Чыңгыз Айтматов. «Насыят»

Демек, тарых чындыгынын тар алкагында калсак, улут катарында жакшылыкка жанашпайбыз. Өткөндү унутсак руханий маңкурттукка айланышыбыз алыс эмес.

Уюткулуу журт дүйнөлүк орток руханий маданиятка таянып, таразанын эки жагын тең салмактаар, ой учугун табаар.

* * *
Пенде бүткөнүңдүн баарына: «Э жараткан, бала-чакамдын алдында алагөр!» дей турган учур келээр. Ушуга ар ким турмуштун дайрасынын эчендеген тоскоолдорунан муюбай өтүп, терс кыялдарынын уятын бетине чиркөө кылбай жетсе болгону.

* * *
«Атың барда эл тааны желип жүрүп» деп ата-бабаларыбыз айткандай карылуу, кайраттуу кезде эсти жыйып, көч ачып, көкүрөк керип, дүйнөнүн чар тарабын чалганга не жетсин!

Ошентсе да, жер шарынын кайсы тегереги, экватордун кайсы алкагында жүрсөң да, көөдөн тиреген сагынычыңды жазаар туу казыгың — тууган жер аттуу улуу түшүнүк бирөө гана. Ушуну менен руханий байланышыңды үзбөгөндө гана, айдарыңдан жел сылайт. Анткени, бөтөн жер, бөтөн аба, бөтөн суунун эч бири анын ордун толуктай албайт.

Ооба, биз тууган жердин көзгө көрүнбөгөн сансыз жиптери аркылуу каршы-терши байланышкан экенбиз.

* * *
Мен тууган жерсиз эле күн көрө алам, ал эми тууган жер менсиз өмүр сүрө албайт деген алда бирөөлөрдүн текеберлениши бизге жат. Тескерисинче, касиетиңден айланайын тууган жер — бизсиз гүлдөп, бизсиз өмүр сүрө алаар, ал эми биздин рухубуз ансыз бийик өркүндөй алмак эмес.

Ооба, тууган жер барда — биз барбыз!

* * *
Аларды эске алуу кандай ка-ниет, жан-дүйнөң кеңейип, санааңда күн чубагы ойногондой таасир аласың. Деги кимдин болсо да өз доорунан, өз замандаштарынан бийик турган үлгүлүү касиетин айтуу дүйнөлүк маданий казынага кошула турган үлүштүн бир түрү.

* * *
«Бөтөн журттун босогосун аттаганда канжыгамда жүргөн эки улуттук асылым бар. Алар «Манас» менен Мухтар Ауэзов. Сиз кимсиз, казаксызбы же кыргызсызбы? — деп сурагандарга мен алды менен ушу эки улуттук кенчибиз тууралуу сөз козгоймун. Булар менин калкымдын символдору» деген терең оюңуздун айкын көрүнүшү эмеспи?

* * *
Адам жаны — өтө купуя кубулуш. Жан-дүйнөңдөгү бүр жарган жакшылык менен мээримдүүлүктүн өркүндөөсүн кыйынчылыктан, азаптан жаралган зомбулук, кыянатчылык сыяктуу зулум күчтөр зылдын ташындай басып, тумчуктуруп салбашына ким кепил боло алат?

* * *
Жазуучу жазбай жүрсө да жазып жүрөт деген жүйөлүү пикир бар. Алдыңа ак кагаз жайып, колуңа калем алып, жаза турган чыгарманын темасын койгонуң менен ага ички даярдыгың жок болсо, заңкайган сарай салууга ниеттенген бирок, балка, мыгын камдабаган курулушчу сыяктуу убакытты текке кетиресиң. Табылган тема, жакшы идеяны алып чыгуу үчүн көңүл түпкүрүн аңтарасың. Балалык күндөрдөгү эсте калгандар, көрүп баамдагандарың, ойго түйгөндөрүң, башыңдан кечирген албан түрдүү окуялар менен кездешүүлөр иргелип, бир нукка түшүп чыгарманын өзөгүн түзөт.

«Кылым карытаар бир күн» романын жазаарда маңкурт темасын үңүлө изилдедим. Бала кезибизде жөн жайды билбеген бирөөлөргө: «Эй, сен эмне маңкуртсуңбу?» -деп жекиргенди далай эшиттик. Адамдын маңкуртка кандай айлана турганын билбесек да, сөөгүңдөн өтө турган октой сөз экенин сезчү элек.

Бул маңкурттук тууралуу алгачкы даректердин бири мындан он кылым мурда ырдалып, кыргыз калкынын эрдик менен элдик энциклопедиясына айланган «Манас» эпосунда кездешет.

* * *
Өз-өзүбүзгө жекече түндүк көтөргөн соң, иллюзияга тушуктукпу, айтор, сүрдөп, аптыгып, алиге дейре максат-багытыбызды таасын айкындай албай жаткан сыяктанабыз. Демократиянын жоопкерчилиги — Президенттен баштап элдин ар бир атуулунун ыйманына коюлган ортолук жүк. Демократияга колубуз жетти, асмандан алтын жаайт деген түшүнүктөн арылуубуз зарыл. Биз үчүн идеалдуу коомдун айылы али алыс жатат. Ушуну жан дилиң менен, бүткүл каны-жаның менен түшүнүү парыз. Колуңдагы бийлик менен мүмкүнчүлүктү жалаң өз башыңа пайдаланбай, элиңе жакшылык жасаганга умтулсаң ошондо гана алыстан демократиянын карааны көрүнөт. Ушундан улам азыркы кезеңдин жоопкерчилиги сенек мезгилдин темирдей тартибинен да кубаттуу болуу керек деп ойлоймун.

* * *
Улуттук маданиятты жалпы адамзаттык өнүгүп-өсүшүнөн наар алдыруу, эриш-аркак алып жүрүү, учурдун талабынан кечиктирбөө керек. Демек, ар кандай түшүнүк менен көз караштардын өзү бир алкакка сыйбай, солкулдап турган азыркы мезгилде элдин руханий, маданий байлыгын тоотпогон түшүнүгү кеңири интеллигенция өкүлдөрүн, төбөсү көрүнгөн ири окумуштуулар менен даанышмандарды жыйнап — бул дурус, ал эми мындай багыт зыяндуу, — дегендей культурологиялык багытта мамлекеттик деңгээлде иштелип чыккан жыйынтыктуу бир чечим кабыл алуу зарыл сыяктанат.

* * *
Ар кылымдын, ар коомдук түзүлүштүн өзүнө таандык мамлекет жетекчилери, бийликтин купуя сырлары болгон го. Бирок эң башкысы — жогорку ылаажым ээси карамагындагы элдин чексиз урматына бөлөнгүсү келсе, анын боюнан кайрымдуулук, адалдык, адамгерчилик, жан дүйнөнүн тазалыгы менен өзүнө-өзү ишенимдүүлүк көзгө көрүнүп туруусу шарт.

* * *
Чыгыш философторунун көөнө жазмаларынан окуганым бар эле. Жалпы мамлекеттин башчылары акылы, аң-сезимине карай үч топко бөлүнөт экен.

Биринчиси — Кудайдын өзү тубаса акылдуу кылып жараткандар. Мындай башчылар узак мезгил бийлик башында турат жана элине көп жакшылыктарды жасайт.

Экинчиси — өзгөнүн иштегенин көрүп, аракеттенгендер. Булар көбүнчө куу болушат. Коомго жарытыраарлык өзгөрүш алып келе алгыдай жаңылык жасай албайт. Тек, эскини гана таптап башкарууга ыктап турат.

Үчүнчүсү — өзү да билбейт өзгөдөн да таалим ала албагандар. Мындайлар бийликке кокусунан келишет да, колундагы бүгүнкү бийлигинен эртең айрылып калышат. Алар кезиккен ишти ызы-чуу кылып, талашты жаңжал менен чечүүгө ынтызар келишет. Акырында эли кыргынга, байлыгы талап-тонолууга учурайт.

* * *
Мен билген бийликтин эки жагы бар. Бири — калкына кызмат кыла турган, экинчиси — өзүнө жана тууган-туушкандарына, урук-тукумдарына гана жарыгы тийген бийлик. Алгачкысы жоопкерчиликти терең сезүүдөн, акыйкаттыктан, кийинкиси ички эгоизм менен барксыздыктан жаралат.

Сөз жок, бийлик бар жерде так талашуу да кошо жүрөт. Бирок, канткен күндө да жалпынын мүдөөсүн жалкынын кулкуну менен кызыкчылыгы да басып кетпөөсү керек.

* * *
Бир элдин Президенти болуу улуу сыймык. Жер шарындагы 5 миллиардга карай кеткен калктын ичинде король, император, падыша, хан, президент атангандар аз болгон эмес. Ушулардын ичинде канчасы тагынан кеткен соң, өзү бийлеген калктын терең сүймөнчүлүгүнө бөлөнүп, тарыхта ысымы алтын тамгалар менен жазылды экен? Бийлөөчүлөрдүн көпчүлүгүнүн түбүнө чексиз мактоолор, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ач көздүк, дүнүйөкордук, саясый сабатсыздыгы менен кылмыштуу элементтердин таасирине берилүү сыяктуу кооптуу ылаңдар жетти.

* * *
… Жан дүйнөсү тайыз адамдан чыгаан саясатчы чыкпасы анык.

* * *
Жараткан эгем пендесине: «Жер бетиндеги бүтүндөй тиричилик ээсин колуңа беремин. Мына сага мейкин талаа, тоо-таш, чалкар деңиз, айдың көл, калың токой. Кыбыраган жаныбарларга да өзүң ээлик кыл. Менден кийинки ээси — сенсиң. Жер бетиндеги өмүр өнүмдүү өрүш алабы жокпу, же бир бүлүнүп, ойрону чыгабы, сага тиешелүү. Акыры сенден сураймын», — деп мойнуна өтө зор милдетти артып, чексиз бийликти адам эркине берсе керек.

«Кыргыз туусу», 27.03.2009-ж.

* * *

Ар бир адамдын өз мекени бар. «Мекен» деген сөз кыргызда — ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес. Мен азыркы дүйнө жөнүндө кененирээк сөз кылардан мурда өзүмдүн өмүр башатыма ой жүгүртөм. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестетүүгө аракеттенем. Эгер, мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айлым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык. Анткени, менин башатым — ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата Журт деп аталган туулуп-өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы — бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин.

Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: «Кана, жети атаңды айт!» — деп катуу талап менен сурашаар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген.

Мен шекерликмин, ошон үчүн бул жакшы кааданы алигиче урматтаймын. Менин атам — Төрөкул, Төрөкулдун атасы — Айтмат, Айтматтын атасы — Кимбилди, Кимбилдинин атасы — Кончу жок… ушинтип отуруп биздин тукумдун башы — Шекердин өзүнө чейин санай берүүгө болот. Атамдын жана чоң аталарымдын туугандары — Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул — булар да менин бабаларымдын катарына кирет.

Мындай карасаң — бул жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоң. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам мен алардын ар биринин ысымдарын терең ызааттайм жана сыймыктанамын. Бул өзүбүздөн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди — кийинки муундарды милдеттендирет.

Анткени, адам турмушту дагы да жакшыртуу, асылдандыруу ишине өз үлүшүн кошуу ниети менен, өзүнө чейинкилер тарабынан жетишилген турмуш жыргалчылыгын өзүнүн билимин, рухий аң-сезимин, маданиятын дагы да жогорулатуу максатында пайдаланганда гана ал аны бактылуу кылат.

Адамзаттын агып турган тиричилиги дайыма болочокко багытталганы менен, өткөн тажрыйбасы — анын түпкү күлазыгы, таянган тоосу, келечек урпактарга энчиленген мурасы. Мунсуз коомдук жана маданий турмуштун уланышы мүмкүн эмес. Бул аныктама эң оболу сөз табиятына таандык. «Өнөрдүн алды кызыл тил» деп илгеркилер бекер айтпаса керек. Чоң кеменгерлик менен айтылган нерсе — эмне гана болбосун, адам тарабынан жасалган ар бир кыймыл, аракет, бүткөн иш жана чектелген максат алды менен адамдын аң-сезиминен даярдалып чыгат. Сөздөн, ойдон башталып,адамдын ар түркүн жетишкени тажрыйба катары кайра ойго, сөзгө келип бекемделет, аң-сезимди байытат.

Азыркы мезгилде сөз сапаты күтүлбөгөн тездик менен сапаттан-сапатка, баскычтан-баскычка дүркүрөп көтөрүлүп жатат.

Көркөм адабияттын философиялык, ыймандык маңызынын барган сайын тереңдеши, адам жарык келечекке, прогресске умтулуусун сүрөттөө эң маанилүү, эң зарыл борбордук маселеге айланышы — бул биздин күндөрдүн талашсыз белгиси.

Кыргыз элинин улуу мурасы — эпикалык традициясы баа жеткис руханий байлыкка жатат. Кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири экени тарыхка маалым. Өзүнүн өсүш жолунда узак, татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли этникалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен. Башка элдер өзүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң-сезимин, ар-намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын жана бир катар учурларда реалдуу тарыхый окуяларын оозеки эпикалык жанрда чагылдырган. Тил жана эпосторду изилдеген өткөн кылымдардагы белгилүү немец филологу Якоб Гримм: «Биздин тилибиз — бул биздин тарыхыбыз да», — деп жазгандай, биздин улуттук тилибиз жана эпикалык дастандарыбыз — биздин тарыхыбыз деп айтууга толук акыбыз бар. Ушул жагдай, ушул шарт эпостун ар түрдүү тарыхый, турмуштук багытта өсүп-өнүгүшүнө алып келген.

Кыргыз элинин мына ошол байыркы ата мурасынын эң туу чокусу — улуу «Манас» эпосу. Чынында да «Манас» жомогу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдардын кайгылуу, оор окуяларын тулку боюна сиңирип, ыймандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан: жашоо-тиричилик, жоопкерчилик, үй-бүлө шарттары, ар түрдүү салт-санаа, социалдык-коомдук турмуш тарабынан кеңири жана толук камтышы боюнча, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө жатат.

Тарыхый көз караш менен караганда, «Манас» эпосу башка эстетикалык өлчөмдүн негизинде, башка талап, башка тарыхый-турмуштук шартта жаралган. Ага бүгүнкү күндүн адабиятынын көркөм жана идеялык максаттарын коюуга, ага бүгүнкү күндүн адабиятынын мыйзам ченемдери менен мамиле жасоого болбойт. Ошондой болсо да, эпос биздин күндөргө жеткирген тарыхый чындыкты жана көркөм чындыкты бүгүнкү күндүн тили менен, түшүнүктөрү менен түшүндүрүүгө жана аныктоого толук болот. Эмне үчүн, кеп ушунда.

Байыркы доордо, дүйнөлүк маданияттын кербен жолунан алыста, обочодо, айрыкча тарыхый шарттар менен, өзүнчө бир аймак менен чектелген кырдаалда жаралган бул эпос бизге эмнеси менен, кандай асыл заты менен баалуу? Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун эң негизги идеясы, анын бүткүл «кан тамырын» аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып-сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып-чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан-аяк улап, өөрчүтүп-өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. «Манас» эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алышы да дал ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.04.2009-ж.

* * *
Ар түрдүү тарыхый кырдаалдарга ылайык эпостун көркөмдүк турпатына, кала берсе, идеялык түзүлүшүнө ар түрдүү катмарлануулар болбой коюшу мүмкүн эмес. Бүгүнкү окуучу, дүйнөлүк классика, дүйнөлүк фольклор менен кабары бар окуучу, аны оңой эле сезет. Катмарлануунун өзү да эпостук касиет. Мындагы эң маанилүү башкы маселе — «Манас» эпосунун түпкү нукура идеясы миң жылдар бою ар түрдүү тоскоолдуктарга, кысымдарга учураганына карабастан, өзүнүн наркын коротпой биздин улуу заманга жеткенинде. Бул — эпостун майтарылгыс күчү.

«Манас» эпосу — бийик гуманизмге сугарылган эпос.

* * *
Адабиятка киши эптеп-септеп жазармын деп келбейт. Сөзсүз жаңылык киргизем, мурункулардын традициясын улап, алардын жетишкендиктерине таянып, алардан бийигирээк чыгармачылык тепкичке жетем деп, чоң максатты көздөп келет. Демек, ар ким өз мүмкүнчүлүгүн кем санабай, бардык күчүн искусствонун чокуларына жетүү үчүн жумшоого милдеттүү. Болбосо, адабиятта убара болуунун зарылдыгы жок. Ар бир жаш талант чоң художник болууну көздөбөсө адабият өнүкпөйт.

* * *
Чыныгы көркөм чыгарма деген чек билбей, түрдүү кишилерди, түрдүү улуттарды суктандырыш керек.

* * *
Окуган чыгарманын көркөм искусство, же искусство эмес экенин, китептин начар, же жакшы экенин айрый билмейинче жазуучу болуу өтө кыйын.

* * *
Качан гана адабияттын ички курулуш маселелерин, образдуу көркөм сөздүн жана куру кооз, жугуму жок сөздүн, чыгармада сүрөттөлгөн чыныгы сулуулукту жана жасалма сулуулукту тааный билгенимден тартып, сын көз менен карай баштагандан тартып, өз ишиме да башкача карай баштадым. Адабиятты тааный билүү адамга дароо эле келе койбойт. Аны үчүн адам көп окуп, көп иштеп, дүйнөлүк искусстводон бир катар кабардар болуу зарыл. Мындайча айтканда, жазуучу өзүнө адабий табит иштеп чыгуусу — башкы шарт. Табит дегенибиз — ал адамдын ички маданияты, ички сезими, ички түшүнүгү.

* * *
Талант деген — адамдагы кандайдыр бир ички мүмкүнчүлүк. Ал эми мүмкүнчүлүк иш жүзүнө ашуу үчүн ага шарт керек. Жазуучунун ички мүмкүнчүлүгү, таланты дейли, чоң маданияты болбосо, өз заманындагы искусствонун алдыңкы жемиштеринен оозанбаса иш жүзүнө ашпайт. Жаш жазуучунун талантына керектүү шарт кайсы дегенде — маданият жана талыкпаган эмгек, эмгек жана маданиятка талыкпастан кызыгуу. Жазуучуну атайылап окутуу кыйын. Жазуучу өзүнө-өзү мугалим болууга аракеттениш керек. Аны үчүн турмуштан дайым сабак алуу, турмуштан окуу — чыгармачылыктын закону деп түшүнөлү.

Экинчиден, көркөм искусстводон үйрөнүү — ал да ыйык милдет. Ар бир окуган китеп, көргөн фильм, же болбосо пьеса, ар бир чыгарма жазуучунун сын көзүнөн өтүп, ички талкуусуна түшүп, терең анализден чыгып, ага сабак болуш керек. Жакшы жазылган китептен жакшы жазуучу кандайча үйрөнсө, жаман китепти окуп, андайча жазбоону билип коюшу пайдалуу.

* * *
Жазуучунун бир күнү текке кеткени — чоң жоготуу.

* * *
Эгер китеп өзүн окуп жаткан окуучунун акыл-эсин, уятын, намысын козгоп, анын жүрөгүн турмуштагы эң эле адам жийиркенерлик булганч, ыплас нерселерди көрсөтүү менен, же тескерисинче, тазалыктын, сулуулуктун жана улуулуктун картиналары менен титиретип, аны өзүнө жана өзүн курчап турган айлана-чөйрөгө тереңирээк кароого аргасыздантып, биротоло өзүнүн таасирине багындырып алса, биз муну искусствонун күчү дейбиз.

* * *
Жеке адамдын да, коомдун да турмушу ар дайым ар түркүн маанидеги, багыттагы проблемаларды, карама-каршылыктарды, кыйынчылыктарды жеңүү менен байланышкан. Ал эми каршылыктарды жеңүү — тарыхтын алга жылышын түшүндүрөт. Турмуштун закондорун өздөштүрүү, өзүн-өзү жеңүү менен адам тарых дөңгөлөгүн айлантып жана өзүнө-өзү: «Жашоонун мааниси эмнеде?» — деген суроону ар дайым берип келген. Адамдын өзү менен бирге жаралган бул суроого, албетте, так кесе айтылган жооп жок. Ар түрдүү доорлордо ар түрдүү адамдар бул суроого ар түрдүүчө жооп берүүгө аракеттенген. Мүмкүн, алгачкы жомок, миф, анан бүткүл профессионалдык адабият, бүткүл искусство мына ушул аракеттен улам жаралгандыр, анткени, чын-чынына келгенде булардын бардыгы адамдын дүйнөнү таануу, өзүн-өзү өздөштүрүү жолундагы түбөлүктүү аракети болуп эсептелет. Мына ушул процесстин жана жогорудагы суроого жооп издөө далалатынын өзү турмуш сыяктуу эле, түпсүз жана учсуз.

* * *
Изденүү — бул улуттук традицияларды биздин жалпы идеяларыбызга үндөшүп турган рухий байлыктар аркылуу чыгармачылык менен байытуу. Изденүүлөр жекече жүрөт, бирок анын табылгалары жалпыга таандык.

Мына ушул үчүн жашап, ушул үчүн жараткың келет.

* * *
Жазуучу — өз доорунун күзгүсү. Өзүбүздөн мурдагыларды урматтоо менен, биз ар доор өзүнүн эстетикалык талаптарын алдыга коёрун унутпашыбыз зарыл. Мезгилдин духун — адамдын, коомдун абалын сезе билип, жылыштарды туура чагылдыра алган жаңы критерийлер менен өлчөөгө жетишүү маанилүү. Анткени, биз азыр жыйырманчы кылымдын акыркы чейрегинде — бардык революциялык жана прогрессивдүү нерселердин интеграцияланышын, ошону менен эле бирге дүйнөдөгү карама-каршы күчтөрдүн болуп көрбөгөндөй уюлдашуусунун доорунда жашап жатабыз. Ошон үчүн биз чыгармачылыктын проблемаларына кандайдыр башкача деңгээлдерден карашыбыз милдет. Биздин адабияттагы жаңы тенденциялар жөнүндө айтканда, аны жалпы дүйнөлүк процесске байланыштырбай өзүнчө бөлүп кароо ылайыксыз.

* * *
Бүгүнкү күндө, менимче, биздин ар бирибиз интеллектуалдык жактан өскүлөң болушубуз бөтөнчө зарыл. Эгер 20-30-жылдардагы жазуучу ар кандай художникке зарыл керек болгон фундаменталдык билимдерге дайыма эле эгедер боло бербеген болсо, азыркы күндө, менимче, анын билими болуп көрбөгөндөй көп кырдуу эстетикалык жана философиялык жактан сабаттуу болушу милдет. Бул таланттын калыптанышынын зарыл шарты.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.04.2009-ж.

* * *
Өзүмдүн адабий практикама таянып, адам инсаны азыркы художниктердин чыгармачылыгынын негизги объектиси бойдон кала берерин бекемдемекмин. Ал эми инсанга кайрылып жана ал аркылуу сүрөткер бардык адамдар менен баарлашууга умтулаары — бул башка кеп. Эгер, ал чыныгы сүрөткер экени чын болсо, өзү маданий жана этникалык жактан байланышып турган белгилүү гана регионалдык чөйрөнүн турмушуна эмес, бүткүл адамзаттын турмушуна кийлигишет. Коом турмушу — бул тарыхый, нравалык жана көркөмдүк факторлордун татаал тутумдашуусу. Ошон үчүн биздин аң-сезимдин орбитасына эмне таандык болсо, ошонун баары жөнүндө адамдарга айтуу зарыл.

* * *
Жүрөгү, бүткүл руханы адамга жана адам даргөйүндөгү асыл ойлорго, күйүткө жана сүйүүгө толуп-ташып турганда гана художник адамзатка кызмат кыла алат. Биз бүгүн классик деп атагандар тарабынан иштелип чыккан, өздөрүндө искусствонун милдетин жана маңызын камтып турган түшүнүктөрдү өздөрүнүн чыныгы маанилерине ээ кылуу зарыл.

Бизден мурдагылар бүгүнкү адабият менен искусстводогу замандаш-калемдештерибизге караганда кыйла жигердүү жана масштабдуу ой жүгүртүшкөнүн моюнга алууга тийишпиз. Бирок моюнга алуу бизди өз милдетибизди аткаруудан кутултпайт.

Дагы кайталайм: биз өз милдетибизди өзүбүз аткарууга тийишпиз, биз үчүн эч ким жасабайт. Бүгүнкү дүйнө кайдан экендигин, биз өзүбүз кимдер экенибизди аңдап, түшүнө билүү — демек, ошол сонун дүйнөнүн байкоочулары эле болбостон, анын жаратуучулары да болуу дегендикти билдирет. Бул — демек, адам рухуна катышы бар деген эч нерсе менен салыштырылгыс сезимди өз жүрөгүнөн өткөрүү дегендик. Себеби, түзүү, жаратуу процессине өз үлүшүн кошуу — ошол процесстен өзүнүн ордун ээлөө менен барабар.

* * *
Кандай болгондо да сүрөткер реалдуу турмушта жашайт. Биздин ар бирибиз сүрөткер катары абийирибизди канчалык таза сактай алдык, бүгүн өз мезгилибиз менен гармониядабызбы, деги ушундай гармония мүмкүнбү деп өзүбүздөн сурап, жооп берүүгө аракеттенсек — ошол эң башкысы. Кээ бир ойчулдар сүрөткер сөзсүз азапка, шорго жаралган пенде, бөтөн дүйнөнүн адамы, куугунтукта жашоого, бери болгондо асан кайгычылыкка туулган жан дүйнөсү назик, жаралуу жан дешет. Мени бул ынандырбайт. Канаты кайрылган жарадар куш бийик көкөлөп уча алабы? Искусство адамы да ушундай. Тагдыр анын башына эмнени гана салбасын, көп нерсе талант эрдигине да байланыштуу.

* * *
Жалпы менен жекенин бүткүл жалпылык менен өзгөчөлүктүн, улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн, көрүнүштөрдүн өз ара байланышы академиялык зериктирме талаш-тартыштардын гана маселеси эмес. Бул маданий өнүгүү багытындагы аныктоочу чечүүчү ролду ойной турган фактор. Маданиятка анын табиятына жат функцияларды таңуулоо же адабияттан ага мүнөздүү болбогон нерселерди талап кылуу канчалык зыяндуу экени бизге өз өлкөбүздүн тажрыйбасынан белгилүү. Андыктан адабият проблемаларынын же анын функцияларынын унификацияланышы жөнүндөгү кеп-сөздөр эч бир орунсуз. Мындан тышкары адабияттын социалдык орду, кызматы да бар экени талашсыз жана маселени түшүнүү үчүн бул өтө зор мааниге ээ.

Көрүнүп тургандай эле биз биринчи орунга дүйнөнү анын ар кайсы кырынан таанып-билүүнү коюп жатабыз. Дүйнөтааным болсо улуттук өзгөчөлүк менен шартталбай койбойт, анткени тилсиз адабият жок, а тил өз кезегинде бир элди башка бардык элдерден айырмалап турган белгилерди алып жүрөт. Бирок, эгерде жалпы максат идеясы ушул өзгөчөлүк аркылуу чагылдырылса, анда биз «чоң адабият» деп атаган нерсе жаралаар эле. Мындай зор адабият элдерди бириктирүүнүн, жакындатуунун кандай алп күчүнө ээ экенин айтып отуруунун кажети жок — муну ар бирибиз өз тажрыйбабыздан билебиз. Себеби, рух эркиндигине умтулуу дайыма чоң адабияттын борбордук идеясы болуп келген жана боло бермекчи.

Биз коомдук аң-сезимдеги тарыхта болуп көрбөгөндөй глобалдуу өзгөрүүлөргө, идеологиялашкан тоталитардык структуранын ичтен жарылуусуна, Европа элдеринин жана мамлекеттеринин негизинде жалпы жыргалчылыкка жана ынтымакка жетишүүнүн өзгөчө идеологиясы жактан өтө ар түрдүү структураларга (курамдарга) өз ыктыярлары менен биригип жатканына күбө болуп, катышып жатабыз…

* * *
Күн Чыгыш ойлому искусствону чындыкты бийик реалдуулукка, бийик гармонияга жакындатып сүрөттөөнүн, бул гармонияны өзүнөн өзү курчап турган дүйнөдөн издөөгө адамдарды шыктандыруучу курал катары түшүнөт. Кайра жаралуу доорунда Батыштын ойлому кудайды аалам тактысынан түшүрүп, анын ордуна адамды отургузган эле. Бүгүнкү күндө адам өзү татыксыз болгон ошол тактыдан шыпырылып түшүп, ыңгайсыз абалда калды. Күн Чыгыш ойлому болсо адамды бул дүйнөдө гармониялуу жашоо үчүн өз ордун табууга, анын закондоруна өзү баш ийдирүүгө тийиш болгон космостук, ааламдык жак катары көрөт.

Бизге Батыштын жана Күн Чыгыштын жалпы адамзаттык деңгээлдеги ойломдору бири-бирин кабыл алып сиңире тургандай көрүнөт. Мындай жакындоо, жуурулушуу жемиштүү болорунда шек жок. Бирок, бул келечектин иши.

* * *
Адабият улуттук кыртышта гана өнүгүп чыга алат; анын көп маданияттуу тамырлары да болушу мүмкүн. Мындай терең тамырлуу адабият дүркүрөп өсүүнүн зор кубатына ээ болоору шексиз. Бирок, кеп бул жөнүндө эмес. Пикассор бир жолу искусстводо изденүүнүн предмети эмес, анын натыйжасы маанилүү деген экен. Адабият эч качан пландаштырылууга же программалаштырылууга тийиш эмес, болбосо ал «көркөм» формасына карабай үгүт-пропаганданын эле бир түрүнө айланат. Ошентсе да, жазуучу ал эмне үчүн жазып жатканы жөнүндөгү суроого жооп бериши керек. Албетте, буга ар кимдин өз жообу бар, бирок, көөнөргүс дөөлөттөрдү алып жүрүүчү искусство адам жан дүйнөсүндөгү дисгармонияны чагылдырып, аны дайыма гармонияга үндөй турганын дүйнөлүк адабияттын бүткүл тарыхы, тажрыйбасы тастыктап турат.

* * *
Биз билген улуу акындардын баары ар кайсы мезгилде төрөлүп, ар кайсы өлкөдө жашап, ырларын да ар башка тилдерде жазган, коомдун ар кандай катмарынан чыккан. Бирок, аларды мезгил менен мейкиндиктин ааламында үркөр жылдыздай бир үйүргө чогултуп, бирдиктүү поэтикалык ойго бириктирип, адамзаттын көйкашка уулдары атантып турган бир жалпылык бар.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.04.2009-ж.

* * *

Мен алардын чыгармачылыгынан ого төтөн күч менен көрүнгөн революциячыл духту жана элдүүлүк мүнөздү айтып жатам. Байкап көрсөк, алар өздөрүнүн өлбөс-өчпөс ырларынан, урабас уйкаштыктарынан кураштырып, акындык алоо жүрөктүн табына кактап, ширетип, мезгилге көпүрө салып, аны мүрүсүнө коюп мүргүбөй көтөрүп тургансышат…

Бул акындарды бир чамгарак астында баш коштурган күч сөздүн кереметинде же үндөшкөн ырларда гана жаткан жери жок, кала берсе алардын тагдыр-таржымалы, турмушта баскан жолдору, жүргүзгөн күрөштөрү да окшош. Туу кылган максатынан, эңсеген идеалынан кайтпай, жашоонун бардык касирет-кайгысына кайыл болуп, атүгүл ажалдан да жазганбай, тике даап барышкан. Ошону үчүн Байрон Грециянын азаттыгы үчүн башын сайып, өмүрүн сарп кылды, ошону үчүн падышалык өкмөт Пушкинди жаштайында жайрандады, ошон үчүн Мицкевич менен Петефи кара түнөк күчтөрдүн капшабын тартышты, ошон үчүн Украинанын шер уулу Тарас Шевченко колуна кишен салдырып, сүргүнгө айдалып, чынжырдын ар бир шылдырты кайнаган эл каарынын коңгуроосу болуп кагылып, бийлик ээлеринин үрөйүн алып, карапайым эмгекчи адамга алпейим кайрык болуп угулуп турду. Ошону үчүн фашисттер биздин күндөрдө эле Испания Республикасынын жалындуу жарчысы Гарсиа Лорканы окко тутуп, опаат кылышты.

Биздин Токтогул да дал ушундай акындардын уркунан болгон. Токтогулдун ашып-ташкан академиялык билими деле болгон эмес. Бирок, ал көзү ачык, көкүрөгү тунук таланттуу төкмө болгон, кыргыз жергесиндеги көп чүкөнүн сакасы, ырчылардын сарасы болгон. Ошондуктан, биздин терең ишенимибизде элдик ойчул, күрөшкер жана сүрөткер катары дүйнөлүк поэзиянын залкар ысымдары менен бир катарда турганга анын бардык жактан акысы бар. Не дегенде «Манас» эпосу бизге жеткен азыркы калыбы менен кечээ же бүгүн эле жарала калган эмес. Кыргыз эли ага сан миң жылдык санжыра-тарыхын, дүйнө жөнүндө баккан-көргөнүн, поэтикалык энчи-таалайын катып, тополоңдуу күндөрдүн бороон-чапкынына тоздурбай, кысталаңдуу замандардын кыямат селине алдырбай, бой тумар сындуу боюна көтөрүп, дээрине сактап, кылымдардын кыйырын түрө кыдырып, улам өнүктүрүп, өөрчүтүп жүрүп отурган. Манас баатыр жөнүндөгү улама кептин уңгусу жылжыган булак суусундай болуп ой бойлобос, акыл чендебес атам замандагы доорлордо башталган.

* * *
Эзелки уламыштын уч-кыйыры көрүнбөс кенендиги менен түбү билинбес тереңдигин ойго сыйдырып, көңүлгө көгөндөп, «Манас» жөнүндөгү улуу сөздү көөнөртпөй, ар бир муундун көз алдына тутуп, маңдайына кармап туруш үчүн ашкан интеллектиси, опсуз фантазиясы жана жанда жок артисттик таланты бар, бир эшиткенин эзели эсинен чыгарбас куйма кулак жомокчулар, айтуучулар керек болгон. «Манас» дастанын мурунку муундардан мурастап алып, улам кийинки урпактарга улама кылып жеткирип турган сакадай бою сары алтын андай аткаруучулар эл ичинен өксүбөй чыгып турган. Бүт өмүрүн «Манас» айтуу өнөрүнө багыттаган Саякбай Каралаев урумдан ашкан ошол санжырачылардын биздин күндөрдөгү уркунан эле.

* * *
Журт арасынан улуу сүрөткердин суурулуп чыгышы оңой-олтоң иш эмес. Ал эл ичинде көз жарып, анын муңунан, кубанычынан, ары айкөл, ары татаал ой-чабыттарынан, уруятынан, тарыхынан азыктанат. Сүрөткерди доор жаратат, ал эми сүрөткер кезегинде ошол өзүнүн доорунун идеялары менен таламдарын чагылтат. Ал адамдын өзүн-өзү курчап турган дүйнөнү таанып-билүүдөгү машакаттуу, бүтпөс күрөшүнүн күүсүндө күчкө толот. Ал мурда-кийин өткөн алптардын артынан жүрөктү толкутуп, көңүлдү чалкытып, жашоонун өңүн өчүрбөй, сырын кетирбей сүрөттөп берүү максатында адамдын жөпжөнөкөй жоруктарынан тартып, алтымыш түрдүү ааламды эңсеп турган терең акылына дейре чыгармачылыгына сиңирип алат.

* * *
Анык таш жарган таланттын, сыйкырдуу өнөрдүн иши деп ушу скульпторлордун эмгегин айтсак куп жарашар жөнү бар. Жансыз материалдан жасалса да, алардын жүрөк эргүүсүнөн бүткөн айкелдерден жашоонун ысык илеби уруп, тирүү жандай кыймылдап, ичке сыйбаган сезимдин күчү тулкусуна чыгып чытырап, ар бири өзүнчө мүнөзү менен, өзүнчө кыянаты менен көрүнөт. Сүрөткердин кыялый амирине айла жок экен го деп шүйшүнөсүң. Болбосо, адам рухунун пластикасын ушунчалык керемет ийге келтирип, табиятында кандай болсо, дал ошол түспөлүнөн түшүрбөй, жандуу абалга жеткирип жасап бере алар өнөр скульптордон бөлөк дагы кимде бар?! Анан да мезгилдин элесин кайталангыс көрүнүшү менен ташка чегип, тынымсыз агылган турмуштун «көз ирмемин» түбөлүккө токтотуп, өчпөс кылып койгонун айтпайсызбы? Ошону үчүн кылымдардын кыйырын арытып бизге чейин жеткен айкелдерден өткөн мезгилдердин айырмалуу мүнөзүн, түзүлүш түспөлүн көрүп, адамдардын өзгөчөлүү жактарын гана эмес, андан да көбүрөөк нерсени — ошол доордун коомдук маңызын туюнткан маданияттын, тарыхтын жана эстетиканын энчилүү белгилерин таанып алардын алдында эрксизден тамшанып, суктана беребиз…

Бул ар качан ушундай болгон, боло да бермекчи. Анткени, сүрөткер өз эмгегин замандаштарына арнап, келечектеги урпактарга багыштап жаратат эмеспи. Чыгармачылыктын түпкү мааниси, көркү да ушунда.

* * *
Жыл өткөн сайын көзүбүз жетип, ынанып жатпайбызбы: бу жалганда баары өтүп, баары өзгөрүп турат. Жазмыштагы жан бүткөндүн баарына түгөл таандык бул мыйзам кала берсе алда качан көзү өтүп, аты-жөнү урпактардын эсинде жүргөн маркумдарга карата айтканда да маанисин жоготпойт. Алар үчүн убакыт, арийне кыйыр түрдө — биздин аң-сезимибиз аркылуу өтүп жатат, алар үчүн тарых да ушинтип уланып жатат.

Мындай деп айтканым, мезгил аттуу фактордун эч кимдин кадыр-көңүлүнө карабаган, эгерим өзгөрбөс жана шексиз болбой койбос мерездик жайы бар, башкача айтканда, ал баарын өз ордуна коюп, өткөндүн тарыхына, санжыра-санатына, качандыр бир мартаба көрүнгөн каадалуу иштерге тигил же бул адамга, тигил же бул окуяга байланыштуу айтылган официалдуу жана жеке мүнөздөгү ой-пикирлерге, берилген бааларга алымча-кошумча кийрип турат.

* * *
Мезгилдин мына ушул мыйзам-ченеми бүткүл ыраатынан жана калбаатынан жанбаган шексиздиги менен айрыкча адабиятта жана искусстводо, жазуучулар менен чыгармалардын тагдырында кашкайып таасын көрүнөт. Неге дегенде улам кийинки урпактар ким болбосун, эмне болбосун анын баарын муундардын рухий тажрыйбасындагы жаңы баскычтын талаптарына, өнүгүүнүн алдыда турган түйүндүү маселелерин акылга салып, аңтарып карап чыгуунун муктаждыгынан улам келип чыккан жаңыча чен-өлчөмдөргө ылайык сыноого коюп, сынынан өткөрүп турат. Биз демейде, акыйкат деп атап койчу тарыхый объективдүүлүктүн өзү да ушул күч.

Бир кезде тоодой болуп көрүнгөн бараандуу ысымдар, айланып мезгил өтсө, кадимки кол жетчү дөңсөөдөй болуп пасайып кеткен күтүүсүз кокустуктар ушундан келип чыгат. Андыктан, бул ачуу чындыкка тан берип, моюн сунбаска чара жок. Ырас, кээде мындан башкача да болушу ыктымал, башкача айтканда, урпактар күтүүсүз жерден капкалуу казына таап алгандай көзү бар кезинде анчейин баркталбай калган же таанылбай кеткен чоң талантты ачып алышы мүмкүн. Мындайлар да болот, бирок сейрек болот.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.

* * *
Абийир, намыс. Толстойдун сөзү менен айтканда: уят, ар — бул адамдын өзү жасай аларлык чындыкты алдын-ала сезиши. Демек, искусствонун максаты — личносттун рухий-нравалык деңгээлин, адам өзү жете аларлык чындыктын өлчөмүнүн кандайча жана кантип жогорулап жаткандыгын искусствонун тили менен көрсөтүү.

* * *
Айта кете турган нерсе — азыр чет өлкөлүк искусстводо (айрыкча кинематографияда жана театрда) ырайымсыздык маселеси негизги орунду ээлөөдө. Бул баарыдан көп пайдалануучу категориялардын бири. Биздин табигый сезимдерибизде ойноого аракеттенип, бул «массалык искусство» көбүнчө дене күчүнүн ырайымсыздыгын, зомбулукту, адамды жырткычтарча кыйнап-зордоону, жан кыюуну, кан төгүүнү даңазалайт. Анткени, бул дайыма адамды таасирлентет, коркунучка салат, мына ушунусу менен бул — адамдардын сезимин бийлөөнүн мыкты ыкмасы, искусствону кандайдыр гипнозго же таңкалтыруунун факторуна айландыруунун аракети. Бул аракетти вульгардык адабият гана жасап жаткан жери жок.

Катаалдыкты, ырайымсыздыкты, дүйнөнүн атактуу жазуучулары да көрсөтүшкөн жана көрсөтүп келе жатышат. Бирок, аларда катаалдык кара күч маанисинде эмес, кыйла татаал — личносттун психикасынын мүнөзү, курчап турган чөйрөнүн закондору, адамдын ички ниет-каалоолору жана талаптары менен шартталган катаалдык. Катаалдыкты адам турпатындагы генетикалык көрүнүш катары актоого аракеттенген теориялар да пайда боло калып жүрөт.

Бирок, мен искусство нормалдуу адамдык турмушка негизделиши керек деп эсептейм, маниакалдык же гангстердик искусствону эмес, нормалдуу искусствону жактырам. Адамда адамдык сапат канчалык жогору болсо — мага мына ошол кымбат. Мен мына ушуну көрсөтүүнү каалайм.

* * *
Эң эле көнүмүш турмуштун өзүндө да катаалдыктын миңдеген көрүнүштөрү бар. Аларды көрө билүү үчүн жөндөмдүүлүк жана эрдик талап кылынат. Мисалы, сыртынан жөнөкөй эле көрүнгөн кишинин тереңинде да катаалдык билинбей бөгүп жатышы ыктымал. Ал өзүн кыйын сыноо кырдаалдарда кандай алып жүрөт? Чечүүчү учурда анда адилдик үстөмдүк кылабы же кара ниеттикпи? Ал өзү кандай адам — ак жүрөкпү, же кара ниетпи? Ак жүрөк болсо, аягына чейин ошондойбу, же ара жолдо азгырылып шартка, кырдаалга жараша айнып кетмейи барбы? Уруш-мушташтан, киши өлтүрүүдөн кайра тартпайбы? Мен үчүн адамдагы мына ушул жашыруун потенциалдуу катаалдык (муну мен изилдеп жатпасам да) кызыктуу. Башкача айтканда, мен адамдагы кара ниеттик менен кармашуучу адил күчтөрдүн резервин көрсөткүм келет. Эми бул теманы тандап алышымда бүгүнкү күндүн маселелеринин таасири барбы же жокпу? Албетте, бар. Тынчтык күндөрдө, күндөлүк көнүмүш иштерде деле адамзат кандуу салгылаштарда көрүнчү катаалдыктарга кабылышы ыктымал. Анын үстүнө, коом канчалык бай жашаса, токчулук канчалык көп болсо — адамдардын үлүшүнө бардамчылыктын, жыргал турмуштун сыноосу ошончолук көп түшөт. Кээде адамдар мындай кененчиликти көтөрө албай көөп, чегинен ашып, жылкыдай бышкырык атып кетет. Турмуштун жыргалдыгы, кенендиги, бардамдыгы, алардын адамдык касиетин арттырбай, кайра айбандык сапаттарынын күчөшүнө себепкер болуп, кутуртуп, менменсинтип, өзүмчүл, катаал кылып жиберет. Мындайлар өзгөчө батыш өлкөлөрүндө көп учурайт. Тилекке каршы, бизде да дүнүйөгө азгырылып, байлыктын, буюмдун кулу болуп калган адамдар жок эмес.

Мисалы, бая күнү мен шаардын сыртында жүрүп, жол боюнда токтоп турган кыпкызыл, жапжаңы эки «Жигулини», алардын фонунда сүрөткө түшчүдөй бөйрөктөрүн таянып, кайкайып, сигареттеринин түтүнүн көккө үйлөп, жөө-жалаң бараткан адамдарга «а байкуштар» дегенсип мен-менсине карап турушкан бир нече жигиттерди көрдүм. Эгер булар: «Мен бу машинада баланчадай иштерди жасадым», «Мен түкүнчө километрди зымырап койдум» деген сыяктуу мактанычтар менен жашабаса, машиналары бар экенине чиренип, башкалардан өздөрүн жогору санабаса, анда жакшы деп ойлодум өз ичимен. А эгер тескерисинче, булар өздөрүнүн «Жигулилеринин» кулу болсо, андан башка кызыкчылыктары, адамдык бийик максаты, умтулуулары болбосо бул, албетте, жаман. Сырткы кебетелерине карап баалаганда алар: «Көрдүңбү, биз кандай кыйынбыз» деп эле тургансышат. А эгер аларды башка нерсе кызыктырып, кандайдыр бир маанилүү иштерди талдашып, бири-бирин рухий жактан байыта турган маалыматтарды алмашып жатышкан болсо, көздөрүн май басып калбаган болсо, анда, албетте, жогорудагы мен көргөн сценада коркунучтуу эч нерсе деле жок.

* * *
Мен адамдар өлүм менен бетме-бет салгылашып жүргөн кандуу майдандарда да адамдык бакыттын бир көз ирмемчелик жылт эткен учурлары болгондугуна ишенем. Бактылуу мүнөттөр душмандын үстүнөн болгон жеңиштерде эле эмес, ички рухий жеңиштерде да болот. Жоокерлер душмандан белгисиз бийиктиктерди улам ээлөө менен бирге адам рухунун бийиктиктерин да ээлешкен.

* * *
Балалык жана өспүрүм кездин таасирлери жазуучунун чыгармачылык турмушу үчүн чынында да маанилүү фактор. Бул — ойлорду, картиналарды, адамдардын образдарын сен ар дайым сузуп алып турган ыйык башат же кудук сыяктуу. Жаштык жана балалык кез дүйнөнүн сулуулугун таза жана көркөм түрдө кабылдоочу, аны ошол калыбында көңүлгө бекем түйүп калуучу эң дилгир, күнөөсүз жана кристаллдан тунук курак.

* * *
Мен отуруп алып өзүмдү Күркүрөө суусунан сүзүп бараткандай сезген «Ээр таш» азыр да турат. Албетте, турмуштук реалдуу, көнүмүш эле көрүнүштөрдү балалык сезим кыйла чоңойтуп, экилентип элестетээри бышык. Бирок, мен аларды кийин жаңырган, өзгөргөн түрүндө пайдаландым. Мындан башка дагы далай деталдар да ошол балалыктын дүйнөсүнөн алынып жатышы ыктымал.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2009-ж.

aitmatov2Ч.Айтматовдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий