Киноөнөр: Ач каласыңбы, же акча табасыңбы?..

Бир мезгилде кыргыз киносун «кыргыз керемети» деп атаса, бүгүнкү күндүн тасмасы таптакыр башка өңүткө ээ болууда. Анткени, мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнүп тартылган тасма журт ичинде анчалык деле атакка жетпей жатат. Бирок, өлкөдөн сырткары өтүп жаткан фестивалдардан түрдүү сыйлыктарга ээ. Ал эми, эч кандай сыйлыкка умтулбай, элдин купулуна толгон тасмалар да тартылууда. Алар тескерисинче, жаратуучуларын кирешелүү кылып жаткан учуру. Азыркы кыргыз режиссёрлору ач калып жатабы, же акча таап жатабы, кептин учугун улайлы.

Алгач, редакциябызга соңку жылы атактуу болуп жаткан жана келечектен көптү үмүттөндүргөн «эки жээктин» режиссёрлорун чакырдык. Апрель айында өтүүчү «Никаны» күтүп жаткан «Белгисиз маршруттун» режиссёру Темир Бирназаров жана калк арасында өзгөчө популярдуулук тапкан «Кайып булак», «Достор» тасмаларынын ээси Рысбек Жабиров келишти. Ошондой эле, ортодо калыстык үчүн кинотаануучу, киносынчы Гүлбара Төлөмүшева жана студент Жамал Карабекова талкууну бирге талашты.

— Биздин редакцияга кош келипсиздер. Тегерек столубуз бүгүнкү кыргыз киносунун абалына багышталмакчы. Айтсаңыздар, сиздер өз ара «профессионал» жана «профессионал эмес» режиссёр деп бөлүнөт экенсиздер, эмне себептен?
Рысбек Жабиров: — Мен киносынчы дегенди сыйлайм. Бирок, азыркы учурда режиссёрлор көбөйүп кетти. Профессионалдык деңгээлге жетиш үчүн албетте, колунда режиссёрлук диплому бар адамды айтуу туура эмес деп эсептейм. Эгерде, профессионал кино жаратса, анда режиссёр-чебер деп койсо болот. Ал эми, мен «профессионал» режиссёр деле эмесмин. Биринчи тарткан «Кайып булак» тасмасында режиссёрдун ассистенти болуп жүрдүм. «Достордо» режиссёрдун шериги (со-режиссёр) милдетин аткардым. Эми жаңы тарта турган тасмага өзүм режиссёр болоюн деп жатам.

Темир Бирназаров: — Жок, Рысбек, кептин баары режиссёрду ким окутканда? Мен мисалы, «окуйм» деп алты жыл темселегем. Совет учурунда режиссёрлор Москвадагы ВГИКтен окушчу. Анда дагы Кыргызстанга бир эле орун берип коюшчу да. Эми элестет, ал жерге кимдин гана балдары барып окушчу. Мен билгенден Болот Миңжылкиевдин баласы билим алып келген. Өзүм болсо, Алма-Атада окудум. Ар бирибизге өзгөчө мамиле жасап, аудиторияда бир студент жана бир мугалим калыбында билим алдык. Анда медицина, криминалистика, психология ж.б. сабактарды үйрөндүк. Ошондогу эсептөөлөр боюнча, бизде окуган ар бир режиссёр балага 60 миң доллар кеткен. Анткени, чет мамлекеттерден атайын мугалимдер чакыртылчу.
Рысбек Жабиров: — Ооба, мен сиздин акыркы эмгегиңиз «Белгисиз маршрутту» көргөндө, аябай ыраазы болдум. Мындан сиздин өтө күчтүү драматургиялык сапатка ээ экениңизди байкап жана «менмин» деген актёрлорду өзгөртүп, «эзип сындыра» билгениңиз жакты. Сизди мактаган деле жокмун, өзүмдүн көз карашымды айтып жатам.

Темир Бирназаров: — Эми ал фильм деле эмес, массага, биздин элге тартылган болчу. Менин оюмча, ал жерде драматургия деле жок.

— Ал эми, режиссёрлордун бөлүнгөнүнөн тышкары, тасмалар да өзүнчө бөлүнүшөт дешет. Мисалы, профессионал режиссёр тарткандын тасмасы профессионал болуп, профессионал эместин тасмасы кассалык, же коммерциялык деп аталат экен. Ушул тууралуу эмне дейсиздер?

Рысбек Жабиров: — Мен тасма тартсам, өзүбүздүн актёрлорду чакырбайм. Аларды сырттан эле ойноп койгондой баалайм. Мен жалаң коммерциялык багыттагы тасмаларды тарттым. Анткени, биздин өлкөдө меценант дегендер жокко эсе. Канча убара болдум, мен дагы идеясы бар тасма тартайын дегем. Бирок, мага жардам берген адам болгон жок. Ошондуктан, бардык чыгымдарды эсептеп, ошол сумманы акташым үчүн, «жеңил-желпи» тасма тарттым. Ошол эле учурда, мындан кийин тарбия берүүчү тасмаларды тартайын деген ойлорум бар.

Темир Бирназаров: — Жок, коммерциялык жана автордук тасма деп бөлгөн туура го. Коммерциялык деген «Дордой» жана «Ош» базардын деңгээлинде. Мен да «Белгисиз маршрутту» тартаарда, аябай жөнөкөйлөтүп, жөнөкөй адамдар түшүнүү үчүн кыйла төмөндөтүүгө туура келди. Ал эми, автордук тасма үчүн деле окуштун кереги жок. Бул режиссёрдун дүйнөгө болгон көз карашынан да көз каранды. Менин айтайын дегеним, бүгүнкү талкууда эки түрдүү тасманы салыштыруу мүмкүн эмес. Себеби, эки тараптын максаттары башка. Мисалы, силер акча табасыңар. Кино силер үчүн акча табуунун бир жолу. Бизде максат таптакыр башкача. Мисалы, «Мерген Турган менен Чайков-скийдин концерти бир мезгилде боло турган болсо, элдин баары Мерген Турганга баргандай» эле кеп.

Рысбек Жабиров: — Силердин аркаңарда келе жаткан бизде деле максаттар күчтүү. Бизде дагы идеялар бар, бирок аны колдогон адам жок болуп жатпайбы… Техниканы арендага аласың, үйүңдү күрөөгө коюп, банктан кредит алабыз. Кийинкисинде жакшы камера алсам экен, жакшы кран алсам экен деп, дагы кассага иштеп жатабыз.

Темир Бирназаров: — Жок, силер азаматсыңар. Азыркы учурдагы кыргыз киносунун бир бош калган жерин толуктап жатасыңар. Бирок, Рысбек, учурда биздин студияда бир тыйыны жок жаш балдар бар. Алардын идеясын угуп отурсаң, укмуш! Ошол балдарды кассалык болуп саналган, «боевик тарт» десең, тарта албайт. Анткени, алар жаратылыштан тубаса талантка ээ, табияттан сүрөткер болуп жаралган. Чыныгы талант менен акчаны салыштыруу мүмкүн эмес. «Байып алсам, анан жазуучу болом» дегендей, сүйлөп жатасың.

Рысбек Жабиров: — Биринчиден, мага окшоп тарткандардын Рустам Аташовдун «Министрдин кызынын махабатын» же Чыңгыз Мырзаев катышкан «Кандуу сүйүүнү» да көргөн жокмун. Бирок «Айтыш фильм» тарткан «Биринчи кадр» жана «Айыл өкмөтү», «Белгисиз маршрут» тасмасын көрүп чыктым. Коммерциялык кино жөнүндө, «Кайып булак» фильми эмне үчүн кассалык болду? Анткени, анда катышкан 8 ырчы тең Спорт ордосунда концерт койгондо, элди жык жыйнашат. Алардын биринчи жолу киного тартылып жатканы эле, калк арасында ажиотаж жаратты. Мен дагы үйрөнө турган нерселерим көп. Ал эми, Гүлбара эжени биринчи жолу көрүшүм. Бул убакытка чейин телевизордон эле көргөм. Өзүмдүн тасмаларымдын ачылышына эжени чакыргандан азырынча тартынам, «эмне дейт» экен деп. Кинонун сапаты жөнүндө бир гана кинотаануучулар айта алса керек. Киносынчылар акчанын жасалмасын айырмалагандай эле, алар гана сөздүн төркүнүн билишет.

— Жалпы кыргыз киносунун бүгүнкү абалын кандай баалайсыздар? Сиздерди канааттандырабы?

Темир Бирназаров: — Биздин кинонун абалы совет доору кулагандан кийин эле «эси ооп калган». Совет учурунда «ботинке чыгарылчу, ботинкени сатып алгандар бар эле». Же кинону тартчубуз, ал прокатта 15 республикада милдеттүү түрдө жүрчү. Өзүн да актачу. Азыр болсо, кошуна Өзбекстан же Казакстанга прокатка чыгармак түгүл, мынабу «Ала-Тоого» чыгара албай жатпайбызбы… Анын үстүнө биздин республикабыздын потенциалдуу көрүүчүсү ашып барса 700 миңге жетет. Мынча аз адамдын акчасы жакшы тартылган фильмди актап бербейт. Азыр бюджети 10-17 миң долларга тартсаң, актайт. Ошондо дагы бүгүнкү күндө прокат «өлгөн», техника каражаттары эски. Азыр биздин студиянын штатында бир да режиссёр, бир да оператор, бир да монтажер жок. Тасманын үнүн болсо, моного жаздырабыз (азыркы учурда чет өлкөлөрдө үн оюн менен кошо жазылат, бизде тасмадан тышкары отуруп алып, актёрлорду сүйлөтүшөт ). Өткөндө казактар келип, «Белгисиз маршрутту» Европага көрсөтүү үчүн сатып алабыз деп жатышпайбы… Ал үчүн үнүн оңдоп чыгыш, плёнкага которуш керек. Бул деген чоң акча. Ошондо казактар айтып жатпайбы «Ушундай идеяны, ушундай техника менен да тартасыңарбы» деп. Ал эми, россиялыктар биздин үндү угуп алышып, «мындайды дагы эле пайдаланып жүрөсүңөрбү, өткөн кылымдын калдыгы» дешти. Мисалы, казактын КТК каналы эки жылдык телекөрсөтүү прокатына 120 миң доллар төлөшөт экен. Менин тасмамды биздин канал 27 миң сомго сатып алды. Эмнени айталы, керек болсо, кыргыз киносунун эң жөнөкөй электрондук сайты жок.

Гүлбара Төлөмүшева: — Жок, башташкан болчу. «Ой арт» тарабынан аракеттер болгон.

Темир Бирназаров: — Алар жеке менчик. Мамлекеттик кинолорду камтыган сайт жок болуп жатпайбы. Бюджеттен акча бөлүнүп жатат, бирок алардын кайда кетип жатканына мен таң калам. Дагы бир белгилей турган нерсе, бул коммерциялык тасма тартуучулар ар бир тыйынынан берип эсептеп иш кылып жатат. Бизде болсо, мамлекет акча берет. Эрте менден кечке чейин «эки колун чөнтөккө салып жүргөндөр» арабызда толтура. Жылына бир-эки фильм тартабыз, 70тей киши жүрөт «кошо тартышып»… Өткөндө мен сунуш айтып чыктым. Эми биздин департаментте конкурс жарыяланып, бардыгы катышсын. Анан ким утуп алса, колдоо көрсөтүлүп, тасмасын тартсын деп чыктым.

Рысбек Жабиров: — Бул идеяңыз аябай жакшы экен. Россиялык каналдарды карагыла. Эки-үч жыл мурун алар чет мамлекеттердин фильмдерин көрсөтүшчү. Азыр бүт өздөрүнүн тасмалары. Аларда ошондой конкурс жүргүзүлөт экен. Режиссёрдун кимиси утуп алса, ошол тартат.

Темир Бирназаров: — Силерге окшогондордун тартып жаткандары жакшы жышаан. Эл киного барыш эмне экенин унутуп бара жаткан эле. Силер элдин кызыгуусун унуттурбай турасыңар. Аркаңардан биздин киного да келип башташат.

— Сиз коммерциялык тасма тартуу үчүн канча каражат сарптайсыз жана кирешеңиз канча болду?

Рысбек Жабиров: — Эки тасмамда тең орточо 20-25 миң доллар коротсом, актап алдым. Мисалы, «Кайып булактан» 60 миң доллар түштү.

Темир Бирназаров: — Силерден акча табууну үйрөнүш керек экен. Мен «Белгисиз маршрутту» тартып алып, дагы эле кыйкырып жүрсөм…

Рысбек Жабиров: — Сиз айтып жатпайсызбы «телеканалга саттым» деп, мен бекер эле берип койдум. Ал эми, пираттарга болсо, 6 миң долларга саттым. Алар акташын билишти. Алар 100 миң нускада даярдап, бир жарым ай кармап отуруп, бир алып чыгып сатышты. «Достордо» болсо, утам деп ойлосом, тескерисинче жыйынтыгында, утулуп калдым. Бир эле техникалык жактан уттум. Мага кино тартуу башында караңгы бөлмөгө ширеңке менен киргендей болдум. Кийинкиде шам менен кирдим. Эми дагы жарыгы бар бөлмөгө кирем деп күтүп жатам. «Достордо» эки машинамды сатып, тобокелге салып тасма тарттым.

Гүлбара Төлөмүшева: — Актаарын алдын-ала билбей, тобокел менен тасма тартуу оор. Сизге демек, тасма тартуу жагат экен.

Темир Бирназаров: — Мен сага окшоп, тобокелге салам деп, банкрот болдум эле. Булардын тема койгону эле укмуш. Мисалы, «Башаламан» деген сөз эле кандай, «кыйкырып» турат? Же «Министрдин кызынын махабаты» атынын өзү эле жарнак болуп жатат. Өткөндө, мен да бир тасмага «Арманым Лира» деп койсом, профессионал кесиптештерим күлө берип, жыгылып калышты.

Гүлбара Төлөмүшева: — Эми, ар бир режиссёр атайын бир багытты тандап албайт. Мисалы, белгилүү Никита Михалков башында автордук, жогорку көркөм чыгармаларды тартчу. Бирок, ортодо анын жашоого болгон баалуулуктары өзгөрүп, коммерциялык тасма тарта баштаган. Бизде кыргыз режиссёрлорунун дээрлик баары аудиторияга «жүзүн бурду». Алсак, Эрнест Абдыжапаров учурда коммерциялык «Влюбленный вор» тасмасын аяктап калды. Бирок, 90-жылдарда ал «Таранчы» деген кыска метраждуу фильм менен бүтүндөй Европага таанылган. Ошол эле учурда, ички рынокто андай атакка жете алган жок. Азыр Эрнест Абдыжапаров «мени элим да таанысын» деп калкка арнап, тасма тартып жаткан кези. Марат Сарулунун «Песнь южных морей» жана «Теңири» тасмалары технологиялык жактан бардыгынан озот. Анткени, алар Берлинде монтаждалган. Акжол Бекболотовдун 17 мүнөттөн турган «Кам санабаңыз» тасмасы 20дан ашуун сынактарга катышып, андан 8 байге жана 20 500 доллар акчалай сыйлык утуп алды. Эмнегедир, баарына «Кам санабаңыз» жагат. Эмне үчүн? Себеби, анда автордун философиялык салымы бар. Айтсак, тасмада жер төлө, көпүрөнүн асты, үйдүн чатыры жана жол. Аткарган балдар турмуштун бардык деңгээлин көрүшөт. Алар ырдап акча табышат жана жер төлөдөгү балдарга окшоп, клей жытташпайт. Рустам Аташовду мен аябай сыйлайм. Анын тасмаларында эч кандай көркөм чыгарманын деңгээли жок. Бирок ал жерде эмне бар? Алар каарманды тааныта билгени үчүн элдин купулуна толду. Ал эми, Талгат Асранкуловдун «Райские птицы» тасмасы Акаевдин мезгилинде тартылган. Тасма ушунчалык күчкө ээ, ал коркунучтуу курал да болушу мүмкүн. Анткени, «Райские птицы» фильминдеги киллер бала кара өзгөй жана орой да эмес, анын адамдык жакшы сапаттары тартылат. Анткени, ошол учурдун бийлиги жөнөкөй бандиттен коркунучтуу болгон. Дагы бир нерсе режиссёрлор «Эзоптун тилинде» кыйыр түрдө тартканды үйрөнүшү кажет. Мисалы, Темир Бирназаровдун тасмасындагы каармандар жана сөздөр түшүнүктүү жана түз айтылган. Бирок, биздеги саясий абал Өзбекстан же Түркмөнстанга караганда, бир кыйла жеңил. Ошондуктан, түз маанидеги тасмалар тартылууда. Рустам Аташов, же Рысбек Жабировго окшоп тарткандарды мен колдойм. Себеби, уруш-мушташ жана уяттуу кадрларга жык толгон экинчи сорттогу америкалык тасмалардан алардын тасмасы миң эсе жакшы. Бирок, дагы бир жакшы жери бизде режиссёрлордун бөлүнгөнүнө карабай, өз ара тажрыйба алмашуу болуп жатат. Эрнест Абдыжапаров элдин талабына ылайык жана анын тасмасына билет сатып кирүүсүн көздөп жатса, Рустам Аташов тескерисинче, учурда кыска метраждуу бирок, идея көздөгөн жана фестивалдардан утуп келе ала турган тасма тартайын деп жатат.

Жамал Карабекова: — «Кайып булак» киносу эмнегедир мага жакпайт. Бул менин эле оюм. Бирок айылга барып калганда, туугандарымдын телевизор алдынан жылбай көргөнүн байкап калам. Аталган тасма аркылуу режиссёрдун эмнени айткысы келгенин түшүнбөйм. Бул фильм акча табуу үчүн тартылгандай эле. Маңызы да жок. Ал эми, «Белгисиз маршрутту» да 100 пайыз жагат дегенден алысмын. Андагы адамдардын бири-бирине болгон мамилесинен өзүңө бир нерсени кабыл алгың келет. Менин оюмча, биздин мезгилибизге ылайыктуу заманбап жаштардын жүрөгүнө тийчү тасмалар тартылса дейм. Мисалы, ичкилик, баңгилик, наристелердин жана картаң кишилердин кароосуз калып жаткандыгы ж.б. Бүгүнкү тегерек стол боюнча айтарым, эки жак тең туура айтты. Бирөө «үй-бүлөсүн багам» деп тартса, экинчиси «кыргызым» деп тартат. «Ий бизде акча жок деп отура берсең, отура бересиң». Ошондуктан эки тараптын тарткандары ар түрдүү болсо да, бирдей колдойм.

Эльвира Караева, «Zaman-Кыргызстан», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий