Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев: «БИЛИМ КАЗЫНАБЫЗДЫ САПАТТУУ ЖАНА САРАМЖАЛ КАРМАЙЛЫ»

Филология илимдеринин доктору, профессор Абдылда Мусаев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалганына бир айдан ашты. Мамлекет жана коомчулук жаңы жетекчиге стратегиялык мааниси зор билим берүү тармагын азыркы кейиштүү абалдан алып чыгып, туруктуу өнүгүү жолуна салат деген чоң ишенимде турат. Министр мырза өзүнө жүктөлгөн маанилүү тармакты өнүктүрүү программасынын орчундуу багыттары жөнүндө «Кыргыз Туусуна» маанилүү маек курду.

— Билим берүү тармагындагы бүгүнкү кырдаал жана орун алган негизги орчундуу проблемалар жөнүндө кеп оролун жандырсаңыз?
— Бүгүн Кыргызстандагы билим берүүнүн ар кандай баскычтары баардыгы бир жарым миллиондон көп адамды кучагына алат, анын ичинде мектеп окуучулары, кесиптик лицейлердин, университеттер менен техникумдардын студенттери бар. Ошондой эле мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайларынын жана орто кесиптик окуу жайларынын көп миңдеген окутуучулары бар. Калкы беш миллиондон ашкан өлкөбүздө окуучулар менен студенттерден дээрлик ар бир үй-бүлө кур эмес. Бул сандар билим берүүнүн коомдук турмушта жана өнүгүп бараткан экономикада орчундуу роль ойной турганын көрсөтүп турат. Бул тармакта болуп жаткан ар кандай өзгөрүүлөр жана процесстер коомчулуктун көңүл чордонунан чыкпай, маалымат каражаттарында көп сандаган талаш-тартыштарга жем таштап, талкууга алынууда.

Бала бакчалар кайрадан көбөйүү жолуна бет алды

Мектепке чейинки билим берүүнүн абалына мүнөздөмө берүү үчүн төмөнкү маалыматтарды келтирүү жетиштүү болот. 1991-жылы бизде баардыгы 1690 бала бакчасы бар болгон, 2005-жылы андан болгону 400 гана калган. Көп сандаган бала бакчалар сатылып, менчиктештирилип кеткен, айрымдары бузулуп керектен чыккан. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки тарбия мекемелеринин саны 503кө жетип калды. Буга эң оболу республиканын аймактарында жаңы жамааттык бала бакчаларды ачуунун эсебинен жетиштик. Соңку эки жылда жакшы динамика пайда болду, бирок бардык керектөөнү канааттандырыш үчүн бул жетишсиз, дагы көп иш кылуу керек. Бала бакчалар менен камсыз болуунун көрсөткүчү бизде орточо алганда 13 пайызды түзөт, ал эми Казакстанда бул көрсөткүч 34 пайызга, Россияда 58 пайызга барабар. Бир гана Беларуста балдар мектепке чейинки билим-тарбия менен 100 пайыз камсыз болгон.

Мектепке чейинки билим берүүдө көзгө урунган жакшы тенденцияларды сактап калуу зарыл. Ал үчүн биринчи кезекте мектепке чейинки билим берүүнүн ченемдик базасын күчтөндүрүп алуу керек. Азыркы күндө өлкөбүздүн бардык аймагында бала бакчалардын жаңы түрлөрү, атап айтканда жамааттык бала бакчалар, жеке менчик тарбия мекемелери пайда болууда. Алар билим жана тарбия берүүнүн вариативдүү програмаларын ишке ашырууда. Ушуга байланыштуу биздин министрлик «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылды. Бул мыйзам билим берүүнүн төмөнкү баскычындагы көп көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө болмокчу. Аталган мыйзам кабыл алынып калса анын артынан дароо мектепке чейинки билим берүүнүн концепциясын иштеп чыгуу керек болот. Тийиштүү ченемдик актылар жана жоболор иштелип чыгып, жаңыланып, бала бакчаларда билим берүү жана тарбия берүү боюнча вариативдүү программалар ишке киргизилиш керек.

Бул жерде бала бакчалар үчүн адис даярдоонун сапатын жакшыртуу милдети турат. Бала бакчаларды жогорку квалификациялуу педагогдор жана тарбиячылар менен камсыз кылуу үчүн жаңы окуу жылынан баштап аймактык жогорку окуу жайларында жана техникумдарда «мектепке чейинки педагогика жана методика» адистиги боюнча квоталарды көбөйтүү жагын карап жатабыз. Министрликтин тийиштүү мекеме-уюмдарына бала бакчалар үчүн педагогикалык адистерди кайра даярдоо жана кесиптик деңгээлин өркүндөтүү боюнча программаны иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма берилди. Бул программа жогорку жана орто окуу жайларында ишке ашырылууга тийиш.

Бала бакчалардын проблемаларын чечүүдө жергиликтүү бийлик органдарынан көп нерсе көз каранды, анткени бийлик жана материалдык ресурстар алардын колунда топтолгон. Акыр түбү балдарды мектепке чейин даярдоо бийликтин бардык органдарынын мойнундагы жоопкерчиликтүү милдет болуп саналат.

Билим берүү системасы өзүнүн өнүгүү жолунда түпнегиз болуп берген бир нече принциптерге таянышы керек. Алар — үзгүлтүксүз билим берүү, натыйжасына жана эмгек рыногунун керектөөсүнө багыт алуу, илим жана практика менен байланышта болуу, окуунун тарбиялык таасир-кубатын чыңдоо. Системдик өзгөртүүлөр билим берүүнүн бардык баскычында, бала бакчалардан баштап жогорку окуу жайларына чейин жүргүзүлүш керек.

Эң арткы орунда калган үчүн Кыргызстан арданыш керек

Өткөн жылдагы жүргүзүлгөн эл аралык уюмдардын иликтөөлөрү Кыргызстан мектепте билим берүүнүн сапаты боюнча 57 өлкөнүн ичинен эң артта калганын көрсөткөн эле. Мектеп тармагын ушул кыйчалыш абалдан алып чыгуу үчүн кандай аракеттер болуп жатат?
Чынында эле, мамлекеттик каржылоонун көлөмү дайыма көбөйүп келе жатканына карабастан мектептерде билим берүүнүн сапаты дагы эле канааттандырарлык деңгээлде эмес. Педагогикалык адистер жетишпейт, окуу-методикалык жана маалыматтык база начар. Сиз айткандай, мектептеги билим берүүнүн абалын 2007-жылы эл аралык уюмдар өткөргөн көз каранды эмес изилдөөлөр таасын көрсөтүп турат. Ал изилдөөлөргө ылайык Кыргызстан текшерүүдөн өткөн 57 өлкөнүн ичинен эң арткы орунда калган. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, окуучулардын математика боюнча билим деңгээли, ошондой эле окуу жана түшүнүү боюнча көрсөткүчтөрү жыл сайын төмөндөп баратат. Мындай кейиштүү жыйынтык биздин мектептерде билим берүүнүн деңгээли төмөн болуп жаткандыгынын себептерин талдоого алууга негиз болуп берди. Билим берүү мекемелеринин айрым жетекчилери арданып, көз каранды эмес баалоонун методикасына жана жыйынтыктарына макул болбой талашып да көрүштү. Бирок мектепте билим берүүнүн сапаты боюнча абалыбыз чын эле кыйын экендигин, андан чыгуу жолдорун издөөгө аракет керек экендигин баары бир моюнга алышка туура келди.

Мектеп программасын реформалоо — мезгил талабы

— Биздин окуучулардын билим деңгээлинин төмөн болуп жаткандыгынын себептерин иликтөө-талдоо көрсөткөндөй, жакшы даярдыктагы педагогдор жана сапаттуу окуу китептеринин тартыштык проблемасы менен катар окуу программасынын өзүндө да чоң проблема бар, окуучулардын теориялык сааттар жана сабактар боюнча жүгү ашыкча оор. Азыркы мектеп стандарты боюнча бешинчи жана алтынчы класстар үчүн 23 предметти окуп үйрөнүү каралган, анын бир жылдык көлөмү 1190 саатка барабар. Ошол эле учурда PISA эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча биринчи орунга чыккан Финляндияда милдеттүү түрдө окутулуучу предметтердин саны он бештен ашпайт, бир жылдык көлөмү бешинчи класстын окуучусу үчүн болгону 684 саатты, сегизинчи класстын окуучусу үчүн 855 саатты түзөт.

Табигый-илимий өңүттөгү айрым предметтер Европанын көп өлкөлөрүндө башка сабактар менен эриш-аркак (интегрированно) окутулат. Бул өз кезегинде алардын өз ара байланышын бекемдеп, турмуштук маанисин арттырат.

Биз башка өркөнү өскөн өлкөлөр менен Кыргызстанды салыштырып көргөн талдоолорубуздун натыйжасында мектеп стандартынын жүгүн жеңилдетүү керек, аны тең салмак кармап, түпкү натыйжага эсептелгендей кылып өзгөртүү — өркүндөтүү керек деген жыйынтыкка келип жатабыз. Бул маселени алдыга жылдыруу менен катар билим берүүнүн өз ара байланышкан башка бир катар проблемаларын да чечүүгө жол ачылат.

Атап айтканда:
1. Окуучулардын психологиялык жүгү жеңилдейт, бул өз кезегинде окуу программасын өздөштүрүүгө жакшы шарт түзөт.
2. Мугалимдердин жана окуу китептеринин тартыштык маселеси айрым деңгээлде чечилет, сабактар канчалык аз болсо мугалимдердин жана окуу китептердин саны да азаят.
3. Бошогон, үнөмдөлгөн каражаттар жана убакыт окуучулардын чыгармачылык шык-дараметтерин өстүрүүгө жана мектепти өнүктүрүүгө жумшалат.

Мектеп — тарбия-таалимдин таасирлүү уясы

Кийинки жылдары мектеп окуучуларынын арасында жат көрүнүштөр жайылып, тарбия маселеси колдон чыгып баратканы курч сезилүүдө. Балдар мушташып, айрым учурда кырчындай өмүр кыйылган кайгылуу окуялар болуп жатат. Ар кандай бузуку максаттагы секталардын, шектүү топтордун таасири мектепке кирип жатат. Тарбияны бекем колго алуу үчүн кандай аракеттерди көрөйүн деп жатасыз?
— Тарбия берүү мектептеги билим берүүнүн маанилүү тутуму экенин өзгөчө белгилеп айтуу керек. Өсүп келаткан жаш муундардын дайыма руханий жана идеологиялык таянычы болушу керек, аларды улуттук жана жалпы адамзаттык адеп-ахлак асыл-нарктарына сугарып тарбиялоо зарыл. Жаштарды көп жылдар бою идеологиялык уюткусу жок калтырып, биз аларды ар кыл жолойдогу волонтерлор менен миссионерлердин идеяларынын таасир-тарбиясына салып берип койдук. Азыркы убакта орто билим берүүчү окуу жайларда тарбия иштерин уюштуруунун чечүүчү мезгили келгенин баса белгилеп айта кетейин. Биз окуучуларды жана студенттерди тарбиялоо ишинде Кыргызстандын бүтүндүгүн, биримдигин жана патриотизм идеяларын сап кармаган жатабыз. Аймактык-жердештик жана улутчулук сыяктуу бөлүнүп- жарылуунун, жикчилдиктин жат көрүнүштөрүнө бекем бөгөт коюу зарыл. Жаштарды патриоттук сезимде тарбиялоого «Менин Мекеним — Кыргызстан» деген темада өткөрүп жаткан чыгармачылык сынактарыбыз чоң жардам берет деген ишеничтебиз. Бул сынакты жеңип чыккандарга өлкөбүздүн эң ажайып жерлерин кыдырып көргөнгө шарт түзүп беребиз. Маселен , Нарын өрөөнүнөн жеңип алган 20-30 бала Түштүккө барып, Сулайман Тоо, Сары -Челек, Арсланбабды көрүп, жалалабаддык окуучулар Соң-Көлдү, Ат-Башынын токойлорун, Таш-Рабатты көрсө, аларда Кыргызстан үчүн сыймыктануу сезими кантип жаралбасын. Бул менимче кызыктуу проект.

Улуттук каада-салттарыбыз жана диний, улуттук сабырдуулук сезимине тарбиялоо боюнча ар кандай тренинг-семинарларга жиберебиз. Бул иш чаралардын баарысын баш калаабызда «Жаштар биримдик жана ынтымак үчүн» деген аталыштагы чоң фестиваль менен аяктайлы деп жатабыз.

Мындан сырткары, министрлик бүтүн республикалык жаштар гезитин ачып уюштурууну колго алып жатат. Көз карандысыздык алгандан бери бул республикалык деңгээлдеги биринчи саамалык. Анын биринчи саны даяр. Буюрса, апрелде чыгып калат. Мындай гезит бардык жаштар жана студенттер үчүн эң бир ургалдуу маселелерди ачык-айкын талкуулоого шарт түзгөн таасирлүү коомдук трибуна болуп калат деп ойлойбуз. Тарбия-таалим маселеси, ошентип биздин министрликтин ишинде эң башкы багыттардын бири болуп кала берет.

Тынымсыз кесиптик даярдык мезгилден кем кылбайт

Кыргызстанда мугалим адистерди бир эмес бир нече жогорку окуу жайы жылына жүздөп чыгарып жатат, бирок мугалим тартыштыгы такыр жоюлбай койду. Бир эле учурда алардын кесиптик даярдыгына да дооматтар көбөйдү. Мугалимдердин тартыштыгын жоюу, алардын кесиптик даярдыгын арттыруу үчүн, эң башкысы аларга мамлекеттик камкордукту күчөтүп, коомдук сый-урматты мурдагыдай бийик деңгээлге чыгаруу үчүн эмне кылуу керек?
— Мектеп турмушундагы сиз айтып жаткан кесиптик даярдык проблемасын чечүү үчүн мугалим кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча туруктуу жана иштиктүү система түзүү зарыл болуп жатат. Бул үчүн Кыргыз билим берүү академиясы мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча областтык институттар менен биргелешип көрүп жаткан иш-аракеттер жетишсиз. Бул жерде жогорку окуу жайларынын колундагы мүмкүнчүлүктөрдү жана каражаттарды караштырып, алардын базасында элеттик мугалимдер үчүн кыска мөөнөттөгү курстарды байма-бай уюштуруу керек. Мектеп менен жогорку окуу жайынын байланышын бекемдөө өз кезегинде мектептерде билим берүүнүн сапатын көтөрүү жолунда башка жылыштарга дагы өбөлгө түзүп бермекчи. Мисалы, кээ бир жогорку окуу жайлары элеттик мектептерге камкордук көрүп, электрондук китепкана уюштурууга жардам берсе болот. Мектептерге шефтик жардам берүү боюнча мындай жакшы саамалыкты «Билимди ар бир үйгө жеткирүү» деп шарттуу атап койсок болот. Ушуга байланыштуу айта кете турган маанилүү маселе — окуу китептердин көптөгөн авторлору жогорку окуу жайларында иштейт, ошондуктан алардын мугалимдер менен тыгыз байланышта болуп турушу мектепте сабак окутуунун методикасын өркүндөтүүдө оң натыйжаларды бермек.

Мугалимдин ак эмгегинин акыбети кайтсын

Мектеп мугалимдеринин эмгек акысын төлөө тутумун реформалоо боюнча азыр чоң иш жүргүзүлүүдө. Буга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр кыйла зор өбөлгө түзөт. Эми мугалимдердин эмгек акысы эки бөлүктөн — базалык өлчөмдөн жана мугалимдин ишинин соңку натыйжасы катары сапаттык жетишкендиктери үчүн кошумча төлөмдөн турат. Ушуга байланыштуу мугалимдин эмгегине түрткү берип, кызыктыруу, жаш окутуучулардын кесиптик камылгасын артыруусуна өбөлгө түзүү үчүн сапатты баалоонун объективдүү принциптерин жана чек-ченемдерин иштеп чыгуу керек.

«Кутбилим», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев: «БИЛИМ КАЗЫНАБЫЗДЫ САПАТТУУ ЖАНА САРАМЖАЛ КАРМАЙЛЫ»: 1 комментарий

  • 01.08.2014 в 22:51
    Permalink

    Жаш мугалимдер депазити берилбей жатат.талас областынын баардык районуна берилип.бир эле талас районуна берилбей жатат.сиздерден отунобуз ошону чечип берип койсонуздар.

    Ответ

Добавить комментарий