Олжобай Шакир

Кара сөз

Чатыр (повесть)

Жыт (аңгеме)

Жаны чыкпаган ташбака (аңгеме)

Кеп анда деле эмес (аңгеме)

Тилек (аңгеме)

Кумайык (аңгеме)

Сууга жуулган из (аңгеме)

Пикассо (аңгеме)

«Чыйп-чыйп» жөжөлөрүм (аңгеме)

Кежир чал (аңгеме)

Образ (аңгеме)

Фейсбуктагы сукпат (аңгеме)

Кош канат (аңгеме)

Конфуций, Сократ, Диоген & Галдир (аңгеме)

Ээсиз бакча (аңгеме)

Эски тегирмендин орду (аңгеме)

 

Котормолор

Сиявуш тууралуу дастан (Хаким Абулькасим Мансур Хасан Фирдоуси Туси) (Автордун суранычы боюнча бул котормону убактылуу сунуштабай турабыз)

 

Ырлар

Атбашы (Уламыш негизиндеги поэма)

 

* * *

АК КАРЛУУ КЕЧ

Чачың кара кундуздай. Меникичи…
Айыбы жок көзүңдү кадабачы.
Садагасы, таңгалып, аяр сылап
буурул түшкөн чачымды тарабачы.

Ак кар тышта сампарлап. Сен экөөбүз
маңдай-тескей олтурган маанайы суз…
жеңилдесек о, кана үшкүрүнүп
кыштын ушул кечинде таалайы сыз.

Сырттан кирип, кар салып моюнума,
оюнуң да кандыбы? Бубак кардай
агын санап чачымдын муңайасың,
бирибизге бирибиз чукак жандай.

Улайм кантип муңайган көңүлүңдү?
Келдиң мага күтүүсүз ала таңдай.
Эркелетип жүрөйүн карындаш деп
балапандай жөн гана, балапандай.

Каргылданба, кайгы бар менде дагы…
кар жаай берет ушинтип жер бетине.
Карлар эрип, жаз келет табиятка
жаштык келбейт а менин келбетиме.

Жантуйгу деп санаба, мерес кээде
өз кыялым өзүмө дайын эле:
аппак кардай көңүлүң кирдейт бир күн,
ысык болбос мээримим дайым эле.

Сен жалынсың алоолоп. Мен от эмес.
Терезедей муздакмын. Алаканым
ысык болуп ээгиңде турган менен
а ичимде суз тартып баратамын.

Ажарыңдай ажайып айланабыз.
Үндөбөгөн сырттагы теректердей
үндөбөйбүз биз дагы үй ичинде.
Үшкүрүнөм бар үчүн себеп менде…

Январь, 2009-ж.

 

ЖИНДИ КЫШТАК

Бүчүр байлап теректери дүпүйгөн,
көктү карай түтүн булап бүт үйдөн,
кезүү кезүү күтүрөгөн малы бар,
айыл эле туш-тушунан ит үргөн.

…Айыл эле аттигиниң кышын-жай
абасында нандын, сүттүн жыты урган,
азыр болсо нан, сүт эмес… буркурап
айыл болду арак жытын учурган.
А бир кезде бейпил жаткан бул кыштак
итти дагы жолотчумес кутурган.

Бүгүн болсо ит кеп эмес кутурган,
адамдар бар иттен өтүп жутунган…
тең жарыша түбүн жалап шишенин
аял дебей, эркек дебей бүтүн жан,
кууп ичер айыл болду аракты,
калбаса да тасмалында күкүм нан.

Айыл эле бейпил турмуш кечирген,
тентектерин тыйып коёр эсирген.
Ырыс-куттуу айыл эле бир кезде,
уулдары улуулардан бекинген.
Улагада кыз-кыркыны кысынар,
уяң эле жалгыз бойлуу жесирлер.

А бүгүнчү?.. Бүгүнкүсү курусун…
өзөк өрттөп, тынчымды алган муң үчүн:
«Бүт кыргыздын жинди бүгүн кыштагы!»
дегим келет. Кыйрап калар улутун
сактай турган көсөмдөрүң чыгабы?
Асмандагы ачылабы булутуң?!

Бир кезекте бары тегиз кырмандар
кыйрагандай, жакынкыле жылдарда
кыргыз кыйры кыйрап жатат четинен,
кыштак сайын издеп таппас ыймандай,
теректердин көлөкөсүн издесең,
терек эмес, мас жолугат ыргалган.

Бүчүр байлап ыргалгандай теректер,
бүгүн жалаң ыргалган мас – элет жер,
мас боюнча төрөлүүдө бөбөктөр!

05.05.05-ж.

 

ЖАТАКАНА

1.
Өзүм менен өзүм болуп бөлмөдө,
жатакана болучу жашаганым.
Кызыкканым китеп эле
жыйнап койгон дубалдын боорундагы,
нечен улуу кеменгер.
Үстөлүмдө жыйылчу эмес анан да
түрдүү, түстүү гезит-журнал дегендер.
Убакытка сараң элем, 
башкачале дымагым,  
көздөгөнүм алыс болчу…
түнү бою өчүрүлбөй чырагым,
башты тартып шаан-шөкөт сыйлардан,
мени алакты кылар дагы
музыка эле табак, табак жыйналган.

Алга коюп бир максат көздөгөндү,
жагар эле жалгыздык…
жашаганым туурабай өзгөлөрдү.
Коңшу турган бирө менен ишим жок,
чуру-күүгө айланткан бөлмөлөрдү.

2.
Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Шаар ичи болсо да даңылдаган,
тоонун суусу акчу эле шарылдаган.
Сайды бойлоп чарчасам, дем алчумун
шаар үнүнөн кулак, мээ заңылдаган.
Жадасам да шаардын куу турмушунан,
жаңы келип айылдан
кымбат болуп жеталгыс айыл мага…
кусалыктан көөдөндү айырбаган,
ошол кез-ай, ошол кез…
жадатты эле шаар мени, жадатты эле,
траллейбус, автобус каршы-терши
канжолдогу каттамы жаңылбаган.

Жатакана шар суунун боюндагы,
мен эмнеге сен жөнүндө эстедим?..
эстегеним: ошондогу көздөгөн
кыялдардын канчасына жетпедим!

3.
Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Мен айылга биротоло камынып
кете турган болгондо
мени кармап калды элең,
далай жолу толгонгон.

Бойлоп басып сай жээгин,
зырп-зырп этип сай сөөгүм…
кыялбадым кыялда максаттарды,
өзүмдү өзүм турмушта аксатканды.
Анан дагы кыйбадым:
кылыгы бар мага коңшу келинди,
анда-санда башбагып кирип турган,
не ыр жаздым, жазбадым билип турган.

4.
Өз алдымча турмушка беталгамын.
Бирок жадап шаардагы тириликтен,
айыл жакка камынып, жеталбадым.
Үйрөнгөн соң жалгызбой тириликке,
керме тартып керилте,
кир-кечегим өзүм жууп, өзүм жайып,
түнөгүмө айланып биротоло,
сени кыйып айылга кеталбадым.
(Чемоданым көтөрүп,
дегдеп жүрүп айылга жеткен менен,
бир аз күнчө өрүш алып жөнүгүп,
кайра өзүңдү сагынып, жатакана,
кайтар элем,
туулган жерден сен артыктай көрүнүп).

Сенде жашап жүргөндө:
убакытым сая кетпей күнү-түн,
иш үстөлдөн баш көтөрбөй үйрөнгөм.
Анда жалгыз билим экен үмүтүм.
Дүйнөсүнөн китептердин чыгалбай,
бири сала биринен,
уч-кыйры жок биригер…
пир тутканым: Фрейд, Фромм,
Юнг, Сартр, Камю, Ницше, Кант эле.
Окуу, билим мен үчүн
баштартпаган ант эле.

5.
Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Чарчаганда демалып (күргүштөгөн)
суу жээгинен ой издеп басар элем.
Ой кармалса, олжо тапкан немедей,
өз бөлмөмө кайрадан шашар элем.

Каршы-терши, каршы-терши канча ирет,
тар бөлмөдө кадам шилтеп кайчылаш,
көрүнчү эмес мен көздөгөн жол учу…
Тар болсо эгер, тар болгондур ал бөлмө,
дүйнө бирок тардыгы жок болучу,
ой чабыттын кенен эле өрүшү.

6.
Өзүм менен өзүм анда эндекей,
катышым жок тууган менен жатындаш,
бул дүйнөдө коколой баш бөлүнгөн,
далайларга мен кесел жан көрүнгөм.

7.
Жатакана жашоосу күү-шаң эле,
шаңдуу ошол жатакана ичинде
жантуйгу бир коңшу келин бар эле,
мээрим төгүп, мени аяган жароокер
коңшу келин тырс-тырс кагып эшикти
кирип келсе, көзү күйгөн шам эле.
“Азгырыгың келдим, –  дечү – кечиргин,
келгендигим: сени ойлондум, эзилдим…
бирин мага бөлгүн – дечү – кечиңдин…”

8.
Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Канчалаган кыял, тилек, ырларга
учкан уя сен элең…
Жаштыгымдын жалын кези
өттү сенде жашап жүргөн жылдарда,
калды сенде көкүрктө эң аяр
купуялуу сырлар да…

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Мен эмнеге сен жөнүндө эстедим?..
Эстегеним: аттанарда өзүңдөн
алыс, алыс көздөгөн
кыялдардын канчасына жетпедим!..

Февраль – март, 2004-ж

 

ЫЗА

Барды, жокту көрүп тирлик жашоодон
далай жакка багыт алдым баш оогон.

Эркти бекем туткуң келсе ариет
колдон келе бербейт экен ар ирет.

Кээде өзүңдү өзүң сезип жеке жүк
о кандай оор жашаганың кекенип.

Башыма күн түшкөн күнү курган жан
көңүл калды жерди карап тургандан.

17-сентябрь, 2009-ж.

 

* * *

Бөйрөк майдай булуттарды апаппак
сызгырды да чала-була батаар күн
батты уяга. Калдым кечти бүгүн да
узаталбай санаа менен катар бир.

Ай эндекей жалгыз бүткөн бөйрөктөй
ажыраса курчоологон булуттан:
а мен жерде Айды тиктейм кусалуу
ажырабас ойлор курчап буюккан.

Туш-туш жакка тарап эчак булуттар
айланасы Айдын тыптынч мунарык
болгон үчүн көлмө турат тушумда
менден бетер көктү тиктеп муңайып.

Сентябрь, 2009-ж.

 

САНАА

Кымкар жааса апапак
кыш келди деп эртелеп,
кытыратып ак карды
кызым жүрөт жер ченеп.

Сүйрөймүн деп чанасын
уулум сыртка шанаңдап
кетти жаппай эшикти
үйдүн ичи шамалдап.

Чебелектеп колуктум,
салып башка санааны:
“Көмүр жок – дейт, – көмүр жок
үй суук эмне жагалы?!”

Өңүм эмес, түш экен
көзүмдү ачсам умачтай.
Сүйүнгөндөн “өх”  дедим
колуктумду кулачтай.

Кеч күз. А кыш алдыда
санаам тыптынч оголе.
Чочуганым уйкудан –
кышка камым жок эле.

24-сентябрь, 2009-ж.

 

ӨКҮТ

Арбын түшкөн жемишинен түбү көң
арааласам карт даракты түбүнөн:
асман бетин чийип барып кулады
жүрөк “селт” деп аянычтуу үнүнөн.

Жерге тийип качыраган бутактар
бутак эмес, жер таянган кучактай…
тирүү жанча үн чыгарып акыркы
жүрөгүмдү тилип өттү бычактай.

Жемишин жеп жүрдүм канча мактап да
акырында ушул эле максаттай,
карап турдум кулап жаткан даракты
бир өмүрдү кыйып салган акмактай.

30-сентябрь, 2009-ж.

 

* * *

Саргайып тез күндөн күнгө жан жактар
күзгү желдин бир желп эткен күүсүнө
дабырашып күбүлүүдө жаңгактар.

Булуттардын көрүп көктөн үймөгүн
түйшүктөнгөн жан көп учур, санааркап
түшүм жыйнап чебелектеп үймө үй.

Тыптынч бойдон таап жайды ылайык
коңур күздө түйшүгү жок жалгыз бир
уктап жатат сасык теке тырайып.

Корооз болуп алганына чыкчыят
жайындагы балапандар тынчы жок
жемсөөлөрү жарылчудай ныксырап.

Бариктерди балчык кылып көлдөткөн
күздүн көркүн бузуп турат бир гана
короодогу майпаңдаган өрдөктөр.

Боз чычкандар азык жыйнап кабаттап
келээр кышка ороолорун толтурса,
аялдар да жүрөт түрдүү салат жаап.

1-октябрь, 2009-ж.

 

* * *

Жан үрөгөн дыйкандардай коркок жок:
күндүн сезип үшүгүн,
күздүн жыйнап түшүмүн,
аңыздарда жүргөн кечке боортоктоп.

Келбесин деп ууруларды уюшкан
кулак түрүп дабышка
алачыкта камыштан
дыйкандар көп түнү чочуп турушкан.

Көзүн арткан бекерпоздор талаага
келет күздө керилген
дыйкан жыйган теримден
уурдаш үчүн куту качкан калаага.

Түшүм маалда дыйкандардай коркок жок:
жайды-жайлай жан үрөп,
а күзүндө ар ирет
ууру жүрсө аң-чөнөктө боортоктоп.

2-октябрь, 2009-ж.

 

* * *

Бака үнүн угуп түндө чардаган –
өз үнүмдү таппаганга арданам.

Бака менен сайрап бирге чегиртке
намысыма тийди менин зериккен.

Өзөгүм өрт, өз үнүмдү таппай бу…
кайран өмүр сая кетип жатпайбы!

2-июль, 2010-ж.

 

ДИОГЕН ЖАНА МЕН

I.

Жок издептир. Караңгал
жолукса да алдынан
афиналык жарандар.

«Шам көтөрүп издеген
жогун таппас, келесоо
адам мына, — биз!» деген

эли дүрбөп калаанын,
көргөзсө да толтура
«Жок!» дейт, адам караанын.

Чактүштө да карайлап
жолун улайт, жок издеп
колдо шамын абайлап.

………………………….

Адам урку эч ага
кез келишпей өмүрү
өтөт экен бечара.

 

II.

Дос, тууган деп жөлөгүм
мен бир күнү карызга
тыйын издеп жөнөдүм.

Кайсы эшикти какпадым…
ажаатымды ачкыдай
бир адамды таппадым.

Жанды салдым бүлгүнгө:
карыз берер адам жок
бир күнгеле, бир күнгө!

Октябрь, 2008-ж.

 

ОЙСОКЕ

Кумар кылып назданганы жаныңды,
куюнганы атыр эле жагымдуу.
Далбасташып аркасынан жигиттер,
далай сезим сууган эле жалындуу.

Далай мырза азгырыкты көрөлек,
далай жигит колуктуну өбелек,
колун сурап ал зайыптын алдында
корстон эле турганына чөгөлөп.

Зарласа ким алансайын көшөргөн
зайып эле жасалмалуу жөтөлгөн.
Бир заматта ийкем кылып салуучу
мырзаларды боюн бийик көтөргөн.

Далайлардын кытыгылап сезимин,
дайын үчүн баркы-баасы өзүнүн:
«Аялдан мен бийик» деген эркекти
айландырчу агы менен көзүнүн.

2006-ж.

 

ПАСТЕРНАКЧА

Түш экен баары. Күз экен алтын сапсары.
Курбулар менен шарактап күлүп саптагы…
билектен алып жетелеп жүрөм өзүңдү
асманда шаңшыр акшумкар сымал таптагы.

Сапсары талаа жалбырак жалаң көмүлүп,
сабынан топтун экөөбүз алыс бөлүнүп…
жадырап турдуң, жароокер жаным  маңдайда
жайылган чачың колумда тал-тал өрүлүп.

Мөңгүдөн алыс жапсардын аңыз өрүндө
курбулар биздин кеп салат арзуу жөнүндө:
«Гүлзарын төккөн бейиштей жерде бетме-бет
кезикти — дешип, — дартызар экөө өмүрдө.»

Эзилет шакта аярлап желден терип жээр
эрдиңдей кызыл бүртүйүп бышкан жемиштер.
Ажайып андай жер жоктур жердин үстүндө
айлансын андан керемет деген бейиштер.

Жорудум түштү: кезикпес жанбыз оболу.
түштөгү көргөн о андай күнүм болобу.
Түш эмес билем, бейиштен сага кезикпейм,
бейишиң эмне, ал диндин жалган жомогу.

30-сентябрь, 2007-ж.

 

ЭНЕ БҮРКҮТ

(Элдик уламыш)

Канат күүлөп калганда балапаны
алгыр көрүп жаралган жасатынан
Эне бүркүт сыноого салат аны.

Качкан кезде чоң каман даңкылдаган
балапанын күүлөдү Эне бүркүт
доошу чыгып аскадан шаңкылдаган.

Каманды кууп балапан сызып барат,
канат жайып калдаңдап, шукшурулуп
ысык канга бүйүрү кызып барат.

Жетти, жетти… кармады. Жеткен менен
токтоталбай баратты карыштырып,
каман андан карылуу, эткээл белем.

Бала бүркүт токтотоор чара көрүп,
бир кол менен теректи мыкчып калган,
каман кетти а бирок жара бөлүп.

Жаш бүркүттүн тырмагы коңулдагы
мыкчып калды теректи. Экинчи кол
колу болчу камандын жонундагы.

Жара бөлүп экиге балапанды
каман кетти кутулуп. Сыздап ийди
Эне бүркүт табалбай алапайды.

Эне бүркүт ордунда туралабы,
жаалы кайнап, көздөрү жашылданып,
аркасынан камандын кубалады.

Жетээр замат издебей башка жайды
көтөрүлүп асманга, бир убакта
чоң камандын талпагын ташка жайды.

Шаңдуу дароо жашоосу токтогондой,
шаңшып сыздап асманда Эне бүркүт
«Балапаным кайда?!» деп жоктогондой…

Өзү кайра тик ылдый атырылып,
боюн уруп куу ташка, жатып калды
балапандын жанында жапырылып.

Октябрь, 2008-жыл.

 

ОКШОШКОНДОР

Карга көктөн карк-карк этет күнүгө,
жерде болсо митингчилер жиниге…

Таандар учуп каргалардын артынан,
эл ызы-чуу саясаттын зарпынан.

Самсып учса учсун таандар, каргалар,
самсыйт эмне митингчилер таңгалам.

Чөкөтаандын күз мезгили шакылдаар,
андан өтүп не шакылдайт катындар?

Каргалардын күз мезгили желпектээр,
не желпектейт сабыр күтөөр эркектер?

Самсыса да күздүн көркү каргалар,
күзгө көрктү эл кошалбайт жарданаар.

Арбып күздө саясатчы кузгундар,
бейпилдикти митинг менен бузгуң бар!

Жазда окко учуп шумкар, кыраандар,
жылт коюшту ажыдаарлар, жыландар.

Пайда болуп эми кузгун, каргалар
эл намысы жокпу буга арданаар?!

Күздүн бейпил күндөрүн тынч койгула,
Жетет канга Жаз, Жай болдук тойгудай!

Октябрь, 2010-ж.

 

ШАРДАЙ КӨҢДӨЙ ЭЛ ЭГЕМЕНДИГИ

Эгер эсти калчасак: Эгемендик
эркиндигин алдык деп неге келдик?
Эгемендик жылдары элди турмуш
эзди канча! Эх кандай тебелендик!

Шар көтөрүп тарсайып үйлөтүлгөн,
шаңдуу ураан жаңырттык үйрөтүлгөн.
Шардай жеңил, шардай бош курган элди
шамал-куюн айдады Чүй бетине.

Чүй, Бишкекте тирилик таппаганы
тентти туш-туш: жанды эптеп сактаганы.
Айран, кымыз соодалап көнбөгөн эл
абийир, намыс не калды сатпаганы!

Тарыхтагы тукуму кыраандардын,
так талашы токтобой «чыгаандардын»
талап-тоноп кайран эл ырыскыңды
тагдырына туш кылды цыгандардын.

Туулган жерге кул болуп көбү келбей,
туш-туш жакта кыргыздар өлүп-өлбөй,
турмуш кечкен кыздарың Москвада
тууп саалууда көчөдө лөлүлөрдөй!

Аттиң, алоо өрт турат өзөгүмдө:
Атажурттан алыста аза-муңда
бейиш жерден жыргабай мекендештер
бөтөн жердин жүрүшөт тозогунда!

Куру сүрөөн курусун азаттыгың:
«кул» деп турса биртууган казак бүгүн!
Таап келген жук болбой карызыбыз
тартып жатсак турмуштун азап жүгүн.

Тентип туш-туш аркимге жемелендик,
тезек сымал чачылдык, себелендик.
Улутту да камгактай удургутаар
Урдум ушул болсо эгер эгемендик!

Эгемен доор келди дээр калкым мына:
ээлеп ар дин о улук салтыңды да,
коңшу элдерге чегараң тебеленип
коргой албай турасың баркыңды да!

Үзөңгү-Кууш, Каркыра бекер өңдүү
устакандай тартылып кете берди!
Кайтып келгис ажоолор кылчактатып
кароолдогу кайберен текелерди…

Кудай берген байлыгың тебеленип,
Кумтөрүңө кузгундай тегеренип,
ээлик кылган башкалар. Эми кара
эшик аттап кытай, түрк келе берип…

Көзкаранды өлкөбүз көрүнгөнгө,
арданбаган абийри төгүлгөнгө.
Көөдөн кагып кайсыга мактанабыз
көөнө кыргыз карызга көмүлгөндө.

Мас бийликте төбөлдөр! Не каталык?
Мамилеге жарабай теңаталык,
кол куушуруп турушат коңшуларга
Мамлекетиң мородер деп аталып…

Шар тарсайып үстүндө шаарыбыздын,
шардай көңдөй көкүрөк баарыбыздын!

30.08.2012-ж.

 

МЕТАФОРА

Жарык тамган терезеңдин тушунда,
сени күттүм… калч калч этип түшүмдө.
Кычыраган кыш түнүндө ай жарык,
муз үйүңдү жүрүптүрмүн айланып.
Муздан үчүн төрт тараптуу дубалың,
муздактагы сенин ойлоп убалың,
кирейин дейм муз үйүңдү балталап,
жарык тамган терезеңди талкалап,
бирок сынбайт терезеңдин эч жери…
аяз кышта амалым жок эч менин:
кыяматтай башка түшүп ушул күн,
уяң жүндүү балапандай үшүдүм.
Кайдан-жайдан муз үйүңдүн капталын
бир убакта кызыл жалын каптады.
Эрисе да дубалыңдан муз тайып,
өрт койнунда отурдуң сен сустайып.

25.12.05.

 

ШААР ТУРМУШУ

Шаар укмуш үп болуп,
шалдаят бой жүк болуп.
Кетип калсам айылга,
келет элем күч толуп.

Көздөн учуп көлөкө,
көлөкөлөп терекке…
куйгуң келет жон ылдый
суу толтуруп челекке.

Жамгыр тилейт айланам,
жай күнүндө кайнаган.
Шамал болсо булутту
шаар жакка айдаган.

07. 08. 06.

 

АК КАРЛУУ КЕЧ

Чачың кара кундуздай. Меникичи…
Айыбы жок көзүңдү кадабачы.
Садагасы, таңгалып, аяр сылап
буурул түшкөн чачымды тарабачы.

Ак кар тышта сампарлап. Сен экөөбүз
маңдай-тескей олтурган маанайы суз…
жеңилдесек о, кана үшкүрүнүп
кыштын ушул кечинде таалайы сыз.

Сырттан кирип, кар салып моюнума,
оюнуң да кандыбы? Бубак кардай
агын санап чачымдын муңайасың,
бирибизге бирибиз чунак жандай.

Улайм кантип муңайган көңүлүңдү?
Келдиң мага күтүүсүз ала таңдай.
Эркелетип жүрөйүн карындаш деп
балапандай жөн гана, балапандай.

Каргылданба, кайгы бар менде дагы…
кар жаай берет ушинтип жер бетине.
Карлар эрип, жаз келет табиятка
жаштык келбейт а менин келбетиме.

Жантуйгу деп санаба, мерес кээде
өз кыялым өзүмө дайын эле:
аппак кардай көңүлүң кирдейт бир күн,
ысык болбос мээримим дайым эле.

Сен жалынсың алоолоп. Мен от эмес.
Терезедей муздакмын. Алаканым
ысык болуп ээгиңде турган менен
а ичимде суз тартып баратамын.

Ажарыңдай ажайып айланабыз.
Үндөбөгөн сырттагы теректердей
үндөбөйбүз биз дагы үй ичинде.
Үшкүрүнөм бар үчүн себеп менде…

Январь, 2009-ж.

 

БЕШИК

Төрөлгөндө наристе
эне бөлөйт бешикке.
Наристени терметкен
эне өлсө, табытты
чыгарарда эшикке:
бешик сымал термелип
узайт сөөгү табытта…
жер эненин койнунан
оюп койгон тешикке.

Февраль, 2009-ж. 

 

* * *

Жылдызга толгон асманга артып сугумду,
төгалбай койдум көөдөндө болгон бугумду.
Жер шары жымжырт ыңкыган түндө ак карлуу:
тынчтыктан өткөн тынчтык жок, – туйдум угумдуу.

Жадаткан эбак күрү-гүү, чуусу чоң калаа,
тирлиги майда пендеге мендей чоң балаа.
Четинде шаардын жарыгы күйгөн жупуну
үйүмдө ушул ыр жазган жашоо оң мага.

Зор максат көздөп тээ бала кезде кутурган,
бул аңкоо мага эмне бар шаарда тутулган!
Түшүндүм азыр, тынч жашоо сүрүп тек гана
алыстап шаардан: кыялдан жакшы кутулган.

15-декабрь, 2010-ж.

 

ДОСУМА АЙТПАС СӨЗ ЭЛЕ

Жашаганча кара жердин бетинде
басмырланып, жазганып:
үстүңөн чым басып мүрзө четинде
топуракты жазданып,
өлгөн жакшы – бет сыйрылбай,
сөөк шылынып этиңден.

24-декабрь, 2010-ж. 

 

* * *

Карманууга эрким жетпей калган күн,
турдум көпкө сырт жагында каалгаңдын.
«Ачкын» десем: «Неге кайра келдиң?» – деп,
мен жалынып, а сен мага жаалдандың.

Жаалың бирок кайнаса да канчалык,
жароокерлик кылгандыгың байкалып…
жаанга калып шөлбүрөгөн түрүмө
мерес мүнөз болалбадың анчалык.

Каалгаң «шырт» деп, көрүнгөндө улагаң,
маңдайымда турган сага кулагам.
Көздөрүңдөн жаш мөлт эте түшкөндө,
көөнүң мендик экенине ынагам.

Биздин тагдыр эки айрылыш болучу,
мен мейманың бир түн гана конуучу.
Сен эртеси ыйлап кала берчүсүң,
башка жакка мени азгырып жол учу…

Экөөбүз бир түтүн булап калганга,
тилек кылып, болдуң канча арманда.
Кол-жолум бош жүргөн үчүн тек гана
адат эле сага жетип барган маа.

Ошол кездер – туш келдиге жетелээр,
оюн менен өтүп шаттуу кечелер…
бу дүйнөнүн бир бурчуна камалбас,
жаштык экен бардыгына текебер.

Көп жылдан соң кезигиштик кайрадан,
бой ургандай күр-шар аккан дайрага:
о качанкы кучагыма куладың,
мен да эчкимге минтип кулач жайбагам…

Сен экөөбүз жан кыйбастар окшойбуз,
эмне мынча алоолонгон оттойбуз?
Тирүүлүктө жүрүп канча көрүшпөй
эми неге сүйүүбүздү жоктойбуз?…

Май-июнь, 2011-ж.

 

ЭКМЕТ

Эл – мээкайык, өтүп канча закымдар,
ага калак болчу жалгыз акылман.

Калагы жок кайыкты ким башкарат?
Калктан чыккан баштар жалаң ашкабак.

Төрөлөр көр, ыйлап жатса мискиндер,
а кудайда күч жок муну тизгиндээр.

05.06.2011-ж.

 

ОКТАВА

Жаштык эмне?
Түркөйлөргө – агуу бирге сел менен,
эстүүлөргө – дайра артка келбеген.
Карылыкчы?
Түркөйлөргө – ызгаардуу кыш кейиштүү,
а эстүүгө – күзгү терим жемиштүү.
Өлүм эмне?
Түркөйлөргө – бейиш-тозок ылайым,
эстүүлөргө – Теңир берген ырайым.

21-ноябрь, 2011-ж.

 

ДИАПОЗОН

Айым десем, Айымсың:
үн катпай мелтиреген.
Күнүм десем, Күнүмсүң:
нуруңду мен тилеген.

Жылдыз десем, түгөнгүр…
бийикке оболодуң.
Периштеге теңесем,
жаныма жолободуң.

Көп асылга теңесем:
көөхарсың өмүрдөгү.
Гүлүм десем, гүлдөйсүң,
көз артчу көрүнгөнү…

Жер үстүндө жүрсөң да,
жетпестен өзүңө түк –
окшоштуруп баарына
кетеби көзүм өтүп!

1-декабрь, 2011-ж.

 

ОКШОШТУК

Тунжурап турат асман туман чалып,
бозоруп жер караган жетим сымал.
Теребел шамал дуулдап, улам чаңып,
от жанып коломтодо бийлейт цыган.

Отундан таштап коём. Чарт-чурт үндөн
жадабай. Жалын отко көздү кадап:
жалындын ортосундай дуулдап күйгөн
отурам тээ бир өткөн кезди самап.

Сырттагы шамал үнү аңылдаган
ыйындай Дон Хозенин кулагымда.
А Кармен маңдайымда жалындаган –
кызыл от бийлеп аткан. Дубалымдан

киралбай сырттан үйгө боздоп шамал
(Дон Хозе ойсокесин кысканып тур,
Карменин имерүүгө таппай амал)
жулкунат улам-улам кабагы сур.

Март, 2012-ж.

 

РЕКВИЕМ

Тагдыр башка салып кыйын сыноону,
айлабызды миң кетирди бир оору.

Оор деп жүрсөк жаш сызганын каректен,
кеп да болбой калды ичтен кан өткөн.

Сен айыкпай турган дартка кабылып,
мен айласын таппай туш-туш сабылып…

жараткандын атын ооздон түшүрбөй,
жашасак деп кармашкан кол үзүлбөй:

тиленсек да тилегибиз таш капты,
жер муштатып, карегимди жаш басты.

Жан үзүлдү. Көктө жылдыз тараган…
Жер чапчыдым аю сымал жарадар.

Уул-кызымдын кулак жарган үнүнөн
удургуп жер, тарып турду дүнүйөм.

Чарк айланып жасатыңды муздаган,
көз кашайды – уул-кызыңа сыздаган.

Тагдыр башка союл менен ургандай,
кайыштырды кайрат таппай курган жан…

Тоо силкинсе тоотпойт элем анчейин,
тоодон жакын сен элең го, кантейин!

Апрел-май, 2013-ж.

 

СЕН ЖОК

Сен жок жалгыз… Сени салар эсиме
турат баары. О, курусун турганы:
тирликтеги колуң тийген буюмдар
калган окшойт көз жашыма жуулганы.

Сен жок үйдө колго урунган буюмдар
текче, бөлмө, бурчтан көзгө илинип,
элесиңди эске салып дамамат
тирлик өтүп жатат жүрөк тилинип.

Аларды да бир кезекте чаң басар,
сынып кээси, эскиргени эскирер.
Чыканактай уул-кызыңа бу турмуш
арка жетим калгандыгын сездирер.

Тозор өңдөн сен кармаган буюмдар,
мен кайгымды жеңип, тараар бук дагы…
Жылдар өтөт. Өзүң бардай бир кезде
ким аярлайт сен кармаган тутканы…

13-май, 2013-ж.

 

* * *

Сокур элең кемчилигим көрбөгөн,
оң ишти терс кылсам кайра жөндөгөн.
Кой-ай деген кебиң гана тизгиндээр
колуңдагы азоо элем көнбөгөн.

Дүлөй элең наалыганым укпаган,
жаман болгон жокмун акыл-нускаңан.
Жароокерим, эсил кайран өзүң жок
турмушта эми мокоп калсам учтаган.

23-май, 2013-ж.

 

* * *

Кайрат кылгам ата-энемден ажырап,
кайрат кылгам биртууган жан өлгөндө.
Кабырыңдан бир аз барып арылап,
кайрат таппай турдум сени көмгөндө.

Укканымда санаалаш жан өлгөнүн,
суук кабардан тартып жаным муң кайгы,
акырындап кайрат кылып көнгөмүн.
…Көрсө сенин ордуң башка турбайбы.

Колтугума жаздык сүйөп жаткыдай
даяр аш жок сен бар кездей баягыл.
Кордук экен жар болбосо, аттиң-ай,
колума өттү сенин казан-аягың!

26-май, 2013-ж.

 

* * *

Бала болчу бирге өсүп ойногон…
Калбай кууган көпөлөктүн артынан,
гүл көрсө да сук артканын койбогон,
кумарланып жыпар жытка аңкыган.

Ошол курбум кийин молдо болду да,
тойбой канча токол алып оолукту.
Кыздарды кууп көпөлөктүн ордуна
гүлдөй назик далайларын соолутту.

23.05.2014-жыл.

 

* * *

Саркеч кийип, жаңылантып оо дагы
адамзаты кууп жашайт моданы.
А табият мода куубайт. Түбү өнүп,
анын жаз, жай, күз, кыш көркү түбөлүк.

17-июнь, 2014-жыл

Соц тармактар:

Олжобай Шакир: 16 комментариев

Добавить комментарий