Улутту бириктирген Рухдүйнө

Ооба бүгүн мен кыргызмын деген атуулдун өзүнүн Ата журту, мамлекети бар. Бул билгенге кандай зор бакыт, куну жок дөөлөт. Саны 40 млндон ашык уйгур, курд сыяктуу элдер өзүнүн мамлекети жок зарлап жүрүшсө, бул кыргыз үчүн сыймык эмей эмне?

«Асман Пресс» гезити аркылуу дал ушул улут маселесинин тегерегинде ой бөлүшкүм келди. Албетте, журналисттик кесип өтө татаал кесиптердин бири. Силердин баштап жаткан долбооруңар өз кесибиңердин ардактуулугун жана татаалдыгын таанытууга өбөлгө болот.

Бетти даярдаган Улуттук тилектештиктин жооптуу катчысы Кадыр КОШАЛИЕВ

* * *

Жараткандын көзү түз болсо, аккан суудай эле улут тагдыры да бир жерде токтоп калбай, кээде өркөчтөнүп толкуса, кээде сызылып тартыла түшүп, анан кайра токтобой буркандап ага берет тура. Буйрук экен нечендеген кырчылдашып кыл чайнаган жоокердик замандарда жок болбой, кыргын-сүргүндөн аман калып, XXI кылымдын тузун эле татпастан, өзүнчө эл, мамлекет болуу бактысына да ээ болдук.

Бирок да эч ким менен согушпай туруп, өзүнчө мамлекети бар мезгилде (парадокс) саясый-экономикалык жактан эле эмес, руханий-идеологиялык жактан да дал-далынан айрылып бараткан өлкөнүн тагдырына кантип кайдыгер карайсың?!

Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөп кеткен мекендештерибиздин тагдыры учурдагы дүйнөлүк каржы кризисинен улам, ансайын татаалдашты. Анын үстүнө Россиядагы такыр баш улутчулдардын колунан үстүбүздөгү 2009-жылдын эки айынын ичинде эле 16 кыргыз мыкаачылык менен өлтүрүлсө, миңдеген мекендештерибиз түрдүү себептер менен эмгек акыларын ала албай ара жолдо азап тартууда. Жылына Араб өлкөсүнө 4,5 миң Кыргызстандык кыздар сексуалдык күңдүккө жөнөтүлсө, өз өлкөбүздө миңдеген кыздарыбыз кытай, түрк, дунгандарга экинчи, үчүнчү аял болуп тийүүгө аргасыз болууда. Бир жагынан араккечтик, баңгилик каптап генефондго болуп көрбөгөндөй соку урулууда. Бишкек, Ош сыяктуу чоң-чоң шаарлардагы тамак-аш, соода тармактары барган сайын башка улуттардын колуна өткөндүктөн кыргыз өз мекенинде жалданып иштөөгө көнүп бараткандай. Өз мекенинде башка улуттардан жарды жашап, экинчи, үчүнчү сорттогу адамга биротоло айланбашы үчүн кыргыз бүгүн намысына келиши керек. Мамлекет ишинде этноско байланышкан маселелердин тамыры бир болот. Коом түзүү, чарба жүргүзүүдөгү кемчилдиктер рухдүйнө жагыбыздагы өксүктөрүбүздү күчөттү. Байыркы тарыхыбызды ата мурас, асыл дөөлөттөрүбүздү, тилибизди жээрисек, билбесек бабалардан келе жаткан жолубуз турса Батышты туурасак, бизге чала. Билим берүү тармагыбыз улуттук баалуулуктарга ылайыкташкан жок. Илим, маданиятка өз деңгээлинде көңүл бөлбөй калганыбызга көп болду. Кыргыз ынтымакка келе албай, түндүк-түштүккө, бийлик-оппозицияга бөлүнүп турган чагы. Ушундан улам «Эмне кылуу керек?» деген философиялык суроо туулат. Үстүбүздөгү жылдын башында коюлган суроого жооп издөө максатында пикирлештер чогулуп, «Кыргыздын коом түзүү, башкаруу тажрыйбасы» деген темада талкуу өткөрдүк. Уюмдашып аракеттенүү максатында Улуттук тилектештикти түздүк. Аябай кызыктуу өттү. Элге кайрылуу кабыл алдык. («Асман-пресс» 19.02.09.№6 (45), «Ачык саясат» 20.02.09. гезиттеринде жарыяланган).

Андан соң бул жөрөлгөнү улантып, кечээ жакында 19-март күнү «Улуттук кайра жаралууда тарых, тил, маданий мурастардын мааниси» деген темада Кереге кеңеш өткөрдүк. Бир канча сааттарга созулган бул талкуулардын жүрүшүндө кыргыз өзүнүнү ата-бабаларынан келе жаткан жолуна түшүү зарылчылыгы баса айтылды. Илимде «Бөлүнмөйүн бирикпейт» деген эреже бар. Андыктан кыргыз жети атасын, уругун, уруусун тактап, ОҢ, СОЛ, ИЧКИЛИК канаттарына биригип, атайын шайланган өкүлдөрү аркылуу Элдик курултай институтун калыбына келтирүүнү сунушташты. Бул деген сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө системаны өзгөртүп, коомдо адилеттикти орнотуп, бийлик жүргүзүүгө эл катышаары, башкаруу, чарба жүргүзүү, руханий идеологиялык маселелер кыргыздын жан-табиятына ылайык жүргүзүлөөрү жөнүндө омоктуу ойлор ортого салынды. Болочок жолду аныктаган «Кыргыз эл бийлиги — демократиянын үлгүсү» деген багытнааманын (Концепциянын) долбоору жактырылып, жалпы элдик талкууга сунушталды. Жыйынтыктап айтканда ата бабалардын жолуна түшүү деген — бул өзөктү табуу деген сөз.

* * *

Токтобай Мүлкүбатов, жазуучу: Идеологиянын негизи эмнеде?
Азыр ар улут өзүнүн таянаар түркүгүн издеп табууга аракеттенип жатат. Буга жапандар өздөрүнүн жапанчылыгы, корейлер корейчилиги, түрктөр түркчүлүгү менен өсүп, өнүгүп кетиши зор таасир тийгизди. Ошондуктан Кыргызстанда улуттук мекенчил багытта аракет башталганын колдоо гана керек. Кыргыз эли кылымдар түпкүрүнөн өзүнүн кыргызчылыгы менен улуттуулугун, мамлекетүүлүк түйүлдүгүн сактап келгени айгине.

Бирдиктүү совет улутун түзүүгө жанталашкан комидеология биринчи кезекте кыргызды кыргыз кылып келаткан кыргызчылыгын жок кылуунун ар түрдүү айла амалын жасаган. Анысы менен ал улуу түркүктү жок кыла албаганы менен улут жарандарынын аң сезимин кайсы бир деңгээлде мокото алыптыр. Учурда айрым адамдардын улуттук мекенчил күчтөрдүн ишин түшүнбөстүгүн, ал эмес бут тосуусун дал ошол мокоо менен байланыштырса болот.

Эгемендик келгенден бери биздин аткаминерлер улуттук идеологияны улуттун көөнөрбөс дөөлөттөрүнөн издебегендиктен убара болуп, таппай келатышат. Улуттук идеологиянын негизин түзүүчү «Улутум үчүн! Мамлекетим үчүн!» деген эки улуу сөздү ар бир Кыргыз жаранынын жүрөгүнөн түнөк таптырып, жашоо императивине айландыруу унутта келатат.

Улуттук мекенчил күчтөрдүн оң, сол, ичкилик — үч канатты бириктирүү аракетин улуттуулукту, мамлекеттүүлүктү чыңдоо катары кабылдоо зарыл. Элибизди түндүк — түштүккө бөлүп, тымызын кармаштырган комидеологиянын саркындысын ушундай биригүү гана жоёт. Дагы да, бул ишти ачык айрым жүргүзүү, бийликчил саясаташуудан таза кармоо зарыл. Улут келечеги, мамлекет кубаттуулугу үчүн башталган бул аракетке ийгилик тилеп, ар тарап жардам берүү ар бирибиздин улут алдындагы улуу парзыбызга айланаарына мен ишенем.

1. Улуттук идеологиянын өзөктүү негиз-дерин кайсы баалуулуктар түзүшү керек?
2. Уруу ынтымагы, үч канат аркылуу кыргыз бириге алабы?

Чолпонбек Абыкеев, КРнын маданият министрлигине караштуу Мамлекеттик Архив агенттигинин директору:
1. Улуттук идеологиянын негизин Улут, Мекен, Мамлекет деген үч ыйык түшүнүктөн туруп караш керек.

Ушул аталган үч ыйык күчтү ажыратпай бириктирип, өстүрүп, өнүктүрүп, түбөлүктүү жашоого айланткан багытка бурсак улуттук идеологиянын туура багытын тапкан болобуз.

Демек улуттук идеология салтты сактоодон, тарыхты билүүдөн, мекенди сүйүүдөн, мамлекетке ак дилден иштөөдөн турат.

2. Уруу ынтымагында туура багыт берсек канатка өсүп жетилет. Үч канат мамлекеттин улуттук негизде өнүгүшүнө шарт түзөт. Болгону туура багыт алууда. Туура багыт болсо «Кыргыз бийлиги -демократиянын үлгүсү» концепсиясында көрсөтүлүптүр.

Султан Абдыракманов, УТРКнын экс президенти:

1. Кыргыз элинин көөнөдөн бүгүнкүгө чейинки басып өткөн жолунан калпынып алынган жалпы тарыхый, руханий баалуулуктар улуттук идеологиянын уюткусу болууга тийиш.

2. Уй бөйрөгүндөй бириндегени менен, ар бир кыргыздын кан тамырында дымак болуп турган уруучулдук сезими улутка тирек болгон үч канаттын өзөгүн түзөт. Байыртан бүгүнкүгө чейин Кыргыздын кыргыз катары нарк-нускасы кемибей келе жаткандыгынын тамыры уруулардын ынтымагы аркылуу, үч канатка бириктирилгендигинде. Бул кыргыздын өз жолу, аны талкууга алуунун зарылчылыгы жок деп ойлойм.

Чынара Сейдакматова, «Нур кырк кыз» коомдук уюмунун жетекчиси:
1. Идеологияны биз СССР убагындагы түшүнүк менен эле алып жүрөбүз. Абдан татаал, кеминде 50 барак жазылган документтей элестетебиз. Менимче, идеология бул бардык кыргызды кайсы бир ураан менен жан дүйнөсүн козгоо мүмкүн. Ошол ураанды табышыбыз керек. Мисалы, «Кыргыздын улуу касиети үчүн» дегенде ар бир кыргыздын жүрөгү жылыйт.

2. Уруучулук, тууганчылык кыргыздын негизги баалуулугу. Бул нерсе кыргызды бириктире албаса, кыргыз башка жол менен эч бириге албайт. «Учу бирге жазылат, түбү бирге биригет»- дейт кыргыз. Менимче, жалгыз гана уруучулук кыргызды регионализмден, коррупциядан куткарат.

Кыргыз элине жана Кыргызстандын бийлигине
Билдирүү
Учурда улуттук кайра жаралуу кыймылынын күчөшү — эл ичиндеги жигердүүлүктүн көтөрүлгөндүгүн көрсөтүп турат. Айрыкча улуттук эс тутумду аныктаган кыргыз улутунун тарыхы, тили, маданий мурастары терең изилденип, калк казынасына калыстык менен кайтарылышын дембе-дем маселе катары коюп жаткан коомчулуктун суроо-талабын колдоо менен бирге төмөнкү сунуштарды билдиребиз:
Өлкөдө демилге катары башталган кыргыз тарыхынын 15 томдугун чыгарууда кытай, монгол, орус, түрк, араб, перси, европа, ж.б. булактарды терең изилдеп, ар кандай саясий -идеологиялык чен-өлчөмдөрдөн сырткары илимдин талабына ылайык, так чыныгы кыргыз улуттук тарыхын жазуу ишин адискөй илимпоздордун катышуусу менен айкындуулуктун шартында жүргүзүүнү, ошонун негизинде окуу куралдарын тез арада басып чыгууну;

«Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынганына 20 жыл болгондугуна карабастан көзгө көрүнөрлүк натыйжалар аз экенин белгилейбиз. Андыктан ЖКнын, Өкмөттүн, Сот тармагынын бүткүл ишмердүүлүгүн мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн талап кылуу менен кыргыз тилинин конституциялык укугун, өзүнө толук кайрып берүүнү;

Баш мыйзамдагы «орус тили- расмий тил» деген беренени алып салууну, ошол эле мезгилде айыл жерлеринде көңүл бурулбай калган орус тил сабагына маани берилип, тереңдетип окутууну;

Билим берүүдө англис тилине өзгөчө маани берилип, ошол эле мезгилде башка дүйнөлүк тилдерди үйрөтүүнү колго алууну;

Маалыматтын, технологиянын кылымы келгендиктен компьютерлештирүүнү, аны окутуп үйрөтүү маселелерин бардык аймакта тегиз, ыкчам жүргүзүүнү;

КРнын билим берүү түзүлү-шүнүн ички мазмунун кайра карап чыгып, «Кыргыз таануу», «Адам таануу», «Теология» сабактарын киргизүүнү;

Кыргыздын коом түзүү тажрыйбаларын, касиет- өнөрлөрүн, салттуу нарк нускаларын, этнопедагогикадагы тарбия берүүнүн үлгүлөрүн, мезгил сыноосунан өткөн ырым-жырым жөрөлгө-лөрүн, улуттук майрамдарын, оюндарын жалпы эле маданий-руханий мурастарын тереңдеп изилдөө-жайылтуу иштерин мамлекеттик деңгээлде колго алууну бүгүнкү күндүн кечиктирилгис маанилүү иштери катары баалайбыз.

Жакында түзүлгөн Улуттук тилектештик бул көтөрүлгөн маселелер боюнча кызыкдар тараптар менен ар тармактуу кызматташып иштөөгө даяр экендигин билдирет.

Улуттук Тилектештиктин кезектеги жыйынында кабыл алынган.
Бишкек шаары 19-март 2009-ж.

«Асман пресс», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий