КРнын эмгек сиңирген артисти Келдибек Ниязов: «Жамбыл борборду Ошко көчүрөм дейт экен, мен болсо Нарынга көчүрсөкпү дейм»

Атак-даңкка, наамга жетиш бу заманда оңой болуп калды, элге кызмат кылбай, эмгек сиңирбей эле эки ыры менен эл артиси болгондорду көрүбатабыз. Сахнада 40 жылдан бери келаткан айтылуу эл шайыры Келдибек Ниязовго калың журт элдик деген наамды эчак эле берсе да, маданияттагы чиновниктер андай наамды бу кишиге дагы эле ыраа көрбөй келатышат. Анткени биздеги өнөрдү, эмгекти калыс баалоо деген жөнөкөй түшүнүк совет доору менен небак кошо кеткен, бүгүн кимдин куу кекиртегин майлайсың, көңүлүн кантип табасың, кеп ошондо болуп калды. Келдибек байке эле дейсиңби, мамлекеттин назарынан тыш калган атактуу искусство адамдары толубатат, керек болсо Б.Миңжылкиевдей өнөр алпы республиканын эл артиси наамына жетпептир, анан эмне дейбиз? Бирок биздин маек бул жөнүндө эмес.

Келдике, өнөр адамдары канчалык таланттуу болбосун, аны кезинде байкап, жол көрсөткөн, ажайып дүйнөгө ээрчиткен, себепчи адамдар болот эмеспи. Сахнада өткөргөн бүтүндөй бир өмүр бийиктигинен артка кылчайып сиз да ошондой адамдарды эстейт чыгаарсыз?

Албетте. Айылдан онду бүтүп шаарга келдим. Искусство институтуна тапшырсам ал жердеги комиссияда башын тасырайта кырдырган киши отурган экен, ажылдап ырдап кирсем, угуп туруп токтот деди. Сенде бу ритм, слух деген жок турбайбы деп тилдеп кирди. Бирок бала, көзүңөн бир шайтан ойнобатат, эртең актерлук факультетке алган атабыз, ошого даярданып кел, монолог дегенди билесиңби дейт. Нарындыктардан «пароход көрдүңөрбү?» десе «ооба, жегем» болбоюн деп жок дедим. Бар, даярдан деди. Үйгө келип (Эрнис Турсунов байкеникинде турам) эле «ай байке, өтпөй калдым, башкасына монолог жаттап кел дешти» десем, үйүндөгү китептердин ичинен колтойгон бир кара китепти алып чыгып, мобул жерин жаттай бер деди. Күн кайнап турат, кайра айылга кетип калгым келет; айла жок, илегенге муздак суу куюп алып, түнү менен 78 бет (!) жаттаптырмын. Эртеси институтка урган бойдон келибеле жанагы тасыракай баш кишини таап, монолог айтып кирсем «Эй атаңдын оозун урайын татырактаган, муну мага айтпай, кечээ күнкүдөй комиссияга айтасың, токтот» дейт. Мен ойлоп атпайымбы бу киши укса болду, өткөрөт деп. Анан кезегим келгенде монологумду баштадым. Комиссиядагылар ыкшып эле күлүшөт, ичимен дагы кулатат экен деп коркуп турам. Аягына чыгып, тык токтодум. Комиссия эми тиги кишини карап күлөт. Көрсө ал киши Муратбек Рыскулов тура! Мен да жөн өлбөй так а киши аткарчу Отеллонун монологун жаттап, аны туурап атыптырмын да. Ошентип окууга өтүп кеттим. Муратбек ата болбогондо биринчи кулагандан кийин эле башка жакка тапшырып, балким, таптакыр башка кесипке бурулуп кетмек экенмин.

Биринчи курстун теңин аяктап калганда армияга чакырды. Германияда танкалык бөлүктө служить эттим, искусство деген эстен да чыгып кетти. Танк командири, сержант болдум. Кызмат өтөп келсем мен окуп кеткен окуу жайдын деректири Смар Шимеев агай (белгилүү акын) «айланайын балам, кандай кетсең кайра кирип окууңду уланта бер, агайларың сени айтып жүрүшөт, узун бойлуу, куудул чалыш бала армиядан келет дешкен» деди. Өнөр жагына мени кайтарган бул экинчи киши болду.

Муратбек ата мени комедийный актер болуумду каалаган эле, ошого аракеттенди, бирок ошо кезде эстрада менен ооруп калган жаным өзүмөн кетип калды, көнбөй койгом.

Келдибек байке, элди көп кыдырасыз, жакында эле чыгармачылык сапардан келдим дейсиз, ал жакта көргөн-билгениңизден айта отуруңуз. Элдин жашоо турмушу, маанай-суру кандай экен?

Адегенде өзүмдүн туугандарымдан баштайын. Нарында илгери эт комбинаты бар эле. Азыр токтоп турат. Колунда барлар малын камаздап Токмокко ташыса, жону жукалар бирин-экин малын ошолорго кошуп иет экен. Анан беркилер малыңды базардан араң өткөрдүм деп болбогон тыйын карматып коюшат окшобойбу. Эл ошо комбинатты чоңдор иштетип берсе деп өтүнүп атышат. Ысык-Көлдүн Ак-Терек деген айылына келсек, малдын баары эле абрикос жеп көнүптүр. Көрсө мөндүр урган өрүктү соодагерлер албай же өзүлөрү жеп түгөтпөй, үзүрүн мал көрөт экен да. Райцентрге же айыл өкмөтүнө бирден варенье жасаган цех ачып коюшса тапшырып турат элек; акча бербей эле койсун, анын ордуна кумшекер эле берсе ошого ыраазы болот элек дешет.

Баткенге барсак, аердеги туугандар чегара чийип беришпейби дешет. Чегара болбогон соң тажиктер менен кайсы чекти талашаарды билишпейт экен да? Чүйдө болсо «экинчи кызылча айдасак колубуз сынсын» деп отурушат. Анткени өстүрөөрүн өстүрүп, сата алышпайт экен.

Көйгөй көп экен байке, жер-жердеги атка минерлер, чоңдор «эл, эл» деп ооздорунан түшүрбөйт, бирок элди караган киши жоктой. Сураарын сурап алып, маекти оордотуп жибердим окшойт. Атаңгөрү, маселен, сиз кудайдан болуп, өлкө башкарып калсаңыз, кандай кылаар элеңиз?

Туура айтасың, үмүт шайтанда гана болбойт дечи. Непадам чоңоюп кетсем… Кое тур, кокуй, бул бийлик каалап калган экен деп түрмөгө тыгып ийбейби?

(Уландысы кийинки санда)

Бахтияр Шаматов, «Аалам», 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий