Чыңгыз Айтматовдун педагогикалык ааламы

Адам тарбиясынын көп кырдуу татаал кубулуштары тууралуу атайылап чыгарма жазып, бир эле мезгилде педагогикалык билимдерди байытууга да салмактуу салым кошкон жазуучулар катары кыйла эле. Алардын көч башында, албетте, заманыбыздын залкар жазуучусу, орошон ойчулу Ч.Айтматов турат. Алп жазуучунун чыгармаларын педагогикалык мерчем менен тыкыр окуган адам анын ар бир повестинен, романдарынан ириде адамзаттын улуу даанышман таалимчиси, насаатчысы Ч.Айтматовдун адам уулун адам кылууга багытталган ийги тилектеринин, ой-санааларынын, чаалыкпас чакырыктарынын жандуу демин айныбай туя алат. Эгерде таалим-тарбияны инсандын дүйнө таанымында, ойлоо багытында, пейилинде, ишенген нарк-нускаларында кандайдыр бир өзгөрүш, өнүгүш жаратуучу дөөлөт катары карасак, анда Айтматовду мына ошол дөөлөттөрдү жаратууга, өнүктүрүүгө өлчөмсүз эмгек сиңирген ХХ кылымдын эң таасирдүү, эң улуу таалимчи педагогу деп айтууга да толук негиз бар.

Ч.Айтматов чыгармалары аркылуу коомдун таалим-тарбия чөйрөсүндөгү эчендеген татаал маселелерди аябагандай терең талдап, тайманбастык менен койгон жана оош-кыйыштарын оңдоого олуттуу таасир көрсөтүүгө аракет кылган. Айтматов тайманбай тааныткан педагогикалык акыйкаттардын бири — бүтүндөй бир муунду «маңкурттук» трагедиясына кептеген коммунисттик коомдун тарбиялоо системасынын кризиси. Албетте, советтик билим берүү системасын бир жактуу сындоо адилетсиз. Сабатсыздыкты жоюу, жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүүнү жүзөгө ашыруу, СССРдин курамындагы 44 улутту жазуу маданиятына ээ кылуу дүйнөлүк маданияттын тарыхындагы уникалдуу факт катары кала берет. Ошону менен бирдикте советтик мектептердин таалим-тарбия саясаты улуттарды өзүнүн кылымдап топтогон руханий дөөлөттөрүнөн, б.а өз бөтөнчөлүгүнөн ажыратууга багытталган эле. Ушул арамза саясатты жүзөгө ашыруу үчүн мектептерде ата-мекен тарыхы, крайтаануу сабактары атайын кыскартылган. Официалдуу маалыматтар боюнча 1930-жылдан 1980-жылдарга чейин балдарды өз эне тилинде окутуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган улуттардын саны 104төн 44кө чейин азайган. Советтик педагогика илиминде инсан социумдун рамкасында «коммунизмдин куруучусу», «социалисттик личность», «советтик адам» деген түшүнүктөрдүн чегинде гана чечмеленип, анын этномаданий параметрлери таптакыр эле унутта калган. Улуттун салттуу педагогикасында өнүгүп келген инсан жөнүндөгү идеалдары, арбактуу үрп-адаттары менен санжыралуу салттары таптык, коммунисттик тарбияга карама-каршы баалуулуктар катары мектептин таалим-тарбия практикасынан сүрүлүп ташталган. Ушундан улам советтик таалим-тарбия мекемелери улуттун традициялуу нарк-дөөлөттөрдүн очогу болуш мындай турсун, тескерисинче, аны кыйратуучу эксперименталдык аянтчага айланган. Анын продуктылары өз улутунун ичиндеги бөтөн адамдар, улут безер Сабитжандар болгон.

Мындай таалим-тарбиянын атайылап арамза максатта жүргүзүлгөнү «Кылым карытар бир күн» романында Едигейдин сөзү аркылуу төмөнкүчө боолгонот: «Көрүнгөн курста, ар жердеги курстан окуп чыккандагы майнап ушубу? А балким окуп бүтүп, иштегенде дал ушундай болсун деп атайы окутушкан чыгаар? Балким, бир жерде акылы тетик, көзү жетик бир киши олтургандыр, же, балким, ал өзү киши эмес адамдын башын маң кылган жин шайтандыр, ал Сабитжанды кантип окутушка митаамчылыгын коротуп, Сабитжанды башка киши кылып чыгарбай, дал ушул Сабитжан кылып чыгарышка максат күткөндүр?..».

Чын-чынына келгенде коммунисттик тарбия адамзаттын руханий топурагына жат жасалма баалуулуктардан куралганын педагог аалымдар деле аңдашкан. Бирок акыл эске таасир этүүчү бардык каналдар сыяктуу эле илим да догматизм, жалганчылык, эки жүздүүлүк сазына баткандыктан, акыйкат сөзүн айтуудан айбыгып келген. Ушундай шартта адамзатты маңкурттукка машыктырып жаткан таалим-тарбиянын апааты жөнүндөгү «чоң сөздү» «Кылым карытар бир күн» романы аркылуу Айтматов гана айта алган.

Ата-бабалар эчен кылым өмүр бою өчүрбөй сактап келген касиеттүү салт-санаалар, руханий тажрыйбалар урпактар тарабынан урматталып улантылабы, алардын учурдагы турмуш жана келечек тагдыры үчүн маанисин алар биздей аңдап түшүнө алабы? Романда автор дал ушул көкөй кести суроону улуу муундардын жана өзүнүн атынан коомдун маданий атмосферасына таасир эткендердин баарынын алдына койду. Айтматовдун бекем ишениминде: «Ажайып искусство образдарында, башкача айтканда, байыркы мифтерде, аңыз-аңгемелерде (легендаларда), классикада сакталып калган рухий таржымалы менен тарыхын унутуп калган адам акыл-эс жагынан эч качан жарыбайт, андай адам азыркы ашкан татаал турмушту аңдаганга алсыздык кылат».

Дүйнөлүк адабияттын айгине көсөмү жана тирүү классиги деп таанылып, даңазасы жер дүңгүрөткөн ойчул жазуучунун өзү жашаган социалисттик коом адамынын руханий анатомиясындагы аномалиялардын тек жайы жөнүндөгү ой-толгоосу космополитизмдин сазына баткан коомдук аң сезимге эбегейсиз бүлүк салып, анын ойгонуп, оң багытта оожалышына эбегейсиз чоң таасир этти. Айрыкча адам тарбиясына тикеден тике жоопкер педагогика илиминин приоритеттерин өткөн чак, учур чак жана келечек муундар урпактар алдындагы жоопкерчилик туурасындагы универсал ой санаалардын тутумунда сын-сыдыргадан өткөрүп, кайрадан аңдап чыгууга мажбурлады. Ушундан улам жаш муундарда адамзаттын таалим-тарбия тарыхы аркылуу сыноодон өткөн алымчаланып, кошумчаланып олтуруп асыл баа педагогикалык кенчке айланган элдик руханий мурастарды, каада-салттарды аман сактап калуу, кастарлоого карата атуулдук позициясын калыптандыруу педагогикалык илим жана практиканын эң актуалдуу маселелеринин бирине айлана баштады.

Бул көйгөйлүү маселенин көп кырдуу милдеттерин жүзөгө ашырууга байланыштуу ондогон монографиялар жазылды, кандидаттык, доктордук диссертациялар корголду. Алардын мазмуну менен жакындан тааныш адис катары ошол изилдөөлөрдүн көпчүлүгүндө Айтматовдук ой санаа, аргументтер өзөк идея катары баштан аяк кызыл менен белгиленип жүргөнү чындык экендигин ишенимдүү айта алам. Ушундай изилдөөлөрдөн өрүш алган илимий көз караштардын жемиши катары 1980-жылдардын экинчи жарымында жаралып, азыр да эң популярдуу саналган «Этномаданият таламдуу таалим-тарбия» парадигмасын көрсөтүүгө болот. Айтматовдун пендезатты өткөн чак, учур жана келечектин тутумунда тарыхый категория таризиндеги философиясы педагогика илиминин алп аалымы Г.Н.Волковго «Эс тутумсуз тарых болбойт, тарыхсыз салт болбойт, салтсыз маданият болбойт, маданиятсыз тарбия болбойт, тарбиясыз личность болбойт, личностсуз улут болбойт» — деген ХХI кылымдын эң оригиналдуу педагогикалык формуласын айкындоого негиз берген. Бул Айтматовдун илимий ойлордун өнүгүшүнө таасиринин айрым бир гана мисалдары.

Айтматовдук руханий өнүгүш концепциялары мугалим — тарбиячылардын күндөлүк иш практикасында да айныгыс аргумент, ийкемдүү инструмент катары колдонулуп келе жатканына күбөбүз. М: «Маңкурт» түшүнүгү бардык мугалимдер үчүн балдарды тил безер, эл безер, журт безерликтен сактоонун эң таасирдүү эскерткичи катары кызмат кылат. «Ата-бабалардын тарых таржымалын, адат-нарктарын зээн коюп үйрөн, көңүлгө тут», «Эне тилге, элдик салтка текебер мамиле кылба!», «Маңкурт болуп каласың» деген Айтматовдун ой санаасынан агып чыккан түптүү жетектөөчү идеялар, мугалимдердин балдар менен алака катышында кадыресе императивдик, категориялык мааниге ээ болуп бара жаткандыгын көрөбүз.

Ч.Айтматовдун чынар теректей дүпүйүп бутактанган чыгармаларында кыргыз элинин таалим-тарбия маданиятынын өткөнү, бүгүнкү тагдыры, эртеңки күн үчүн өрнөктөрүнүн баары өз доорунун жандуу тили менен кереметтүү логикалык ыраат менен кеңири масштабда баяндалат. Баса Айтматовдун чыгармаларындагы этнопедагогикалык проблемалар атайын изилдөөнүн да объектиси болду. Атап айтканда А Муратовдун «Ч Айтматов — жазуучу этнопедагог» (2006) деген оригиналдуу монографиясы көркөм профессионалдык адабиятты этнопедагогикалык аспектте талдоонун мыкты өрнөгү болуп калды.

Албетте, илимде тигил же бул чыгарманы педагогикалык же философиялык деп атоо салты жок. Мезгилинде романдарды классификациялап жатып Бахтин гана «Таалим-тарбия романы» деген терминди киргизген экен. Бирок социалдык функциясы жагынан адабиятка караганда педагогикалык прогресске көбүрөөк кызмат кылган көркөм чыгармалар бар экендигин танган да эч ким жок. Маселен, А.С.Макаренконун «Педагогикалык поэмасы» мугалим тарбиячылар үчүн педагогикалык чеберчиликтин купуя сырларын үйрөнүү боюнча эч кандай илимий-методикалык эмгек менен алмаштыргыс колдонмонун милдетин аткарып келет. Аркадий Гайдардын «Тимур жана анын командасы» аттуу повестинин негизинде массалык «тимуровчулар» кыймылы түзүлгөн. Корней Чуковскийдин «От двух до пяти» аттуу китепчелер сериясы мектепке чейинки балдарды өнүктүрүү боюнча оригиналдуу окуу китептерден да артыкча бааланат. Биздин субъективдүү пикирибизде өзүнүн социалдык мотиви, идеялык мазмундук жүгү боюнча Ч.Айтматовдун «Ак кеме» жана «Эрте келген турналары» педагогикалык повесттер деп аталууга толук акылуу.

Мен өзүмдүн иш практикамда көп жылдан бери «Педагогика» курсу боюнча айрым семинардык дарстарымда аталган чыгармаларды негизги адабияттардын катарында өздөштүрүүнү милдеттендирип келем. Мындай аргументтерибиздин түп маңызын төмөндөгүлөр менен түшүндүрүүгө болот.

Ч.Айтматов «Ак кеме» повестинин сюжеттик линиясы Момундун жомоктон бүткөн таалим-тарбия программасы, анын таасиринде оожалган баланын аруу дүйнөсү, баланын каразгөйлүктөргө каршы жомоктон куралган кыял күрөшү сыяктуу идеяларга түйүндөлөт. Асыресе жомоктор улуу педагогдор тарабынан ар дайым жогору баага татып келген. Алсак К.Д.Ушинский. «Жомоктор элдик педагогиканын эң алгачкы саамалыктары. Мындай алганда элдин педагогикалык генийлиги менен эч ким теңдеше албайт», — деп жазган. Ал эми ХХ кылымдын улуу педагогу В.А.Сухомлинский да жомокторду «эл маданиятынын рухий байлыгы», «бала жомокту аңдап түшүнүп жатып элдин турмушун жүрөгү менен туюп билет», «Жомоктордогу сөздөр баланын аң сезиминде дайыма жашайт. Фантастикалык көрүнүштөгү жомокту укканда бала өзүн унутуп коет, мен окутууну жомок угуусуз, жомок жаратуусуз элестете албайм», — деп жазган. Чыгармада дал ушул илимий акыйкаттардын баары жазуучунун кыргыз турмушунун мисалында ченде жок чебер психологиялык-педагогикалык туюму аркылуу чындыкка чыккан. Баланын жан дүйнөсүндө азыркы бала бакчалар эчен дарстар аркылуу да жарата алгыс зиректик менен аруулуктун асыл дандарын Момун жомоктордун касиети аркылуу гана сээп өндүрө алды. Мүлдө дүйнөсү ата-бабалардан мурасталган аруу жомоктордон куралгандыктан бала «арамдык менен кыянатчылыкты кабыл кылбады», тескерисинче ошолордун таасири менен өзүнүн кыялы күрөш программасын кураштырып, аны ишке ашырып, тирүүлөргө адилеттиктин сабагын калтырып кетти. «Ак кеме» повестинин педагогикалык финалы дал мына ушунда.

Ал эми «Эрте келген турналар» повести кыргыз социумундагы уул балдарды тарбиялоонун идеалдары, мыйзам ченемдүүлүктөрүн, усулдарын, аларды тарбиялоого жоопкер ата-энелердин, Чекиш чал, Мырзабай сыяктуу элдик педагогдордун ишмердүүлүгүн кеңири планда тааныткан илимий изилдөөгө тете чыгарма. Эгерде дүйнө эли африкалыктардын салттуу тарбия маданиятын П.Эрнинин, Само, Жаңы Гвинея, Индонезия аралындагы калктардын салттуу тарбия маданиятын М.Миддин классикалык илимий трактаттары аркылуу таанысак кыргыз элинин педагогикалык маданиятын ушул повесть аркылуу кеңири тааный алышат деп айтууга толук ишеним бар.

Ошондуктан Чыңгыз Айтматов уулу Аскар жана аны менен курбалдаш кыргыз балдарына таалим иретинде жазган чыгармасы эчак Ала-Тоонун дабандарынан ашып, дүйнөнүн көптөгөн мектептеринин окуу программаларынан орун алып, балдар үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүнүн нускасы катары кызмат кылып калды. Көптөгөн ата-энелер жаңы төрөлгөн уулдарына Султанмураттай эр жигит болсун деп анын атын ыроолоп жүрүшөт.

Акматали Алимбеков, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты.

«Эгер китеп өзүн окуп жаткан окуучунун акыл эсин, намыс ариетин козгоп, анын жүрөгүн турмуштагы эң эле адам жийиркенээрлик булганч, ыплас нерселерди көрсөтүү менен, же тескерисинче, тазалыктын, сулуулуктун жана улуулуктун картиналары менен титиретип, аны өзүнө жана өзүн курчап турган айлана-чөйрөгө тереңирээк кароого аргасыздантып, биротоло өзүнүн таасирине багындырып алса — биз муну искусство күчү дейбиз».

Ч.Айтматов

«Кутбилим«, 13.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий