Баяс ТУРАЛ: ТАРЫХТЫ — КИМ БУРМАЛАП ЖАТАТ?

«Эр адам асыл ойду ойлонот, ак сөздү сүйлөйт, туура ишти жасайт».
Саратуштура

2008-жылдын ноябрь айында философия илимдеринин доктору, социолог, профессор Хусейин Исанын кыргыз интеллигенциясына багыттаган кайрылуусу жарык көрдү. Ал «Кыргыз туусу» баш болгон бир нече гезиттерге ар кандай аталыштар менен жарыяланды. Мисалы «Кутбилим» гезитине ал: «Кыргыз тарыхын бузуп-бурмалоодон тазалайлы. Ата мекендин руханий кайра жаңылануусуна кайдыгер эмес инсандарга Ачык кат» деген ат менен басылды.

Ошентип фактыга таянып айтсак: Ормон хан жалпы Кыргыздын эмес, Кыргыздын Он Канатынын гана ханы болгон! Сөздүн чындыгы ушундай. Бирок, тарыхий шартты эске алып, кантсе да Ормон хандын Кыргыз элинин алдында кызматы ак жана чоң экенин айтуу парыз. Ал ошол кыргыз-казак урушунда Оң Канаттын элин гана сактап калбастан, анын жердеген жерин да сактап калган. Аны менен бирге ал Көкжал Баракты өлтүргөн атактуу баатыр бабасы Эсенгул сыяктуу, Кара Кыргыздын «акылман жана баатыр эл» деген байыртан алып келаткан атак-даңкын кайрып берген улуу инсан.

САРБАГЫШ менен БУГУНУН урушу тууралуу

Кийинки учурларда кээ бир тарыхчы окумуштуулар менен белгилүү жазуучулар санжырага чүмкүп кирип, «сарбагыш менен бугунун урушун» тим эле «кыргыз менен кытайдын», же байыркы «иран менен турандын» урушундай даңазалашты. Жеке менин пикиримде, бул эки бир тууган уруулардын ортосундагы уруш ал башка элдерге мактанып айта турган окуя эмес. Ал, тескерисинче, жаап-жашырып, ал тууралу айткан адамдар болсо тыйып, уялып айтпай турган тарых. Анткени, биринчиден, сарбагыш менен бугу урууларынын ортосундагы уруштун санжырасын жазуу менен биз бул эки бир тууган элди «жакындатпай» эле, кайра дагы «алыстатабыз». Экинчиден, «кыргыз-казак» урушун айтуу менен биз Ормондун улуулугун даңазалайбыз. Ал эми «сарбагыш менен бугунун» урушун айтуу менен биз Ормондун кадыр-баркын түшүрөбүз. Үчүнчүдөн, бул эки уруунун тарыхын жазган адамдар Кыргыз адамынын «улуттук аң-сезимин» эмес, Кыргыз адамынын «уруулук аң-сезимин» калыптандырууга көмөк көрсөтөт. Бул кыргызды «өстүрүү» эмес, «өлтүрүү» деген сөз. Төртүнчүдөн, ырас, биз ата-бабалардан келаткан мыкты салттардын бири катары «жети атабыздын» аттарын, алар кимдер болгонун, уругубузду, уруубузду, андан нары Оң, Сол, Ичкиликтин кайсынысына таандык экенибизди, алар эмне үчүн ушинтип аталарын билгенибиз жакшы. Бирок, эң башкысы, Кыргыз элинин түптөн берки жалпы тарыхын билүү — ар бир кыргыз адамынын алдындагы атуулдук милдет.

Албетте, бул учурда орустун улуу философ тарыхчысы Соловьевдин «бизге бөлүп-жарган эмес, бизди бириктирген тарых керек» деп айтканын эске алганыбыз туура. Ал үчүн тарыхчылар тарыхтан элди «бириндеткен» эмес, элди «бириктирген» фактыларды издөөгө тийиш. Ар бир уруунун тарыхы — жалпы Кыргыз тарыхынын бир бутагы катары кызмат кылуусу шарт. Ошондо гана Улуттук тарых жазылат. Улуттук тарыхты улуттун ар бир уул-кызы окуп-үйрөнүүсү зарыл. Анткени, өз улутунун тарыхын билбеген адам улуттук эстутумун жоготот. Улуттук эстутумун жоготкон адам манкуртка айланат. Манкурт ал адам эмес. Кыргыздар андайларды «тирүү өлүктөр» дешкен.

* * *
Менимче тарыхты ким бурмалап жатканы, кантип бурмалап жатканы, «кедей токмок» кимдики экени түшүнүктүү болду го дейм? Чынында, азыр маселе улуу адамдардын «бай» же «кедей» экенинде эмес. Маселе, алар канчалык деңгээлде «улуттук» деген атты көтөрө алат — мына ошондо.

Эгерде мен кайсы бир учурду бурмаласам же бир фактыны туура эмес айтсам, Жантай менен Шабдан тууралуу айткандарым калыс сөз болбосо, үстүмдө кудай турат, аны мен атайылап жасаган жокмун. Мен алар тууралу канчалык билсем — ошого таянып, кандай түшүнсөм — ошондой айттым. Кайсы бир факты туура эмес айтылса, же кайсы бир окуяны туура эмес түшүнсөм, аны далилдеп, чындыгын айткан адамдын алдында кечирим суроого дайым даярмын.

Акырында айтаарым бул: маселе Жантай менен Шабдан жөнүндө эле эмес, маселе профессор Хусейин Иса жазгандай, келечекте жазылар «Кыргыз тарыхын» ким жазат, кандай көз караштан жазат, кантип жазат» — мына ошондо. Эгер «Кыргыз тарыхы» эртең дагы деле Кыргыздын көз карашы менен эмес, «орустун» же дагы бир башка элдин көз карашы менен жазыла турган болсо, анда биз эч качан эл окуй турган тарыхты жазбайбыз. Анда биз кыргыздын улуттук аң-сезимин туура калыптандыра албайбыз. Анткени, улуттук тарых дегенибиз — ал улуттук эстутум. Улуттук эстутумун жоготкон эл манкуртка айланат. Улуттук эстутумун өстүргөн Элдин өлкөсү узак жашайт жана улуу маданиятты түзөт.

* * *
Улуттук аң-сезимди калыптандырууда тарых чоң роль ойнойт. Бирок, улуттук аң-сезимдин бир бөлүгү болгон тарыхый аң-сезимди калыптандырууда тарыхчылар улут алдындагы өзүнүн ыйык милдетин так жана толук аткара албай жатканын моюнга алуу керек. Илимдин докторлору жана профессорлору жетишерлик экенине карабай, ушул убакка чейин улуттун өзүнүн көз карашы менен караган тарых такталып жана толукталып жазыла элек. Ал эми эл окуй турган илимий-популярдуу китептер дээрлик жокко эсе. Көпчүлүк илимпоздор эмнени изилдеп, эмнени таап жатканы белгисиз. Алардын «наамдары» бар, бирок эл окуй турган китептери жок. Эгер илимпоздор өздөрүнөн башка эч ким түшүнбөгөн академиялык тилдеги монографияларды жазып, бирок эл окуй турган илимий-популярдуу жанрдагы китептерди жана брошюраларды жазбаса, анда аны ким жазат? Эгер, элге тарыхты тарыхчылар жеткирбесе, анда ким жеткирет? Улут алдындагы анын милдетин анда ким алат?.. Илим илим үчүн жашайбы же эл үчүн изилденеби? Илим илимге кызмат кылабы же улутка кызмат кылыш керекпи?..

* * *
Биздин тарыхчылардын ушул күнгө чейин кетирип келаткан дагы бир чоң «катасы» бар. Аны алар орус окумуштууларынан үйрөнүшкөн. Орус окумуштуулары үчүн ал туура позиция. Анткени, алар ошондой тарбияланышкан жана калыптанышкан. Б.а. алар ошондой цивилизациянын балдары. Бирок, биздин окумуштуулар үчүн ал кечиримсиз ката. Ал: көчмөн элдин тарыхын отурукташкан элдин көзү менен карап изилдеген илим. Образдуу айтканда, дарыянын тарыхын көлдүн, же деңиздин көзү менен карап жазган тарых. Мисалы, көл, же деңиз соолуп, жок болуп эле калбаса, миң жылдап бир ордунан жылбайт. Ошондуктан анын тарыхы да ошондой туруктуу. Ал эми көчмөн эл аккан суу сыяктуу: анын башы Улуу Тоолордун чокуларында жатса, аягы Арал деңизинде жатат. Б.а. Улуу Тоолордон агып чыккан суулардын ээси биз болгонубуз менен Аралга куюлуп жаткан ошол эле суунун ээси биз эмеспиз. Бирок, ал канчалык деңгээлде бизге таандык жана канчалык деңгээлде ал биздики эмес, аны биз али да айта элекпиз.

«Ачык саясат», 24.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий