Подружка маек

Бурул Сарыгулова

Бүбүкан ДОСАЛИЕВА

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Бурул Сарыгулова: — Журналистиканы берилгендик менен кабылдап, Ата Мекен же үйбүлө сыяктуу аялуу нерсеңдей карашпайт. Бизде журналистика бизнес эле болуп калгандай, «билим топтоп, эмгек кылыш керек» деген патриоттук сезим жаш кесипкөйлөрдөн көрүнбөйт.
Бүбүкан Досалиева: — Азыр жаш журналисттер арасында өзүн-өзү окутуу деген жок. Интернеттен даяр маалыматтарды алышат, чын төгүнүн териштирген эч ким болбойт. Айрым учурларда маалыматтар төгүн болуп калып атпайбы. Булар ушу менен эле чектелишкендей. Барысын чокулап билебиз, бирок ийине жеткирип териштирип, изилдегендер жок болгондуктан жакшы жаза албай жатышпайбы. Гезиттерден окуп, радиодон угуп бир маалыматты үстүртөн шамалдатып берип койгондору кейитет. Ар жагында эмне бар экени элге түшүнүксүз.
Б. С: — ЖОЖдорго тапшырган жаштар арасында деле умтулуу, аракет кылуу байкалбайт. Ал тургай 4-5-курста окуган студенттерге «макала жаз» десең макала жөнүндө түшүнүгү жок. 24 саат бою маалымат алып жашоо деген нерсени көрбөйсүң.
Б. Д: — Журналистикада такай жазып келатам. Анан кайсы сөздү туура эмес жаздым, ойду туура бердимби деп кайра-кайра карап, текшерип турам. Азыркы жаштар арасында гезиттерге жазып салып кыйратып салгансып басып жүрүшөт. Артында соттошуп атабы же нааразы болдубу аны эске алышпайт. Ушундай кенебестик күч алды.
— Мектептерде азыр барысы аял мугалимдер болуп, эркектердин билим берүүгө болгон сезими жок болуп калгандай, ушул маселеге көз карашыңыздар кандай?
Б. Д: — Балам 6-класста окуйт. Эмгек менен дене тарбиядан берген мугалимдери эркек, калганы бүт аялдар. Ошондуктан баламда эркектик жоопкерчилик жок дегендей көрүнүш байкалып калганда коркуп кетип атам. Бул өтө чоң маселе. Базарда соода кылгандар деле аялдар, мекемелерде иштегендер деле аялдар, билим берүүдө деле аялдар, эркектер кайда жүргөнүн билбейм. Керек болсо таксисттерде деле аялдар көбөйүп калды. Эркектер эмнегедир өздөрүнүн коом алдындагы жоопкерчилигин жоготуп бараткандай.
Б. С: — Бул маселени советтик мезгилде деле көтөрүп келишкен, мамлекеттик деңгээлде карала турган маселе. Эркектер ушул билим берүү жаатына тартылгыдай шарт түзүлүшү зарыл. Канткен менен эркек мекенди коргой турган адам. Балдарды аялдар тарбиялап, эркек балдарыбыз аял мүнөз болуп баратканы өкүндүрөт. Мындай көрүнүш коомдун күзгүсүнө түшүп турган көлөкө.
Б. Д: — Эркек деген үйбүлөдө дагы,
коомдо дагы, мамлекетте дагы түркүк. Ушул жоопкерчиликти карманып, кийинки муунга өткөрүш керек.
— Бир аз темадан оолактап кеттик окшойт. Жогоруда жасанып, сулуулук салонуна барганга убактыбыз жок дедиңиздер. Бирок дайыма жаш, сулуу бойдон башкаларга үлгү болуп жүрөсүздөр. Сулуулукту сактооңуздардын сыры эмнеде?
Б. С: — Биз өзүбүздү дайыма жаш, кубаттуу адамдардай алып жүрөбүз. Муну атайын максат кылбайбыз, жөн гана калыптанып калган. Бир кесиптешибиз «силерди кесибиңер жашартып турат» деп айткан. Менимче ушул ички кубатыбыз го дейм.
Б. Д: — Мен үчүн сулуулук биринчи планда эмес. Акылың жок куурчактай болуп тургандын канчалык кажети бар дейсиң. Эң биринчи акыл болушу керек. Сулуулук дегенди акыл, билим деп билем. Сырткы сулуулук деген болбогон нерсе.
Б. С: — Мага комплемент уккан жагат. Ушундай жылуу сөздөр да адамды жашартып турат эмеспи. Сулуулукту кор кылбай туура пайдаланса ал байлык.
— Кыргыздын кандай каада-салтын колдоносуздар? Үйдө башкалардан өзгөчөлөнгөн кандай салтыңар бар?
Б. С: — Биз он бир бир тууганбыз. Бир жаштан болгон айырмаларыбыз дагы бар. Анан алардан бери эже, байке деп улууну урматоого чоң басым жасайбыз. Атам белгилүү педагог болчу. Ал киши келмейинче тамакка эч кимибиз кол салчу эмеспиз. Иштен кечигип атса да күтүп турчубуз. Жолдошумдун үйбүлөсүндө да ушул нерсе күч алгандыктан, биздин үйдө да ушундай салт сакталып калды.
Б. Д: — Төрт балам бар, ортолору эки жаштан. Барысын тең эже деп айтканга үйрөтүп атам. Анан неберелериме тайеже деп айткыла дейм. Себеби ар бири өзүнүн макамын билиши керек. Өзүнүн ордун сезиши зарыл. Бу да кыргыздын менталитети. Антпесе башка улуттарга окшоп, бири-бирин сыйлабай калышат. Анан кыргыздын бардык ырым-жырымдарын азыркы учурга ылайыктап карманабыз.
— Чыныгы сүйүү жашыруун болушу керек деп айтып калышат эмеспи. Сиздер үчүн сүйүү сезими кандай болушу керек?
Б. С: — Сүйүү менимче аяр болушу абзел. Бир кезде мен да сүйүп, ошол сүйүүмө жетпей арман кылган учурум болгон. Сүйүүгө жетпей калганда ошол сүйүү барктуу болот деген сөз бар. Мен кээде ошону кубаттайм. Азыркы кезде эсептешкен сүйүүлөр көбөйдү.
Б. Д: — Сүйүү деген кайталангыс ыйык сезим. «Сүйүү бар, сүйүштү» деп айтканда мен кызганам. Жөн эле сүйөм деп көрсөтүп салуу бул сүйүү эмес.
Б. С: — Сүйүшкөндөрдүн бири-бирине болгон мамилесин көздөрүнөн көрүп турсаң сонун. «Ий, ушу сүйөт экен, көз тийбесин» дейсиң. Анан бирди сүйүп, эртеси башкага барып, кийин үчүнчү сүйүүгө кабылган сезимдерге таң калам. Андай болушу мүмкүн эмес.
Б. Д: — Өмүрдө бир эле сүйүү болушу керек. Экинчи сүйүү, үчүнчү сүйүү дегендерди түшүнбөйм. Экөөбүз ушундай нерселер жөнүндө дайыма сүйлөшөбүз.
— Сиз үчүн досуңуздун берген белектеринин эң баалуусу, барктуусу кандай болгон?
Б. С: — Бүбүкандын алтынбы, күмүшпү, ручкабы, косметикабы, айтор бардык белектери мен үчүн баалуу, мен үчүн кымбат. Көп эле адам белек берет, бирок көңүл бөлүп, барктап, күтүп алган белегим Бүбүкандыкы болот.
Б. Д: — Белек бирөөгө бердим деп белгилеп койчу нерсе эмес. Берген белегиң ошол адамга кызмат кылгыдай болушу керек. Мен Бурулга белек берерде «эмне керек болду экен» деп, сүйлөгөн сөзүнөн байкап туруп берем. Бурул да мага ошонтет.
Б. С: — Бербей калган учурда «ий, ушуну кубандыра албай калдым» деп ичимен эзилип кетем. Бирок туулган күн, майрамдарда бири-бирибизди такыр куру калтырбайбыз. Кадимкидей көңүл күтөбүз.
Б. Д: — Майрамдарда же туулган күндөрдө туугандарыңан бир нерсе күтөсүң го. Мен Бурулдан дайыма күтөм.
— Дос болуп, жакшы мамилени үзбөй сыйлашып жүргөнүңүздөргө көп жыл болуптур. Карылыктагы достукту кандай элес тетесиздер?
Б. Д: — Биринчиден биз карыбайбыз. Экинчиден балдарыбыз «силер карыганда деле олтуруп алып сөзүңөр бүтпөй, анегдотто айтылган эки кемпирдей болуп каласыңар го» деп айтып калышат.
Б. С: — Мен наабаттуу карып, балдарыбыздын сыйына татыган жакшы байбичелерден болобуз го деп тилек кылабыз. Ушул 33 жылда жамандык жакшылыкты кандай бөлүшүп жүрсөк, келерки 33 жылда деле ушундай бөлүшөбүз деп ойлойм.
Б. Д: — Кудай буюрса дейли.

Бурул МУСАБЕКОВА, «Айат», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий