Кыргыз киносу Бакен Кыдыкеева менен башталат

«Төкөлдөштүн төрт кызы» деп элге таанылып, кыргыздын театр өнөрүнүн түптөлүп, өсүш жолунда азыркыга чейин айтылып, жазылып да келаткан албан эмгектерди жасап кетишкен Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеевалар Төкөлдөш айылында төрөлүп өсүшкөн. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» деген казак элинин жакшы кеби бар. Анынсыңарындай, «Саманчынын жолу» киносунда кандай кыйынчылык болсо да көтөрө билип, шартылдай басып, шар сүйлөгөн Толгонайды көрүшкөн жаштарга улуу муундар: «Карачы, Кыдыкеева кандай кыйын ойногон!» дешсе, «Ал ким?» дегендей суроолуу тиктешпесин деген ниетте, улуу талант, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, Бакен Кыдыкееваны эскерүүнү эп көрдүк.

1923-жылы төрөлүп , кичинесинен оюн-зоокко жакын, жомокту көп угуп өскөн Бакендин атасы Кыдыке сабаттуу, мугалимдик кесипти аркалаган адам болот. Ошол учурдун өнөр ээлери Карамолдо Орозов, Калык Акиев, Шаршен Термечиковдор Кыдыкенин үйүнө келип-кетишип турушчу экен. «Мага жомок айтып бергилечи» дей берчү экен кичинекей Бакен. «Таң атканча сенин кызың үчүн эле ырдап, жомок айта беребизби» деп тамашалашчу тура андайда коноктор.

№5 — мектепте окуп жүргөнүндө Анвар Куттубаевалар мектепке оюн коюп келишип, «ошол эжедей болуп театрда ойносом» деп эңсеп, эси-дартынын баары театр болуп жүргөн Бакендин 14 жашында жаш көрүүчүлөр театрында эмгек жолу башталат. «Койлуу булак» спектаклинде — Лауренсия, «Көкүлдө»-Гүлайым, «Курманбекте» — Айганыш, «Бетме-бетте»- Сейде, «Үй-бүлөдө»-Мария Александровна Ульянова, «Гүлсаратта» — Жайдардын жана дагы бир топ образдарды жаратуу менен ыйык сахнанын ээси болуп калган Бакен Кыдыкеева кыргыз киносунун да тушоосун кескен деп айтсак жаңылбайбыз.

1955-жылы «Салтанат» фильминде Салтанат кинодогу эң биринчи ролу болгон. «Салтанат» тартылаарда мен отуз эки жашта болчумун,- деген эскерүүсү бар экен эженин. — Башкы ролго татыктуу актрисаны көпкө издешти. Тандоого катышкан 5-6 актрисанын арасында белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиева да бар эле. Акыры көркөм кеңеш мени тандап калышты. Кинодо роль жаратуу мен үчүн оор эле болду. «Салтанатта» менин жаштык күндөрүм калды. А жаштык кез эч качан эстен кетпейт!»

Андан кийин «Токтогул» фильминде Бурма, «Ашууда» — Райхан, «Биринчи мугалимде» — Каракатын, «Алымкан» телефильминде — жеңенин ролунда, Геннадий Базаровдун «Көчө» фильминде — Сейилдин кинодогу элестери ар бир көрүүчүнүн көз алдында сакталып, чоң эмгек менен чыныгы талант ойногонун айта кетпесем болбос.

Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин негизинде коюлган спектаклде Сейденин ролун да Бакен эже ойноп жүрүп, кийин баш тартып коёт. Себебин өзү мындайча эскериптир: «Бир күнү Сейдени башка артисттин ойногонун карап олтуруп, көздөрүм колдоруна урунду. Эртеден кечке иштеп, эмгек кылып жүргөн Сейденин колдору жумушка бышкан, туурулган кол болуш керек да, тигил артисттин колу ошондой экен. Өзүмдүкүн карасам ак, таза, манжаларым ичке. Демек, көрүп олтурган көрүүчүгө да көрүнсө керек деп ал ролдон баш тарттым». Караңызчы, кандай адам?! Ошондой нерселерге чейин көңүл бөлүп, ойлонуп, артист катары өзүн сыйлап, көрүүчүнү сыйлаганы деп түшүндүм мен.

Райма Абдубачаева, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
«Өмүрү театр менен өттү»
Бакен эжени жакшы билип калганым- мамам экөө (Даркүл Күйүкова, СССРдин Эл артисти- М.М.) жакын курбулардан болчу, үйгө да көп келип — кетчү. Бизге ар кандай окуяларды айтып берип күлдүрүп, акыл-насаатын айтып, эже үйгө келген күн кызыктуу өтөөр эле. Мамам да аябай жакшы көрчү. Экөө жөө жүрүшкөндү жакшы көрүшчү. Театрдан чыгып алышып, жолду катар улам токтошуп, жарата турган ролдорун сүйлөшүшүп, жакын эле турган үйгө бир саат дегенде келишчү. Бири-бирин эркелетишип, мамам «Бакелең» десе, Бакен эже «Даки» дечү. Эже өзү жакшынакай, мүчө-келбети да сындуу эмес беле. Бир күнү жаш кездеринде мамам экөө көчөдө кетип баратышса артынан балдар: «Кыздар, таанышып алалы», — дешип тийишкен экен. Анда Бакен эже бурулуп карап: «Мен силерге тааныша турган кызмынбы?»-десе, балдар тааный коюшуп, уялып, кечирим сурашкан деп күлүп айтып калышчу. Элдер суктанышчу эмес беле!

Аябай адамгерчиликтүү, мүнөзү да жакшы адам болчу. Шарт сүйлөп, бетке айтып, тайманбас мүнөзү бар эле. Театрда бирөөнүн жасалма ойноп атканын жактырчу эмес. Көбүнчө шайыр, жайдары жүрчү. Мектепте окуп жүргөнүмдө «Анна Каренина» спектаклинде эже менен партнёр болуп, мен баласы Серёжанын ролун ойноп калганыма сыймыктанам. Ушунча мээримин төгүп, кирип келип эле: «Серёжа!» деген кичинекей эле эпизоддо дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болчубуз. Эми укмуш ойногон да! Кайсы роль болбосун катыра ойночу. «Салтанат» киносунда атты чаап бара жаткан жери эле эмне?! Мария Александрова Ульянованын ролун ойногонун аябай жактырам. Муратбек Рыскулов, мамам, Бакен эженин учурунда Фрунзе музейинин ордундагы эски, кичинекей театр -искусствонун чордону эле. Ролдорду ушунча берилүү менен образга кирип ойношчу. Эл театрга батпай, билет таппай калышчу. «Курманбек» спектаклинде Бакен эже Айганыш, Тейитбекти Муратбек Рыскулов ойнойт. Тейитбектин каргап, тескери бата берген жеринде залдагы бир көрүүчү жаман көрүп, тышка чыгып барып таш алып келип, Рыскуловду көздөй таш ыргытат. Демек, артисттин көрүүчүнүн жүрөгүнө жеткире ойногонунан көрүүчүдө жектөө сезими ойгонуп атат да.

Театрды улуттук деңгээлге жеткирген ыйык адамдардан эмес беле, бул кишилер. Өмүрү театр менен өттү.

Азыр эми Бакен эже ойногон ролду эч ким кайталай албайт! Талантына таазим кылам!

Жаныш Кулманбетов, драматург, театр сынчысы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
«Кыдыкеева театрга келгенде чымындын учканы да угулуп турчу»
Бакен Кыдыкеева театрга 14 жашында келген. Атасынын каршы болуп, тыюу салганына карабай иштеп, режиссёр да ага башкы ролду берип коёт. Театрдагы 1-башкы ролу Лауренсияны тобокел деп ойнойт. Ойноорун ойноп, а бирок атасынан коркуп жүрүп үйүнө келсе, спектакль жөнүндө «Кызыл Кыргызстан» гезитине чыгып, атасы окуп олтурган экен. «Бул жерде сен жөнүндө жазылганбы?» деген атамдын үнүнөн ачуулануу эмес таң калууну байкагам» дейт. Ошондон кийин кызыл гүлдөрдү көтөрүп алып атасы театрга үзбөй келип турчу экен. Мыкты-мыкты ролдорду жаратты. Кыдыкеева театрга келгенде чымындын учканы да угулуп турчу. Театрдагы ызы-чуу, башаламандыкты жактырчу эмес. Театр — бул маданияттын храмы деп мамиле жасачу. Эми таланты ташкындаган, сыртынан телегейи тегиз көрүнгөн менен Кыдыкееванын сахнанын артындагы жашоосу оор эле болгон. Театрдан эки жолу чыгарышкан. Театрдын артисттери күнүлөштөрдөй эле болушат, таланты менен жолубузду тосот дештиби, 60-жылдары театрдан чыгарып, эже кинодо жүрүп, кайра министрдин буйругу менен театрга кайтып кабыл алынган. Кийин да күүлүү-күчтүү ролдорду жарата алаар кезинде эле пенсияга узатып коюшкан. Бир күнү бир актриса айтып калды: «Бакен эже пенсиям аз, иш болсо кичине тыгынчык болот эле деп атат», -деп. Эжеге «театрдын директору менен сүйлөшөлүбү?!»- десем макул болгон жок. Анан жаштар театрындагы ыраматылык Алмаз Сарлыкбековго айтсам, ал дароо эле буйрук чыгарып, эжени театрга алган.

Эженин мүнөзү кандай эле?

Аябагандай шар адам болчу. Оюндагысын жашырбай эле ачык айтып салчу. Өзгөчө касиети — өзүнүн жаңылыштыгын мойнуна алып калганында эле. Искусство, адабият чөйрөсүндөгү көбүнчө адамдар үчүн бул чанда кезикчү касиет.

80-жылдары Ош театры гастролдоп келип калышты. Искендер Рыскулов турган мыкты театр, жакшы коюшту. Баары эле, Бакен эже да мактап атышты. Мага сөз келгенде жаш сынчы катары жакшы жактарын эле эмес, кемчиликтерин да айта кетсем, «Жаш бала, келип алып, эмнени билмек эле?..» дегендей кылышты. Коридордо чыгып кетип баратсам эже токтотуп калды да: «Ойлоп көрсөм сенин айтканыңда чындык бар экен»-деп атпайбы. Бул өзүнүн жаңылыш айтканын мойнуна алып атканы да.

Эжени жакшы билип калдым, сахнада партнёр болуп да ойноп калдым. Тагдыр экен, 1993-жылы 30-декбарда Алиман Жангорозованын сөөгүн узатууга келгенде акыркы жолу көрдүм…

— Аталган жаштар театры Кыдыкееванын атындагы театр эмеспи. Качан берилди эле?

Таланттуу адамдардын бешенесине бул турмушта эле оор нерселер жазылбастан көзү өткөндөн кийин да атын театрга ыйгарттыргысы келбегендердин айынан көп убакыт берилбей жүрөт. Кийин Темирлан Сманбеков деректир болуп келип наамы берилсин деген буйрукту столунан көрүп, анан театрга аты официалдуу түрдө ыйгарылды. Мында Сманбековдун эмгеги чоң. Ошондо анан Бакен Кыдыкеева жөнүндө менин «Талант жана тагдыр» пьесам боюнча режиссёр Алмаз Сарлыкбеков 2004-жылы спектакль койгон. Башкы ролдорду Назира Мамбетова, Гүлмира Ташматовалар ойношкон.

Назира Мамбетова, КРнын Эл артисти, Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын ээси, Мамлекеттик Жаштар театрынын актрисасы:
«Улуу таланттын аял катары тагдыры татаал болгон экен»
Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» пьесасы боюнча коюлган спектаклинде башкы ролду кандайча ойноп калганыңыз тууралуу токтоло кетсеңиз?

Эженин ысмы театрга коюлгандан кийин, театр алдына маселе койду «Эмнеден баштоо керек?» деген. Ошондо Кулманбетовдун пьесасын бүт театр коллективибиз менен окуп көрүп, макулдашып Алмаз Сарлыкбеков койгон. Башкы ролду мен өзүм сурап алдым. Анткени, пьесаны окуп көрсөм образ абдан татаал экен, ошол татаалдыгы үчүн ойногум келди. Сураарын сурап алып премьера коюлуп бүткүчө уйкусуз түндөрдү башымдан өткөрдүм, ичимден кыйналганымды эч кимге билдирген жокмун. Мен үчүн татаал роль болду. Күнү-түнү образдын үстүндө иштедим. «Назира Мамбетова Бакен Кыдыкеевага окшойбу?» деген да суроолор болду. Окшош экенсиңер дегендер да болду. Сыртыбыздан окшош эмеспиз. Балким, спектаклде эженин ички дүйнөсүн аңтарып элге жеткире ойноюн деген аракетимден улам окшошсуң деп айтып атышса керек. Ал эми кандай ойноп, кандай жеткире алдым аны көрүүчүлөр айтышсын.

Ички жан дүйнөсү ушунча бай, бийик адам менен маектешип, сүйлөшүп калгам. Аябай сүрдүү адам болчу. Улуу таланттын аял катары тагдыры татаал болгон экен. Эженин наамындагы сыйлыкты алып жүргөнүмө сыймыктанам.

«Обон», 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий