Сууну башынан тундурганда…

Ош МУнун ректорунун мамлекттик тил боюнча кеңешчиси

1989-жылы 23-сентябрда жарык дүйнөгө келген ымыркай, быйыл 20 жашка чыгып, кынында курчуган кылычтай кырчын жигит, көркөмү көз жоосун алган сулуу кыз болду. Ал эми ошондогу кабыл алынган мамлекеттик тил кыргыздын канына сиңген камырабастыгы, кенебестиги, ыкшоолугунун кесепетинен азыркы кейиштүү жагдайга кириптер болууда. Эми биротоло чек коюп, учу-кыйыры жок чексиздикке, белгисиз мөөнөткө созо бербей жыйынтыктуу иш аракеттерди баштоого мезгил жетти. Иштиктүү аракеттердин жасалышы — турмуш талабы да, учурдун олуттуу маселеси да болуп чыңалып турган чагы.

Топудай кыргыз элинин өткөн улуу муундары кооз, бай жана көркөм кыргыз тилин жоготпой, өчүрбөй улам кийинки урпактарга кастарлап келишсе, бүгүнкү жаңы доордун жашоочулары, биз, улантууга күч-кубатыбыз жетпей жатканы өтө кечиримсиз иш.

«Суунун да сурагы бар» дегендей тилди кор тута берсек, кам көрбөсөк, алыс эмес убакытта азабын тартып калышыбыз айдан ачык нерсе. Тилим менен тикенек алам деп куру безенеп сүйлөгөндөн көрө келечектүү, натыйжалуу жана кайтарымдуу иштерди кечиктирбестен баштоо абзел.

Туура жазуу эрежебизди элдин талкуусуна салбай, ыгы жок өзгөртүп, окуучулар, мугалимдер, журналисттер жана жалпы коомчулук алты жыл азапты аябай эле тартышты.

КРдин Жогорку Кеңешинин «Кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы жөнүндөгү» токтомунун (2008.26.06. №567) чыкканына 8 ай болсо да, КРдин Өкмөтүнүн токтомунун (2009.10.01.) чыкканына 1 айдан ашса да, дале камырабастыктын торунан чыга албай келебиз. Мисалы: КТРдин көрсөтүүлөрүндө «Жетиөгүз», «Ысыккөл», «Чолпоната» деген жазуулар оңдолбой, ЭлТРден жаңы жылдан баштап SMS жазуулар (айрыкча, жаштардыкы) толгон-токой каталар менен чыгып жатканын эмне деп калчоого болот? Муну жетекчилердин токтомду тоготпогон тоң моюндугу деп түшүнүүгө туура келет.

Түркиянын Премьер-министри (мурунку) Сулейман Демирелдин: «Улутчул-дуктун өзү — бактылуулук» деген сөзүн биз, кыргыздар, кыргыз экенибизди туу тутуп, коркпой эле ураан кылсак жарашат. Улуттук тилге кам көрүү — башка улуттардын тилин басмырлоо эмес. Тескерисинче, уңгулуу тилге (мамлекеттик тилге) урматтоо жаратып, ал аркылуу республикада жашаган улуттардын достугун, ынтымагын чыңдоонун негизи болуп саналат.

Мамлекеттик тилдин оош-кыйыштары жөнүндө төмөнкүдөй пикирлерди билдиребиз.

1. Ымыркайдын бешиктен бели чыккандан баштап, кыргыздын таалим, тарбия, нарк-насил, каада-салт ж.б. багыттагы айтымдарын кулагына куюп, көөдөнүнө сиңирүү — ар бир ата-эненин ыйык милдети. Мисалы: Израилде еврейлер балдарын кичине кезинен баштап «сен келечекте улуттун чыгааны, элдин баатыры болосуң» деп мактап, иврит тилин (1949-ж.) каны-жаны менен коргоого үйрөтүшөт. Ошондуктан бардык тарабын араб өлкөлөрү курчап турса да, мамлекетте эне тилин №1 маселе деп эсептешет.

2. КРдин билим берүү жана илим министрлиги мектептин кыргыз тили боюнча программасын түп-тамырынан кайра оңдоп чыгуусу зарыл. Курулай эрежелерди жаттатуудан көрө, өз оюн эркин, оозеки айтууга, кептик карым-катышка активдүү катышууга, сабаттуу, туура жазууга көнүктүрө турган ыкмаларды, усулдарды иштеп чыгуу — турмуштук зарылдыкты жаратууда.

3. Республикадагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын бардык адистиктеринин, мамлекеттик стандарттагы окуу планына кеп маданияты («сүйлөшүү» Т.Маразыков) курсун киргизүү керек. Сүйлөшүүнүн талаптарын (туура, так, таза, көркөм ж.б.), эрежелерин (оозеки, жазуу кебинин нормалары), вербалдык эмес каражаттарды (кыймыл-аракет, ымдоо, жамдоо, ишарат), кептик этикет (учурашуу, коштошуу, жүрүм-турум манералары ж.б.), учкул сөз, макал-лакап, даанышман айтымдарды ыктуу колдонуп, сүйлөөгө көнүктүрүү — кыргыз тилинин пикир алышуудагы кызматын арттырат.

4. КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин окуу планына «Иш кагаздарынын практикуму» предмети (48 саат) киргизилбей 20 жылдан бери ЖОЖдордо (кыргыз филологиясы факультетинен башкасы) жана атайын орто окуу жайларында окутулбай келүүдө. Мамлекеттик стандарттагы окуу пландарында (2004, 2006) бул предмет өтө зарыл экендигине карабастан дагы эле киргизилбей калган. Келечекте жумуш орунга сабатсыз (иш кагаздары боюнча) адистер бүтүп барганына ичиң ачышат. Андыктан бул предметти окуу планына кылчактабай эле чечкиндүүлүк кылып киргизүү — жетекчилердин кулагына күмүш сырга болсун деп туралы.

5. Ош шаарындагы мекеме-ишканаларда, күч структураларында ж.б. иш кагаздары жалпы бирдей талап менен окутулбай, ким билген намазын окуп, сабаттуулук, эреже бузулуп жатат. Борборлоштурулган (республикалык, облустук, шаардык, райондук, айыл өкмөттүк) бирдей талаптагы, иретке келтирилген иш кагаздарын окутуунун жоопкерчилигин, үлгүлөрүн иштеп чыгуу керек.

6. «Сууну башынан тундур» дегендей кыргыз тилге болгон мамилени мамлекеттин, өкмөттүн жетекчилери, эл жакшыларынан баштоо максатка ылайыктуу болот. «Улуу көч кайда көчсө, кичүү көч ошондо көчөт» деген накыл сөз ар бир кыргыздын көөдөнүндө орноп, жогору жакты үмүттүү карап кыймылдаган адаты дале жашап келүүдө.

Коңшу мамлекеттердегидей (Казакстан, Өзбекстан) кызмат орунга кыргызча так сүйлөп, туура жаза алганына сынак жүргүзүү (чиновниктерди) же атайын мыйзамга талаптарды киргизүү керек. Ошондо гана муктаждыктын, зарылчылыктын шарапаты менен кыска убакытта өнүмдүү натыйжага жетүүгө болот. Бул багытта тилдин кашкөй, жалаң төш азаматтарынын карааны көзгө чалдыкпай келүүдө. Кыргыз тилинин такыба чыгааны, профессор Жээнбай Мукамбаевдин: «Кыргыз сөздөрү китепке түшүп, жашарып, көптүн көзүн ачып, билимдин каражатына айланганда гана Кыргызстанда кыргыз тилинин келечеги алга жылат»,-деген кеби калетсиз айтылган. Андыктан билим берүү тармагында кыргыз тилин окутууда (тарбиялануучуларды, окуучуларды, студенттерди, курсанттарды) сүйлөө кебин өстүрүү, дүйнө таанымын калыптандыруу адеп-ахлак жаатындагы сезимдерин жандандыруу, сабаттуулугун арттыруу маселесине терең көңүл буруу зарыл.

Кыргыз элинин жөрмөлөгөнүнөн таяк жөлөнгөнүнө чейин көкүрөгүнө эне тилин коргошундай уютуп, мекенчил сезимин оттой жалындатып, сүйлөшүүдө ыктуу колдонулганда гана тилдин келечегине үмүт жанат.

Кыскача баяныбызды кыргыз тилинин чыгаан кырааны, акын, жазуучу, сынчы, коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун ыр саптарынан үзүндү келтирүү менен жыйынтыктайбыз:

Кыргыздын кыргыздан башка жоосу жок,
Кыргыздын Ала-Тоодон башка тоосу жок.
Эл эмеспиз, журт эмеспиз туугандар,
Эне тилдин ар намысын жоготсок.

«Zaman-Кыргызстан», 13.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий