Кыргыз тарыхынын улуу инсаны

XXI кылымга мамлекеттүүлүккө ээ жүздөгөн дүйнө элдеринин ичинен эркин жана көз карандысыз Кыргызстандын жылдызы да жанып турат деген сезим менен келип кирдик. Эркиндик бизге тагдырдын эрки менен көп улуттуу империя болгон Советтер Союзунун демократиялык кайра жаралышынан улам келип тийди.

Ошентсе да, кыргыздардын эгемендүү өнүгүү идеясы совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле пайда болгонун көбү биле бербейт. 1920-жылдары «эл түрмөсү» деген образдуу атка ээ болгон падыша империясынын урандыларында көз карандысыз мамлекеттер пайда боло баштаган эле. Алар Финляндия, Польша мамлекеттери эле, андан сырткары Украина, Грузия, Азербайжандын патриоттору да өз элдеринин эркин өнүгүү идеяларын айтып чыгышкан.
Россиянын курамындагы элдер үчүн көз карандысыздыкка жетишүү ал убакта толук реалдуу болчу. Согуш күчтөрү, миллиондогон адам өмүрлөрүнүн баалары, социалдык эркиндик идеяларын улуттук көз карандысыздыкка каршы коюу менен гана большевиктер империяны мурунку чегинде бүтүн бойдон сактап кала алышкан.

Түркстандын мамлекеттик кызматкерлеринен биринчилерден болуп Борбордук Азиядагы элдердин мамлекеттик көз карандысыздык маселесин көтөргөн жана бул идеяларды ишке ашырууда чараларды кабыл алууга катышкандардын бири — кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Төрөкул Жанузаков болгон. Бул идеяга ал узак жана оор жолдор менен келген. Муну бул улуу адамдын өмүр баяны өзү айтып турат.

Төрөкул Жанузаков 1893-жылы Талас районунун Талдыбулак айылында белгилүү манаптын үйүндө жарык дүйнөгө келген. Меркедеги орус-тузем мектебинин мыкты бүтүрүүчүсү катары 1909-жылы Түркстан аймагынын падышалык администрациясынын генерал-губернаторунун жеке жардамчысы жана котормочусу болуп кызматка алынган.

Аймактын административдик гана эмес, маданий да борбору болуп эсептелген Ташкентте жашап турган кезинде Жанузаковдо чыгармачылык шык ойгонуп, басма сөз беттеринде публикациялары чыгып, анда ал мекендештерин европалык цивилизацияга жетишүүгө үндөгөн.

Төрөкул Жанузаковдун октябрга чейинки өмүр жолунда болгон окуяларга аны Россиянын Мамлекеттик Думасына кандидат кылып көрсөтүү кирет.

Октябрь революциясын Төрөкул Жанузаков кубануу менен тосуп алды. Башкача болмок эмес эле.

Чогуу жүргөн досу, казак элинин көрүнүктүү уулу Турар Рыскулов менен бирге Төрөкул жаңы турмушту куруу үчүн туулган жери болгон азыркы Талас облусу кирген Аулие-Ата уездинде күрөш жүргүзөт.

Жанузаков контрреволюция, саботаж жана ачарчылык менен күрөшүү милдеттери тагылган Бүткүл Россиялык Күтүүсүз кырдаалдар (ВЧК) органдарын башкарат. Аны көрүп калган карылардын айтуусуна караганда, бул орунда турганында ал Талас өрөөнүнүн жери иштетүүгө болбогондуктан, совет бийлигинин биринчи жылдарында ачкачылык жана эпидемиялар каптап кеткен тамак-аш жүктөлгөн кербен жөнөтүп, баа жеткис жардамдарды көрсөткөн экен.

Жогорку эрудиция, массаны уюштура билген чоң таланты, Түркстандагы элдердин арасындагы өтө популярдуулугу Төрөкул Жанузаковду советтик бийликтин алгачкы жылдарынан тартып эле Борбордук Азиянын авторитеттүү башкаруучуларынын бири катары көтөрүлүүсүнө түрткү болгон. 1920-жылы ал Түркстан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (ЦИК) төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Бул комиссиянын төрагасы болуп тургандагы Төрөкул Жанузаковдун 1916-жылдагы көтөрүлүштүн качкын-катышуучулары боюнча иште аткарган ролу баа жеткис. Анын титаникалык аракеттеринин аркасында Кытайдан качкындардын көп бөлүгү кайтарылып, аларды тойгузуп, жайгаштыруу мүмкүн болгон. Төрөкул Жанузаков көтөрүлүш басып кеткен территорияны ар кыл салыктардан бошотуп, ал кезектеги ири деп саналган суммадагы акча каражаттарын бөлдүрүүгө жетише алган, бул болсо биринчи кезекте Кыргызстандын калкына улут катары жашап кетүү үчүн материалдык шарт түзүүгө жардам берген. Мунун өзү эле уулдук парздын аткарылышы эмеспи. Айрымдар бул деген совет бийлигинин жетишкендиги деп каяша айтуусу мүмкүн. Андай болгондо ким бийликтегилерге чыгып, аргументтештирип маселе коюп, айткан сөзүнө бекем туруп, жыйынтык алууга жетише алган. Дал ушундай жалындаган патриот болгон Төрөкул Жанузаковго айрым советтик басылмаларда «жеткен улутчул» деген жалаа жабылган.

1920-жылдын сентябрь айында Төрөкул Жанузаков Түркстан элдеринин делегациясын жетектеп Чыгыш элдеринин I Конгрессине, Баку шаарына барып, доклад жасаган. Аны туруктуу аракеттеги Чыгыштагы иш-аракет жана үгүттөө кеңешинин мүчөсү кылып шайлашат. Аны менен бирге С.Киров, С.Орджоникидзе ж.б. большевиктердин көрүнүктүү башкаруучулары да шайланышат. Кеңештин башында Г.Зиновьев турган. Жанузаков Конгресстин катышуучулары менен улуттук түзүлүш суроолору боюнча полемикалуу талкууга кирип кеткен. Ал конгрессте түркстандык делегациянын өзгөчө пикири айтылат.

Дал ушул мезгилде Түркстандын коомдук-саясый турмушу анын борбору болгон Ташкентте да, жер-жерлерде да начар абалда калган эле. Түркстан АССРинин бийлик түзүлүшүндө көп улуттуу аймактын реалдуу турмушу менен эсептешпеген, инерция боюнча падыша администрациясынын шовинисттик саясатын улантуучу, жергиликтүү кадрларга жогортон карап көңүл бөлбөгөн чиновниктер толтура болчу. Муну кеч болсо да большевисттик партиянын башкаруучулары моюнга алууга аргасыз болушкан. Борбор тараптан шовинизм менен ооруган Туркестандын башкаруучуларын чакырып алуу жана ал жакка атайын Түркстандык комиссия жиберүү чечилген.

Алгачкы советтик республикалар түзүлө электе эле, ТүркЦИКтин башкаруучулары Турар Рыскулов менен Төрөкул Жанузаков тарабынан Россиянын курамындагы Түрк республикасын уюштуруу суроосу көтөрүлгөн болучу. Ал учурдун чиновниктери үчүн бул аракет ачык тийип турган күндө чартылдаган чагылгандай эле сезилген.

Түркстан элдеринин көрүнүктүү жол башчылары Т.Рыскулов менен Т.Жанузаковдун мойнуна улутчул деген айып дароо тагылган. «Рыскуловчулар», «Жанузаковчулар» деп ошол кездеги белгилүү кадрларды куугунтуктоо жүрүп турган.

Тарыхый эстутум
Ушундай жол менен акырындап Төрөкул Жанузаков элдердин эркин өнүгүүсү толук көз карандысыздык гана шартта мүмкүн экенине көзү жетет. Ал ошондо да түз сүйлөп, Совет менен болобуз дейт, башкача ойлонуу анын оюнда жок эле, акыры Төрөкул Жанузаков жаңы бийлик биротоло кол үзөт. Ал ачык эле Түркстан элдеринин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө чыгат.

Бул күрөштө ал жалгыз эмес болчу. Анын эң жакын достору, жолун улантуучулары болуп Россия Думасынын мурунку депутаты Зеки Велидов, Башкыр Республикасынын уюштуруучусу жана башкаруучусу, көрүнүктүү чыгыш таануучу, Энверпаша генералы, Түркиянын мурунку согуш министри, Мунаввар Кары, өзбек элинин коомдук ишмери болушкан. Булардын оюн жана каалоолорун миңдеген, он миңдеген интеллигенция, байлар жана жакырлар, диний ишмерлер, Түркстандын патриот өкүлдөрү бөлүшүп турган. Алар эркиндик жана көз карандысыздык үчүн согушка аттанышкан. Алардын катарында орустар, башка улуттун өкүлдөрү да көп эле. Алар жалпы адамзаттык баалуулуктар үчүн диктат жана кысым көрсөтүү, тынч элди массалык кыруу, жаңы түптөлүп келе жаткан тоталитаризмге каршы күрөшүшкөн. Бул патриотторду советтик үгүттөө кемсинтип, «басмачы», б.а. каракчылар деп атап койгон.

Көптөгөн жылдардан кийин Чыгыштагы жаңы советтик тартип үчүн болгон күрөштүн баасы так аталды. Ал 2 млн. го жакын адам өмүрү, массалык террор геноциди. Төрөкул Жанузаковдун улуттук-боштондук кыймылдын идеялык жактан бекемделишиндеги ролу абдан жогору. 1921-жылы ал көтөрүлүш отряддарынын командирлери менен Андижанда жыйын өткөрөт. Кийин кыргыз элинин башка көрүнүктүү уулу Б.Абдырахманов белгилеп кеткендей, көтөрүлүшчүлөрдүн куралдуу таймашын токтотууну Төрөкул Жанузаков түздөн-түз Түркстан калкына көз карандысыздыкты берүү менен байланыштырган. Төрөкул Жанузаков көтөрүлгөндөрдүн арасында чоң түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Кызыл Армиянын аскерлерине, орус калкына көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүүгө чакырык менен листовкаларды жазат.

Төрөкул Жанузаковдун массаны уюштура алган мүмкүндүктөрүн жакшы билген бийлик аны кармап жок кылуу үчүн атайын армиялык операция иштеп чыгат. Кармаштардын биринде, 1921-жылдын декабрында, 28 жашында өз элин эркин жана көз каранды эмес көрүүнү эңсеген Төрөкул Жанузаков курман болот.

Төрөкул Жанузаков советтик курамдын турмушу менен көнүшүп, анын башкаруучуларынын катарында өз досу Турар Рыскулов (кийин ал РСФСР СНКнын төрагасынын орун басарына чейин көтөрүлгөн) сыяктуу, башка досу, көрүнүктүү чыгыш таануучу Зеки Велидов сыяктуу кала бере алат эле… Бирок ал өз идеяларына чыккынчылык кыла албайт болчу. Анда ал Төрөкул болбой калмак. Ал акыркы көз ирмемине чейин өз элинин боштондугу деп жатып курман болгон.

Элинин эркиндиги жана көз карандысыздык романтика идеялары Төрөкул Жанузаковду толугу менен ээлеп алган. ХХ кылымдын тарыхындагы жогорку идеялар үчүн күрөшкөндөрдүн бири да тагдырынын трагедиялуулугу жагынан бул адам менен тең келе албайт. Биз бул адамдын катарына, мисалга, Латын америкалык революционер Че Гевараны коет элек. Ал да күнүмдүк турмуштун тынчтыгын жана ыңгайлуулугун жек көрүп, эркиндик үчүн күрөштө күйүп кеткен.

Кыргызстанда, Төрөкул Жанузаковдун ата мекенинде ал тууралуу эми гана айта башташты. Көптөгөн жылдар бою анын аты аталбай келди. Мунун баары Төрөкул Жанузаковдун кыргыз эли үчүн жасаган иш-аракетине дал келе алабы. Анын эмгектери ченемсиз. Аны большевиктер да, актар да, кызыл армиядагылар да, боштондук согушчандары да баалашчу. Аны кыргыздар, орустар, өзбектер, казактар, тажиктер жана түркмөндөр сүйө билишчү. Ал баарына боштондукту каалаган. Бул үчүн ал эң кымбат нерсе — өз жанын да эркиндиктен аяган эмес.

Ж.Жунушалиев, тарых илимдеринин доктору, УИАнын мүчө-корреспонденти, УИАнын Тарых институтунун директору
К.Кожомкулов, тарыхчы.

«Аалам», 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий