Аялзат. Аруу жан. Аман таануучу

Жароокер. Бирөөнүн кубанычына кошо кубанып, кайгысына кошо ыйлашат. Чыгармачыл адамдарды кубаттап, шыгына шык кошуп турат. Дайыма тыпылдай басып, колуна кандай иш тийбесин баарын заматта тыпыйта аткарып, көргөндүн көөнүн шай кылат. Акынга мүнөздүү жашыктыгы да, алпейимдиги да бар. Бир ирет эсимде, «Барал» ийриминин биринчи «Барчын канат — Барал»-деген китебин чыгарууда ийримдин жаш мүчөсү ооруп калат. Китеп чыкканда ал кыздын бетине техникалык себептер менен кара боек төгүлүп, сүрөтү даана чыкпай калганын көргөн Жийде эже бир саатка жакын ыйлаган. Кара таксыз айыккан кызына азыр да «өзүмчө эле жамандыкка жооруп алып, ыйлапмын»-деп, күлүп калат.

Үй-бүлөлүү, эки уулдун жандай көргөн -апасы. Жадыраган жаздын шарапаты менен кубанычтын кесесин мелт-калт кылган тун небереси жарык дүйнөгө келди. Чон эне болуп, мээримине мээр кошулуп, кубанган эжебизге «Бешик боосу бек болсун!» дегибиз келди.

Кадырлап, туу туткан адамы — Аман Токтогулов. Аман аганы өз көзү менен көрбөсө да чыгармачылыгын, адамгерчилигин, ишкерлигин баалап, айрыкча Таласта Аман таануучу аталып калды. Аман Токтогуловдун «Барал» китебинин атынан «Барал» адабий ийримин түзүп, жаш калемгердерди чогултуп ар бир жумада бир күн поэзия кечесин өткөрүп турар эле. Кеңсе тапса кеңсеге, таппаса Жийде эженин үйүнө чогулган жаштарды «Баралдын жөжөлөрү, Жийденин жөжөлөрү»-деп атачу. Чогулганда өздөрүнүн, анан Амандын ырларын окуп, талдап, поэзиянын мейкинине канат байлаган улан-кыздар бирөө жакшы ыр жазса баары сүйүнгөн жан-дүйнөлөрү аруу, балапандай баео эле… «Баралдын» калемгерлери Республикалык кароо-сыноолордо да жеңиштүү орундарды ээлеп, «Амандын жолун улап, атын өчүрбөгөн улан-кыздар бар экен»- деп тамшандырчу. Баралдын мүчөлөрүнүн айылдарына барып, поэзия кечесин өткөрүп, поэзия гастролун ишке ашырчу. Мына ушундай сыртынан аздай, бирок ичинен караганда опол тоодой болуп көрүнгөн иштин баары Жийде эженин акындык дүйнөсүнүн аяр жемиши болчу. Ар бир жаш калемгери ыр окууга чыкканда «жаман көздөн, жаман сөздөн сактасын»-деп, Аман агабыздын арбагына дуба кылчу. Бир эсе өз канынан жаралган наристесинин ийгилигине сүйүнгөн эне катары жаштардын ар бир жакшы ыры менен сыймыктанчу. Андан бери он беш жылга аяк салса да «Барал» адабий чөйрөдө өз чыйырын салып, өз ишин улантып, нечендеген жаш таланттарды баралына жеткирип, коомго кошуп келет. Баягы «Баралдын жөжөлөрү» чоңоюп, калеми такшалган. Дале Жийде эжесинин үйүнө жакшы ыр жазса жетип келишет. Баягыдай талкууга албаса да калеминин курчуп калганына кубанып, ийгилигине ичи жылып турат. Ичи кең — аалам. Жүрөгүнө баары батат. Анын жүрөгү — аялзатына, энеге гана мүнөздүү болгон зор сүйүүдөн турат.

Жек көргөнү кош жүздүүлүк. Чыдабай урушуп кетет. Жан дүйнөсү адилетсиздиктен жабыркайт. Кубулма адамдын дүйнөсүнөн коркот.

Барал ийриминин үч китеби чыккан. Туну-«Барчын канат — Барал», — 1998-жылы Талас шаарынан жарык көрдү. Ага удаа эле «Барал үнү» чыгып, анда кеңешчилер менен жаш муундардын ырлары да басылган. Ал эми 2007-жылы «Барал» ийриминин беш мүчөсү биригип, кадырман журтка «Белек» тартуулашты.

Поэзиянын мейкининде эркин учкан эжекебиздин ырларынан таасирленген бир нече обондор да жаралды. Учурда эки тизгин, бир чылбырды колго алган Жийде эжекебиз котормого да убакыт бөлүүдө. Кара сөздүн каймагын калпып, кызылын иргеп, тазасын иргеп алып жүргөн Жийде эжекебиздин калемге колун жооруткан, кагазга белин ооруткан эмгектери менен таанышарыбызга аз убакыт калды. Ылайым, Аман агабыздын ак жолунда сапар карытып, арабызда бар болуңуз Жийде эже!- демекчибиз.

Анатай Өмүрканов, Жылдызай Израилова, «Ачык саясат», 31.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий