Кыргыз эле эмес, бүт түрк дүйнөсү күткөн эмгек

Акыркы кезде кыргыз тили боюнча сөздүк чыкты дегенди уга элекпиз. 1980-95-жылдары Кыргыз улуттук университетинде окугандар «Жээнбай Мукамбаевдин диалектологиялык сөздүгү чыкса жакшы болмок. Ал киши бул сөздүктү Кыргызстандын бардык жерин кыдырып жүрүп жыйнаган» деген агай-эжейлердин сөзүн көп эле укса керек. Бүгүн ушу китепти, маркум Жээнбай Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн» Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору Кадыралы КОНКОБАЕВ жарыкка чыгаруу алдында турат. Биз Кадыралы ага менен ушу тууралуу баарлаштык.

Адегенде азыркы муун үчүн Жээнбай Мукамбаев деген ким?
Жээнбай Мукамбаев кыргыз тил илиминин бир дыйканы болгон. Ал өмүр бою Кыргыз улуттук университетинде иштеген. Бирок 1980-жылдардын аягында ал жерден кызматтан кетирилип, мурдагы кыз-келиндер институтунда иштеп жүрүп, 1989-жылы көзү өттү. Жээнбай агай кадимки Константин Юдахиндин окуучусу. Анын 1972-жылы жарык көргөн биринчи диалектологиялык сөздүгү илимдер академиясында, Улуттук университетте, Кыргызстан КП БКда аябай сындалып, чоң талкууга түшкөн. «Шабдан жөнүндө ыр бар экен», «айдакчы» деген сөз кирип кетиптир деп, ошогездеги коммунизмдин идеологиясына туура келбейт өңдүү көп шылтоо менен айыпташкан. Идеологиянын күчүн кара, ал эл арасында жашаган сөз, түшүнүктөрдү жокко чыгаргысы келген. «Айдакчы» дегенди согуш учурунда өзгөндүктөр повестка катары түшүнүшкөн. Бирок чыныгы эмгек жерде калбайт экен, ошо сындан кийин агай сөздүктүн идеологияга туура келбеген жерлеринин баарын оңдоп чыккан. Китептин баш сөзүндө агай булар жөнүндө жазган, мен да ошону окуп жатып, актануунун кандай оор болгонун сездим. Агайдын айтымында, сөздүктү жыйырма жыл бою иштеген. Үйүндө өзү түзгөн картотека азыр да сакталып турат. Биз азыр чыгара турган Жээнбай Мукамбаевдин диалектологиялык сөздүгү бардыгы 120 басма табак болуп, миң нуска менен бүгүн-эртең жарыкка чыгат. Анын бул чоң илимий мурасын аялы Мадина эже, уулдары Нурбек, Нурлан сактап келишкен экен, китептин чыгышына алар да чоң салым кошту. Жээнбай Мукамбаев тирүү болгондо быйыл сексенге чыкмак. Ушуга байланыштуу Улуттук университет, президентке караштуу Тил комиссиясы, Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы тил, адабият институту биригип бүгүн илимий конференция уюштуруп жатышат. Ушуга карата китептин сигналдык нускасы жарык көрдү.

Бул сөздүктүн мааниси эмнеде?
Бул китептин чыгышын ал жөнүндө билгендер, илимий чөйрө, Россия, Казакстан, Германия, Түркия, Татарстан, Башкырстан, Япониядагы түркологдор абдан күтүп жатат. Анын бир эле кыргыз үчүн эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн чоң эмгек болорунан шек жок. Жыйырманчы кылымдагы кыргыз энциклопедиясы десек болот. Мунун сөздүк бөлүмүндө эле 32 миң сөз бар. Анда кыргыздын жашоо-тирлигин, тарыхын, салт-санаасын камтыган. Жээнбай агайдын Кыргызстанды кыдырбаган жери жокко эсе, ал кыргыз үчүн чоң эмгек кылды. Бирок ал бул эмгек толук эместигин, дагы изилдеп жыйноо жөнүндө жазып кеткен. Андан бери көптөгөн илимий экспедициялар жүргүзүлүп, биртоп нерселер жыйналды эле, бирок кыргыз тил илиминин абалына бүгүн эч ким көңүл бөлгөн жок. Эми бул китеп колго тийсе көп убакыт жыйылган бугубуз чыгып, кубанычта болорубуз шексиз. Сөздүктү басмага даярдоого агайдын үй-бүлөсү, студенттерим чоң жардам беришти. Мындай чоң китепти, болгондо да сөздүктү басмага даярдоо зор эмгекти талап кылат. Мен да Жээнбай Мукамбаев муну өзү кандай даярдаса, аны өзгөртпөй, автордук түп нусканы сактоого аракет кылдым. Китепти даярдоого эле 6-7 жыл өмүр кетти. Мукамбаев өзү «кошумча том» деп, беш папкага, 2650 бетти машинкага басып, таптаза даярдап, үтүр-чекитинен, «А»дан «Я»га чейин иреттелген эмгектерин калтырып кеткен экен, мураскорлорунан аларды тилкат менен алдык. Моралдык, материалдык чыгым биртоп болду, ансыз бул эмгек жарык көрбөйт эле. Китептин нускасы азырынча миң, көпчүлүк көксөгөн бул эмгек акча төлөп, алдын ала жазылуу аркылуу гана таркатылат.

Кыргыз тил илиминин өнүгүш тарыхы кандай жолду баскан?
Кыргыз тил илиминин башатында турган Касым Тыныста-нов, Ишеналы Арабаевден бери 80-90 жыл өттү. Бул убакта кыргыз тил илими кадыресе телчикти.Түркология деген чоң илимдин бир тармагына айланды. Мурда тил оозеки түрдө жашап келсе, Энисей жазуу эстеликтеринен бери кыргыз тилинин жазма салты болгон. Бүгүн мындай эстеликтерден төрт жүзү окумуштуулардын колунда. Бул тил Энисей кыргыз каганатын тейлеп турган. Кийин Кыргызстандын аймагында карахан түрк тили жашады. Бул тилде Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билиг» жана Махмуд Кашкарлынын «Түрк тилдеринин сөздүгү» жазылган. Кыргыз сөздөрү жөнүндө Махмуд Кашкарлы өз сөздүгүндө даана жазып кеткен. Андан жүрүп отуруп, Алишер Навои колдонгон чагатай адабий тилин колдонгонбуз, бул тил мурдагы Түркстан, азыркы Орто Азия аймагында кеңири тараган. Ушу кезде да ушу тилде окуп, жазып калган адамдарыбыз бар. Чагатай тилинин эки доору бар, XVIII кылымга чейинкиси жана андан ушу күнгө чейинкиси. Муну ортоазиялык түрктөр деп, орус түркологдор айтышат. Кытайдагы кыргыз боордошторубуз бүгүн да ушу чагатай тилинде жазып келатышат.

Бүгүн биз колдонуп келаткан тилдин түпкүлүгү кайдан?
1924-жылдан бери карай Касым Тыныстанов баштаган окумуштуулар иштеп чыгышып, ушу кезге чейин коомдун адабий, маданий, саясый, социалдык жагын толук камтыган кыргыз адабий тили. Демек, азыр дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун, кыргыздардын бир гана адабий тили бар. Бирок эки жазма тили — бири биз колдонгон адабий тил, экинчиси кытайлык кызыл-суулук кыргыздар колдонгон чагатай тилинин уландысы.

Кыргыз тил илиминде сөздүктөр биринчи качан жарык көргөн?
Кыргыз тилинин тарыхында биринчи жолу 1940-жылы орусча-кыргызча К.Юдахиндин 25 миң сөздү камтыган сөздүгү жарык көргөн. Ал 1965- жылы 40 миңге жакын сөз бар деп кайра жарык көрдү. 1969-жылы «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн» бир томдугу чыкты. Кийин илимдер академиясынын тил адабият институтунун лексикология жана лексикография бөлүмүнөн 60 миң сөздү камтыган эки томдук пайда болду. Мунун биринчи тому 1984-жылы жарык көрүп, экинчи томдугуна мамлекет акча бөлалбай, маңдайына бүткөн бир сөздүктүн экинчи томун чыгара албай отурат. Кийин сегиз миң туруктуу сөз айкаштарын камтыган фразеологиялык сөздүк жарыкка чыкты.

Аскер САКЫБАЕВА, «Агым», 27.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий