ТУРЭЛ ИДЕЯСЫ. Улуу Биримдик эмне үчүн керек?

«Кыргызстан менен Казакстан: Түбөлүк достук» конкурсуна

ТурЭЛ — «Туран элдеринин лигасы» деген сөз. Бул улуу идея — бир тамырдан өсүп чыгып, бир нече өзөккө ажырап кеткен тектеш элдерди кайра бириктирүү мүдөөсүн көздөйт. Бул бир тууган элдерди улуу биримдикке чакырган үн. Ал бөлүнгөн элди — бир элге, кичине элди — чоң элге, аз элди — көп элге алсыз элди — айбаттуу элге, «ит» элди — «өгүз» элге айлантууга жасалган аракет.

Биз — Огуз элдери биригишибиз керек. Биз бирикпесек күч-кубаттуу боло албайбыз. Күч-кубатсыз эл эркин болбойт. Эркин болбогон эл өзү каалагандай өсүп-өнө албайт, түбөлүктүү мамлекет кура албайт. Мамлекети жок эл мамлекети бар элдин айтканын кылып, анын көзүн карап жашайт. Бул өзүнүн үйү жок, бирөөнүн квартирасында күн өткөргөн үй-бүлө сыяктуу. Мындай үй-бүлө дайым көчөдө калуу коркунучу менен жашайт. Бул коркунуч акырындык менен үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө кулдук сезимди калыптандырат. Ошондуктан ар дайым эсиңде болсун: «Жакыныңа жакын бол». Тууганыңан ажыраба!

***
Заратуштөрө пайгамбардын араттарды (тарыхта «арий» делет) дайым жакшылык жасоого чакырган мындай сөзү бар:
«Асыл ойду ойлон,
Ак сөздү сүйлө,
Туура ишти жаса».

Кандай жөнөкөй, кандай улуу сөз! Болжолу биздин күндөн 30-40 кылым мурун айтылган ушул сөз азыр да күч-кубатын, жарыгын өчүргөн жок. Кайра күн өткөн сайын жалтылдап, улуу элдин урпактарын таң калтырып, учту карай уланып, ооздон оозго, кулактан кулакка куюлуп агып келет. Бул — эр адамдын принциби.

Кыргыз эли да «Эр адам дүйнө жыйнабайт, эл жыйнайт» дейт. Демек элди эр адам жыйнайт. Ал эми эр адам деп биз «ойлогон ою, сүйлөгөн сөзү, кылган иши» менен элди бириктирген, ынтымакка чакырган адамды айтабыз. Элди жакшылык гана бириктирет. Ырасында ушундай: жакшы ойду ойлонбосок — бириге албайбыз. Жакшы сөздү сүйлөбөсөк — бириге албайбыз. Ал эми бирикпеген эл күч-кубаттуу боло албайт. Күч-кубатсыз эл эркин болбойт. Эркин болбогон эл өзү каалагандай өсүп-өнө албайт. Өзүн-өзү бийлей албайт.

Улуу биримдикке умтулуу — ал күч-кубаттуу болууга, эркин болууга, өзү каалагандай өсүп-өнүүгө, өзүн-өзү таанып билүүгө, өзүн-өзү бийлөөгө умтулуу деген сөз.

***
Европа же Иран сыяктуу эле Борбордук Азия да өзүнүн түпкү «Туран» аталышын алып жүрүүгө укуктуу.

Туран — кең маанисинде азыркы Борбордук Азиянын, тар маанисинде Алтай, Орол, Памир сыяктуу үч алп Тоонун ортосундагы улуу аймактын байыркы ысмы.
Туран — «турлардын», орто кылымдагы этникалык аталышы менен айтканда огуздардын түпкү Ата-Журту, Алтын Бешиги. Жер цивилизациясынын алгачкы очокторунун бири. Чынында биздин изилдөөлөр боюнча да, «турлар — түрктөр эмес, Туран — Түркстан эмес.» Турлар — огуздар. Ал эми огуздар бүгүнкү «түрк» тилинде сүйлөгөн элдеринин байыркы ак сөөк, атактуу урууларынын бири.
Туран — эки уюлду бириктирип турган жер.
Чечмелеп кеп кылганда:
Туран — чокуларынан түбөлүк ак кар, көк муз кетпеген Улуу Тоолор менен учу-кыйрына көз жетпей мелмилдеген Улуу Талаалардын мекени.
Туран — төбөсү бийик Ак Калпак менен төгөрөгү төрт бурчтуу Ала Топунун мекени.
Туран — эки улуу дарыянын: Аму — Дарыя менен Сыр-Дарыянын мекени.
Туран — эки улуу расанын: Монголоиддер менен Европеиддердин мекени.
Туран — эки улуу «үй-бүлөнүн»: Түрк тилинде сүйлөгөн элдер менен Иран тилинде сүйлөгөн элдердин мекени.
Туран — атчан элдер менен жөө элдердин, көчмөндөр менен отурукташкан элдердин мекени. Мал баккан элдер менен Дан баккан элдердин мекени.
Туран — Огуз тукумунан тараган эки улуу уруунун: турлар менен күрлөрдүн мекени.
Туран — эки улуу диндин: Теңиризм менен Зороастризмдин мекени.
Туран — Айга, Күнгө сыйынган жана аларга окшоп жашаган элдердин өлкөсү.
Туран — Азиянын көкүрөк-көөдөнү: Өпкөсү менен Жүрөгү.
Туран — айылдар менен шаарлардын мекени.
Туран — төрт мезгил тең бөлүнүп, алмашып турган кеңдик: Жаз менен Күздүн, Жай менен Кыштын мекени. Бир эле мезгилде чокуларында мөңгү, түзүндө кызгалдак гүлдөп турган аймак.
Туран — улуу Акыл-Эс менен улуу Күч-Кубаттын мекени: Заратуштөрө сыяктуу акылман акын менен Угуз хан сыяктуу кылыч байланган алп кол башчынын киндик кан тамган Ата-журту.
Туран — Кечээги менен Келечектин мекени!
Туран — Улуу Биримдиктин мекени! Бири-бирине карама-каршы «уюлдардын» уюлуп турган жери.
Туран — Гармониянын өлкөсү. Бирок Гармонияга жетүү үчүн биригишибиз керек. Гераклит айткандай: «Гармония дегенибиз — ал ар кандай түстөрдүн бири-бири менен кошулуп, биригип турушу». Гармония — ал улуу биримдик.

***
Дүйнөнүн көп элдери үчүн Туран дагы деле «варварлардын», уруу-урууга бөлүнүп, урушуп жашаган көчмөндөрдүн, артта калган караңгы элдердин өлкөсү катары белгилүү.

Бирок орто кылымдарда дал ушул «варварлардын» өлкөсүнөн «мусулман ренессансын» жараткан теңдешсиз улуу генийлер өсүп чыккан. Алгебра илимине негиз салган аль-Хорезми, «күн чыгыштын улуу устаты», философ аль-Фараби, энциклопедист окумуштуу аль-Беруни, «врачтардын төрөсү» ибн Сина, миңден ашык жылдыздардын атын таап, сырын ачкан улуу астроном Улугбек, түрк элдеринин «Сөздүгүн» түзгөн Махмуд Кашкари, сыяктуу окумуштуу-илимпоздор, Рудаки, Фирдоуси, Омор Хайам, Жусуп Баласагын, Жами, Ахмед Ясави, Новои, Абай, султан Бабыр сыяктуу поэзиянын шаалары — баары Турандын уулдары!

Туран элдери ошондой эле дүйнөгө оозеки адабияттын классикалык үлгүлөрүнөн болгон «Огуз намэ», «Көр уулу», «Алпамыш» жана «Манас» сыяктуу эпос-дастандарды тартуулады.

Көөнө замандан эле чулу, өзүнчө өзгөчө касиетке ээ «туран цивилизациясы» дүйнөнүн назарын өзүнө эми бура баштады окшойт. Айрыкча Совет империясы кыйрап, чек аралар ачылгандан кийин бул багыттагы кыймыл өзгөчө күч алууда. Бирок дагы деле «айбанат стилиндеги» дүйнөгө белгилүү бабалардын өнөрүн айтпаганда, али дагы көптөгөн рухий казыналардын оозу ачыла элек. Совет доорунда биз — турандыктар, Европа элдеринин улуу инсандарынын өмүр жолу, чыгармалары менен кенен таанышып, ошол убактагы империялык идеологиянын кесепетинен өзүбүздүн жогоруда аты аталган бабалардын таржымалдарын билбеген бойдон келдик. Өткөн замандын көптөгөн учурларына орустардын көзү менен карап, өзүбүздүн ата-бабалардын тарыхына душманча мамиле жасадык. Ушул көрүнүштүн өзү доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз агабыздын «маңкурт» жөнүндөгү чыгармасынын жазылышына себеп болду.

Огуз элдери дүйнөгө кылыч шилтеп, жаа тарткан — Мады хан, Адил хан, Чыңгыз хан жана Темирлан сыяктуу улуу кол башчылар менен катар илим жана искусство майданында да теңдешсиз улуу инсандардын жоон тобун бергенин биле баштадык. Өзүбүздү өзүбүз таанып билүү доору эми кыймылга келди. Бирок бул процесс жай жүрүүдө. Аны тездетүү үчүн биригүү керек. Анткени бул жалгыз бир эл жасай турган иш эмес. ***
Беш манжа жазылып турганда алаканды, түйүлүп турганда муштумду берет. Биригүү — ал муштумга айлануу деген сөз. Кандай болгон учурда да турмуштун соккусун алакан менен тосконго караганда муштум менен тоскон алда канча ишенимдүүрөк. Анткени турмушта тагдыр элди да адам сыяктуу дайым эле жонунан сылап эркелетип турбастан, кээде муштуму менен тумшук талаштыра берип, кашка тиштерин талкалай койгон учурлар да өтө көп болот. ошондуктан адам сыяктуу эле Эл да ар нерсеге даяр болушу керек. Бул кол салыш үчүн эмес, коргонуш үчүн зарыл.

Бир адамдын көрүнүшүнөн бир нече адамдын биримдиги алда канча сүрдүү. Бириккен элди эч ким коркута албайт. Бириккен элдин чырпыгын эч ким сууруй албайт, чымчыгын эч ким чочутуп учура албайт.

***
Биримдик жөнүндө элдик ырларда да өтө көп айтылган:
Аскар, аскар, аскар тоо,
Аягы барып чап болоор.
Атадан алтоо болсоң да,
Катташпасаң жат болоор.

Катташуу — ал ынтымакта болуу. Ынтымак — ал Биримдик. Тууганың менен туура мамиле жаса, түз жүр. Колуңдан келсе жардам бер. Ооруп жатса алын сурап тур. Досту тапса болот, тууганды таппайсың. Анын артыкчылыгы мына ушунда. Биздин ата-бабалар ханзулар менен кыз алышып, кыз беришип да тууган боло алган эмес. Тууган туулганда кошо жаралат, анан жакшы болсо да, жаман болсо да тууган бойдон калат.

Биз байыркы замандарда атагы Азияны силкинткен улуу Огуз элинин урпактарыбыз. Биз тууган элдербиз. Бир тамырдан, бир тектен тараганбыз. Биз бөлөк-бөлөк мамлекет түзүп, бири-бирибизден алыстадык. Эми жакындай албай жатабыз.

Россиялыктар ажырашкандан коркуп жатышса, биз — турандыктар бириккенден коркуп жатабыз. Россиянын артыкчылыгы, биздин катабыз ушунда. Биз ал турсун «туран» деген сөздү үн чыгарып айтуудан айбыгабыз. Биз — турандыктар айлуу түндө өзүнүн көлөкөсүнөн өзү корккон коенго окшошпуз. Мына ушундай учурда турандыктардын айкөлдүгү жана эрдик духу шаа мүйүздүү талаа өгүздөрү менен алп денелүү туран жолборсторуна кошулуп жок болуп кеткенби деген ойго чөгөм.

Биз бириккенден коркпойлу! Уруу-уруу болуп ар кайсы элдин арасында, ар кайсы мамлекеттин ичинде жашап жүргөндө жок болбогон кыргыздар эми мамлекетибиз бар, жок болбойбуз!

***
Табиятты да биримдик сактайт. Кум биригип ташка айланат. Таш биригип аскага айланат. Аскалар биригип тоого айланат. Ал эми тоо бир гана аскадан турбайт: анын курамында кум да бар, топурак да бар, баары бар.

Дүйнө да Карама-каршылыктан — Биримдикке, Жөнөкөйдөн — Татаалга, Сандан — Сапатка карай өнүгөт. Бул эволюциянын жолу.

Огуз элдери да бириге турган: Жөнөкөй элден Татаал элге, Санын Сапатка айланта турган доор келди. Бирок сапатка айлануу үчүн санын көбөйтүшү керек. Санын көбөйтүү үчүн биригүү зарыл.

***
Мухаммед пайгамбар да адегенде Курейш уруусун биримдикке чакырды. Анан араб урууларын бириктирди. Анан ислам дининин туусу алдында арабдарга башка элдерди баш ийдирип кошту. Индиядан Испанияга чейин керилген улуу Араб халифатын түздү. Баш ийген элдердин канын, маданиятын өзүнө сиңирди. Анын негизинде «мусулман ренессансы» деп аталган Араб маданияты гүлдөп өсүп чыкты…

Чыңгыз хан да адегенде монгол урууларынын башын кошту. Анан ага түрк уруулары аралашты. Анан кылычын оңго-солго шилтеп, дүйнөнүн көп элин багынтты. Баарын, аты кылымдарды аралап кеткен Монгол империясынын курамына киргизди. Монголдун атын тарыхка өчпөс кылып жаздырды. Бирок аз эл өтө кең аймакка чачырап, алардын тагдыры арабдардыкынан башкача түштү…

Биз Америкага суктанабыз. А чынында Америка да ар кай жактан самсып келген элдерди бир тилге бириктирип отуруп, Америка болду. Биримдик — улуу Америка мамлекетин пайда кылды. Курамадан пайда болгон эл бүгүн дүйнөгө өзүнүн ой-пикирин таңуулап, саясий таасирин тийгизүүдө. Биримдиктен эч бир эл жаман болгон эмес. Запкы чеккен эмес. Тескерисинче улуу Биримдик ишенимди, сыймыкты пайда кылат.

***
«Ар бир эл өзүнүн ата-бабаларынын жана тарыхынын тажрыйбасы менен жашаш керек». Бул өмүр бою көчмөн элдердин тарыхын изилдеген атактуу Лев Гумилевдун сөзү.

Биздин ата-бабалардын тажрыйбалары жана тарыхтын айткандары бул: Бириккиле!!! Туранга кеткен жолго түшкүлө!

Бул жолго түшкөндө ар ким ар нерсе дейт. Кытай бир сөздү айтат. Орусия бир сөздү айтат. Иран дагы өзүнүн оюн айтат. Улуу Коңшулар өздөрүнө тең ата болгон дагы бир улуу Өлкөнүн пайда болушуна чекелери жарылып деле сүйүнө беришпес. Кайра куруу убагында немистер келечегин ойлоп бириккенине сүйүнүп жатышса, Европанын калган мамлекеттери Германиянын өткөнүн эстеп коркуп турушту.

Биз жөнүндө да коңшулар дал ушундай ойду ойлошору турган иш. Бирок ким эмне десе ошо десин, Огуз эли өз жолу менен алгалап кете бериши керек.

«Жарганат мени сүйбөйт деп Күн чыкпай койбойт», күн чыгат. Келечекте Туран элдери биригип, дүйнөгө жарыгын-жалынын чачкан «күн элге» айланаарына мен ишенем.

***
«Германия — Ата-журт, ал эми Европа — биздин келечегибиз» дешет немистер. Дал ушул сыяктуу эле биз кыргыздар да: «Кыргызстан — ата-журт, ал эми Туран — биздин келечегибиз» деп айтсак жаңылышпайбыз. Казактар да ушинтип айтышы керек: «Казахстан — ата журт, Туран — биздин келечегибиз». Ушундай эле сөздү түркмөн да, өзбек да, тажик да айтууга тийиш. Анткени Европа сыяктуу эле Туран да бир бүтүн организм. Биз кыргыздар менен казактар бүгүндөн баштап: «Кыргызстан же Казакстан — Турандын, Туран — Азиянын, Азия — Дүйнөнүн бир бөлүгү» деп айта башташыбыз керек. Дал ошондой эле: Түркмөнстан да, Өзбекстан да, Тажикстан да, Азербайжан да Турандын бөлүктөрү.

Биз үчүн өсүп-өнүгүүгүн ушундай үч тепкичи бар. Биз эл болуп, мамлекет болуп жашап турганда каалайбызбы, каалабайбызбы, ушул үч тепкичти басып өтөбүз. «Үчүнчү тепкич» — ал дүйнөлүк цивилизациянын чокусу. Бирок биз жалгыз ал бийиктикке жете албайбыз. Ал үчүн биригүүбүз керек.

***
Коркут бабанын айтканы бар: «Огуздун тууганы да Огуз, Огуздун душманы да Огуз».

Биз качан бири-бирибизге душман болобуз? Жооп бирөө эле: эгер ажырашып жашасак. Анткени бөлүнүп жашаган эл коюн бөлөт, короосун бөлөт, жерин бөлөт. Анан «бөлүнгөндү бөрү жейт» болуп, бөрү жеген коюн тууганынан көрөт. Ортодо уруш чыгат. Бөлөк жашаган туугандын тили, дили да алыстай баштайт. Көп жылдардан кийин эки бир тууган эл таптакыр эки башка эл болуп калышы мүмкүн. Тарыхта мындай учурлар көп. Анан тили, дини өзгөргөн эл тууганын унутуп, бир күнү душман болуп чыга келиши айдан ачык.

Орус казактар — орустар эмес эле «орусташып» кеткен кыпчактар (половецтер) экенин кавказдык тарыхчы Мурат Ажы далилдеп чыкты. Биздин кылымдын башында Орто Азияны кыргынга учураткан дал ошол орус-казактар экени тарыхый факты. Башкача айтканда, «орусташып» кеткен кыпчактар. Жүздөгөн жылдардан кийин тилин, динин, динин жоготуп, өзүнүн туугандарына душман болуп кирип отурат. Мына ушундай. Ажырашып жашагандын акыры ушул. Ошондуктан огуздар биригип жашайлы. Биздин келечегибиз Биримдикте!

***
Биздин бүгүнкү кейпибиз Арал деңизинин көрүнүшүнө окшош. Бүгүнкү Аралдын көрүнүшү биз ажырашып жашаган жылдардын жана кылымдардын жемиши. Анткени биз бир болсок, Туран аймагына башка бирөөнүн буту басып кирмек эмес. Дарыялар тартылып, суулар соолуп, Арал азайып мындай кейипти киймек эмес. Каракалпак эли ооруп, минтип аянычтуу тагдырга туш келбейт эле. Бүгүнкүдөй болуп, Туран аймагына келечекте чөлгө айланып калуу коркунучу туулбайт эле.

Көкө Теңир биздин алдыбызга бир улуу сыноону койду: биз бириккенде гана ал сыноодон өтөбүз. Биз бириксек — толобуз. Биз толсок, Арал да толот.

Арал — Турандын жүрөгү. Аму Дарыя менен Сыр Дарыя — анын артерия жана вена кан тамырлары. Аралды сактоо — Турандын жүрөгүн сактоо деген сөз. Ал эми Турандын жүрөгүн сактоо үчүн биригишибиз керек. Жалгыздап сактай албайбыз. Сактай албасак, Аралды да, өзүбүздү да өлтүрөбүз.

***
Элди илгертен жоокер адам коргоп келген. Эркек уул чоңойгончо ата-энеге, жетилгенден кийин элге таандык болгон. «Эр энеден төрөлөт, эл үчүн өсөт» деп айтышкан кыргыздар. Дагы: «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» дешкен. Ал замандарда жоокердик салт ар бир эркек үчүн милдеттүү өнөр эле. Ошого байланыштуу байыркы бабалар балдарын үч нерсеге үйрөтүшкөн:
Ат үстүндө бекем жүрүүгө;
Чаап баратып жазбай жаа тартууга;
Өлүм алдында турса, дайым чындык сүйлөөгө.
Бүгүн элди интелектуал жоокер сактайт. Келечек илим-билимдүү адамдарга таандык. Б.а. бүгүнкү күндүн жоокери — ал илимдин адамы. Ошондон улам бүгүн биз балдарды үч нерсеге үйрөтүшүбүз керек:
Сөзсүз түрдө жогорку билим алууга;
Бүгүнкү техниканы өздөштүрүүгө;
Өлүм алдында турса да, дайым чындыкты сүйлөөгө.

Таланттуу акын менен ачылыш жасаган окумуштуу культка айланууга тийиш. Анан дагы, Туранда устаттын ролу өзгөчө урмат-сыйга ээ болушу керек. Ал үчүн биригип иш кылуубуз зарыл.

***
Маркум Тургут Озал: «ХХI кылым — түрк элдеринин кылымы болот» деп айткан эле. Бирок ал тилегине жетпеди. Ушул багытта көп иштер жасалбай калды. Менин оюмча Европа Шериктештигинин үлгүсүндөгү түрк мамлекеттеринин Улуу Биримдигин түзүүчү мезгил келди. Ансыз ХХ1 кылымды түрк элдеринин кылымына айланта албайбыз. Ар ким өз алдынча өсүп-өнгүчө көп убакыт өтөт. Ал эми убакыт күтпөйт. Мезгилден дагы артта калабыз. Европалыктар жөн жеринен биригип жатышкан жери жок. Алар эртеңки күнү да башка элдерди баштап жүрүүнү каалашууда.

Кылымга атын калтырып, атагын чыгара турган эл күч-кубаттуу болушу керек. Күч-кубаттуу болуш үчүн биригүүгө тийишпиз.

***
1933-жылы 29-октябрда Ататүрктүн Түркия республикасынын 10 жылдык юблейинде сүйлөгөн сөзүнөн: «Бүгүн Советтер Союзу биздин досубуз, кошунабыз, союздашыбыз. Биз бул достукка муктажпыз. Бирок эртең эмне болорун эч ким алдын ала айта албайт. Ал Осмон империясына окшоп, Австро-Венгрияга окшоп бөлүнүп, мүмкүн майдаланар. Бүгүн колунда бек тутуп турган улуттар мүмкүн уучунан суурулуп кача башташар. Дүйнө күчтөрү дагы бир тең салмактуулукка ээ болор. Так ошондо Түркия эмне кыларын билиши керек… Биздин бул досубуздун карамагында тили бир, ишеними бир, бир боор тууугандарыбыз бар. Аларды бейдарек таштабай, түркүк болууга даяр болушубуз керек. Даяр болуу — тек гана ал күндү унчукпай күтүп олтуруу эмес. Даярдык көрүү зарыл. Улуттар буга кандай даярданышмакчы? Рухий көпүрөлөрдү бек кармануу аркылуу. Тил — бул көпүрө… ишеним — бул көпүрө… тарых дагы көпүрө… Тамырларыбызга кайрылып, табигий окуялар бөлүп-жарып өткөн тарыхыбыздын ичинде биригишибиз керек. Алардын бизге жакындоосун күтпөстөн, биз аларга жакындашыбыз керек…»

Мына, эртеден бери биз айтып жаткан сөздү осмон түрктөрүнүн улуу президенти — Ататүрк мындан 70 жыл мурун эле айтып салган.

«Түбү бирге биригет, учу бирге жазылат» деген ушул. Чындыгында тууган элдер бирикпей туруп, тууган эмес элдер бирикпейт. Жогоруда айтылган сөздү бир гана тууган адам айтат.

***
1947-жылы Өлүк деңизинин жээгинен табылган байыркы жазууда: «1994-жылы Чыгыш держевасы кайра жарлууга тийиш…» деп айтылыптыр. Бул жазуу жаңыдан ойгонуп жаткан Улуу Туран Биримдигин каңкуулап тургандай?

Балким, Түрк мамлекеттеринин саммити, Экономикалык союзу, же доорубуздун улуу жазуучусу Чынгыз Айтматов башында туруп, уюштурган «Түркстан элдеринин маданий форуму» ошонун негизи болор? Бир замандарда күч-кубат менен бириккен Туран эми акыл-эс менен биригер мезгил келди!?

Байас Турал, «Асман пресс», 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий