Аль-Фараби

Чыгыштын улуу ойчулдарынын бири — Аль-Фараби 870-жылы Түркстандын Отрар калаасында жарык дүйнөгө келген. Толук ысымы Абу Насир Мухаммад Ибн Тархан аль-Фараби. Ошол доордо Отрар калаасы арабча Фараби аталгандыктан улуу ойчулдун аты да ушул шаардын аталышы менен аталып калган. Өзү түрк насилинен. Балалык кези да Сыр-Дарыянын жээгинде өткөн. Отрар медресесинен таалим-билим алып, анын китепканасындагы кол жазмалар менен таанышкан. Кийин Иранда, андан соң Багдадда (Ирак) фарсы, араб тилдерин, жетилип калган кезинде латын жана грек тилдерин үйрөнгөн.

Китап-ул Ибане ан-Гараз Аристотлис» аттуу эмгегинде Аристотелдин окуусунун уңгу-багытын туура чечмелеп, өз кошумчалары менен толуктаган. Фарабинин илимий эмгектери Батыш философиясынын түптөлүшүнө өтө зор таасир эткени илим чөйрөсүндө өз мезгилинде шардана болгон. Анын «Ат-талимус сани» деп аталган эмгеги грек философиясына жүргүзүлгөн эң алгачкы илимий иликтөө болуп эсептелет.

Атактуу Ибн-сина жана Ибрилушти менен Омар Хайом сыяктуу илимпоздор грек философиясын так ушул китеп аркылуу үйрөнгөн. Ибн-Сина: «Фарабинин китебин окуганымда эч түшүнө албай жүргөн грек метафизикасын толук аңдадым», — деп канааттануу менен шардана жарыялаган. Аль-Фарабинин «Музыканын улуу китеби», «Илимдер тизмеги», «Органон», «Философия илиминин байрагы», «Табигат менен адамзат», «Кайрылуу калаа» китептери дүйнө элдеринин көп тилдерине которулган.

Фараби географ, тарыхчы, адабиятчы, музыка изилдөөчү, математик, астроном, физик, химик болгон. Ошону менен катар эле акын жана улуу философ аалым сыңары даңкы Аристотель менен барабар. Анын «экинчи Аристотель», «экинчи устат» деген атагынын өзү эле зор зоболо. Аль-Фарабинин биздин доорго чейин сакталып калган айрым поэтикалык чыгармалары менен азыркы окурмандарыбызды аз да болсо тааныштыра кетүү орундуу деп ойлойбуз.

Аль-Фараби
Кош чөйчөктө
Алыстамын, тууган жер, мен өзүңдөн,
Күлүк сыңар талдырды тагдыр деген.
Чарчап бүттүм. Канатым талыды эң,
Жолдун чаңын зарылып кароо менен.
Кайра келбес жылдарым өтүп тынаар,
Касиреттин жашына көз жуунаар.
О Жараткан! Көп экен макулуктарың,
Кум сыяктуу тез ысып, тез суунаар.

Жакшылар аз бу кыска тирүүлүктө,
Умтулушат бардыгы акимдикке.
Жан дүрдүгүп, түңүлөм кээ бир күндө,
Күрсүнөм көп жеталбай адилдикке.

Кантем эми, көк жээктей көңүлүмдү,
Келер күнгө үмүттүү жол ачамын.
Кош чөйчөктө өткөрдүм өмүрүмдү,
Шону медет этеби болочогум.

Бир чөйчөктө көк сыя толуп турса,
Экинчиде шарап бар — жайы маалым.
Ой-санаамды сыядан чыгарсам мен,
Шарап менен кусамдан айыгамын.
Сенин демиң
Тамылжып балдай тынчтык айланамдан,
Талаа бүт бейпил түнгө кучак жайган.
Жатамын уйку келбей жапажалгыз,
Жанымды ай жарыгы аймалаган.

Асмандан эгер кээде жылдыз учса,
Нуруң окшоп ал сенин мага келээр.
Алда кайдан кайыптай куштарлантып,
Өмүрүмө ажайып шоола берер.

Үнүң жетээр жаңырып эң ыраактан,
Сенин демиң сезермин бой жыргаткан.
Мунун өзү бир ирмем, андан кийин,
Муңдуу ырым уланар кайра баштан.
Мураат
Турмуштун соккон бороонун,
Кайышпай тоссо жан-дениң.
Кагаздын түшсө бетине,
Көөдөндө сезим-зардебиң.

Ошондо берип
кетербиз,
Жүрөктүн отун
молунда.
Арманда өксөп
өтөөрбүз,
Биз улуу мураат
жолунда.

Таржымалаган Сүйөркул ТУРГУНБАЕВ, «Кыргыз Туусу», 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий