Кинорежиссёр Темир Бирназаров: «Кино он тогуз жылдан кийин тартылды»

Мамлекеттин азыркы баш аламан, чаржайыт абалын ийне-жибине чейин чагылдырган «Белгисиз маршрут» тасмасын көрдүңүз беле? Сизди да бул кино кайдыгер калтырбай талуу жериңизге тийди болуш керек. Кинону жаратып, көпчүлүктүн көзүн ачкан кинорежиссёр Темир Бирназаров менен маектешип тасма тууралуу кенен маалымат алдык.

Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз…

Мен Нарындын Тянь-Шанында төрөлгөм. 1977-жылы Бишкекке келип, ушул жерден чоңоюп өстүм. Азыркы жаштарга мен аябай суктанам да, себеби азыр баардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, биздин учурда режиссёрлукка тапшыруу үчүн ВГИИКке, ГИТИСке бир эле орун берилчү. Ал жерге да чоңдордун балдары барат. Бизге окшогондорго орун жок. Эрнест Абдыжапаров, ошол эле Актан канча кыйналды. Анан мен Киевге тапшырдым, Ташкентке тапшырдым, Москвага тапшырдым. Мүмкүнчүлүк жок болчу, ал убакта камера да жок. Азыр болсо камераңды ала бер да каалашыңча тарта бер. Бир чети башыңан ошондой кыйын турмушту кечирген да жакшы экен. Турмуш деген адамдын жөндөмүнө, аракетине, чыдамкайлыгына, талантына карап электен өткөрүп, ылгап алат экен. Ушул күнгө мен көп азаптарды башымдан өткөрүп, улам бир окуу жайга өтпөй, кийинкисине аракет кылып, вокзалдарда түнөп жүрүп жеттим. Дагы бир жакшы жери идеология, тема деген эмне экенин жакшы өздөштүрөсүң. Тартылган кинону көргөн адам тазаланат же агрессия ойготот. Алтургай эки элди да чабыштырат. Ошон үчүн кино тартууда өтө кылдат мамиле, жөндөм керек. Азыр болсо камераны колго алып, талканыңды чала берсең болот, эч ким диплом сурабайт, бул деген — демократия.

«Белгисиз маршрут» тасмасы кандайдыр бир деңгээлде сизди белгилүү кылды десем жаңылышпайт болушум керек. Буга чейин кандай кинолорду жараттыңыз эле?

Буга чейин мен бир топ эле кинолорду тартып келгем, көбүнчө даректүү фильмдер болчу. Мисалы, «Шайтан көпүрө» деген кино «Белгисиз маршрутка» караганда байгелерге ээ болуп келген. Бирок, алар элдин деңгээлине, көрүүчүлөрдүн табитине бир аз туура келбей калган. Мындайча айтканда такыр башка публика үчүн тартылган кинолор болуп калган десем болот. Ал эми «Белгисиз маршрутта» жөнөкөй, карапайым калктын жашоо-турмушу чагылдырылгандыктан элге бат сиңип, жакшы кабыл алышты. «Белгисиз маршрутта» ар бир көрүүчү өзүн көрөт. Негизи элге жөнөкөй, мазмуну өтө татаал эмес кинолор керек деп ойлойм. Бул тасманы тартуудагы негизги максатым жалпы кыргыз элин биримдикке чакыруу. Эми кыргыз эли үч миллион эле да, ошолордун башын бириктирип, байлык менен бийлик эч кимге жакшылык алып келбейт деген идеяны билдиргим келген. Элдин жакшы кабыл алганын көрүп отуруп максатыма жеттим десем болот. Анан кинону көргөн адам ар бири өз интеллектуалдык деңгээлине жараша кабыл алат. Бирөө жөн гана көрүп тим болот, бирөө маанисинин тереңдигин баамдайт. Ар бир эпизодду чечмелеп карайт.

«Бул кинону» тартуу идеясы качан пайда болуп, канча убакыттан кийин оюңуз ишке ашты?

— 1990-жылдары студент болчумун. Каникулда шаардан айылга келе жатканда вокзалдан автобуска түшөсүң, эми анын ичине жок дегенде эле отуздай киши толуп алат. Жолдо масы да болот, соосу да болот. Эртең менен уруша кеткен эки кошуна маңдай-тескей бир автобуска отуруп калышы мүмкүн. Бирөө тойдон келе жатып экинчисине арак куюп берип сыйлайт. Айтор, эң кызыктуу көрүнүштөрдүн баары автобустун ичинде болот. Иши кылып ошол автобус айылдагы адамдардын башын бириктирет.

Анан мен 90-жылдары шаардан айылга бара жатып эки саат аралыгында жолду катар автобустагы окуяларды көрүп отуруп алгач даректүү фильм тартуу идеясы пайда болгон. Убакыттын өтүшү менен ушул ойду улам-улам бышырып, жакшыртып, алчусун алып, кошчусун кошуп отуруп жыйынтыгында толук метраждуу кино 19 жылдан кийин тартылды. Кинону баш-аягы 6 айда тартып бүттүк.

«Белгисиз маршрут» Россиянын кайсы сыйлыгына көрсөтүлдү?

— Россиянын кино академиясы бар. Өздөрү КМШ, Балтика өлкөлөрүнөн каалаган төрт киносун тандап алышат. Эң мыктысына «Ника» сыйлыгы ыйгарылат. Былтыр Эрнист Абдыжапаровдун «Боз салкыны» сыйлыкка көрсөтүлсө, быйыл төрт тасманын катарында «Белгисиз маршрут» да бар.

Азыр да бир кино тартам деп пландап жатыптырсыз, маалымат бере кетсеңиз?

— Буюрса сүйүү, мораль темасын камтыган кино тартууга киришип жатам. Даярдыктар көрүлүп, кастинг өтүп жатат. Аталышы «Арманым Лира», орусчасы «Вечная небеса», Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы менен алмаштырып алышпасын. Азырынча жакында тартыла турган тасма тууралуу ушундай эле маалымат бере алам. Тартылып бүткөндөн кийин өзүңөр толугу менен көрүп сыныңардан өткөрүп аласыңар.

Кастинг кандай талаптар менен өткөрүлөт? Элдин арасынан суурулуп чыккан таланттар деле катыша алабы же профессионал актёрлор эле кабыл алынабы?

— Ар ким өз иши менен алектениши керек да. Көчөдөн кармап келгендин баары эле актёр болуп кете албайт. Чуркап, секирип, ары басып, бери баскандан деле эч нерсе өзгөрбөйт. Актёрдун психологиясы болот да, ар бир образды ийнине жеткире аткарган да өзгөчө чоң эмгекти талап кылат. Актёрлордун арасынан деле карап жатам ылайыктуусу болобу, болбойбу деп. Бирок, жаштардан арасынан эле алсамбы деген ой да басымдуулук кылып жатат.

Азыркы жаштар батыштын кинолоруна арбалып, психологиясы бузулду деген улуу муундагы адамдардын нааразычылыгы көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат. Кыргыз режиссёрлору жаштарга туура багыт көрсөткөн кандай кино жарата алат?

— Бул суроого мен мындайча жооп берет элем. Чоң атам атамды «биз жаш кезде мындай элек» деп урушчу экен. Атам болсо мени «биз жаш кезде мындай элек» деп урушчу, азыр мен балдарымды ошентип урушам. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ар бир адам жаш кезинде басып өткөн нерсесин мисал кылып кийинки муундарга айта берет эмеспи. Азыркы жаштар өз жашоосу менен жашап жатат. Мага ошонусу жагат. Болгону бир аз патриоттуулук сезим жетишпей жатат. Мамлекетибизди жаман деп таштап кетип жатышат, бизге жакшы мекенин ким берет? Элимди, жеримди, улутумду жакшы көрөм. Улутчулдугумду деле жашырбайм. Жаштардын көпчүлүгүнөн мындай сезимдин эпкини келе бербейт.

А.Дүйшөналиева, «Обон», 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий