Сулуулукка чакырган Мурза Гапаров

Нооруз күнү таланттуу жазуучу, биздин газетанын биринчи редактору Мурза Гапаров туулган. Совет учурунда Нооруз майрамы куугунтукталып, эл унутуп калганда анын кандай болорун, кантип майрамдаларын да ушул Мурза Гапаров жазып чыккан. Азыр эми бизге Нооруз кайрылып келди, жазуучуну болсо ээсине бердик. Бул макала Гапаровдун жан досу Кеңеш Жусупов тарабынан 1986-жылы жазылган, биз ошол макаланын бир үзүмүн сиздерге тартуу кылууну эп көрдүк.

Алда, Түштүктүн жазы ай!
Көргөн да бар, көрбөгөн да бар

Түштүктүн жазы Ата Журттун башка аймагына караганда кыйла эле эрте келет. Жашыл тоолордун этегиндеги алча, гилас, алма шагы аппак, мала кызыл, саргыч, көгүш гүлгө оронуп, чымчык менен аарысы бакка батпай ызы-чууга түшүп, теребелди ого бетер шаңга бөлөйт. Торгой безенген талаага соко түшүп, жер коңторуп, буу чыгып, алыстан караганда кишиге жашыл түзөңдү кимдир бирөө кара боек менен чийип кеткенсийт. Чар тараптан жаздын илеби буруксуйт, гүлдүн жытыбы, чөптүкүбү, айтор адамдын көңүлүн ээленткен ырайымдуу табияттын кереметтүү күчүн ошондо бир сезесиң.

Кантип анан бир жыл бою, үч жүз алтымыш күн күттүрүп сагындырган ошол жаз айын эңсебейсиң! Мен кыш бою жазды самай берем. Жаз жөнүндө жазган акындардын, достордун ырлары эске түшөт. Ага деле алымсынбайм да, чын курандын башында Чүйгө он беш, жыйырма күнгө кечигип келген жазды эртелеп тосуп чыккым келет. Жазды көрүүгө Ошко жөнөп кетем. Окурманым, караңызчы, мобул кол жеткен жерге эмне үчүн барууга болбосун!? Табийгат сулуулугуна көз тойгузуп, кумарды жазып алсаң, канчалык кубат аласың, не деген жыргал-ырахат! Ушу чындыкка бир ынандым: дүйнөнүн булуң бурчундагы ашкан кооз жерлеринен Ата Журттун керемет сулуулугу кем калышпайт экен. Анын көз тойгус эң кооз жерлерин санабайын. Ансыз деле ишенерсиз. Чындыкты моюнга алалы, табият сулуулугун көрө албаган, жаза албаган, тарта албаган, баалай албаган айып, аны улутубуздун маданий байлыгынын көнүмүш салтына айланта албаган бечелдик, өзүбүздөн экен. Ыраакы Чыгышта, айрыкча, жапан калкынын биздикиндей эле өрүгү, гиласы, алчасы чачырап гүлдөгөн маалды, гүлү түшкөн кезди майрамдаган каадасы бар. Ал эми майрамды көрүш үчүн бир канча чакырым жерге жөө-жалаңдап жабыла дегдеп келишет дешет. Ырас, ар бир элдин салты-санжырасы ар башка. Антсе да, табияттын ажайып сулуулугун туюу, сезүү, ага моокум кандыруу — ортодогу коюлган насипке окшош, ар бир пенденин пешенесине тең жаралган шыбага эмеспи. Ботом, биздин да башкалардай жүрөгүбүз, көзүбүз, кулагыбыз бар. Ошондуктан, Ата Журттун сулуулугун, кооздугун көрө, сүйө, баалай билүү — ар бирибизге парз го. Орустун мыкты жазуучусу К.Паустовский мындай деген эмеспи: «Табиятка суктансаң, аны сүйгөндүк эмеспи. Ал эми табиятты сүйүү — улуу Мекенди чыныгы сүйгөндүктүн жана ага өтө берилгендиктин белгиси».

Баса, Ош жөнүндө сүйлөшүп жатпадык беле. Ошко баруу оңой эле. Самолётко билет аласыз. Самолётко отурасыз. Болду, жолоочулукту башынан көп өткөргөн бир досум айткандай, «оозуңдагы момпосуйду соруп бүткөнчө, самолёт Ошко жеткирип коёт».

Ошентип, туз буйруп, Ошко сиз мене жөнөп калдык дейли…

Эми, окурманым, мындан аркы сөз кыял эмес. Ушул жерден сөз кыябы келгенде сырымды ачайын. Жанатан бери сизди сөзгө ээрчитип келгеним — жазуучу М.Гапаров жөнүндө айткым келди. Жазуучунун замандашы, калемдеши, досу катары, анын жазуучулук өнөрканасынын сырын билгенимче кыскача баян этейин.
Мен Ошко бараарда дайыма жазуучу Мурза Гапаровду эстейм. Ал Түштүктө жашайт. Жазды бизден мурда көрөт. Туура кылды, жазуучу деген көксөгөн жеринде жашап көрүш керек да. М.Гапаров далай жыл мага окшоп эле Фрунзе шаарында жашап жүрдү. Маектешкенде экөөбүз тең табиятты, балалыкты, айылды, анын адамдарын эңсеп, алардан алыстап кеткенибизди сүйлөшө кетер элек.

Сиз деле окурманым калыс болуңузчу, айылдык адамдарды, алардын турмушун, тагдырын билбесең, алар менен аралашпасаң, шаарда кадалып отуруп, кантип чыгарма жаза аласың!? Мүмкүн жазарсың деп эле коелу, канткен менен аның көлөкөдө өскөн чөптөй алсыз, жан-серек болуп калат да…

Самолётко баратып, М.Гапаровдун жазгандарын эскеремин. Самолёттун терезесинен кең дүйнөгө карайм да, жазуучунун «Байчечекей» деген аңгемесинин каарманы Кыяз эске түшөт. Жазуучу менин азыркы сезимимди эбак жазып койгон: «Самолёт бар болгону элүү мүнөт гана учушу керек эле. Кыяз жол катар терезени карап келди. Бир жылдан бери Фрунзеден эч жакка чыккан эмес. Мына эми шаар, андагы өзүнүн машакаттуу тиричилиги артта, жерде калып, ал өзүн жеңил, эркин сезе баштады. Жазгы жаратылыш анын көңүлүн көтөрдү. Айрыкча, Түндүк менен Түштүк бөлүп турган тоолордун үстүнөн өтүп баратканда жүрөгү (Кыяздын) туйлап кетти…»

Ушул «Байчечекей» деген аңгемеси «Ала-Тоо» журналына басылганда акыркы төрт сүйлөмү түшүп калганы үчүн М.Гапаров абдан кейип жүрдү. Аңгеме төмөнкүчө бүтмөк: «Тоолордун кары кете элек экен. Жакында кетчүдөй түрү жок. Тоолор бири менен бири туташып, алардын кокту-колоту да жакшы билинбей, агарган бир мейкиндикке айланып, мелтиреп тыптынч жатат. Мейкиндиктин бетинде үзүк-кесил оор булуттар калкып жүрөт».

Жазуучу түшүп калган жогорку төрт сап сүйлөмгө эмнеге ушунчалык нааразы?! Миңдеген сөздү оюнан чыгарып тапкан сөз чебери үчүн төрт сап кеппи?! Окуганда алар анчалык деле маани бере турган окуя эмес го?! Башкасы деле чыкса жетишпейби дээрсиз.

Кеп мында: М.Гапаровдун искусствого, адабиятка өз өнөрканасына мамилеси ушундай: куду бак өстүргөн багбанга же жез чеккен уз чеберге окшоп, колдогу эмгегине өтө этият, кылдат. Ал ар бир сөзүн, сүйлөмүн, окуяны, кейипкерди орду-ордуна кынаптап, уста кирпич койгондой, ушунчалык бапестеп тизет. М.Гапаровдун «Күнөстүү арал» деген повестиндеги бир сөздүн түшүп калганына кейигенин уктум. Аны жооткотсом, айтканы эсимде: «Эгерде менин үйүмдөн ошончо кышты сууруп салса, тамым урап калбайбы!»

… Аңгыча, Ошко келдиңиз деп коёлу. Жаз — периште сизди кучагын жайып тосуп алат. Алда, Түштүктүн жазы ай! Көргөн да бар, көрбөгөн да бар.

 

Түштүк табиятынын чебер сүрөткери

Жаздын түштүккө келишин, анын ажайып сулуулугун жазуучу М.Гапаров ашыгындай көп айтып, мындан он жыл мурун мени далай үгүттөп, чакырып жүрдү. Адегенде мен анчейин ынанган эмесмин. Кийин Түштүккө барып, жаз айынын тоолорго, талааларга сыйпаган боегунан улам, бадамдардын, өрүктөрдүн, алчалардын, алмалардын гүлдөрү ачылган, торгой, сүтак сайраган маалды көрүп, анын кереметине ынандым. Мурза улам чакырып, жетектеп жүрүп Арсланбаптын, Кара-Алманын, Ноокаттын жадыраган жазын көрсөттү. Бул табият менен кыска жолугушуулар өмүрүмдү узартып койду, каниет алдым. Көңүл чөккөндө, ооруганда, жаман ой келгенде мен ажайып жазды, сулуу Түштүктү эстеп, санаадан алаксып кетем. Түштүктүн сулуулугун, жазын, М.Гапаров айтканынан да, анын жазганы суктандырат. Аны мен Түштүк табиятынын чебер сүрөткери дээр элем. Ал Ата Журтубуздун бир бурчунун кооз табиятын даңазалап, эмгекчил элинин кулк-мүнөзүн, рухий дүйнөсүн көркөм бейнелер аркылуу ачып, журт алдына ажайып көрсөтө алды. Анын түзгөн бейнелери эсте каларлык, бири-бирине окшобогон, ажарлуу, карапайым келет. Алар бирде уяң, бирде ичке сырын катпаган даалдаган ак көңүл, салтты сактаган, башкаларга окшобогон кызык дүйнөсү бар, адилеттүү, адептүү, ыймандуу, бирин-бири баалай, сүйө билген, сезимдери таза, назик, кыялкеч, сергек адамдар.

М.Гапаров мага Түштүктүн сулуулугун ачып берди. Жакында жазуучунун «Кара-Көлдүн каздары» деген китебин кайрадан окуп чыктым. Мына, анын Түштүктүн жазы жөнүндө жазгандары:

«Ал таенемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегенде түңкүсүн тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эрип, кеч күздөн бери биздин бакта түнөөчү таандар учуп кетишкен. Тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөп, айылдагы иттер өткөн жылдан калган, кыш бою кар астында жатып көктөп кеткен данектерди карс-курс чагышып, керели-кечке өрүктөрдүн астында шимшип жүрүшчү. Тооктор күнөстүү дубалдардан чымын тутуп жешип, же алыскы аңыздарга оттоп кетишчү. Биздин таргыл мышык, эртеден кечке эски буудай кырмандагы чычкандардын ийинин аңдып отуруп, а анын үйдө калган жалгыз баласы таенемдин чимирилген ийиги менен ойночу… Анан ошол жаздын дагы бир белгиси катары, так эле биздин үйдүн үстүнөн каркыра-турналардын өткөнүн билем… Ошол замат аппак булуттардын арасында сүзүп бараткан, ыраматылык Кундуз жеңемдин туташкан коюу каштары сымак, ортолору ийин тийгизишкен, чоң-чоң кара куштарды көрдүм» («Газала»).

«Жаз келгендиктен асман көгөрүп көрүнөт. Жаш гиластар жана сирендер чатырап гүлдөшкөн. Учуп-конуп жүрүшкөн чымын-чиркейлер, бал аарылар ызылдашып, кулакка кандайдыр алыстан-алыстан угулган бейтааныш күүнү жеткирет» («Турналар жазда келишет»).

«Бир жолу аттарыбызды бизге караштуу өрүкзарда багып калдык. Өрүкзар калың эле. Өрүктөрдүн тегиз гүлдөгөн мезгили. Асман туптунук, айдың. Мурдуңа жаш чөптүн, өрүк гүлдөрүнүн жыты буруксуйт. Бактын өзү кандайдыр сырдуу, жазгы тынчтыкта үргүлөйт» («Газала»).

 

Арсланбаптын жер-жемишинин ширесиндей таттуулук

Эсимде, М.Гапаров кайсы бир жаз күндөрү окуясы токойдо өтө турган повесть жазууну эңседи. Ал токой жөнүндө жазган жазуучулардын китептерин окуганын айтып берди.

Чыгарманы баштап келип, кайра жазганына ыраазы болбой, токтотуп коюп, кыжалат жүрдү. Мен Мырзанын кээ бир кездерде табиятты жаза албай атам деп кыйналган күндөрүн көрдүм. Чыгарманы ал дароо жаза салбасын байкадым. А күндөрү өзүн ошол табиятка карата «таптаар» эле, поэзияны окуп, музыка угуп, сүрөтчүлөрдүн тарткандарын көрүп жүрдү, а тургай сүйлөшкөндө да сөздү ошол кызыккан табият жакка буруп турду.

Деле М.Гапаров чыгарманы бел байлап, бир отуруу менен акырына чыкканды сүйөт. Ошондо анын сарсанаасы эле чыгарманы бүтүү болот. Аны экинчи жазбачудай, акыркы саам жазып жаткандай киришет. Кээде сүйлөшүп атып, күбүрөп да калат. Ойлойсуң: ал чыгарма менен жашап атат. Ал айрым бүтпөй калган аңгемелерин, мазмунун, идеясын айтып кирет. Убакыт жетпегендиктен эмес, аларга бир окуя, мүнөз, табияттын көрүнүшү жетпей атканын айтат.

… Жолугушуудан кийин бир далай күн өткөн, М.Гапаров далайды жазып койду го деп жүрдүм. Кайра жолуктук. Ал болгону эки-үч абзац жазыптыр. Мурза Сезанндын сүрөттөрүн карап, суктанып отуруптур. Анын сөзүнүн көбү Сезанн, сүрөтчүлүк өнөр, табият жөнүндө болду. Үйгө келип, Сезанн жөнүндө жазуучу Э.Хемингуэйдин «Жазуучулук жөнүндө» деген чыгармасында айтканын окудум: «Ник табияттын бир көрүнүшүн кудум алдындагы Сезанндын тартканындай жазгысы келди. Бул үчүн аны өзүнүн жүрөгүнөн сыгып чыгарыш керек да. Башка эч нерсе аралжы боло алмак эмес. Азыркыга чейин эч ким эч качан табият сулуулугун андагыдай жаза албады. Бул бир ыйык нерсе. Ушунчалык азаптуу иш эле. Андыктан өзүң менен кармашып жеңишиң керек. Өзүңдү көзүң менен жашай, көрө билүүгө мажбурлоого тийишсиң».

Күз күндөрүнүн биринде М.Гапаров Арсланбапка кетип калды да, андан сүйүнүп келди. Көрсө, өзүнүн каарманынын өмүрү өткөн жерге барып, токойду аралап, жаңгак терип, эл менен аралашып, олжолуу кайтыптыр. Байкадыңызбы, жазуучу үчүн сулуулукту табуу, аны шайкеш келтирүү оңойбу?! Анан да, жазуучу дегениң, ашык болбосо дагы кайталап коёлу, өз башынан кечиргенди жакшы жаза алат экен.

Көп өтпөй жазуучу повесть бүткөндүгүн айтты. Чыгарма журналга басылды. Табият сулуулугун баяндаган повестин ыраазычылык менен окуйсуң: «Терезеден, эшиктен айдын нуру төгүлүп турду. Анын жарыгында жарганаттар бирде үйгө, бирде тышка карай каршы-терши зыпылдап учуп жүрүштү. А эшиктен көрүнгөн токойдун төрт бурчтуу тилкеси айдын нуруна көшүлүп үргүлөп турат. Мемиреген тынчтыкта шаркыратма гүрүлдөйт».

«Чексиз токой түшүрүп жымжырт турат. Бир айдын ичинде анын бариктери текши күбүлүп, боппоз болуп жылаңачтанып алды. Эми анын арбайган шактарында ар түркүн канаттуулардын эсепсиз көп уялары гана карарат. Жердин бетинде болсо, мурдагыдан калган газан (дарактардан түшкөн жалбырактар) калдыңдады, а анын арасындагы жаңгак азайып, эл жаңгак терген кыштактан узак, узак жактарга тентип кетишчү болду».

Бизге бул табияттын көрүнүшү, окуянын мазмуну мурдатан тааныш сыяктуу. Бул табияттын көрүнүшүн, жаз, күз жөнүндө М.Гапаров мурда да жазган. А, бирок жазуучунун күчү ушунда окшойт — ал баягы табиятты, чындыкты, көрүнүштү жаңыча көрүп, башка боек таап, поэтикалык чеберчилик менен кайрадан ажарын ача алган.

Кеңеш Жусупов

«Zaman-Кыргызстан», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий