Мыкты жоргонун баасы — 100 миң доллар

Белгилүү саяпкер, коомдук жана мамлекеттик ишмер Кемел Ашыралиев көп жылдан бери күлүк таптап, жорго жарыштарга катышып жүрөт. Алтымыштан ашса да жигиттей шайдоот Кемел агабыз бүгүн жоргонун түрлөрү тууралуу кеп салып берди.

Кемел Ашыралиевич, сиз жорго таптап, өзүңүз алтымыштан ашсаңыз да жорго салдырып, аламан байгеге түшүп жүрөсүз. Кыргыздар илгертен эле жоргону баалап-барктап келишкен эмеспи? Ушул жоргонун эле канча түрү бар?

Кыргыздар жоргону өтө жогору баалаган. «Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин» деген макалдын маани-маңызынын тереңдигин караңызчы. Бир күндүк өмүрүң калса, түшкө чейин жорго минип, ырахатына батып, андан кийин өлүмгө деле камына бер деген түшүнүк жатат. Эми жоргонун абдан көп түрү бар. Өтө белгилүү төрт-бешөөнү атап кетейин.

Жол жорго деп коет, жол жүргөнгө тынч, терметкендей жол жоргосу менен жүрө берсең, берки аттардын шайы кетет, ал чарчабай, жанга тынч, бир күн-түнү жүрсөң да, ар кайсыл жерде чалдырып алып, кете берсең болот. Сага да тынч, жоргого да жайлуу, талыбай, арыбай сапар улай берсең болот.

Анан кийинкисин — коен жорго деп коет, кичине ордунан секирип, көчүк жагы коендукундай болгон секирик менен жорголойт.

Кой жорго деген түрү да бар. Арышы эң эле кичинекей, бүжүрөп, тыпыңдап, бутун сүйрөп, койдой болуп жорголойт. Бул дагы жол жүргөнгө тынч келет. Алардын арышы кичирээк болот.

Анан дагы бир түрү — чапма жорго дейт. Бул жорго бирде жорголоп, бирде жазып кетип, муну кээде жазма жорго деп да коюшат. Бул жоргону кээ бири салма жорго кылам деп көп аракет кылат. Бирок кээсинен чыкса, бирин-экин чыгат.

Анан эң мыкты жорго үстүнөн суу куйса төгүлгүс, зымыраган «Мерседестей» же сызып бараткан самолетко окшоп, жазбай жорголойт. Кээ бир жорголор жолунда өмпөк-дөмпөк жолукса, жазып кетет. Бул өйдөдө-ылдыйда дагы жазбаган жорголор жаман жолдо да, жакшы жолдо да бирдей жоргологон салма жорголор делет.

Кыргыз жорголордун көбү жол арбытпайт. Ылдамдыгы начарыраак келет. Булар бат чарчайт, майда арышы арбып, кооз көрүнүп, көз жоосун алат. Мыкты жорголор — Американын «стандарт — бредный» болот. Мунун 80 пайызы өтө жорго болуп, булар стандартка ченелип, 2 км аралыктагы мынча убакытта келиш керек деп коюп, шамалдай сызган жорголор. Ушундай стандартка алып, белгиленген убакытта келгенин алып калып, калганын кое беришет. Учурда Казакстан, Орусияда ушундай «Стандарт-бредный жорголор пайда боло баштады. Кыргызстанда анын таза кандуусу жок. Бирок ошондон алып, орустун Орловский, орустун рысак деген жылкыларына кошуп, жалгаштырып, жоргонун тукумун алгандар бирин-экин бар. Кудай буюрса. 10 жыл аралыгында бизде да ушундай жорголор болуп калаар деген үмүт бар. Биздеги жорголордун көбү эле ошол орустун Орловский же рысак түрүнөн чыккандар.

Орловский менен рысактын башка жорголордон кандай айырмасы, өзгөчөлүктөрү бар?

Орустун Орловский же рысак жорголорунун эки буту жорго болот. Арты гана жорго эмес, алдыңкы буттары жорголойт. Анан дагы «трапата» деген түрү бар. Мунун үч буту жорго болот. Чыныгы жоргонун төрт буту тең жорго болушу керек. Эң мыкты жорголордун көбү — орустун Орловский жана рысак тукумунан чыгып жүрөт. Кыргызстандагы «Патрон» аттуу жорго, «Талисман» деп атап жүргөн жорголор Орловский менен орустун рысагынан чыккан. Ушул жорголордун арыштарын карап турсаң, алдыңкы утуп алып кеткиче арткы буту басып калат. Алдыңкы буту да укмуштай жорголойт, арткы буту алдыңкы бутун шаштырып, чачысына тийип, кээде басып кетип, канатып жүрөт. Мындай жоргонун арышы кенен, бийик ташталат, катуу кетип баратканда 5 метр жерди бир таштайт. Машина, автоунаанын ылдамдыгына өлчөгөндө саатына 80-85 км жүрөт. Алар менен чогуу чабылган күлүк аттар караандабай кала беришет. Мындай жорголордон «Орел», «Талаш», «Ленисток», «Пленник» деген жорголор бар. Кыргыздар мурда Орто Азияда байге берчү эмес элек. Казакстан биздин жорголорду сатып алып, же тукумунан алып кетип, аларда кийинки учурда мыкты жорголор чыгып жатат. Жоргого көңүл буруп, аны сактап калуубуз керек.

Илгери жоргону жөн адам минбей, байлар-бийлер же байбичелер көчкөндө минсе керек эле?

Чынында эле ошондой болчу. Байлар, бийлер, хандар гана жорго минчү. Алар эч убакта жөнөкөй ат минчү эмес. Кызга калың берсе да, бир жорго бердим деп өтө барк менен айтышчу. Жоргонун кадыр-баркын кыргыздар калыбына келтирип, өтө барктай билүүбүз керек.

Эми мыкты жоргонун орточо баасы канча турат?

Мисалы, мына бул даңазалуу «Патрон»деген жоргону алам деген киши, 60-70 миң АКШ долларга алышы мүмкүн. Мыкты жоргонун баасы — 8 цилиндрлүү «Хамер» аттуу же эң кымбат «Мерседестин» баасына барабар. Эң мыкты жоргонун баасы — 100 миң долларга чейин барып калды. Орто жорголор, 2-3-орунду алып жүргөндөрдүн баасы — 25-30-40 миң долларга чейин бааланат.
Келечеги бар тай-кунан жорголордун орточо баасы 10-15 миң долларды чапчыйт. Чындыгында эле жорго өтө баалуу. Баланчанын жоргосу, «Шырдакбектин жоргосу» деген атак-даңк, даңазасы эле кандай баа жеткис. Көчөдө толуп жүргөн «Жип» автоунааларын мурдун тарта албаган кыздар-балдар минип жүрбөйбү?! Килейген, мыкты жорголорду минип, мөрөй алып жүрсөң, кандай ырахат, кандай керемет!

Кабыл Макешов, «Аалам», 12.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий