Улуттун руху, эстутуму кадырланат, баркталат

Президент Курманбек Бакиевдин «Жаңылануу багыты» боюнча кайрылуусу

Кымбаттуу мекендештер!
27-январдагы өз кайрылуумда мен коомдун жана мамлекеттин алыскы келечекке — 10-15 жылга кыймыл-аракетин аныктай турган документти түзүү зарылдыгы тууралуу айткан элем.
Ал документтин тексти жакынкы күндөрдө ырасмий сайттарда, андан соң маалымат каражаттарында жарыяланып, кийин өз алдынча китеп катары жарык көргөнү турат.
Дүйнөдө жүрүп жаткан орошон өзгөрүүлөр шартында кайсы жакка жана эмне үчүн жылып баратканыбызды коомубуз түшүнүшү зарыл.
Коомубуз кедейчиликтен, социалдык теңсиздиктен, коррупциядан, адеп-ахлактык жана руханий жакырдыктан өтө жайбаракаттык менен арылып жатканына башка жарандар сыяктуу эле мен да катуу кабатырмын. Бул абалга бийликтин да тиешеси бар экенин мен билем, бирок бийликте азыр ким отурбасын — бир гана каалоо, бир гана колдун шилтеми менен кырдаалды жөнгө сала албайсың. Бул оор жана узак процесс.
Дүйнөлүк финансы кризиси азыркы проблемаларды курчутуп жана жаңысын жаратты. Ошондуктан, мен узак мөөнөттүү механизм — Президенттин Жаңылануу багытын сунуш кылуудамын.
Оппозиция өкүлдөрү бийликтеги адамдарды алмаштыруу зарыл деп тынбай айтып жатышат. Алардын оюнча, өлкө авторитаризмге ооп бараткандай. Ал эми менин ишенимимде, адамдарды алмаштыруудан кырдаал өзгөрбөйт. Андан көрө коомдук системанын механизмдерин, багыттарын башка нукка салган оң.
Ал үчүн биринчиден: чыныгы көп партиялуулук система жана конструктивдүү оппозициянын ишмердигине шарт түзүү керек.
Экинчиден: жарандык коом институттары менен диалогго жана кызматташтыкка жетишүү кажет. Мамлекеттик жана коомдук талдоо иштерин жүргүзүү үчүн жарандык коомго мамлекеттик заказдарды жана гранттарды берүү практикасын киргизүүнү сунуштайм. Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердиги жөнгө салынууга тийиш. Бирок, жарандык сектордун өнүгүшүнө жана коом алдындагы миссиясын аткарууга бөгөт болбош керек.
Үчүнчүдөн: мамлекетти башкаруу системасын реформалоо. Реформа чечим кабыл алуу, алардын аткарылышына көз салууга ар кандай кызыкчылыгы бар бардык топтордун катышуусуна шарт түзгүдөй болушу кажет.
Биз бул багытта алгачкы кадамды таштадык. Орусиядан келүүчү акчалардын жумшалышын көзөмөлдөө боюнча Өнүгүү фондунун Байкоочу кеңешин түзүп, ага жарандык коом жана оппозиция өкүлдөрүн катыштырууну сунуш кылдык. Ошондой эле аталган фонддогу жетекчи кызматтарды ээлөөгө жаш менеджерлердин ачык конкурсун жарыяладык.
Андан тышкары өлкөнү башкаруу системасын жаңылоо чаралары көрүлө баштады. Биз эми бийликтин бир структурада топтолушунан, чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу процессинде бири-бирин кайталоодон баш тартабыз. Түпкүлүгүндө биз башкаруунун администрациялык, башкача айтканда, буйрукчул — тескөөчү принциптеринин үстөмдүгүнөн бара-бара коммуникативдик принциптерине басым жасоого белсенип жатабыз.
Төртүнчүдөн: биз күчтүү маданий саясаттын зарыл экенин билебиз. Экономикалык кризистин тамыры маданияттын, идеологиянын жана ишенимдин негиздеринин кыйрашында жатат.
Жаңылануу багыты Президенттин ролу тууралуу менин түшүнүгүмө жараша жазылды. Аны чечмелей кетейин:
Президенттин моралдык парызы — кийинки Президентке өлкөнү өзү алганга караганда дурус абалда өткөрүп берүү. Кийинки Президент ким болбосун, ал саясый жактан туруктуу, оң өзгөрүүлөргө даяр, 2001 — 2005-жылдарга салыштырганда таанылгыс өлкөнү кабыл алат.
Президенттин миссиясы — көз карандысыздыкты чыңдоо жана өлкөнүн келечегине жол салуу.
Президенттин милдеттери менен ыйгарым укуктары болсо Конституцияда бекитилген.
Жаңылануу багыты — бул Президент өзү тикелей тейлеген, анын миссиясы менен конституциялык милдеттерине шайкеш келген өлкөнү өнүктүрүүнүн багыттарын жарыялоо. Бул бир жолу жана түбөлүккө алынган документ эмес. Бул документ өлкөнү жана коомду өнүктүрүү тегерегинде коомдук диалогдун тынымсыз жаңыланып туруучу механизми болуп калмакчы.
Мен Жаңылануу багыты коомдук акыл-ойдун инструменти жана үзүрү болуп калышын тилеймин.
Улуттук түпкүлүктүү мүдөө-таламдар Багыттын негизин түзөт.
Жаңылануу багытын жарыялап талкууга салуунун максаты булар:
Улуттук мүдөөлөрдү жүзөгө ашыруу тегерегинде коомдун башын кошуу;
Өлкөнү стратегиялык башкаруу процессине коомдук көзөмөлгө жетишүү.
Багытыбыз укуктук мамлекетти куруу концепциясына негизделген.
Бул деген укуктун үстөмдүгүн жана мыйзамдуулуктун бекемделишин гана эмес, ошондой эле негизги укуктардын акылга сыярлык тең салмагын да билдирет. Алар төмөнкүлөр:
Адам укуктарын тутуу мыйзам алкагында болуп, башка адамдардын, коомдун же жаратылыштын укуктарын чектебеши керек. Бизде адам укуктары деп коом кабыл алган чектердин алкагында инсандын өнүгүү эркиндигин эмес, көбүнчө өз каалоосуна укукту, жеке жана топтук эгоизмди түшүнүшөт.
Коомдун укуктарын тутуу деп коомдун негиздерин жана дөөлөттөрүн кыйроодон жана айрым топтордун жеке басарлыгынан коргоону түшүнөбүз. Маселен, жеке пайда артынан балдардын саламаттыгына же коом мүчөлөрүнүн адеп-ахлагына доо кетирүүгө жол берилбейт.
Менчик укуктарын тутуу деп коомдук алака-катыштардын негиздерин сактоону түшүнүү керек.
Жаратылыштын укуктарын тутуу деп экологиялык капсалаңдардан, адам менен табияттын өз ара таттуулашып өмүр сүрүшү үчүн шарттарды кыйроодон коргоону билебиз.
Ата-бабалардын укуктарын тутуу деген — улуттук эстутумду, салттарды кыйроодон сактоо, бизге өмүр берип, кылымдык акылмандыкты өткөргөндөргө урмат-сый көргөзүү парызы.
Урпактардын укуктарын тутуу деген — татыктуу келечекке, тунук сууга жана абага, түшүм берген жерге, глобалдык өнүгүүгө катышуу укуктары.
Бул укуктардын кайсынысы болбосун, башкаларынын басырындысында калбоого тийиш. Кыргызстанда адам кадырланарын, улуттун руху кадырланарын, ата-бабалардын эстутуму кадырланарын баары түшүнүүгө тийиш. Кыргыз коому биздин жерди байырлаган бардыгы үчүн өз ара урматташуу жана колдошуу коому болуп каларына ишенгибиз келет. Биздин максат — ак ниет коом түзүү.
Багыт биз эңсеген келечекке карай коомду канткенде алга жылдыра аларыбызды белгилейт. Ал багыттарды атай кетейин:
Күчтүү өлкө жана эркин, саламаты сак коом куруу зарыл.
Натыйжа берген экономикага жетишүү керек.
Күчтүү маданий саясат ишке ашырылышы кажет.
Мына ушуга жараша Президенттик Багыттын негиздери аныкталды.
Алар:
Идеологиялык багыттарды жаңылоо жана нукура маданий саясат;
Бийликти жана өлкөнү башкаруу системасын реформалоо;
Экономикалык процесстерди жөнгө салуу;
Биз эңсеген келечекке карай кыймыл-аракет жана өнүгүү идеясы ар кандай эрегиштер менен революцияларды четке кагат. Биз конструктивдүү оппозицияга жана бийликти конституциялык жолдор менен алмаштыруу тажрыйбасына көнүшүбүз керек. Бийлик алмашканда да, биз өнүккөн демократиялык өлкөлөрдөгүдөй жалпы багыттын айныксыз уланышын сактоого үйрөнүүгө тийишпиз.
Азыр өлкөбүз эки жолдун айрылышында турат:
Биринчиси — ырааттуу жана системалуу өзгөртүүлөр. Жаңылануу бийлик менен жарандык коомдун биргелешкен күч-аракети менен жүрүп, көз карандысыз мамлекет менен эркин жана туруктуу коомду түптөөгө жол ачат.
Экинчиси — аягы басылбаган революциялар, бийликтеги адамдардын тынбай алмашуусу. Анын айынан өлкө башаламан өзгөрүүлөр менен реформаларга кириптер болот. Демек, тышкы күчтөр менен долбоорлорго көз карандылык пайда болуп, нукура көз карандылыктан кол жууп, тышкы башкарууга баш сунабыз.
Реформалардын зарылдыгын терең түшүнүү менен, биз улуттук жана мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө жана өркүндөтүүгө кириштик.
Мен жаңылануу документинде авторитаризм тенденцияларына жол бербөө чараларын жана механизмдерин сунуш кылып жатамын. Өлкөнүн оң жакка багыт алышына жол ачып жатканыбызды жана аны кантип аягына чыгарууну мен таасын көрүп турамын. Ошондуктан, Жаңылануу багытынын негизги жоболору жарыяланууда.
Мен ошондой эле учкан куштай өзгөрүүлөр шартында идеалдуу документтер менен акыркы чечимдер болбосун да жакшы билемин. Ошондуктан, бардык жарандарга, уюмдарга жана саясый күчтөргө кайрылып, талкууга катышууну сунуш кыламын жана жөндүү сунуштарды күтөмүн.
Жаңылануу зарылчылыгынын татаал шартында саясый амбициялар жана жеке инсандар эмес, бардык күчтөрдүн өлкөнү алга жылдырууга катышканы абдан маанилүү болуп саналат.

«Кыргыз туусу», 27.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий