Турдубек Чокиев, композитор: Өздөрүн жылдыз санагандар Айтматов, Молдобасановду билбейт

— Азыркы сүрмөтоп поп музыканын жанында сабаттуу композитор, обончулардын четтеп калганы эмнеден деп ойлосуз?

— Биринчи себеби, кыргыз обондорунун уңгусун сактагандар бары мурунку заманга өтүп кетти. Заман өзгөрдү, аны менен ритм да өзгөрдү. Мурда батыштын музыкасын алыш кыйын болчу, азыр кыйынчылыксыз эле көчүрүп калышты. Кыргызда «жакшы көргөн балаңды шаар көргөзбө» дегендей, Европаны көрүп, дүйнөлүк баалуулук катары түшүнүшөт. Ушундай шоунун артынан бары ээрчип алышкан. Он сегиз жылдан бери, жаш муундарга шоудан башка эч нерсе тартуулай элекпиз. Алар бүгүнкү күндүн шоу маалыматтарына тарбияланып, классикалык музыка, балет, опера дегенди билишпейт. Бул мамлекеттик программа болуусу зарыл. Мектеп жашынан тартып элдик музыка, эстрада, классикалык музыканын үлгүлөрүн тааныштыруубуз абзел. Радио-теле бүтүндөй жеңил, шоу музыкага басым жасап калды. Ушунун себебинен бир муунду жоготуп койдук. Жүрөктүн түпкүрүндө калган Атайдын, Мусанын ырларына таандык сонун кайрыктар кайда азыр? Түрктүкүнөн, негрдин ритмикасына чейин кирип кеттик. Азыркы музыкада ритм эле бар, алыс жактан тыңшасаң, дүңкүлдөгү гана угулат. Аларга каршы биздин деле жакшы музыкаларыбыз бар. Аларды радиолорго алып барганга продюсер жок. Капчыгың кабелтең болбосо кайдан…

— Продюсер кандай кызмат аткаруусу зарыл?

— Продюсер деген кийинки термин, бизче айтканда устат. Устат тарбиялап, болгон өнөрүн үйрөтөт. Азыркы продюсерлер эптеп кайдан кандай акча табууну ойлойт. Продюсер болуп кыйратып атабыз деп, акчага чөнтөгүн толтурушат. Мындайча айтканда, «күрүчтүн артынан, күрмөк суу ичип» атышат. Көчөдө жүргөн адам продюсер боло албайт, алар радиодо же теледе иштешет. Кызмат абалынан пайдаланып эле продюсердик кылган ырчысын он маал берип, популярдуулукка жеткизип атпайбы. Бул теңсиздикке жатпайт.

— Сизди билгендер «жакшы обончу» дешет. Өзүңүздүн чыгармачылыгыңыздын элге жайылта албай келатканыңыздын себеби эмнеде?

— Адабиятта миң тираж менен болсо да жазганыңды элге жайылта аласың. Ал эми музыканттар түздөн-түз радио-телеге көзкаранды. Анткени, аткаруучу менен байланыштуу, ырды жазсаң, аткаруучу издеп, оркестрге жаздырыш үчүн чуркашың керек. Анан радио-теле аркылуу элге жайылтасың. Ошол процесстин бары кымбат, чөнтөккө чак келбеген иш. Ошондуктан азыркы ырчылар телпилдеп кетти. Жакшы ыр жаратайын дешет, жарга барып акча такайт. Системабыз бузулуп, ушул абалга жетип жатабыз. Жакшыны талкалаш оңой, кайра ордуна келтирүү өтө оор. Мен эле эмес, улуу композиторлордун ырлары толтура. Алар «Алтын фонддо» сакталып турат. Бирок элге ошолордун чыгармалары жетпей, жалаң «лампочкадай» жаш ырчылардын ырын маданияттуулук деп жүрүшөт. Бул жерде жаштарды күнөөлөп болбойт. Башка эч нерсе көрсөтпөсө, угушпаса, альтернативдүү эч нерсе жок болсо, кимде күнөө?

— Чыгармаларыңызды кайрадан жаштарга ылайык кылып иштеп чыксаңыз болобу?

— Жаштардын азыркыдай стилде ырдап аткандары такыр жакпайт, аранжировкалары барыныкы окшош. Кыргыздын улуттук музыкалары, ыргактары, шырдактын оюулары сыяктуу улуттук көркөмдүгүн жоготуп квадрат кылып окшош-окшош, болбогон нерселерди коюп салдык. Аранжировка даяр, интернеттен алгандай эле, бат эле будуң-чаң кылышат. Изденип, көркөмдөйүн деген эч ким жок. Улуттук орнаменттерибизди жоготуп, батыш өлкөлөрүн туурап ырдагандыктан, музыка дүйнөсү чоң кризисте турат.

— Жеке пикириңизде, азыркы жаштардан, кийинки муундарга калчу ырлар барбы?

— Такыр жок дебейм, бирин-экин жаралып калат. Бирок, өзгөчө деп, так белгилей албайм. Элдик колоритте жазып кеткен эч ким жок. Ага элдик аранжировка болуусу зарыл. Аранжировканы байытуу үчүн чоору болобу, скрипка болобу, жалпы боек болсо жакшы, бизде көркөмдүгү жок супсак болуп атат.

— Наамга болгон мамилеңиз…

— Тиги же бу деп ысымдарын атабайм. Жалпы көзкарашымда наамдын баркын түшүрүп салдык. «Тигил алып калды, бул алып калды» деп угуп калабыз. Наамга татыктуусу, татыксызы деле алып атышат. Бизде наам берүү тааныштыкка салуу, жердештикке салуу, жең ичинен акча бермей, бары ачык айтылып калды. Кээси «канча акчага берет экен, тааныш болсо айтчы, алып коеюн» деп сурагандар жок эмес. Наам пенсияга чыгуу үчүн керек окшойт. Андай наамды итпай-чотпайдын бары алып атат, эч нерсеге жардамы деле тийбейт. Бир нерсе айтайын, илгери Атай, Муса сыяктууларга эч ким наам берген эмес, наамды билбей эле өтүп кетишкен. Бирок, азыркыга чейин элдин эсинде бар. Болгон наамдын барын алып коюп, артында калган эч нерсеси жок көмүлөт. Бектемир Эгинчиев деген обончу бар, укмуштуудай сонун обондору калды. Эч наамы жок эле өтүп кеткен, ырларын жаштар кайра аранжировкалап ырдап жүрүшөт. Мына, наамга болгон мисалдар.

— Музыкалык тарбия туурасында да айта кетсеңиз…

— Музыкалык тарбия деген жоголду. Менимче, мектептеги музыкалык тарбиядан башташ керек, музыка китептер такыр жаңыра элек. Алиппе, математика китептери басылып, жаңырып жатат. А музыка сабагына келгенде, буга эмне шам дегенчелик кылышат. Азыр мектептерде ар кандай авторлор жараткан сүйүү ырларын ырдашат. Музыка деген деле илим, музыкалык жалпы маалымат берилбей келатат. Музыка сабагынын программасын кайрадан өзгөртүп, иштеп чыгуу зарыл. Жаш ырчылардан интервью алышат, комузду же домбраны кармап алган, бирок, билими, кесиби жөнүндө сөз жок. Ильяз Абдразаков деген ырчы балабызга «Түгөлбай Казаков деген ким болгон?» десе, «комузчу» деши мүмкүн. Анан ошолорду Түгөлбай Казаковду билбеген немелерди кумир тутабыз. Андай немелер тимеле гезиттен-гезитке чыгышат. Алардын ыры деле жок, бир ай эфирге чыкпай калса унутулат. Ж. Шералиев, Ы. Абдыкадыров сыяктуу ырлары ырдалып калбайт. Бир жыл кийип, экинчи жылы кийилбей калган кийимдей, бир күнү модадан калат. Муса Баетов, Шералиевдин ырлары мода эмес классика, костюм, шым кийип классикалык кийимдер калбай кийилет, ошондой элестетсек болот. Эстрада жылдыз болуп жүргөндөрдүн билими жок. Эптеп искусство институтуна өтүп коет. Концерттен түшкөн акчасын мугалимдерге берип коюшат, мына биздин билимдүү «жылдыздарыбыз.» Жаштарга билимдин эмне кереги бар, дипломду сатып алып койсо болот. Калганын практика жүзүндө үйрөнүп алабыз дегендер абдан көбөйүп кетти. Музыка дагы чоң илим, ырдаса эле ырчы дешет. Керек болсо математикадан да оор илим. Бир-эки ыр ырдап койсо эле жылдыз аталышат. Кудайга шүгүр «залкар» дешип, «залкар» деген терминди колдоно албай жүрүшөт. «Залкар эстрада жылдызы» дегенде өлдүк го. Негизи, жандүйнөбүз жарды, Айтматовду окубайт, Молдобасановду тааныбайт. Китеп окугандан көрө, куудулдардын анекдоттук кечесине барышат. Молдобасановдун балет-ораториясын көргөнчө спорт ордосундагы пивонун бөтөлкөсүн көтөргөн, чалжыраган, каңгыраган кулак-мээни жарган концертке барышат. Жакшынакай, маданияттуу отуруп классикалык музыка угуп, ойлонуп отурганга не жетсин. Музыканын илгертеден жапайы кезде, музыка ойнолуп аткан жерде, музыка бүтүп, кийинки аткаруучу келмейинче ордунан козголбой, сүйлөшпөш керек. Бизде жөн эле «Ош базарындай» ызы-чуу. Концертке эс алуу үчүн барат. Ары-бери баса турган болсо, магнитофон көтөрүп басып жүрө беришпейби. Музыканын алтын эрежесин сактап, тарбиялаш керек. А түгүл өкмөттүк концерттерде дагы фонограмма колдонушат. Деңгээлибиздин артка кеткени ушул.

«Айат пресс», 26.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий