Мен жакшы көргөн инсан Урманбетов жашоону уруп ойнобойт

«Бүкүрдү бир гана көр түзөйт» дегендей, Кыялбек Урманбетовду атасы Совет да, Совет доору да, бүгүнкү заман да түзөй албады. Жасатынан кандай жаралса, ошондой. Аны бир түзөсө Сократтын Ксантиппадай катыны түзөмөк. Сократтан «сен эмнеге акылдуусуң?» десе, «катыным акмак үчүн акылдуумун» дептир. Анткендиги Ксантиппа аны кадимки шыпыргы менен сабап турган эмеспи. Эгерде Кыялбек байкеге шыпыргы менен сабап же бет тытаар катын туш келсе, сөзсүз түзөлмөк. А Бурул эже кайдан, тескерисинче, байкени бала кылган киши ошол. Кыргыздын Алыкул, Табылды, Турары баш болуп катын кордугун көргөн алп акындары толтура. Бул жагынан мыкты аялзатка жолуккан таланттардан Шайлообек Дүйшеев экөөнү гана билем. Дүйнөдө кабагым-кашым дебес аялзатка кабылган ушул экөөндөй бактылуу акындар чанда чыгар.

Кыялбек байке экөөбүздүн ымала санашкан мамилебизге жыйырма жылдай болду. Ошондон бери бу кишинин азабын тарткан Бурул эжедей жанды жолуктурбадым. Мисал толтура, мен бирин-экинин гана… » Кербез» деген музыкалык гезит ачканбыз. Аны чыгарган Турдубек Чокиев, Кыялбек байке, мен- үчөөбүз. Анда Кыргызстанда арак чыгарып тез байыган ишкерлердин бири Чокиев. Жеген-ичкенибиз жалаң эт, шорпо. Айлыктарыбыз чөнтөккө батчу эмес, сумкаларга шыкайбыз. Бирок ошол акчалар үйүнө түз барчу эмес эле. Себеби жолдон жолуккан достору көп. Алар эмне болгон достору, билбейсиң. Баары пивоканага үйүр. Байкебиз үйбүлөсүнөн мурда досторун тойгузат. Тойгузганда да жалаң шашлык, пиво менен. Жумушка эртеси келбейт, анын эртеси да. Үйүнө телефон чаласың, телефондо Бурул эженин үнү.

— Байке барбы?
— Үч күндөн бери үйгө келе элек.
— Кайдан келе элек?
— Жумуштан.
— Кантип!? Үч күн мурда айлыгын алып, «карыздар толуп кетти» деп кетпеди беле.
— Байкең үч айдан бери айлыгын апкелелек…
— Тү-үй… ушундай кантип болсун!..
— Болот эле. Байкеңерге канча жылдан бери көнүп бүтпөдүмбү — деген Бурул эженин канча жолу сабырдуулугун ошондон баштап аячу болдум. Адам ушунча да чыдамдуу болобу.

Бир күнү Чокиевге айттым:
— Кыялбек байкенин айлыгын экинчи колуна бербеңиз, мен үйүнө жеткирип турам.

А киши да сырын жакшы билет экен, айлыгын ошондон кийин Бурул эженин колуна жеткирип жүрдүк. Кээде «Кербез» фирмасына машиналап эт, картөшкө, пияз келет. Уйдун бирден сан этин же мүшөктөлгөн картөшкө, пияздарды Чокиев «үйүңөргө жеткирип алгыла» десе да Кыялбек байкенин мойну жар бербейт. А үйүнө чалсаң, үйүндөгүлөр канча күндөн бери макарон кууруп жеп отурган болот. Анан Чокиев экөөбүз башыбызды чайкап, үйүнө эт-аш жеткирип барабыз. Акторпок досу айтандай, бу кишинин кылбаганы барбы. Ал эмес менин кеч үйлөнүп калганыма да ушу киши кадимкидей таасир эткен. Ал мындай, балээдей болуп бир күнү немис философу Кантты окуп отуруп, анын өмүр бою үйлөнбөй өткөнүн айтып калдым. «Чыгармачыл адам колдон келсе Канттай болуп үйлөнбөшү керек» деп Кыял байке мени да үйбүлөсүз так өтүүгө шыкактай баштады. Жаштык деген жаштык, буга мен да кадимкидей элиргеним бар. «Үйбүлө курасың, анын бары баш оору» деген философиясы чындыгы бардай көрүндү…

«Укмуштуунун төөсү жорго» дегендей, Кыял байке тутунган ушундай тирукмуш ойлорду кээде Бурул эже да кадимкидей жантартып колдойт. «Акын дүйнөсү ушундай болуш керек» деп, ал да күйгүзөт десең. Байкебизге окшоп, эжебиз да көрдүйнөгө кайыл. Аялзаттан чүпүрөк-чапырак, жалтырак-жултуракка кызыкпаган да ушул киши. Байкебиз менен өмүр кечирген башка аял болгондо, эбак жылдызы түшүп, ичкиликти кошо жарышып ичип, алдыңан шыпыргы менен тап берип чыкмактыр. А булардыкы кайдан? Кайра кыз-жигиттей болуп, дегеле бир-бирине ынак. Бактылуу кылар башка бирөөнүн колун кармап кетсе деле Бурул эжебизде өң десе өң, акыл десе акыл, анан таптаза жандүйнөсү бар адам.

Бул үйбүлөнүн мага эмнеси жагат? Качан болбосун улагасын аттасаң, жадырап турушат. Телегейи тегиз жашагансыган канча үйбүлөнү көрүп жүрөм, ыр-чыры бүтпөй. А бул үйбүлөдөгү атмосфера таптакыр башка. Күнүгө салтанат. Бүгүн да, эртең да. Айтор качан болсо…
Кыялбек таңшыйт…

Ыр «жүрөгүнө» операция жасаган

Ар бир адамдын жылдызы жанып турган кез болот. Кыялбектин да ушинтип жылдызы жанып турган кези. Биз китеп артынан китеп жазып, кагаз, калем, каражат коротуп атып араң кирсек, Кыялбек «адабият Меккесине» азырзамандын тили менен алганда «ажы төлөмүсүз» же «бажы төлөмүсүз» эле аттап кирген аз акындардын бири. Тагдыр бул жагынан ага аябай марттык кылды.

Дагы жарыгыраак нур чачсын үчүн жайнаган жалдыздарды жерге түшүрүп жибербей кармап турган Түнкү Асман болсо, бүгүн оюн-зоок жайлары менен концерттик залдардын, радио менен теле-экрандын бетин бербей жайнап турган жылдыздарды жерге түшүрбөй кармап турган Ыр Асманы — Кыялбек. Атактуу «Акшоола» балдар ансамблиндеги композиторлор Гүлмира Эсенгулова менен Турдубек Чокиевдин же айтылуу ырчылар Актан, Рыскелди, Гүлнурдун аткаруусундагы таланттуу композитор Бакыт Алишеров, Эркин Мээркановдун мыкты ырларынын сөзүнүн барын Кыялбек жазган. Сөзүн Кыялбек жазбаган ыр калбай баратат. Бул жагынан ал жолдуу да, сомдуу да болду. Кемпир-чалдардан тартып, кедейген балдардын «Керемет көчүнө» чейин Кыялбектин «ырбазасы» басты. Эми аны ал жерден бир дагы президент айдап чыгаралбайт.

Кыргыздардын ичинен жүрөккө биринчи операция жасаган атактуу хирург Иса Ахунбаев Тору Айгырлык болгон, кыргыздардын ичинен үндүн «жүрөгүнө» биринчи операция жасаган атактуу ырчы Болот Миңжвлкиев да Тору Айгырлык болгон, кыргыздардын ичинен ырдын «жүрөгүнө» биринчи операция жасаган акын да Тору Айгырлык Кыялбек Урманбетов болду.

Кыялбектин ырлары кемени чөгүп кетүүдөн сактап турган матросторго окшоп, кыргыздардын кыйшайып турган башын өйдө жөлөп турат.

Кыялбек буга дейре кыялданган кыр генийи болсо, эми ыр генийине айланды.

Кыргыздын ХХI-кылымга чейинки обондуу ырлары «Алатоо таңшыйт» болуп келсе, ХХ1 кылымдан кийинки ырлары «Кыялбек таңшыйт» болмокчу.

Шайлообек ДYйшеев, Кыргыз эл акыны

Дос күйдүрүп айтат
Кандай адам түттү экен Кыялбектей уулга?

1994-жыл болсо керек, жандүйнөнүн токчулугун мындай кой, кара курсактын аргасын издеп, элдин бары базарда тополоң түшүп жатыр. Андан бирби, бир жарымбы, жыл мурдарак эле мени менен кошо кызылкулактык кесипке чоң жигер менен аттанып чыккан Кыкем базардан «баар» табалбай, кайра баса берген эле. Ал мен болсо кайра-кайра банкротко батып, «эми кантип байып, элдин көзүнө көрүнөм ыя?» деп башым чагылып жүрсөм, ушулеле Кыялбекке кезигип калбаймынбы (же ал маган келип кезикти беле — эсимде жок). Өзүнүн чөнтөгүндө сокур тыйыны жок, бопоросунун түтүнү көк челет, анан сурап турбайбы: «А-ай, чыгармачылык кандай, ыя?» депчи тозоку. Ошондо бир күйбөгөн жерим күл болгон эле…

Энди Кыке тууралуу кайсы бирин айтайын? Кылбаганы жок. Урганы да жок. Иши кылса ыр болсо, толо-толо теңтуштары болсо, ыр-күү арак-шарабы менен аралаш болсо. Ырларын карабайсыңбы, «эртеңкинин камын жегенди эмне кыласың?» деп өзүнө окшоп кыйшая суроо коюп турбайбы. Бүгүнкү ырлары менен эртеңкиге, түбөлүккө кам көрүп жатам дейт ал киши. Мына ушул — Кыялбектин образы.

Бир сапар аяшым Бурул таң атпай телефон чалбайбы. Кычыраган кыш эле. Менин алкылдаган кызыл иномаркам бар, өзүм деловоймун, шашып жүрөм Кыргызстандын бүт түйшүгүн жалгыз мен жонума көтөрүп жүргөнсүп. Бардым. Барсам, Кыялбектин эки баласы тең сыркоолоп, догдурга жеткириш керек болуп турган экен.

— Кыялбек кайда? — деп өктөм суроо салдым Бурулга.
— Арашанда, — деп күнөөлү күңк этти менин машинеме катуу иши түшүп турган бечара аяшым.
— Качантан бери?
— Он күндөй болуп калды го…
— Ал суволуш ошондон бери чала элекпи? Балдарынын абалын билеби?
— Чала элек…
Мына, Кыялбек деген инсандын нукура жүзү. Ал суволушка Ыр эле болсо болду. Анан Көл. Анан бираз шарап…

Шарап демекчи, алты жүз сексен тогуз грамм ачкыл шарапты бираз ачкарын жутуп алса, кишичил болуп кетмейи бар. Арга жок чыдайсың. Сени бирөө аны менен теңтуш бол деди беле? Тили менен, ага кошуп кишинин көзүн олуп кетчүдөй колдору менен жаңсап, акты кара экенин далилдеп салганда көрбөгөн кордукту көрөсүң. Салаңдаган суволуш десе…

Кээде мен Бурулга таң берем, ушундай АЛП АКЫНДЫ көтөрүп жашап жатканына. Аялына атчёт бербесе, башы оогон жакка басып кетсе, үйүнөн киши арылбаса, бир сөздүн түпкү тегин талашып, ай-ааламга будуң-чаң салса… Ушунча кылыгына чыдаганы аз келгенсип, ЭРИНЕ чаң жугузбай калкалап турганы. Кандай аял түттү экен Кыялбектей кишиге? Мен да эр экем ушундай киши менен катышып жүргөн.

Эми элүүгө чыгыптыр. Бу кышта даана элүүгө чыкканда «эй, элүүгө чыктың, эми бираз эскир, киши бол» деп айттым. Аа-ай, Кыялга ишениш кыйын го, оңой менен «киши» болбойт ко, ушу бойдон эле: жеткен тээжик, өз билбегенин бербеген АКЫН бойдон эле калат ко.

Казыр чөнтөгү бош эмес. Китебин чыгарып алса болот эле акчасы барда. Эмесе, жаман айтпай жакшы жок, мобу бетпак заманда эмне алат болуп кетсе, бая Кыялбектин китебин чыгарат элек деп, салаңдаган достору, теңтуштары марафон уюштуруп, тополоң түшүп жүрбөйлүк? (Түф-түф, анын жүзүн ары кылсын!).

Бизде ушу Кыялбек, дагы Кушубак деген кишилер бар. Баягы эле бойдон. Заман өзгөрөт, эзели экөө өзгөрбөйт. Капитализмби, коммунизмби, барчылыкпы, жокчулукпу — баары бир, кебелип коюшпайт. «Кейибе бака». Баягы эле Кушубак, баягы эле Кыялбек. Бирөө кыйшайып, бирөө өзү менен өзү кобурашып, жүрө беришет. Ушу күнгө ыраазы. Жыргал эле экөөнүкү дейсиң…

Султан Жумагулов- Акторпок

Атына заты жарашкан
Ай-жылдызды аралаган акын

Азыркы кыргыз акындарынан Кыялбектей сөз менен көшөрө иштегендерин көрбөдүм. Айтайын деген ойу агылып-төгүлүп, кылыктуу кыздай кылгырган ыр саптары мени жаз деп каш кагып турса дагы Кыкем сөздүн мүрөгүн издеп, анан мүйүздөн алгансып шап кармап, ары аласалдырып, бери аласалдырып, өөн көрүнсө өгөп, жоонураак болсо жонуп узанып жатканын көрсөң жанына туралбайсың. Аз өтпөй эле ошол «миң азаптан» өтүп жазган ыр саптарына канаттуу обон жаралып оболоп учуп, укканды умсундуруп, окуганды ойго салып жылдыздай жанып чыга келмейи бар. Мындай, сөзгө болгон ыйык мамиле көпчүлүгүбүзгө сабак болчу көрүнүш. Айтмакчы, Кыкем жаңы ырын жазайын деп «толгото» баштаганда оозуна адегенде эле ай-жылдыз келээрин көп байкадым. Жазылган ырларында деле асман-көктөн түшпөй, «жылдыз үзгөн» учурларын баамдап жүрөбүз. Ушундан улам атына-заты жарашкан Кыкебиздин ой-чабыты дайыма бийикте, булут минип, жылдыз аралап жүргөндөй туюлат. Кыялбектин ат көтөргүс адамдыгын, жарык чачкан жан дүйнөсүн айтып отурса узак кеп…Азырынча ушул ырды суна турайын…Бар бол Кыке!

Темирбек Алымбеков

Кыяндай сөзү ташыган,
Кымыздай ыры ачыган.
Кызык мүнөз жан ушу,
Кыргыз десең жашыган.

Ыр деп согуп жүрөгү,
Ыр сабы болду түнөгү.
Ысык нандай ырынын,
Ыраактан келет илеби.

Ялладай дайын кыргызга,
Якордой терең турмушта.
Ямщиктин аты тарталбайт,
Янтардай ырын бир нуска.

Литрлер кээде түтпөгөн,
Лирасы чексиз бүтпөгөн.
Лавадай кайнак саптарын,
Лаалы таштай түздөгөн.

Бопоросу бурулдайт,
Басып-туруп кыңылдайт.
Бал издеген аарыдай,
Баш оорутуп дыңылдайт.

Егердей сөздү коруган,
Ерекше журттун акыны.
Есенин болуп алганда,
Еноттой мүлжүйт башыңы.

Кызылды көрсө учурбай,
Кыялын таптап кушундай.
Кыргызга кымбат чоң акын,
Кыялбек жайы ушундай.

Олжобай ШАКИР, «Айат»

Соц тармактар:

Добавить комментарий