Кайдыгерлик жашаган жерде баары өлөт

Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайлары жылына миңдеген мугалим адистерин чыгарат. Бирок, гезиттерде, теле жана радиодо шашылыш түрдө мугалимдер талап кылынган жарыялар толтура. Өзгөчө алыскы аймактагы мектептерде бир эле мугалим бир нече сабактан берет, анткени адистер жетишсиз. Өз эрки менен ысык суусу, супермаркети жана интернет жок айыл жергесине барып жашоону жаш адистерден эч ким каалабасы түшүнүктүү. Өз кезегинде, аларды кызыктырган башка атайы шарттар да түзүлгөн эмес. Экинчи жагынан, жаш адистердин баары тегиз билимдүү эмес. Жогорку окуу жайларда пара бермей көнүмүш экенин кесиптештерибиз зар какшап атпайбы. Анын себептерин болжолдуу экиге бөлсө болот: сабакка барбай акча табуунун аракетинде жүргөндөр; мектептен начар билим алып, окуй албай кыйналгандар. Айлампа сыяктуу. Анда биздин балдарыбызды кимге тапшырып, кандай билим алуусун күтүшүбүз керек?

Нуржан Мококова , Балыкчы шаарындагы №10 мектебинин кыргыз тил, адабият мугалими билимдин сапаты төмөн болгону окуучулардын кызыкканы сабак эмес, компьютердик оюндар жана соода кылып, акча табууда деп эсептейт. «Ата-энелер да балдардын окуусу менен иши жок, мектепке чакыртсаң да келишпейт. Жыйналышка 3-4 эле ата-эне келет, баары көр оокат, коммерция менен алек. Алар бала мектептен чыгарыла турган болсо гана жетип келишет». Айына 20 саат үчүн 2500 айлык алган педагог балдардын начар окуусунан башка көйгөйлөрдү атаган жок. Демек, аларга китептердин жетишсиздиги, методологиялардын эскириши, ошол эле социалдык камкордуктун жоктугу күнүмдүк норма.

Сөз менен сөөк мүлжүсө болот
Билим берүү министри Абдылда Мусаев журналисттер менен болгон маегинде системаны түп тамырынан өзгөртүү зарылдыгын баса белгилейт. «Билимди ар бир үйгө жеткирүү» сыңарындагы саамалыктарын пландаштырууда (www.tuusu.kg/news/maek/index.html). Демек, билим ар бир үйгө жетпей жатканы ачык-айрым. Мектепте билим берүүнүн сапатсыздыгын «….2007-жылы эларалык уюмдар өткөргөн көзкаранды эмес изилдөөлөр таасын көрсөтүп турат. Ал изилдөөлөргө ылайык Кыргызстан текшерүүдөн өткөн 57 өлкөнүн ичинен эң арткы орунда калган» деген министрдин сөзү далилдейт.

Ысык-Көл толкуганда…
Социалдык-экономикалык начар абал жеке мугалимдердин эле көйгөйү эмес. Бирок мамлекет тарабынан пайда болгон карыздар очойгон суммага айланганда, коомдун пассивдүү деп саналган катмары — мектеп мугалимдери да чыдай алышпады.
2006-жылы Ысык-Көл облусунан бир нече мугалим 2003-жылкы мыйзамдын негизинде эмгек стажы үчүн кошумча төлөмдөрдү мамлекет менен соттошуп, төлөтүп алышкан. Алардын эрдиги башкаларга үлгү болуп, Кыргызстандын бардык аймактарында соттордо төлөмдөрдү талап кылган арыздар толуп кетти. Акыры, өкмөт бардык мугалимдер алдындагы өз карызын төлөп бермекчи болду (http://www.minedu.kg/index.php?option=com_content&task=view&id=163&Itemid=2). 2003-жыл менен азыркы баалардын айырмасы ал төлөмдөрдүн наркын азайтты. Эсиңиздердеби, ал кезде азык-түлүк, энергетикалык жана каржы кризистери тууралуу эч ким ойлогон да эмес.

Робин Гуд качан келет?
Журналисттер коомчулугунда кыйынчылык башка түшсө жапа тырмак аракет кылмай жайыбыз бар. Укуктарыбызды бардык тараптан коргоочу уюмдарыбыз да көп. Агай-эжейлер болсо өз муңун ашканадан алыс узатышпайт. Байлардан алып, жакырларга жардам берген Робин Гудду күткөндөй, окутуучулар эч бир активдүү иш алпарган уюмга бириге элек. Керээли кечке окуучулар менен алпурушуп, өз кызыкчылыктарын коргоого келгенде күчү калбагандай. Профсоюздук уюмдардын алсыздыгын окутуучулардын абалынан эле баамдайбыз. Табууга мүмкүн болгон уюм «Учительская» коомдук фонду болду. (www.teachersvision.org) 2007-жылдын 1-сентябрынан бери иш алпарган фонддун башкы максаттары мугалимдердин көйгөйлөрүн чечүү. Пенсияга чыккан жалгыз бой мугалимдерге материалдык жардам көрсөтүү фонддун алгачкы долбоорлорунун бири. Окутуучуларга жардам катары оригиналдуу ачык сабак өтүүгө да жардам көрсөтүлөт. Бирок фонддун өкүлдөрү: «Акча сурап келгендер бар, бирок аны кандай колдонорун так айтып берген эч ким жок» дешет. Мектептердеги билим берүүгө кайдыгер карабагандардын баардыгын, жардамга муктаждар ды да, жардам бергиси келгендерди да бул уюмда кучак жайып күтүшөт.

Айткандын сөзү, ыйлагандын көзү
Жогорку окуу жайлардын мугалимдери мектептеги кесиптештерине караганда кыйла активдүү. Алар үчүн квалификация жогорулатуу, билимин өркүндөтүү боюнча көптөгөн долбоорлор иштеп, башка уюмдар менен кызматташып, маянасына кошумча кыла алышат. Ал эми мектеп мугалими эптеп эле саатын өткөрүп, кылдырап пенсияга жетүүдөн башка эч нерсе калбагандай. Аларды да түшүнсө болот, теңине албаган окуучулар, кайдыгер ата-энелер, же тыйын кылып алайын десе амалы жок. Же урматтуу агай-эжейлер абал мындай эмеспи? Башка кызыктуу ойлор, сунуштар болсо биздин талкууга үн кошкула.

* * *
Ийне менен кудук казылбай калды

Тобокел Борукчиев, Бишкек шаардык N№42 орто мектептин директору:
— Ата-энелерде бала үчүн жоопкерчилик жок болуп баратат. Көпчүлүгү туш-тушка кетип, балдары менен иши жок, окуучулардын кийимдери начар, окуу куралдары жетишпейт. Туруктуу бир жерде жашабагандыктан окуучуларды табуу кыйын. Бир райондон башкага көчкөндө окуучулар алган китептерин кайтарбай кетишет. Бир эле класста 42-47 окуучу окуйт. Ушундай шартта кантип жакшы билим берүүгө болот? Сыйымдуулугу 680 балага эсептелгени менен 1528 кишини үч маал — эртең мененки 7ден кечки 7ге чейин окутабыз. Алардын баарына 71 мугалим түтөт, жаңы келген жаштардан 7, пенсионерлерден 16, калганы орто жаштагылар. 1800-2400 сом орточо айлык, эгер эки класс алып окутса 4500 сом — педагогдун эмгегин актабаган айлык. Окуу жайдын муктаждыктарын ата-энелер комитети каржылаган «Жылуу сезим» фонду аркылуу чечебиз. Актовый залды, 10 классты жаңылап алганга жетиштик. Ата-энелер жылына 1000 сомдон төлөп, колунда жок, толук эмес үй-бүлөлөр ал милдеттен бошотулган. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү жогорку окуу жайларга өтүүнү көздөшөт, бирок сабакка келбей жүргөндөр да абдан көп.

Асел Жунушалиева, Аламүдүн районунун N№2 гимназиясынын жогорку класстарынын мугалими:
— Окуу куралдарынын жетишсиздиги министрлик бекиткен программанын алкагында сабак өткөнгө тоскоол болуп келет. Маселен, тарых боюнча китептин мазмуну бизге берилген программадан башка болгон үчүн маалыматтарды башка булактан издейбиз. Мындай кошумча маалыматты бардык эле мугалимдер издешет. Экономика менен укук таануу боюнча атайы китептер жок, болгону мугалимдерге 1-курстун студенттерине арналган материалдар берилет.
Мугалимдердин аброю ар бир педагогдун өзүнөн деп эсептейм. Ишин жакшы билген, окуучулар менен тил табышып, сабагын кызыктуу өтсө аны баары сыйлашат. Окуучуларынан белек, акча, өзүнө керектүү ватман, маркер ж.б. сурап алдыргандар да бар. Эми алардын абийири өзүндө. Кошумча сабак өтүү боюнча азыр бардыгы мектептин директору жана ата-энелердин макулдугу болгондо гана уруксат берилет. Ар бир окуучу жетишпеген сабагынан кошумча окугусу келсе 20-50 сомго чейин төлөйт. Бирок мугалимдер 1-2 окуучунун 40 сому үчүн убактысын короткулары келбейт да.

Марат Ибраевдин уулу жана кызы Бишкектеги N№13 мектепте окушат:
— Көйгөй болгон эч нерсе жок. Же №13 мектепте ушундайбы, биз кыйналбайбыз. Түрдүү муктаждыктарга акча чогултмайлар бар, бирок балдарыма жумшалгандан кийин аларды оорчулук катары көрбөйм. Мектеби таза, тартиби бекем. Эски замандан калган мугалимдер, өзгөчө башталгыч класстардын окутуучуларын күчтүү деп билем.

Исмаил менен Наристе Ибраевдер математика мугалимине даттанышты:
— Кээ бир мугалимдер урушчак. Биздин математика эжейибиз сабактан кыйнайт…

Бетти даярдаган Нуржан АЛЫМКАНОВА, nurjanik@gmail.com, «Агым», 27.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий