Бизге тааныш жана бейтааныш комуз

Баарыбызга таанымал болгон кадимки эле комузубуз эң байыркы музыкалык аспаптардын бири экендигин кыргыз болуп туруп мурда билбептирмин… Нурак Абдрахманов тарыхчы — санжырачы да болгондуктан, чет өлкөлөргө барганда кыргызга байланыштуу маалыматтарды чогултуп, кыргыздын тарыхын жазам деп изилдеп жүрүп, комуз эң байыркы аспаптардын бири деген тыянакка келген. Көрсө, мындан 1500-2000 жыл мурда эле комуз бийик деңгээлде өнүктүрүлүп, ошо кездерде эле улуу, залкар чыгармалар жаратылган экен. Байкаңыз, дүйнөлүк масштабда таралган музыкалык аспаптардын тарыхы 300 жылдан ашпайт жана ал аспаптарда жаратылган музыканын дээрлик көбү көңүл ачуу, адамды алаксытуу, шаң — шарапат үчүн же бир окуяны баяндоого арналып чыгарылса, комуз күүлөрүнүн көпчүлүгү адамдын рухий өнүгүүсүнө жаназык боло турган аруулагыч медитациялык касиетке ээ.

БиБиСинин музыка жазуучу студиясынын үн оператору, Нурак абабыздын аткаруусундагы ырды жаздыруу учурунда эс-учун жоготуп жыгылып калат, өзүнө келгенде: «Өмүр бою музыка жазуу боюнча үн оператор болуп иштеп жүрүп, дүйнөдө адамга ушунчалык күчтүү таасир эте турган музыка бар экенин билген да эмесмин» деп тамшаныптыр. Күү изилдөөчү Асан Кайбылдаев ата — бабабыз комузду 18 түрлүү күүлөп черткенин аныктаган. 18 түрлүү күүлөнчү комузда ойноо деген 18 түр аспапта ойноо менен барабар. Анысына кошумча, комуз ар бир ырчынын үнүнө да ылайыкталып күүлөнөт экен. Бул маалыматтарды 2 -3 жыл мурда Бишкекте өткөн эл аралык симпозиумдун катышуучуларына айтканда чет өлкөлүк музыканттар ишенбей, ал тургай айрымдар элестете да албай коюшуптур. Ошондо Нурак Абдрахманов филармониядагы 14 комузду 14 түрлүү күүлөп, ар бирине ошол күүлөнүштө аткарылчу күүлөрдүн тизмесин тиркеп коюп, сурагандарын чертип берип далилдегенде академиктер баштарын чайкап таңданышкан. Көрсө дүйнө элдеринин музыкалык аспаптары бир эле түрдүү күүлөнүп, кай жеринен кайсы добуш чыгаары көрүнүп тургандыктан музыкасын нотага түшүрүү оңой тура, ал эми комуз 18 түрлүү күүлөнгөндө ноталардын орду 18 жолу которулуп кеткендиктен кадимки европалык нота комуз музыкасынын өзгөчөлүктөрүн толук чагылдыра албайт экен. Мындан 34 жыл мурун Нурак Абдрахманов өзүнүн ноталарын ойлоп таап, шакирттерин ийгиликтүү үйрөтүп келатат. Салыштырыңыз, консерваториянын студенттери жылына 5 күү үйрөнүшсө, Нурак Абдрахмановдун ноталары менен бир жылда 15 күү үйрөнсө болот. 8 жашар шакирти бир жылда он жылдык ийгиликке жетип, Парижди таң калтырып келген. Ошондой эле Нурак абанын чыгарган күүлөрүн капыстан угуп калган Япониянын Кыргызстандагы элчиси , «бул күүлөр аябай байыркы музыка болсо керек» деп божомолдоптур, элчиге бул күүнүн автору азыр да бар дешкенде ишенбей, бирок, «бул музыка императорлорго татыктуу экен» деп баалаган.

Нурак абанын атасы Абдрахман балбан » Талма күү» деген күүнү черткенде бий жандуу адам толугу менен күүгө берилип, өз акылына эмес, комузчу черткен ыргактарга баш ийип, кээде буту-бутуна тийбей, атүгүл жердин тартылуу күчүнө да баш ийбей учуп жүрүп бийлеп, ошончолук тез кыймылдын аягында талып жатып калганда комузчу анын талмасын жандырган күүнү чертип эс алдырчу экен. Демек, адамдын эркин башкарууга Жараткан Улуу Күч ниети абдан таза пендесине гана жол берсе керек деп ойлойм. Бүгүнкү күндө бийчилерди антип учуруп бийлеткен комузчуларыбыздын калбаганы, азыркылардын андай билимдерге татыбай калганынын күбөсү го. Абдрахман балбан уулу Нурак абага комуздун учун тиштетип коюп чертчү экен. Үн абадагыга караганда катуу нерсе аркылуу бат жетээри, физикада кийин гана аныкталбадыбы. Баарынан кызыгы, Абдрахман балбан урпагына көңүл ачып алаксытуу үчүн чыгарылган күүлөрдү үйрөнгөнгө уруксат бербей, бир гана жанга азык болуп жогорку рухий сапаттарды, баланын адамкерчилигин, сезимталдыгын, боорукерлигин өнүктүрө тургандарын тандап үйрөтчү экен. Учурунда алган угуттун жемиши менен дүйнөлүк музыканын борбору болгон Италияда концерт бергенинде, эң белгилүү чебер виртуоз гитаристтери кылдуу аспапта ойноонун ушунчалык чексиз мүмкүнчүлүктөрү бар экенин биринчи жолу комуз күүлөрүнөн көргөнүн айтышып, өнөрүн үйрөнүп калуу үчүн бир жума бою ээрчип жүрүшкөн. ЮНЕСКО конкурсунун кийинки жеңүүчүсү болгон америкалык скрипач Михо Пагашник: » Азыркы күңдө дүйнөдө сенсация жасай турган музыка — кыргыз комузунун музыкасы» деп жөн жеринен айтпагандыр.

Айтылуу алп комузчу Карамолдо Орозов атабыздын 17 чоң күүсү убагындагы идеологияга аталыштары туура келбегендиктен жазылбай калган. Атүгүл Саякбай Каралаев атабыз күүнүн алпы «Сынган бугуну» колхоздун турмушуна байланыштыра албай айласы кеткенде: «Бул жалпы элге маалым күү, ошон үчүн чертем», — деп шылтоолоп чертиптир.

Мундуз Асаналиева, «Аалам», 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий