Аалы Туткучев, төкмө акын: «Угуучулардын абалын байкап көрүш керек»

Аалы, төкмөлүк өнөрдө айтыш учурундагы сабалаган саптар алдын-ала даярдыктанбы, акындын ички көрөңгөсүнөнбү же кудайдын оозго сала бергениненби?

— Беш миллиондон ашык кыргыздын ичинен чыккан алтымыштай эле төкмө акын бар. Ошончо адамдан төкмөлүк буюруп, ушул бийик өнөрдүн ээси болуп калуунун өзү — кудайдын оозго сала бергени. Бирок, жараткан өзү жар болоор деп оозду ачып олтура берүү пайдасыз. Байкасаңыз, жанагы сабалап жаткан учурда жеңил, уйкаштыкты кубалаган саптар чыгат. Ал эми жай ыргакта салмактуу, терең ойлор айтылат. Сахнада турганда аудиториянын абалын байкап көрүш керек. Эгер эл сабалаган шыдыр айтышты күтүп жатканын сезсең, шатырата төгүп, көпчүлүктүн көңүлүн алып, анан салмактуу ой- уйкаштыктарга акырын буруп кетүүгө болот. Бул менин жеке тажырыйбам. Негизи айтышуу учурундагы түркүн абалдардан ийкемдүү өтүп олтуруу акындын ички көрөңгөсүнөн дээрлик көз каранды.

— Жаштардын бактылуулугу алардын келечегинин алдыда экенинде. Буга кандай дейсиң?

— «Көчөдөгү жаштардын өмүрүнүн көп экенине суктанам»- деген ыраматылык Калмурат обончунун ыры бар эмеспи. «Келечегим алдыда»- деп ойсуз, эмгексиз жүрө берүү — өзүнө, өмүрүнө кылган кыянатчылыгы. Адам сөзсүз түрдө өзүнөн озуп алдыда бараткан улууларга абай сала жүрүш керек. Мисалы, Жеңишбек төкмөнүн дисктери, кассеталары алда качан чыккан. Түркияда жана башка канатташ өлкөлөрдө агабыздын кассета — дискин угат, тааныйт. Биз, кичүүлөр, Жеңиштин жашына жеткенде андан да чоң эмгек кылуу жөнүндө ойлонушубуз керек. Эгерде, бири жаш, бири улгайган эки төкмө акын сахнага чыкса, «ушу бала жаштык кылып сүрдөп, жаңылып кетпесе экен»-деп эл жаш акынды колдойт. Жаштардын бактылуулугу алардын жаштыгында. Мен дагы жаңы чыккан бозум түлөк кездеримди сагынып, чоңойуп калганыма капаланып кетем. (күлөт)

— «Эл ырчысы Эстебес» тобу боюнча маалымат бере кетсең?

— Бул топ 1986-жылы түзүлгөн. Эстебес агабыз көзү өткөнгө чейин өзү жетектеп келген. Андан кийин Тууганбай Абдиев жетектеп жүрчү эле. Тукамдын да көзү өтүп кетти. Тууганбай агабыздан бирөө «топто канча киши барсыңар?»-деп сураса: «Төрт эркек, төрт катынбыз, сегиз киши, эки акынбыз»-деп жооп берген экен. Анын сыңарындай сегиз киши барбыз. Кыргыздын накта улуттук өнөрүн кармап, сактап турган ушулар.

Афина Бакирова, «Ачык саясат», 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий