Эл Баатыр, Эл акындарыбыздын адабияттагы халтурасы

Кепти дүйнө адабиятынын тажрыйбасынан баштайын, ансыз кыргызга бирдеңкени далилдешиң кыйын. Андыктан XIX кылымдагы орус адабиятынын дөө-шаа акындары М.Лермонтов менен Ф.Тютчев мисалын алалы. Бул экөө немистин улуу акыны Г.Гейнени кантип орусчалаган? Өздөрү каалагандай. Каалагандай дегеним, ансыз байтак маданияты чалкыган орустун кулк-мүнөзүнө Гейне туура келет беле, жокпу? Ай, кайдан.

XIX кылымда орус окурмандарына Европа акындарынын ичинен Гётеден кийин эле Гейненин ырлары кеңири тараган экен. Мындайча айтканда, бул экөөнү орус фольклоруна жакындатып салышкан. Мисалга, Г.Гейнени Лермонтов, Блок, Тютчев, Фет, Михайлов, Добролюбов баш болгон улуу акындар которгон. Алардын ичинен Тютчев Гейнени түз эле орус талаасына, турпагына сүйрөп жөнөйт. Болгондо да так өзүнүн философиялык лирикасына ыктатыштырып. Гейне бир ырында: «Звучали лютни, в бубни били» (ырдын сөзмө сөз берилген түп нускасы. О.Ш.) десе, Тютчев аны: «Дети пели, в бубны били» дейт. Экөөнүн айырмасы барбы? Бар. Лютна — кыл аспап, бубна — урма аспап. Бирок орус мүнөзүнө кыл аспапка караганда урма аспап жакын болгон үчүн Тютчев «өзүм билемдикке» салган. Бирок эң башкысы, мындан ырдын мааниси кемип калган жок да. О.э. Лермонтов да Гейнени өз билемдигине салып которгон. Бир мисал: Гейне бир жерде пальма десе, Лермонтов аны карагай дейт. А оруска пальма жакынбы, карагайбы? Албетте, карагай. Демек, айлана-чөйрөбүздү эмне көбүрөөк курчап турса, ошол нерсе поэзиянын тили менен жуурулушат да калат. Дагы бир кеп: Лермонтовдун каармандары жараткан жасатынан кекирейген, төрөпейил, менменсинген мүнөздөгүлөр. А Гейненин поэзиясындагы мүнөздөр — кичипейил, илбериңки, жабыгер. Бирок ушуга келгенде да кайран Лермонтовуң Гейненин каармандарынын мүнөздөрүн өзүнүкүнө жакындаткан. Арийне, так ушул жерден немис акыны башка өңүттөн ачылып, Гейне Гейне болбой калган эмес. Тескерисинче, кудум биздин А.Осмонов Ш.Руставелини кыргыз кыртышына жакын жуурулуштургандай эле, Гейне немистин эмес, орустун элдик акындарынын бири сыяктуу окулат.

Ушул мисалдан улам, биздин Илимдер Академиясы чыгарган (ошол кезде А.Акматалиев жетектеген) «Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы» (2004-ж., «Шам» басмаканасы) аттуу салмагы сайдын ташындай китеп туурасында менин жеке пикирим бар. Китепте Сүйүнбай Эралиев менен Эрнис Турсуновдун котормосундагы дүйнөнүн жалаң дөө-шаа акындары. Эгерде сергек окурмандын алдында Пушкин, Шекспир, Гёте, Гюго, Лермонтов, Уитмен, Тагор ж.б…дын орусча варианты турса: көз алдыга айжаркын образдар элестеп, ар бир сабы жалындап турат. А кыргызчасына келгенде ошол жалын жок. Жогорудагы акындардын улуулугу да эсиңен чыгып кетет. Мисалга, Э.Турсунов которгон «Евгений Онегинди» окуган адам Пушкиндин генийлигинен бир аз шек алышы мүмкүн. Турсунов Пушкиндин черновиктерин да котормонун ичине киргизип жибергени кыргыздын бетин жер каратат. Албетте, китепке кирген ырлардын баарысы эмес, бирок айрымдары мыкты. Ал жагынан С.Эралиев менен Э.Турсуновдун айла жок чебердиги көрүнүп турат. Аларда айып жок, айып Илимдер академиясында. Себеби, адабияттын арибин тааныган киши антология дегенди өрнөктүү чыгармалардын топтому деп түшүнөт. Ал эми Илимдер академиясында отургандар антология дегенди дүйнөлүк акындардын ысымдары деп түшүнөт окшойт. Болбосо, эмнеге башка котормочулардын эмгегине көңүл бурбады? Мисалы, С.Жусуев, С.Жигитов, С.Акматбекова, С.Тургунбаев, А.Рыскулов, А.Токтогулов, А.Токтомушев, К.Урманбетов, Ж.Зарлыкбеков сыяктуу кан менен тердин ортосунда сөзгө жан киргизип, сөздүн гүлүн терген акындардын калемине таандык ошол эле антологияга кирген айрым шедевр чыгармалар кыргыз тилинде шаңгырап турат. Эч болбосо мейли, шапалактай китеп болсо да ошол ар кайсы калемгердин өрнөктүү котормолорунан турган дүйнөлүк поэзиянын антологиясын чыгарып коюшса, кандай эрдик, кандай чоң эмгек болмок! Кыргызга мындан өткөн таберик болор беле! Албетте, «Манастын» ар-бир томдугунан кем эмес «Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы» аттуу килейген бир китептин жарыкка чыккан сүрүн көргөндө, кубанасың. Ичин ача келгенде, саман-топону аралаш котормолор урунат. Анан калса, барактап баштаганда эле жонунан бит чуркап бараткан адамды көргөндөй болосуң. Башканы кой, грамматикалык каталары көзгө уруна баштайт. Мына анан оюң ошолорго алаксып, сирке тере бер (Биз калемгерлер корректорлорду ушинтип тамашалайт эмеспизби). Чочуганыңан: э, ботом, китепти кайсы бир адабий клуб же адабий ийрим чыгарганбы деп, алдын, артын карасаң, жок, А.Акматалиев баш болгон редколлегия. Дагы бир кокую: редколлегияда деле С.Эралиев менен Э.Турсунов жүрөт. Мына сага авторитет, кыргыз! Мындай жосун биздин улуттан башканын колунан келбейт. Болбосо, кайсы котормочу өз калемине таандык китепке редколлегия болгонун көргөн жан бар. Эгер адабиятка жогорудагыдай академиктер менен Эл акыны, Эл баатырлары ушундай мамиле жасап атса, а мага окшогон кулпенделер эмнени гана кылбайт! Адамзаттын рухий мурасына мындай мамиле кылгандарды маданияты өнүккөн элдер «интеллектуалдуу кылмышкер» дейт. А биздечи? Кайда жанагы академик, профессор адабий сынчылар?

Жогорудагы Тютчев, Лермонтовдун чыгармачылыгындай дагы бир мисал: дүйнөнүн улуу акындарынын бири Г.Лорканы немис окурмандары XX-кылымдын этегине чейин катуу жерип келиптир. Бир гана себеби, учурунда кодура талант калемгерлердин бири немис тилине которо салган экен. Канткен менен немис эли дүйнөдө эң китепкөй улуттардын бири эмеспи, Лорканы кабыл алмак турсун, «Дүйнө бүгүн сокурбу? Болбосо Г.Лорканы кантип улуу акындардын катарына коюп алды?!» дешип, бечара Лорканы жеберине чейин жеткире сөккөнү бар. А кийин испандардын маданият, адабият, тарыхына кызыккан бир немис Г.Лорканы түп нускасынан окуп алып, тамшанып калат. Эң кызыгы, ал бирок акын эмес экен. Ошентсе да, сүйүү деген сүйүү да. Сүйүүсүн Лорканын ырларын которгонго арнайт. Тобокелге салып которгон ал ырлары четинен жарык көрө баштаганда, немис окурмандары Лорканы тез эле жабылып окуганга өтөт. Ошондон кийин гана Лорканын китептери немистердин талоонуна айланганы айтылат.

Лорканы мисалдаганымдын себеби: С.Эралиевдин Р.Тагор менен У.Уитменди кыргызчалаганы. Экөө тең акылынан шоола тамган дүйнө акындарынын алпы. А бирок кыргызчаланганы тегирмендин ташынан чыккан чала улпак, чала бадырактын аралашмасы дейбизби; же жоргонун бузулган жүрүшүндөй дейбизби; айтор начар ойногон оркестрдин фальшь музыкасы жанбүдөгө салгандай, окурманды кадимкидей кыйнайт. Өзгөчө, Уитмен канында бөтөн цивилизация, бөтөнчө туюм туйлап турган өтеле жаңычыл акын болгондуктан, ойкуп-кайкыган эркин куштай поэзиясы кыргызчалангандан кийин капаска түшкөн кушка окшоп калыптыр. Колго көнбөгөн канаттуудай, капастын ичинде бырпырайт. Арийне, котормо аркылуу окурмандын жаңы табити козголуп, ал эми бизге окшоп ыр чүргөгөндөрдүн бүйрү кызып, жаңылык, тажырыйба үйрөнгүсү келет. А жеке менин көңүлүм Уитмендин кыргызчаланган ырларынан кадыресе кайт болду. Албетте, Эралиев сөзсүз эле Уитменди кыргыз рухуна жууруштуруш керек болчу дегенден алысмын, бирок Уитмен аркылуу же америкалыктардын духун көрсөтүшү керек эле да. Же тигинисинен жок, же мунусунан жок арабөк котормолору антология аталган китепке кирип калышы адабиятка жасалган адилетсиздик болуп атпайбы.

Эми акыркы мисал: илгери биздин Мидике (Алыбаев) орусчаны анча өздөштүрө элек кезинде Гёте, Гейненин орусча ырларына тишкаталбай коюп, кыргызча котормодогуларын окуса керек. Кийин өз чөйрөсүндөгүлөргө: «Мен деле силер укмуш деген Гётеңер менен Гейнени окуп чыктым. Болбойт. Аларың деле Кубаныч Акаевден ашып кеткен талант эмес экен» деген тура. Анын сыңарындай, Уитмендин С.Эралиев которгон ырлары менен таанышкан окурман деле Уитменди К.Акаевге теңей турган. Же болбосо, немис эли Лорканы жеберине жеткиргендей, кыргыз да Уитменди ашата сөгөр акын деп карагыдай.

Көңүл бурар дагы бир жагдай: «Евгений Онегинди» окуп аткан адам огеле көп түшүндүрмө берген Э.Турсуновдун «көптү билемдигинен» чарчайт. Ооба, жылдызча коюлган түшүндүрмөлөр керек. Бирок орду менен. Калыбы, мектеп окуучусу түшүнө турган жерлерди котормочу улам чайнап бергенинен шүйкүмүң кайтат. Биз канчалык окурманга түшүнүктүү болсун үчүн комментарий берген сайын, көркөм чыгарманын кунары качат. Э.Турсунов анчалык мээ чарчатып, түшүндүрмөсүз түшүнө турган тексттерге ишарат жасай берген. Ал киши канчалык түшүндүрмө бербесин баарыбир бечел абалдагы окурман бечелдигинен арылып калбайт. Караңыз: мадам, бал, лицей, казино, ода, гарем, трактир, космополит, вульгар сөз, венера, Гомер, Кант, Шиллер, Гёте, Байрон, Эпикур, Цицерон, Клеопатрага түшүндүрмө бериштин канчалык зарылчылыгы бар? Ушуларга Пушкин түшүндүрмө жазды дейсиңби? Жок. Жадагалса: туз — карта, ром — ичимдик, бас — эркектин үнү, кагын — кургак учук, камин — орус меши, бант -дирижёрлор жакага байланган галстуктун түрү дегенден өйдө түшүндүрмөлөрүнө аргасыздан күлөсүң. Булардын маанисине ким түшүнбөйт? Буларды түшүнбөгөн жан дегеле Пушкинди окуйбу? Өзү да ушунча көп түшүндүрмө бергенден адашып калса керек, кайталанма түшүндүрмөлөр да андан көп.

Кыскасы, колго аларлык китеп болгон экен деп, жетиналбай кубанганым курусун. Китепти окуп чыккандан кийин шаабайым сууп, отуруп калдым. Дагеле кылдан кыйкым издей берсем, сөз узара бергидей. Андыктан мөртү келгенде антологияга кирген ырлардын орусчасы менен кыргызчасындагы айырмачылыктарга дыкат токтолоюн. Айырмачылыктарды далилдешим үчүн өзүм да котормо түйшүгүн тартышым керек. Ал убакыт деле алыс эмес, мүмкүн гезиттин кийинки сандарынын биринде бул темага дагы кайрылабыз.

Олжобай ШАКИР, «Агым»

Соц тармактар:

Добавить комментарий