Бишкекте “Мисс Бишкек- 2009” сулуулук конкурсу өтөт

4-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Эл аралык аялдар күнүнө — 8-мартка туш келтирилген «Мисс Бишкек-2009» сулуулук конкурсу өтөт. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигинин кабарчысына «Prima» агенттигинин PR-менеджери Татьяна Трелевская билдирди.

Анын маалыматы боюнча сулуулук конкурсуна «Мисс Бишкек-2009» наамына 20 атаандаш кыз-келиндер катышат. «Бардык катышуучулар 3 тандоо турунан өтүштү, каалаган 100 кыз-келинден 20сы гана тандалып алынды. Модель агенттиктеринде окугандар же иштегенер эң аз. Тандап алуунун башкы критерийлери — бойдун 170 см жогору, курактын 14 жаштан 23 жашка чейин болушу жана албетте, жакшынакай сырткы келбеттер»,- деп белгиледи PR-менеджер.

Сулуулук конкурсу визиттик карточка, улуттук кийим, кечки көйнөк жана блиц-сурамжылоо деген 4 этапта өтөт. Башкы байге Кытайдын Хайнань аралына бир апталык жолдомо, ал жерде «Дүйнөнүн мисси» конкурсу үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

А.Бенгард, «Кабар», МА, 2.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий