндөр…
Сүйгөн жан жүрөт жайма-жай.

Тууганым башка бөлөкмүн,
Сүйгөнүм алыс, төгөт күн…
Жамгырдай жашым, ызаам күч,
Жылуусун күтпөйм бөлөктүн.

Буулугат ойлор, ыйлаймын,
Жууркандын койну тар мага.
Баарысы менден алыстай…
Ушул түн анан мен гана.

Апам да, атам, тууганым,
Түшүнө албайт оюмду.
Сүйгөн да мында бөлөк  жан,
Сүйөймүн өзүм боюмду.

Таарынгым келбейт, таарынам!
Таанышка, доско, сүйгөнгө.
Таланган ойлор, таман жол…
Так калды билбейм дүйнөмдө!

 

ЖАЛГЫЗДЫК…

Өмүр, өлүм бул арада зор жашоо,
Көрүнбөгөн түйшүк, түмөн кайгылар.
Башталыш бар биздин бакыт күндөрдө,
Бирок жолдор бир чекиттен айрылаар.

Жалгыз чыйыр, чыйыр жолдо карааным,
Жан-жагымда кыйма-чийме жандуулар.
Бирок неге жалгыз кетип барамын,
Эч бирөө жок, ойго билик жандыраар.

Өмүр, өлүм бул арада чыйыр жол,
Ал жолдордо жалгыз менин карааным.
Сүйүү күтөм, кадыр күтөм, эл келет,
Бирок өлүм сага жалгыз барамын…

 

БАЛАМА

Тынбай жаны, жыйсам чачып үйүмдү,
Чыным сынып, сүтүм ташыйт жаңы аскан.
Дагы «тарс» дейт ашканадан бир табак,
Жалаякты чайкап кирип баратсам.

Халатым кир, тыкан болуу кайда азыр,
Таралбай чач жоолугума жашынган.
Таңдан кечке кулга айлантты бул бала,
Тапичкеси оң тетири басылган.

Мага мурун бирөө айтса ушуну,
Турмушуңдун какпайт белем каалгасын.
Мүмкүн бакыт, бакыт деген ушубу,
Жаш эненин миң түгөткөн айласын?

Бала сүйдүм, бирок ырды унуттум,
Жаза албадым, турмушума жазылдым.
Конок күттүм, үй жыйнадым, бүлүндүм…
Көөдөнүмө тоодой эргүү жашырдым.

Жакыным да туя албады кайрыгын,
Жан дүйнөмдү, буркан-шаркан төгүлгөн.
Кандай азап чыгармаңдан айрылуу,
Андан азап, жөн-жай аял көрүнгөн…

Мен апамдын жаштыгына өчөшүп,
Мезгил, жылын, айын, күнүн уурдагам.
Бүгүн болсо бүлөө күтүп, бүлүнүп,
Мен да апамдай балдарыма уурдалам.

 

ИЧКИ ЖАМГЫР

Булут турду этек жеңин жыйнабай,
Мен да турдум булут тиктеп кыйлага.
Буулугасың неге мынча? Төксөӊчү…
Карап турган мени дагы кыйнабай.

Төкчү жамгыр, басайынчы аптыгып,
Карегимден төгүлгөн бир жаш чыгып.
Төкчү жамгыр, буулукпачы суранам,
Чыксынчы эрте күн чыгыштан каткырык.

Күлбөй калган күндөр абдан көп болду,
Булут… булут асман бетин каптаган.
Эки ортодо муздак шамал каткырат,
Жылуулуктун жүрөгүнө жакпаган.

Буулугуну, буюгууну, кайгыны,
Төкчү жамгыр, кыян жүрсүн дүйнөмдө.
Жоодураган карек менен тигилгим,
…Келип жатат жылмайган бул күндөргө.

Төкчү жамгыр, кыян жүрсүн дүйнөмдө!!!

 

ЖАЗ БОЛСУН ДАЙЫМ КӨЗДӨРДӨ

Жаз – жашоо жаңы төрөлгөн,
Жазды анан жакын көрөм мен.
Жаз мага – мээрим, жылуулук,
Апамдай бала өңөргөн…

Төгүлгөн жаздын күнүндө,
Төгүлгөн жанга жоолуккам.
Теребел жашыл, талаа жаш,
Гүл терем… Аппак жоолукчан.

Жаз менен бүчүр байладым,
Жаз – бала… Тагдыр уланган.
Сүйүүгө чөмүп туруп мен,
Баш тартмак белем булардан?

Атым да окшош мезгилге,
Мезгилге окшош тагдырым.
Баладай көз жаш төккөн – жаз,
Аябайт бирок жакшы ырын.

Саратан жайда чаңкадым,
Күз түштү кээде көздөргө.
Ызгаары кыштын унтулаар,
Жакшы ыр жазсам көктөмдө.

Жаз болсун дайым КӨЗДӨРДӨ…

 

ЖАРЫГЫМ

Балбылдаган карегиңде дүйнө бар,
Бул ааламга ээлик кылган хандардай.
Эрким менен кулуң болом, жүгүрүп,
Көпөлөктөй… зор жалынды айланган.

Апоу, деген сөзүң мага буйруктай,
Сага ылайык апа болсом… Жарыгым!
Жүрөгүңө билик жага алсам го,
Жөн билги бир апасындай баарынын.

 

КҮН МЕНЕН УЧУРАШУУ…

Учурашты күн мага күндө чыккан,
Бирок алик алдымбы, албадымбы,
Алсыздыгым, пастыгым, түркөйлүгүм,
Айла канча биле албайм ар жагыңды.

Учурашты күн мага күндө чыккан,
Жымыңдадың… Сумсайган калыбымда,
Жол уладым дагы көп күн чыкчудай…
Дагы канча күн чыгат айылымда?

Учурашты күн мага күндө чыккан,
Ар мүнөтү айланып, тегеренип.
Алган күндүн, аттиң ай бермеги бар,
Тегеренип кетээрсиң тегеренип…

Учураштым күн менен күндө чыккан,
Учурашуу баарына башат болгон.
Кубанамын күндөргө учурашчу,
Корком бирок күндөрдөн жашап койгон.

Дагы канча күн чыгат айылымда?

 

ГҮЛ САГЫНГАН КЫШТАГЫМ

Кышта үшүгөн көңүлдөрдүн айрыгы,
Кыйкырылбай калган үндөр кыштагы.
Жазды күтөт кылтыйган чөп дүйнөмдө,
Кызыл гүлдү сагынды бул кыштагым.

Борошо урган буурул түнү аяздын,
Аяз түнү – коңшулардын пейлиндей.
Күйөт ичте отундары көңүлдүн,
Коңшулардын балтасына кертилген.

Отун күйөт, үшүйт тышта кышкы кеч,
Ойлор күйөт кокус отко ыргыган.
Күйөт көңүл, күйөт ички көйнөгүм,
Бирөө жаман урунгандан, жыртылган.

Кышта үшүгөн көңүлдөрдүн айрыгы,
Жазды күтөм… Жердин мээси эзилген.
Жазым эргийт, көңүл эргийт көчөдө,
А мен ичтен коңшуларды кечирбейм.

 

ӨЛҮМ – КЕЗЕК…

Өмүр жалган экендиги ушулдур,
Айрык кепин, жер жыртыгы – мекениң.
Кыргыз өлдү кыргыздардын айлында,
Айтып, күндүн бир кез жалп деп кетээрин.

Кыргыз тоолор жыгылышат көз алды,
Тоо… Бир тешик кара жерге жашынып.
“Тоолор өлбөйт!”,- дечү байкуш чоң энем,
Тоодой эмес тура адам макулук?!.

Жаз күнүндө, жаңы бүчүр, жашыл бак,
Көчөт өсөт… Чынар кулап жатканда.
Бир дарактын күн дептерин жапкандар,
Келет… Көчөт күн дептерин жазганга.

Өлдү кыргыз… Көмдү келген дос тааныш,
Дос тааныштар дагы келээр бир-бирден.
Тоолор өлбөйт… Адам өлөт акыры,
Бул жарыктын жалгандыгын билдирген.

Дос тааныштар дагы келээр бир- бирден…

 

ТУУЛГАН КҮН…

Алыкулдун жашы келди! Кызыгы,
Ак боз аттын ээр токуму токулган.
Балам ыйлап… Китептерди тытмалап,
Айрыктарга, ырлар жазып олтургам.

Түшүндүмбү?.. Түшүнбөдүм 30 кыр,
Ар бир кырда ырдан курган тагдыр бар.
Эски ырымдай далай жылдар айрылды,
Жаңы кырга сүйрөп келет жакшы ырлар.

Алым жетпес, жигит сүйдүм төгүлгөн,
Жүрөгүбүз эки өрүмдөй өрүлгөн.
Акын тагдыр… аял тагдыр… кызыгы,
Түшүндүм мен! Тарта албасын көрүнгөн.

Жакшы келин болгум келген күндөрдө,
Жакшы ырлардын алды күйдү көмөчтөн.
Тагдыр кызык… Бала таптым… ырысым…
Ырыстарым кудай сүйүп жөнөткөн.

Жаза албадым буга чейин жакшы ыр,
Тагдыр жазды, саптарында катылдым.
Аалам кезген ойлорумдун ээсиндей,
Келет азыр өзүм ырга баш ургум.

Алыкулдун жашы келди! Кызыгы,
От өчпөдү… Кыйчалыш бир жолдордо.
Отуз бири, бири өмүрдүн… Шүгүрлүк…
Нечен кыял… максат бышат ойлордо.

От өчпөдү… Кыйчалыш бир жолдордо!

 

ЖҮРӨКТҮН КӨЗҮ

Жүрөгүндө кареги бар ырысым,
Жан дүйнөмдүн баарын сезген тымызын.
Мезгил сайын кемиген бул күндөрдүн,
Көп ырдалган керемет бир ырысың.

Жазам сени каарманындай тагдырдын,
Мен тагдырдын өзүн сага тапшырдым.
Уйкашымын мен ырлардын жөн гана,
А сен сонун темасысың жакшы ырдын.

Таарынышып жатып дагы сагынган,
Жүрөгүңдүн көзүн кыйбайм телмирип.
Сага окшогон уулум келет соңуңдан,
Бизге тааныш мезгил тайын желдирип.

Жүрөгүндө кареги бар тирегим,
Жүрөк гана сатпайт экен түгөйүн.
Кареги бар жүрөк сүйүү бакыттыр,
Эгер сенин көздүү болсо жүрөгүң.

Кареги бар жүрөк сүйүү бакыттыр!!!

 

ЭРЕЖЕ…

Эрежеге сыйбай турган кыял бар,
Бийик аска… Жалама зоо… Күн жуткан.
Жымжырттыктын курдашыдыр кыялдар,
Эрежесин бузган кезде унчуккан.

Эрежеге салынбаган мүнөз бар,
Эрежесиз эреже бар мүнөздө.
Ээ-жаа бербес толкундары ташкындап,
Ашып-ташып жашап жүрөт жүрөктөр…

Ташкындарды ташып жүргөн жүрөктөр,
Эреженин тулку боюн сындырган.
Эрежесиз жашоосу бар акындын,
Эзилгенин, жышылганын ыр кылган.

Эрежеге салбагыла саптарды,
Калыптарга… колу бутун жулмалап.
Эрежесиз жашап өткөн акындын,
Саптарында эрежелер ырдалат.

Эрежеге салбагыла саптарды!!!

 

ЖИГИТ

Толкуп- ташып, нугуңдан ашып анан,
Кээде жайлап, көбүрүп, ташып анан.
Биздин жээкке келгенде мелмилдеген,
Мээримиңди мен кантип жашыра алам?

Чагылгандай асманды титиреткен,
Титиреткен саптарды тизип өткөн.
Кездерда, жоош тартып калган жигит,
Азыр да эсте… Сезимдин мизин өпкөн.

Кылыч болуп туш-тушка жалаңдаган,
Тилиң- канжар кармаштан ала албаган.
Жигитим ай, мен сенин көрдүм бирок,
Кездериңди эч бир сөз таба албаган.

 

ТҮРМӨКТӨР

* * *

Тоо уратчу ташкын элем бүтпөгөн,
Агым элем бир саам нукка түшпөгөн.
Азыр жөн жай энедеймин нан жапкан,
Казанынан бакыт жолун издеген.

 

* * *

Сулуулукту сүйбөй коюу,
Күнөөдүр,
Сулуулукту түшүнбөгөн,
Жиндилик.
Сулуу адамдар сактагандай,
Ааламды…
Аалам дагы сулуу экенин,
билдирип.

 

* * *

Жаңы келген эргүүлөрдү жоготуу,
Жеңил эмес өмүрүңдөн кечкенден.
Айрып кеткен күндөр абдан көп болот,
Көңүлдөрдү, сезимдерди кез келген.

 

* * *

Сырың сыйган бүт дүйнөңдү көтөрүп,
Чай ичкендей ууртап салган чайчылдар.
Чай сүйгөндү тойгузам деп, кайнаган…
Кайнаган бул, кайран гана ай жылдар.

 

* * *

Халатымдын чөнтөгүндө бүрүшкөн,
Бет аарчыдай кирдегенде жүрөгүм.
Баарын таштап… Аргымагын көз жаштын,
Ээн кой бердим, алып коюп жүгөнүн.

 

* * *

Ыйла жамгыр, чыгыш үчүн күн жыргап,
Ыйла жамгыр кечээги өткөн күн үчүн.
Ыйла жамгыр нөшөр жууп кетирсин,
Буулуккан бир көөдөндөрдүн күйүтүн.

 

* * *

Үлбүрөгөн бир сезимтал жан эле,
Карегинде бир жылуулук бар эле.
Аттиң десең… Өлбөчүдөй уланган.
Бул өмүрдүн тардыгы да,
Кайрыгы…
Бул жалгандан эрте үзүлөт,
Жакшы адамдын бардыгы…

 

* * *

 

Мелмилдеп көңүл… Көгөргөн деңиз,
Жээгинде турдум, ак чардак учкан.
Мелжиген мухит… бул улуу дүйнө,
Тирелген аска, тоолорду жуткан.

 

* * *

Жалгыз калам,
Ээндикте дүйнөм менен.
Эсендик бар, эргүүгө күндөр кенен.
Чанып, таштап пендени…
Бирок өзүм,
Чаң жыттанган денемди сүйрөп келем.

Жалгыздык …Мен…

Түнт, тынч токой…
Башкалар биле албаган,
Мерез мүнөз,
Башкага тил албаган.
Билгендерге жөнөкөй чарбактырмын…
Билбегенге коргондой кире албаган.

Жакындарым,
Билчүдөй дарманымды.
Жаман достор бөлүшүп арманымды.
Бирок, бирок көзүмдө бүтүн дүйнөм…
Жалган дүйнө ай, ким билмек,
Бар жагымды?

Бөлүшө албай,
Баатыры, чабалы да,
Батына албай жүргөн бар карааныма.
Башым жөлөп турчусу,
Кайдан болмок?..
Тикен төшөп жатышса таманыма.

Жалгыз калам,
Ээндикте дүйнөм менен.
Эсендик бар, эргүүгө күндөр кенен.
Чанып, таштап пендени…
Бирок өзүм,
Чаң жыттанган денемди сүйрөп келем.

10.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Жазгүл Жамангулова: 1 комментарий

Добавить комментарий