Кайран кыргыз комузум, кардыгып турат добушуң!

(Башы өткөн санда)
Күүлөрдүн анчалык тоскоолдуктарына кабылышынын дагы бир себеби, күүлөрдүн өзгөчөлүктөрүнө карата комуз кылдары 18 түрдүү которулуп күүлөнөт. Ал эми дүйнө элдеринин кылдуу аспаптары скрипкадан баштап балалайкага чейин бир гана күүлөнүш менен чектелет. Демек, комузчулук өнөр дүйнө элдеринин музыкалык аспаптарына салыштырмалуу 18 эсе бийик деңгээлге көтөрүлөт.

Асан Кайбылдаев абам экөөбүз олтуруп атайын сынаганда мен 12 күүлөнүштөгү күүлөрдү ойнойт экемин. Андан сырткары 6 күүлөнүш бар экендигин күү топтомунан (магнитофондон) укканда аталарыбыздын талантына таң калдык. Ал күүлөнүштөрдүн ажары 2004-жылы Улуттук Консерваториябызда өткөрүлгөн Кыргыздын Салттык музыкасы деген симпозиумда ачылды. Роза Аманованын өтүнүчү боюнча 12 комузду 12 күүлөнүшкө бурап дайындап коюп симпозиумга келген тажик, өзбек, азербайжан, казак илимпоздору көрсөткөн күүлөнүштөгү күүлөрдү чертип бергенимде абдан таң калганын жашырышкан жок. Албетте, андан улам комузчулук өнөрдү өздөштүрүү дагы 18 эсеге татаалдашкандыгы келип чыгат.

Эми ошол жалпы дүйнө элдеринин кызыгуусуна ээ болуп баштаган комуз күүлөрүнүн өз деңгээлинде сакталып калышы бүгүнкү күндөгү эң талылуу маселе. Музыкалык окуу жайларынын репертуарында ашып кетсе 60 күү жашап жатат. Ал эми күү жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу Кыргыз радиосунун алтын казынасында 1.5 миңге чукул күү жазылгандыгын айтат. Анын далили бир эле Ыбрай Туманов атабыздын чыгарган жана аткарган 144 күүсү радионун алтын казынасында сакталып тургандыгын айтуу жетиштүү болор. Ал күүлөр жазылган пленкалар жаңыртылып көчүрүлүп жазылбай, айрым пленкалар эскилиги жетип, 2001-жылы радионун жертөлөсүнө өрттөө үчүн ыргытылган экен. Ошол ыргытылган жеринен комузчу жана күүчү Ыбрай Тумановдун иниси Асан Кайбылдаев абам эптеп көчүрүүгө жарактууларын иргеп, кайрадан көчүрүп чыгып, ирээттеп, текчеге жыйып койгонуна миң мертебе рахмат айтуу аздык кылаар.

Эми дагы кайрадан пленкалар эскирип, керектөөгө жарабай калганга чейин ошо күүлөрдү нотага түшүрүп, китеп кылып чыгарып койсок, миң жылдык убакыттарды аттап өтүп, биздин күндөргө чейин жеткен аталарыбыздын рух дөөлөтү келечек муундардын түбөлүктүү кенчи болуп калат эле. Эгерде ошол күүлөр жана ырлардын обондору өз деңгээлинде нотага түшүрүлүп, келечек муундардын колуна жетсе, анда кыргыздын рух дөөлөтү өз деңгээлинде түбөлүк жашап калат. Албетте, ал иштин жыйынтыгы натыйжалуу болсо, анда дүйнө элдеринин рух дөөлөтүнө кошулган ири салым болуп калмак жана Кыргыз калкына бүгүнкүдөн он эсе артык аброй алып келмек.

Ал ишти уюштуруу үчүн анча деле көп каржынын кереги жок. Болгону компьютердик техника менен жабдылган бир бөлмө жана нотага түшүрүлгөн ар бир чыгармага төлөнүүчү белгилүү өлчөмдөгү акча каражаты керек. Албетте, ал каражат бүгүнкү жашообуздун жагдайына салыштырмалуу кызыгарлык өлчөмдө болушу керек. Эгерде колдоочулардын же демөөрчүлөрдүн мүмкүнчүлүгү жетсе, видеотехника менен жабдыса, анда ошол аткарылыш ыкмасы татаал күүлөрдү ыкмаларын дааналап тартылган видеотасмаларын дагы нотасынын жанына кошуп текчелерге жыйып койсок, келечек муундарга чоң пайда болмок. Андан тышкары ошол чыгармаларды бытовой магнитофонго көчүрүп алууга радиокомитеттин уруксаты керек. Себеби, үй тиричилик техникасы же диктофон менен көчүрүлгөн жазылыш сапаты начар чыгармаларды эч ким көбөйтүп сата албайт. Албетте, бул ишти аткарууга мен — Нурак Абдрахманов, композитор Совхозбек Айтикеев, кесипкер комуз мугалими Мастура Бердибекова үчөөбүз тажрыйбабыз жана мүмкүнчүлүгүбүз жеткен үчүн алгачкы нотага түшүрүлгөн күүлөрүбүз швейцариялык кордун грантын утуп алгандыгын айтсак болот. Ошон үчүн өз мүмкүнчүлүгүбүзгө ишенич пайда болду. Эгерде коомчулук колдоого алса жана азыркы учурдагы күү чеберлерин ишке тартсак, бул иштин жыйынтыгы ийгиликтүү болоруна кепилдик беребиз. Андан дагы орчундуураак колдоо көрсөтүүчүлөр табылса, анда жогорудагы сенсация жаратып жаткан шакирттеримди окутуп жаткан ыкма менен үйрөтө турган, Россиядагы Щетинин мектеби сыяктуу атайын мектеп ачып алуубуз керек. Мектеп, үчүн, албетте, имарат керек. Ал мектеп 10дон кем эмес класстык бөлмөлөрдөн, үн жазуу, видеокөрсөтүү жана концерттер койгудай залы менен болуусу шарт.

Эгерде салттык музыкабызды чындап колдогубуз келсе, анда Бишкектин тынч чөйрөсүнөн же парктар зонасынан «Кыргыздын салттык музыкасы боюнча Рух ордосу болуп калгыдай имарат курганга орун керек. Ал имарат Алматы шаарындагы «Көкүл» мектеби сыяктуу салттык музыканы жандандыруу борбору болуп калууга тийиш. Казак боордошторумдун чукул аралашкан адамдары ошол Көкүл борборунун ачылышына менин кошкон салымым көп экендигин айтышат. Себеби, 1996-жылдан баштап «Кел балалар домбра ойнойык» деген Алматы телеберүүсүнө көп жолу чакырып алышып, окуучуларына менин ойноо ыкмаларымды көргөзүп жүрүшчү. Ал окуяларга Казакстандын азыркы маданият министри Бекболот Түлэүканов дагы аралашып жүргөн. Азыр ошол Көкүл борбору тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы өтө натыйжалуу болуп жаткандыгын айтышат. А бизде болсо абал жогоруда айтылгандай ара жолдо турат. Жапандык музыка билермандары айткандай, эгерде аткарылыш ыкмасы татаал күүлөрдү таасын аткаруучуларды көргөндөрдүн жана аткара билгендердин учугу үзүлүп калса, анда миң жылдап кайра калыбына келиши, ошол күүлөрдүн нотага таасын түшүшү жана келечек муундардын аткаруусунда өз деңгээлинде жашап калышы күмөн.

Мынча болду, Улуттук Консерваториясынын салттык музыкалар боюнча мугалимдеринин арасында ушул багытта болгон бир окуяны айта кетейин. 2004- жылы Роза Аманованын демилгеси менен биздин Улуттук Консерваторияда Салттык музыкабыз боюнча симпозиум болуп өттү. Роза айымдын өтүнүчү боюнча консерваторияга барсам, ал жерде Ташкент консерваториясынын академиги 80 жаштагы Караматов келген экен. Мен ЮНЕСКОнун байгесин утуп алган 2001-жылы конкурста ал киши дагы мени угуп олтурган. Мени менен учурашкандан кийин менден «Ушул жерде иштейсиңби?» деп сурады. Менин музыкалык жогорку билимим жоктугунан улам консерваторияга мугалимдик кылууга укугум жоктугун айттым. Ал мага ишенбей мугалимдерден да сурап көрдү.

Ал бизге мындай окуя айтып берди.

— Ташкен Консерваториясы жаңыдан уюшулуп жаткан учурда жаш жигит кезим эле. Кылдуу аспаптар боюнча жогорку билимдүү мугалим болгонум менен улуу устаттардын өнөрчүлүк сырлары мага али белгисиз эле. Ошондуктан алыскы райондордо жашаган атактуу карыялардын тирүү калгандарын чакырып келип, сабак өткөрүп жаттык. Өкмөт бардык чыгымдарын көтөргөндүгүнө карабай жолдун алыстыгынан тажаган устат Ташкентке келип сабак өтүүдөн баш тартты. Ошондо өкмөткө улам-улам кайрылып жатып студенттерди самолетко салып алыскы районго учуп барып сабак өткөрүп келип жаттык. Ошол аракеттерибиздин үзүрү менен салттык музыкабыздагы көп баалуулуктар сакталып калды.

Бул киши Бишкекте жаныңарда жашайт экен. Мен көргөн устаттардан жаш экен. Бул кишинин өнөрүнө Америка, Англия баштаган он бир мамлекеттин академиктери таң бергенин өз көзүм менен көргөм. Демек, бул кишини кандай да болсо ишке тартууңар керек, — деди.

Кыдырбек Кайкиев мени менен иштешүүгө дилгир экендигин билгизип, күү өнөрчүлүгүндө көп пикирлешип келе жатабыз. Илимпоздор арасынан менин пикиримди тастыктап, жогорудагы чейрек тондуктар тууралуу биринчи пикир айткан ошол Кайкиев болду. Демек жакынкы учурда кыргыздын улуттук салттуу музыкасынын чыныгы жүзү ачылаарына ишенсек болот. Ошон үчүн президентибиз Курманбек Бакиевден, өкмөт башчыбыз ИгорьЧудиновдон, мамлекеттик катчыбыз Нур уулу Досболдон, маданият жана маалымат министрибиз Султан Раевден, илим жана билим министрибиз Ишенгүл Болжуровадан, кыргыз рухуна чындап күйгөн ишкерлерден жана Кыргыздын салттуу музыкасын сүйгөндөрдөн жардам күтөбүз.

Ким жардамга келсе, ошол адамдар миң жылдарды карыткан, комуз деген музыкалык аспапты ойлоп тапкан Камбаркан атабыз сыяктуу күү китептерине ысымы алтын тамгалар менен жазылып калмакчы.

Нурак Абдрахманов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу жана күүчү

Үн кошкондор:
Самара Токтакунова, СССРдин эл артисти, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Улуттук Консерваториянын профессору,

Асан Кайбылдаев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, күү изилдөөчү, комузчу жана күүчү,

Роза Аманова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, искусство илимдеринин кандидаты, Улуттук Консерваториянын мугалими,

Кыдырбек Кайкиев, Кыргыз Улуттук Консерваториясынын Кыргыз музыка теориясы жана тарыхы кафедрасынын бөлүм башчысы,

Совхозбек Айтикеев, Маданият жана маалымат министрлигинин кызматкери, композитор,

Мастура Бердибекова, Бишкек шаардык № 9 балдар музыкалык мектебинин комуз классынын мугалими,

Рахат Көчөрбаев, «Саамал» фольклордук тобунун жетекчиси

«Кыргыз маданияты» (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Добавить комментарий