Жаңы типтеги биобиблиография же патриотизм деген эмне?

Жакында түстүү сүрөттөр менен коштолгон мазмундуу жана кызыктуу бир китеп жарык көрдү. Ал «Академик Ү.А.Асановдун биобиблиографиясына карата материалдар» деп аталат. Китептин бай мазмуну жана бөтөнчөлүгү ушунда деңиз, ал адаттагы бир кишинин гана биобиблиографиясы эмес экен. Китеп академик Үсөн Асановичтин ишмердигин жана өмүр мерчемдерин чагылдырса да, кыргыз интеллигенциясы жөнүндөгү өзүнчө бир чакан энциклопедияга айланган.

Аталган китептен Академик Асанов кимдер менен замандаш болуп, ийиндеш туруп биргелешип иштеген, кимдер менен чогулуп, авторлошуп, кандай илимий эмгектерди, окуу китептерин, окуу куралдарын, энциклопедияларды, энциклопедиялык окуу куралдарын жараткан, алар кандай эмгектер, кандай адамдар, кимдер, даражасы, сиңирген, өтөгөн кызматтары эмнеде? — ушунун бардыгына жооп табылат. Көз алдыбыздан биргелешип эл-журт үчүн жаратылган, жазылган китептердин жана түркүн окумуштуулардын портреттеринин бүтүндөй бир мозаикасы чубуруп өтөт. Мына биобиблиография түзүүдөгү маданият деп ушуну айтыш керек. Бул биобиблиографиядан эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз илимий интеллигенциясынын ишмердигинин бүтүндөй бир доорун көрөбүз. Бир кишинин портретине гана эмес, коомдун портретине күбө болобуз. Демократия жылдарында академик Ү.Асановдун башкы редакторлугу жана уюштуруучулугу астында «Кыргыз педагогикасы», «Кыргыз адабияты», «Укук», «Экономика», «Кыргызстан географиясы», «Астрономия», «Саясат таануу», «Биология», «Химия», «Кыргыз тили», «Философия», «Физика», «Кыргызстандын кен байлыгы», «Кыргыз сүрөт искусствосу», «Компьютер жана интернет», «Кыргыз музыкасы» аттуу энциклопедиялык тармактык окуу куралдары жаралып, жарык көргөн. Ушунун бардыгына редакторлук кылуу, түзүү, чыгаруу машакатына байланышкан уюштуруу түйшүгүн аркалоо эмне деген эмгек. Бул эмгектер билим берүү үчүн табылгыс жана эң бир зарыл окуу куралдары эмеспи. Мындан сырткары Үсөн Асановичтин башкы редакторлугу астында жаңы «Улуттук энциклопедиянын» 1-2-томдору, «Физика», «Математика», «Кыргыз адабияты», «Музыка», «География», «Зоология» боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү, «Ким бул, Ал эмне?» аттуу балдар энциклопедиясы Нарын, Жалал-Абад, Ала-Бука, Тогуз-Торо энциклопедиялары, «Кто есть кто в кыргызской науке» деген энциклопедиялык жыйнак жарык көргөн. Аталган биобиблиографиядан ушул саналып өткөн бардык эмгектердин кыскача мазмундук мүнөздөмөсүн окуйбуз жана бул баалуу, сейрек китептерди соавтор болуп жазышкан илимпоздордун бардыгынын фотосүрөттөрүн көрөбүз, алар жөнүндөгү кыска, нуска маалыматтар менен таанышабыз.

Биобиблиографиянын дагы бир орчундуу бөлүгүн атактуу академик өзүнүн кесиптештери жана шакирттери менен биргелешип жазган химия боюнча 20 окуу китеби жана окуу куралдары ээлейт. Ошонун ичинен «Жалпы химия», «Органикалык химия курсу», «Аналитикалык химия», «Физикалык химия», «Химиялык байланыш жана заттардын түзүлүшү» аттуу жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептер цикли Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Бул окуу китептеринин кыскача мазмуну, аны жазышкан авторлор жөнүндө да бул биобиблиографиядан окурман жетиштүү кабар алат. Мындан сырткары Үсөн Асановичтин өзүнүн жеке авторлугунда жарыяланган жана кесиптештери менен соавтор болуп жазган орус тилиндеги 8 монографиясынын таржымалы менен да таанышабыз. Бул монографиялар жаңы илимий багыттарда жазылган жана Кыргызстандын табигый илимине жаңы ачылгаларды алып келип, академиктин атын алыска угузган эмгектер болуп саналат. Биобиблиографиядан Ү.Асановдун калеминен чыккан 234 илимий макаланын аттары менен таанышуунун өзү да кызык. Кыскасы, кеп болуп жаткан китеп, дагы бир жолу айталы, Кыргызстандын илими, окумуштуулары жөнүндөгү өзүнчө бир чакан энциклопедияга айланып калган. Академик Үсөн Асанович мына ушинтип, Кыргызстанда биринчилерден болуп биобиблиография дегенди өзүнчө бир коомдук-тарыхый мазмун менен байытып, аны түзүүнүн маданиятын жаңы деңгээлге көтөрүп, башкаларга ойлонуу үчүн жем таштаган сыяктуу. Инсан катары интеллектиси жогору, ички маданияты бийик окумуштуу биринчи иретте, өзү менен биргелешип иштеген окумуштуу инсандардын эмгегине басым коюп, аларды даңазалаган. Бул адамгерчилик, айкөлдүк эмей эмне?

Ошентсе да жаңы чыккан китептен Ү.Асановдун өзүнүн эмгеги да опол тоодой экени жана бу киши Кыргыз Республикасы үчүн баа жеткис эмгек кылгандыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Академиктин суюк диэлектриктердин чөйрөсүндө учкундуу разряддардын плазмасындагы химиялык-физикалык процесстерди системалуу жана комплекстүү изилдөө жагынан илимий ачылыштары жана жетишкендиктери зор. Кыргызстанда химиядагы ушул илимий жаңы багытта биринчи ишти баштаган Ү.Асанов болгон. Бул багытта Үсөн агай илимге, өндүрүшкө жаңылык киргизген 50гө жакын ойлоп табуучулук күбөлүктүн ээси болуптур. 13 илимий монографиянын автору жана соавтору.

Ү.Асановдун илимге, өндүрүшкө, билим берүүгө кошкон орчундуу салымдары жогору бааланган. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиянын (Москва) академиги, Нью-Йорк академиясынын академиги, СССРдин, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, Кыргыз республикасынын илимге жана техникага эмгек сиңирген ишмери, «XX кылымдын эң көрүнүктүү инсандары» аттуу китепке кирген. Бүткүл дүйнөлүк Интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалынын, Россия Федерациясынын Улуу Петр I даражадагы орденинин, «Манас» орденинин ээси. Дагы көптөгөн эл аралык наамдарга жана сыйлыктарга татыган.

Академик Үсөн Асановичтин дагы бир атуулдук-патриоттук күжүрмөн эмгегин бул жерде айтпай кетүүгө болбойт. Бул — анын Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө сиңирген уулдук кызматы. Жогорудагы аты аталган көптөгөн эмгектер, көрүнүп тургандай кыргыз тилинде жазылган.

Табигый илимдер тармагына келе турган болсок, айрым жаңылыктар бар экенине карабастан бул жакта илим мурда да, азыр да негизинен орус тилинде сүйлөп жатат. Албетте, орус тилинде же болбосо англис тилинде илим жаза, жарата билгенибиз жакшы нерсе, бул да өзүнчө жетишкендик. Бирок табигый тармакта кыргыз тилинде илим жаратуу, кыргыз тилин илим тилине айландыруу сыяктуу эне тилибиздин келечек тагдыры үчүн борбордук мааниси бар чоң маселени каякка алпарабыз? Бул нерсе эмне үчүн табигый-техникалык интеллигенцияны тынчсыздандырууга тийиш эмес?

Кыскасы, табигый-илимий интеллигенциябыздын өз тармактарында эне тилине далысын салып турганы өтө тынчсыздандырат. Биз бүгүн болбосо эртең болоор, бүгүн жасалбаса кийин башкалар жасаар деп ойлойт көрүнөбүз. Бирок, тилекке каршы, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, бүгүн кыртышта түйүлүп, тамырлабаган нерсе, эртеңки келечекте өсүп чыкпайт.

Ушул жагынан алганда, тилекке жараша, бизде муундар алдындагы, эне тил алдындагы жоопкерчиликти терең туюнуп, турмуштук курч муктаждыктарды илгиртпей баамдап турган, илим жазууда калк тилинин каймагын калпый билген Үсөн агайдай чыгаан, патриот илимпоздорубуз да бар экендиги сыймыктануу сезимин пайда кылат.

Ушул жагынан алганда Үсөн Асановдун окуучуларга, студенттерге, компьютер технологиясын колдонуучуларга арнап, накта кыргыз тилинде жазган «Компьютердик технологиялар» (1999) деген китеби эң сонун жаңылык болбоду беле. Элибиз үчүн эң пайдалуу бул китепте татаал компьютердик технологиянын тарых-таржымалы, анын бүгүнкү күндөгү негизги түшүнүктөрү, терминдери, маселелери кыргыз тилинде жеткиликтүү чечмеленип берилген.

Жогоруда көрүнүп тургандай, академик Үсөн Асановдун Кыргызстанда химия илимин кыргыз тилинде сүйлөтүүгө эмгеги өтө зор. Анын редакторлугу алдында биринчи жолу жумуриятыбызда «Химия энциклопедиясы» (1997) жарык көргөн. 1991-97-жылдарда С.А.Адылов менен бирдикте жогорку окуу жайлары үчүн «Органикалык химия» аттуу эки томдон турган окуу куралын кыргыз тилинде тартуулады. Ушуну менен катар өзүнүн шакирттери менен авторлош болуп студенттер үчүн «Жалпы химия» деген фундаменталдуу окуу куралын да (1998) кыргыз тилинде жазып берип, чоң эрдик жасады. А.Сатыбалдиева, А.З.Жуманазарова менен бирдикте «Химиялык байланыш жана заттардын түзүлүшү» (1998) аттуу эне тилинде окуу китебин жазган да кайра эле ушул академик Ү.Асанов болуп отурат. Кыргыз тилинде «Аналитикалык химия» аттуу студенттер үчүн окуу колдонмосу да Үсөн Асановичтин редакциясы менен жарык көргөн (1997). Дагы атасак бир топ.

Кыскасы, патриотизм деген эмне? Мамлекеттик тил үчүн, эне тил үчүн патриоттуулукту көрсөтүү деген сөз, күн-түн тынбаган күжүрмөндүүлүк менен эне тилибизде илим жаратуу, китеп жазуу окуу куралдарын түзүү деген сөз. Патриотизм деген кыргыз тили деп кызыл кекиртек болуп кыйкыруу эмес. Патриотизм деген академик Ү.Асановдой болуп эне тилибиз үчүн конкреттүү жумуш жасоо, практикалык иш бүтүрүү, кыргыз тилин илим китептеринин тилине айландыруу деген сөз. Үсөн агайыбыздын атуулдук эмгеги жалпыбызга өрнөк. Эл алдында эбегейсиз эмгек кылган Үсөн агайыбызга «Эл мугалими» же баатыр наамын ыйгарса жарашып калар эле. Үсөн Асанович бүгүнкү күндө да Кыргыз Улуттук энциклопедиясынын башкы редактору катары талыкпай эмгектенип, үлкөн иштерди бүтүрүүдө.

Кыскасы, «Академик Ү.А.Асановдун биобиблиографиясына карата материалдар» китеби мага өзгөчө таасир калтыргандыгын газетага жазбай кое албадым. Бул китеп бир ишинин гана мүлкү эмес, жалпынын мүлкү болууга татыктуу эмгек болуптур. Аталган китеп биобиблиография түзүүчүлөр үчүн өзүнчө бир таалим-сабак болот дегим келет.

Советбек Байгазиев, профессор-публицист, «Кутбилим», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий