Биздин үйдөгү чайлашуу

Чайлашуубуздун бул жолку меймандары Жеңишбек, Аалы, Азамат аттуу ак таңдай төкмөлөр менен «Айтыш» фонддун төрагасы, белгилүү теле-журналист Шайырбек Абдрахман уулу болду. Чай үстүндө эркин баарлашып, казак-кыргыз ортосундагы мамиле Тууганбай, Эстебес, Ашыраалыдай залкар устаттарын эскерип, бүгүнкү оозеки чыгармачылык өнөр жөнүндө айтып, бири-бирин «чымчылап» да алышты.

АП: — Бүгүн оозеки чыгармачылыктын асманы жанып, бир далай төкмө ырчылар чыктыңар окшойт…

Жеңишбек Токтобеков: — Эсимде, 1994-95-жылдары биринчи болуп бизге казак акындары келип, Тукам менен айтышка чыккам.Ошондо таң аткыча ырдап, казактардан Эсенгул, Анара, Эрмек, Кенжетай дегендер келген. Анда азыркыдай казак-кыргыз ортосунда ажырым боло элек. Азыр салыштырсам, бизге казак акындарынын жүрөгү анча ачылбайт. Себеби, аларда менменсинүү өсүп кетти.

АП: — Анан калса кыргыздарды кордоп ырдаган төкмөлөрү көбөйдү.

Ж.Т: — Элибиздин жашоо-турмушу начарлап кеткендиктен казак акындары кээде аябай текебер мамилеге өтүп, кордоп ырдачу болушту. Элмирбек экөөбүз Алматыга барганда Кере ырдап жатып мага «2200 жылды кайдан таптың эле» деген суроо берип калды. Анан мен «бул кытайдагы Үрүмчүнүн маалыматы боюнча айтып атасың, эгер мурунку тарыхты казсаң, андан да көп» дедим. Кийин экинчи суроосунда «Айтматовдун «Аккемесин» башыңардан түшүрбөйсүңөр» деп какшыктаганда, мен калпактын жайын айтып бергем. Анан «кыргыздар сый тамакка жамбаш тартасыңар» дейт, анда мен: «Илгери Жамбыл, Кененди Токтогулга конокко келгенде устаканды унчукпай эле жеп кетпедиңер беле» деп тамашалагам. Бир убакта: «Эми Жеңишбек, он кыргыз бир казактын колунда иштеп атат. Кетериңде ошолордун акыбалың сурай кет» деп кайрып атат. Мен мындайды эч күткөн эмесмин. Анан Кара-Балта, Чүйгө келген казактардын сулууларын кыргыздар алып калган экен. Ошондуктан чегарадагы казак апалар кыргызга айланып калганын айттым. Нечен казак тукумун ачкачылыктан сактап калганыбызды эсине салдым. «Сен он кыргызды батыра албай жатсаң мага кел, жүз казакты батырып алайын. Достугубуз кайда?» деп айттым. Ошондо элдин баары кол чаап, бир депутаты «бир баурубуз «тонкий политик» экен» деп айтыптыр. Айтыш байгесине эки машина коюлган, бирөөсү кыргыздарга деп атышкан. Бир убакта казак төкмөлөрдүн бирөөсү «Оо, кыргыз баурдасыбыз дөңгөлөктүн бирин Бишкекке алып кеткени калды» деп ырдап калды. Анда экинчиси » Эгер кыргыз дөңгөлөктү алып кетип калса, анда биз домбраны музейге тапшырышыбыз керек» деп калыстар тобун даярдап койду. Анан калыстар тобунун чечими менен эки казак эки машинаны алды, үчүнчүсүн мен алып кеттим. Кеп бул жерде байгеде эмес, алар сөздү кордогонунда. Бул жерге келгенимде «кыргыз элинин көзүнчө жооп берчи. Сен киндиктен ылдый ырдап атасың» деген сынчы акындар болгон. Билбейм, эмнеге антип айтышты.

Шайырбек Абдрахман уулу: — Биз эми алышып беришип жатып мындай нерсени байкап калдык. Чынында бизге кээде бир чети чала. Бир чети айрым элдерден улуулугубузду ушундан көрөм. Анткени, биз кандай учурда адамды жакшы адам деп түшүнөбүз? Колунда бар учурда. Жок учурда да аталарыбыз «бир калыпта жүр» деп келген. Мына биздин эл да ушундай абалда бир калыпта жүрүп, улуулугун көрсөтүп келген. Анан биздин да башка элдер үйрөнөр артыкчылыктарыбыз абдан көп элбиз. Башка элдердин жакшы жактарын үйрөнүү биздин да милдет. Чынын айтканда, казак баурдастарыбыз кыргызды кемсинткени көнүмүшкө айланды. «Кыргыздарды кул кылып алдык» дегендери жүрөт. Анан орустардын» менин подьездимде 5-6 кыргыз жашайт» деген сөздөрүн укканда зээниң кейийт. Албетте, ушунчалыкка жеткенибизге өзүбүз күнөөлүүбүз! Бүгүн биз намысты тебелеткен деңгээлге жетип калдык. Буга биринчи кезекте кыргыз өзү күнөөлүү. Эми ушул суроодон чыгышыбыз керек.

Азамат Таалай: — Биз азыр чыгармачыл жашоодо да, турмушта да өтө чоң сыноолордон өтүп атабыз. Түгөлбай Казаков бир жолу «кыргыздар кайсы мамлекетке барбасын, иш таап кетип атат. Ошол мамлекеттердин эли чынында казакка караганда бизден алыс. Бирок алардын бирөөсү да кыргызды кул деп айткан жери жок. Казак кыргызды кул деп санаганы өкүнүчтүү» деп айткан.
А биз «казак-кыргыз биртууган, ал эмес бир төөнүн өркөчүндөй, бир аялдын төшүндөй» деп да жүрөбүз. Бирок ошол биртууганбыз деген эл кыргызды кул деп атпайбы!

АП — Казактар кыргыз намысын кордоп атса силердин айта турган кандай жообуңар бар?

Азамат: — «Биздин атырылып жатканда мунайыбыз, кыргыз баурым, сендерге не болду, башыңдан ашып түшүп убайыңыз» деген мааниде айткан. Ошондо Элмирбек байке:
«Илгери Кудай бөлгөндө,
Казакты чөлгө жараткан
Мунайга жакын болсун деп.
Кыргызды тоого жараткан
Кудайга жакын болсун деп.
Казакты түзгө жараткан
Темирге жакын болсун деп.
Кыргызды кырга жараткан
Теңирге жакын болсун деп» — деп катырган.

Чынында азыр казактын төкмөлөрү майдаланып кетти. Бул негизинен алардын тарыхы жасалма жолдо баратканынын далилдейт. Ошол жасалма тарыхы да бир аз текеберчиликке алып барып атабы деп ойлойм. Булар Сүйүмбай менен Катагандын айтышына да көп басым коет. Биздин укканыбыз боюнча Ашыралы, Эстебес аталарыбыз деле айтып калчу. Катаган деген ырчы болсо болгондур, бирок анын казак-кыргыз айтышынын деңгээлиндеги чоң айтышы болгон деген жарабайт. Жамбылдын Осмонкул, Калыктар менен кыргызда ырдап жүргөнү кандай шартта жүргөнү өнөрдүн күйөрмандарына бештен белгилүү. Мына, Жамбылдын токсон жылдыгында Калык ырчыга орой мамиле жасалат. Ушул нерсенин барысы себепкер болуп атабы дейм да. Жеңишбек байке да туура далилдерди айтты. Кордукту, кыйынчылыкты көрүп калган адам кандай болбосун оор басырыктуу, бир аз башкачараак болот. Өйдө карап сүйлөбөй, душманына болгон мамилесин да башкачараак кылат. Казактын мурдагы акындары эки элдин ортосундагы мамилеге бир аз сый мамиле кылчу. Кийинки Аалы экөбүздүн курагыбыздагы акындары абдан орой болуп алышты.

Аалы Туткучев: — Тарыхта биринчи Катаган менен Сүйүндүн айтышы деп казактар киргизип алган менен бизде Катаган деген жок. Мисалы, Нурмолдо, Ниязаалынын бизге ырлары жетпесе да аттары жеткен. Ал эми Катаган деген бизге жеткен эмес. Булар жөн эле өздөрүнүн идеологиясын, улуттук ар намысын көтөрүү үчүн ушундай нерселерди чыгарып алган. Экинчиден, Жамбылдын токсон жылдыгында Алымкул, Калык, Осмонкулдар куттуктап барып калышат. Москва уюштуруп атканына чиренип, Жамбыл аларды теңине албай, жакшы кабыл албаганда Калык мындай деп ырдаган:
Ак топчусун бүчүлөп,
Ак эшегин чүчүлөп,
Ала-Тоодо жүрчү элең,
Ар кимден сурап кичилеп.
Асырап койсо өкүмөт
Акмак чал,
Асманды карайт титиреп.
Көк эшегин чүчүлөп,
Көк топчусун бүчүлөп,
Көл жээгинде жүрчү элең
Көрүнгөндөн кичилеп.
Көтөрүп койсо өкүмөт
Көкмээ чал,
Асманды карайт титиреп.»

Мунун өзү казак-кыргыз акындарынын ортосундагы деңгээлди көрсөтүп атат. Болбосо андан берки тарыхты алалы. Эми Тууганбай аталарыбыздын көзү өтүп кеткенден кийин бизге тарых эмей эмине. Ырысбек Айдаралиев (Искендер Айдаралиевдин атасы А.Т.) мамлекеттин бир кызыл орденин алат экен. Ошондо куттуктап барган Тууганбай аталарыбыз Таластан ашуу ашып, Суусамыр аркылуу келатса, «айтыш болуп атат» деп казак-кыргыз дүргүп атыптыр. Ал кезде казактардын барысы биздин Суусамырда конуп олтурушчу. Барса, эки казак олтуруп алып айтышып атат. Ортого кагазды коюп койгон. Кагаз шамалга учуп кетпесин деп, ортосуна таш бастырып алып шатырата окуп эле ырдап атышат дейт. Анан Тууганбай атанын ичинде бир аз градус бар экен. Ошондо:

» Эй, кагаздан акын окуйбу,
Мен казактан көрдүм кокуйду.
Кагаздан акын окуса,
Келгиле үчөөлөп чогуу окуйлу» деп, экөөнү эки жакка качырып, ал жерди мен ээлеп алып ырдагам» деп калчу. Бул жерде да казак-кыргыздын деңгээли көрүнүп турат. Бүгүнкү күндө казактар жыйырма жылдан бери айтышты көтөрмөлөп, өнүктүрүп, бийик деңгээлге жеткирип алышты. Бирок бары бир түпкүлүгүндө, генинде, канында кыргызда улуулук, күчтүүлүк бар. Кыргыз эч качан артта калбайт. Бир гана аны өстүрүү керек. Тилекке каршы бизде жогору жакта олтургандар «Айтыш» фонду десе, «бул Шерниязовдуку, демек оппозицияныкы» деген түшүнүктө калып калган. Жок, андай эмес. Шерниязов болсо анын өзүнчө көзкарашы бар. Ал эми айтыштагы акындардын көзкарашы башка. Ал болгону биздин өнөрдү көтөрмөлөп атат. Так айтканда Садык Шер-Нияз деген оппозиционер эмес, жадагалса саясатка аралашпаган адам. Төкмө акындар бир эле кишинин менчиги эмес. Мисалы, казактарга Тууганбай, Калык сыяктуу төкмөлөр кандай катуу айткан. Азыр биз ошондой сөздөрдү айтып койсок, калыстар «силер орой айтып атасыңар, эки элдин ортосуна доо кетти» дейт. Өткөн айтышта мына ушуну кеп кылышты. Антейин десек, казак-кыргыздын ортосунда Кененсарынын учурунда доо кетпеген, кыргыздын жерин тартып алып атканда доо кетпеген, энесинин көзүнчө он сегиз жашар кызын ээн талаадан зордуктап атканда доо кетпеген эми акындардын айтышында доо кетип калабы!? Эч качан андай нерсе болбойт.

Ш. А: — Ушул айтылган сөздөрдөн кийин бизде анча-мынча сынчылар «силер эмне мынча казакка асылдыңар» деген сөздү айтат. Бирок, бул дагы биздин улуулугубуз болушу мүмкүн. «Ай, кой, түшүп олтурчу, ага теңелбе» деген сыяктуу бабаларыбыздан калган салтыбыз. Муну да туура деп эсептейбиз. Бирок ошол эле күнү казакты бузгандар айтыштарда, интервью бергенде же кыргыз сатылат деп айткан учурларда эмне үчүн тыйышпайт деген сөздү айткым келип атат.
(Уландысы бар)

P.S. 2-3-мартта Кожомкул атындагы сарайда төкмө акын Жеңишбек Токтобеков сегиз жаштан сексен жашка чейинки көрүүчүлөр үчүн чоң программадагы концерт өткөрөт. Анда куудулдар менен интермедия аткарып, эстрадада обон созот. Концерттин эң кызыгы — «Жеңишбектин Азаматтан жеңилиши» темасында төкмөлөрдүн айтышы бар. Автомат төкмө акындын бул концертин көрбөгөндөр арманда каласыңар.

Бурул МУСАБЕКОВА, «Айат пресс», 26.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий