Атактуулар ашыктарын кантип ырга салган?..

Кыргыздын сөз казынасы бай, сөз өнөрүнө келгенде не бир керемет сүрөттөөлөр, салыштырмалар, уйкаштыктар бар» деп келебиз. Бирок, негедир бүгүнкү күнүбүз буга далил болалбай келет. Сөз куру болбос үчүн айрым далилдерди бир эле мисалда келтирейин. Мисалы, арзуу темасындагы обондуу ырларга келсек, бүгүнкү күндүн ырларын уккан адам уялат. Мен обон, же заманбап тилдеги аранжировка дегенин кеп кылбай эле коеюн. Сөздөрүнө гана бир аз токтолгум келди (жалпы айтууга убакыт да, гезит бети да түтпөйт. Андыктан айрымдарын эле айтууга туура келет). Учурда орто муунду ээлеп, кадыр-барк күткөндөр ашыктарын «Жегениң шоколад, өзүңө жарашат», «Эрмек болуп кечке, энең сексен беште», «Жанымдагы сулуу кыз, мерседестен кем эмес», «Менин жигитимди талашпа», «Далысында көзү бар» деп сүрөттөп, сүйүшсө аларды кумир туткан жаңы муун сөз ыргагын кой, маанисин да өздөрү түшүнбөй ырдашат. «Экөөбүз адеп, таанышканда сүрдөп, сурабаптырмын атың ким деп» — дейт. Атын сурашпай таанышкан адам болобу? Дагы бир жылдызчалар түз эле этекти жарыя салышат. «Койкоюп тосуп төшүңдү, койнуңа чакыр өзүмдү» же «Эми сага баралбайм да, баралбайм, эрден чыксаң алалбайм», «Ах, ах, ах, кандай сонун» өңдүү делебе ырларын созушат.

Бу да эч нерсе эмес. Дагы бирөөлөрү кыргызча сөз таппай калгансып «Экскюзми, э-эмне-е, кел таанышабыз», «Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага» деп демитсе, бири өзүн-өзү апендинин кызындай мактап, болгон жеринин өлчөм-ченемин айтып чыгат: «90х60х90 менин фигурам» — деп. Ушул өңдүү ырларды укканда, сүйүүнү, ашыктыкты, лаззатты сүрөттөөгө да кыргыздар жардыланып бараткан экен деген ойго келесиң. Буларды угуп олтуруп, биздин аталар болгон, атактуу ыр-сөз чеберлери ашыктарын кантип сүрөттөп, кандайча арзууларын билдиргени кызыктырды. Абай салып көрүңүз. Төмөндөгү ыр тизмектер ошол атактуулардын арзуу ырлары. Андагы сүрөттөөлөр, уйкаштык, сөз тандоо кай бийикте экенин таразалап көрүңүз. Албетте, ал ырлар заман түшүнүгүнө шайкеш дечүлөр чыгар. Бирок, биз, анан да ырчымын деген жылдызчалар булардан сабак албасак, ансыз да заман агымы кыргызды тебелеп баратпайбы. Жок дегенде сөзүбүздү, андагы кооздукту, адептүүлүктү тумар тутсак кантет?

Жеңижок (Өтө) Көкө уулу

КӨК СУЛУУ
(үзүндү)

…Белеске чыгып, тор түйдүм,
Бек кызындай Көксулуу,
Бейпайда сенден көп күйдүм.
Бетегелүү адырда,
Бирге басып, бир күлдүм.
Бейопалуу дүйнөдө
Бет келип, доор бир сүрдүм!

Ашыкмын сендей периге,
Айталбайм сырым демиге.
Алтындан артык баркыңа,
Ашыгам ырас жетүүгө.
Адамды мынча кыйнабай
Айттырбай билсең эмине?

Күлгөндө күлкүң күмүш үн,
Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,-
Күндөйүм, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм үзбөйм түбөлүк
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.

Ай жүздүү бетиң нур чайып,
Азилиңди ойлосом,-
Айылда жатпайм тынч алып.
Алтыным чачкан жарыктан,
Айланам көрккө курчалып.
Ашыктык иштин айынан
Азапты тарттым, мынчалык!

Көрүшкөн күнүм салтанат,
Көркүңдөн Ай, Күн жалтанат.
Көркөмүң жанды көксөтүп,
Көмөкөйдөн бал тамат,
Көксулуум
Көнөктөп көздөн жаш агат!

Аксынын жери бийик жер,
Антташкан жерге өзүң кел.
Айлымдан чыккан перизат,
Ар дайым кылдың, үмүткөр.
Айтылган жерге келбесең,
Антташкан жарың күйүткөр.

 

Осмонкул Бөлөбалаев

КЫЗЫЛ ГҮЛ

Сен кызыл гүл жайнаган,
Мен булбул бакта сайраган.
Мен бир паана, сен панар.
Жарыгың тийсе жайланам.

Кылайып булбул конууга,
Кызыгам кызыл гүлүңө.
Бурулуп кулак сала жүр,
Булбулдун муңдуу үнүнө.

Көз салам гүлгө күнүгө,
Көөнүмдү ачып күлүүгө.
Көңүлүм калат ачылып,
Гүлүңдүн жатсам түбүнө.

Күлүп өт, гүлүң бар чакта,
Күйүттү бойго таркатпа.
Буралып бакта сайраган,
Булбулдун үнүн чарчатпа.

Ачылган гүлгө жетемби,
Ашыктыгым бекерби?
Арзыган гүлгө жеталбай,
Арманда өтүп кетемби?

Жаштыгың жайдын гүлүндөй,
Жамалың шайы түрүндөй.
Шаңк-шуңк этип күлгөнүң,
Шактагы булбул үнүндөй.

 

Тоголок Молдо

ҮРПҮКАН

…Ашыглыктын зарпынан,
Аалам кылды жоругуң.
Сүрөткө тарткан эмедей,
Сымбатың артык борумдуу.
Көптөн бери мен өзүм
Көрбөдүм мындай сонунду.
Балбылдаган кара көз,
Байкасам сага жан жетпес.
Айтсам арман арылбайт,
Аселде сендей табылбайт
Ашык болуп күйбөсөң,
Адамды адам сагынбайт.
Чачың тал-тал жибектей,
Жасатың тарткан сүрөттөй.
Кашың кара кундуздай,
Көзүң ковхар жылдыздай.
Мурунуң борум мистедей,
Аппак этиң чүштөдөй.
Боюң тегиз мунардай,
Борумуң алгыр тынардай.
Колуң асыл чынардай,
Койнуң атыр жыпардай.
Асылга асыл табылбайт,
Асылга асыл табылса,
Ашыктык оту жалындайт
Калган көңүл, качкан куш,
Кайта издесе табылбайт.

 

Токтогул Сатылганов

АЛЫМКАН

Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күнү оору, бир күн соо,
Алымкан, азабың
тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейли жакшы жайдарым.
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым.

Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кет,
Алымкан, муңдууга
салбай кыйын иш.

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка
салбай кыйын иш.

Саркештеп сайган жоолугуң,
Сарсаана кылат жоругуң.
Көккештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.

Токтогул четкен жаш кыял,
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң болот, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң боло, Алымкан.

 

Коргоол Досу уулу

АК БАКАЙ

Көзүң айнек, тилиң бал,
Көп адам сизге ынтызар.
Жагалмай канат кашың бар
Жайылган кара чачың бар.
Жаагыңдан чыккан саамайың,
Калтардын тал-тал жүнүндөй.
Тамаша кылып бир турсаң,
Таң мезгили билинбей.

Салкындап бассаң иреңиң
Саардагы чолпон жылдыздай.
Адамдан нускаң бир бөлөк,
Арманда кылган тургузбай,
Бетиңен жаттап сыласам,
Бейилиң жакшы Ак Бакай.

Кубуласың сүйлөйсүң,
Куйруктуу сары жылдыздай.
Сунган менен кол жетпейт,
Суу түбүндө кундуздай.
Суктандырып күлгүзгөн,
Сулуусуң жаштан Ак Бакай.
Күйдүргү тамак, күйкө көз,
Күйдүрдүң Бакай жалжал көз.
Айлыңдын четин таба албай,
Арманда болдум жарым эс.

Балалык жаштык дооруң бар,
Базардан кызык ойнуң бар.
Бак алма бышкан койнуң бар.
Жетише албай, көрө албай
Көп адам жүрөт дардизар.

 

Молдобасан Мусулманкулов

КҮЙГӨН

Алкымың аппак булайып,
Акырын сүйлөп муңайып.
Имере тартып кучактап,
Алып бир жатсам кыңайып.

Копшогондой жумуру,
Колдоруңдун салаасы.
Сыздатып ичти күйгүзгөн,
Сурмалуу көздүн карасы.
Тизип койгон акактай,
Кырка тиштин арасы.
Бербесе Кудай сиздейди
Бенденин барбы чарасы.

Жаркылдайсың ак маңдай,
Сүрөткө боюң тарткандай.
Алкымыңдын актыгы,
Алтын менен жапкандай.

 

Боогачы Жакыпбек уулу

ҮКӨЙ

Алалуу жылкы элде бар,
Ашыктын илдет сенде бар.
Армандуу болуп жете албай,
Үкөйүм, ал милдетиң менде бар.

Кулалуу жылкы элде бар,
Кусалык илдет сенде бар.
Кусадар болдум жете албай,
Үкөйүм, куп милдетиң менде бар.

Айлыңа барган кечинде,
Ар дайым болот эсимде,
Алтынга окшош Үкөйүм,
Ал ошо
Ак карлуу тоонун бетинде.

Күнүгө барам кечинде,
Күн сайын болот эсимде.
Күмүшкө окшош Үкөйүм,
Тээ тиги
Күн тийген тоонун бетинде.

 

Атай Огонбаев

КҮЙДҮМ ЧОК

Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.

Кан жайлоо деген бийик бел,
Кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кош этек,
Кадырды билсең, өзүң кел.

Боз теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен,
Боз жоолук салып түрлөнүп,
Болжолун таап жете албай,
Мен жүрөм.
Боздогон тайлак өңдөнүп.

Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен,
Ак жоолук салып түрдөнүп.
Айлыңды таап жете албай,
Мен жүрөм,
Адашкан тайлак өңдөнүп.

 

Шекербек Шеркулов

АРЗЫКАН

Агарган таңдын нурусуң,
Арзыкан, Алайдан чыккан сулуусуң.
Кызыгып кыздар таккандай,
Кызыл бир бермет, шурусуң.
Айлыбыз бирге болбогон,
Алыстык жери курусун.

Көңүлүң жумшак саздайсың,
Пейилиң келгин жаздайсың.
Көйкөлүп басып жүргөнүң,
Көлгө бир сүзгөн каздайсың.
Көңүлдөш курбуң мен турсам,
Көңүл кош кимди наздайсың?

Элесиң көзгө көрүнсө,
Элирип, эргийт жүрөгүм.
«Имерилип келер» деп,
Ар убак эстеп жүрөмүн.
Эркиндик жыргал турмушта,
Өмүрлүк жашоо тилегим.

Бурулуп күлүп койгонуң,
Булуттан чыккан айдайсың.
Кыя карап, жарк этип,
Кыялың менен жайнайсың.
Кызыктырып адамды,
Кысыр эмдүү тайдайсың.

Ак булбул конуп сайраган,
Аралаш кайың тал болсоң.
Аянбай тартып ийүүгө,
Аякка куйган бал болсоң,
Айкалышып жүрүүгө,
Айлыбыз жакын жар болсоң.

Кыргыек конуп таранган,
Кызыл бир кырчын тал болсоң.
Кымызга кошуп ичкидей,
Кызыгың таттуу бал болсоң.
Кыйышпай ойноп жүрүүгө,
Кыз алып сүйгөн жар болсоң.

 

Муса Баетов

АРПАНЫН АЛА-ТООСУНАН

Арпанын Ала-Тоосунан,
Аркарын атсам зоосунан.
Ардактуу шумкар экен деп,
Алсам дейм куштун боосунан.

Айлыңа күндө баргандан,
Артымды ойлоп чочунам.
Асылкеч сендей келиндин,
Айлантып сүйсөм оозунан.

Кар кетпес Ала-Тоосунан,
Карасам бийик зоосунан.
Кадимки шумкар экен деп,
Кармасам куштун боосунан.

Калкыңа күндө баргандан,
Капырай минтип чочунам.
Кадыркеч сендей келиндин,
Кайрылтып өпсөм оозунан.

«Учур», 26.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий