Сөз өнөрүнүн устаты Улут үчүн унутулгус эмгеги калды

Өз үнүн укканда өткөн жылдардын барактары ачылгандай болду
Кыргыздын «Өнөр алды-кызыл тил» деген ташка тамга баскандай сөзү бар. Сөздү баалап, сөзү менен тааныган тарыхы бар үчүн алакандай атпай кыргыз элибиз кылымдарды карытып келаткандай. Ошо сөздүн кызыл кырманынын баба дыйканы улуу аалым Жээнбай Мукамбаевдин туулган күнүнө 80 жылга караптыр. Бир гана арман ушул аруу дили, ак кызматы менен тил илимине эбегейсиз эмгек жасап калтырып кеткен улуу адамдын дүйнөдөн эрте өтүп кеткени. Ал 61 гана жашка чыкканда «кайтпас күнгө калкып кете берген». Кантсе да артында өлбөс эмгектери, өрнөктүү жолун уланткан татыктуу шакирттери калды.

Өткөн аптанын аягында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде белгилүү лингвист, этнограф, диалектолог, тажрыйбалуу педагог Жээнбай Мукамбаевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Анда Улуттук университеттин биринчи проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев тил илиминин зергери, атактуу аалым тууралуу сөз сүйлөп, Жээнбай Мукамбаевдин адам катары бийик, асыл сапатын, окумуштуу катары «илимде ийне менен кудук казган» эмгекчил, ойго терең, педагог катары талыбаган камкор табиятын сыймык менен эскерди. Айрыкча анын кыргыз диалектология илими үчүн сиңирген эмгеги теңдешсиз экендигин белгилеп өттү. Эң негизгиси, Жээнбай Мукамбаевдин жарык көрбөгөн кол жазма эмгектерин китеп кылып жарыкка чыгаруу ишке аша тургандыгын билдирди.

Жыйын башында Жээнбай Мукамбаевдин көзү тирүүсүндө радиодон журналист Тенти Орок-чиев менен болгон маегинен үзүндү берилди. Анын өз үнүн угуу көпчүлүктү толкундантты. «Тил -акылдын жарчысы. Акылды элге жеткирип, жарыялай турган курал-тил. Тил аркылуу элге жетпесе акыл кайдан жарыя болот. Тил кылычтан да өткүр… Тил — ойдун сандыгы…» Конференцияда катышып олтурган Жээнбай агайдын бир кездеги бирге иштеген кесиптештери, шакирттери, окумуштуулар, анын өз үнүн угуу менен өткөн жылдардын барактары ачылгандай көптү эстешип, өкүнүч менен аялуу сый аралаш улуу окумуштуунун өлбөс эмгектерин, адамдык бийик парасаттуу мамиледеги күндөрдөн эскерүүлөрдү айтышты.

40 жылдык эмгек эми жарык көрдү…

Ким эскерсе дагы биринчи анын балага да, чоңго да катуу айтпаган астейдил адамгерчиликтүү, асылдыгы айтылып жатты. Менин эсиме 1972-73-жылдар түштү. Ошондо ушул эле окуу жайдын филология факультетинде Жээнбай агай бизге да сабак берчү. Чын эле бир дагы ачуусу келип, үнүн бийик чыгарып бирөөгө катуу тили тийгенин көргөн жокпуз. Студенттердин арасында бала кыялдуу түркүн мүнөздөр болсо, анын ар бирине өзүнчө тил таап, аста-секин гана акыл айтып жайгарып койгону алигиче эсте. Эмесе далай көөдөнүн көтөрүп жер баспаган агайлардын катуу сөзүн уккан күндөр деле болчу да. Биз анда билбептирбиз, ушундай улуу адамдан сабак алып жатканыбызды. «Агай урушпайт» деп койчубуз. Албетте , сыйлачубуз. Кийин деле агайды көргөндө алда кайдан салам айтып жүрдүк. Көрсө, көңүлдө баары калат экен. Кесиптеш курбум, таланттуу журналист Мундузбек Тентимишев айтып жатпайбы, «Ленинчил Жашта» иштеп жүргөндө Жээнбай агайдын жазган макалаларын кыскартып таштачу элем, азыр эстеп алып уялып жатам, кантип ушундай улуу окумуштуунун жазганын кыскарттым десең»,- деп. Ал эми гезиттин шартына ылайыкталган күнүмдүк иш да. Биздин гезитте деле айла жоктон андай кыскартууларды башыбыздан кечирип жатабыз, гезит деген китеп эмес экен да. Бирок, түбөлүктүү эмгек деген баары бир жерде калбайт тура.

«Алтынды чаң басса да, дат баспайт» деген сөз өтө таамай айтылган. Жээнбай Мукамбаевдин тагдыры да ошондой бааланбаган мезгилдеринде чаң баскандай көңүлүн кирдеткен жылдар өттү. Андай жагымсыз убактар өмүргө кастыгын билдирип, ден соолугун начарлатты. Бул ааламдан пайгамбар жашына эми гана кол бергенде өтүп кетти. Бирок «баары өтөт, эмгек калат, сөз калат» демекчи анын көз майын коротуп, жүрөгүн берген эмгектери алтындай өлбөстүккө айланып, эл алдына жарык жылдызын жандырып, кайра алып чыккан күн келди. Жээнбай Мукамбаевдин өмүрүнүн 40 жылын арнаган «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» аттуу эмгеги ичине 39800 сөздү камтыган,1230 беттен турган көлөмдүү китеп болуп жаңыдан гана жарык көргөн. Бул китептин жарыкка чыгышына өз демилгеси менен киришкен белгилүү окумуштуу Кадыралы Коңкобаев конференциянын катышуучуларына мындай сүйүнүчтүү кабарды билдирүү менен, аталган китептин алгачкы нускасын Жээнбай Мукамбаевдин өмүрлүк жубайы Мадина эжеге тапшырды. Түрк этносундагылар үчүн теңдешсиз диалектологиялык бул сөздүктүн жылдызы өзү көзү өткөндөн бир нече жылдардан кийин жарк этип ачылганы кеч болсо дагы элибиздин байлыгы, кенчи. Учурунда Жээнбай агайдын бир күндүн 24 саатынын 18 саатын дем албай иштеп, жазган келечектеги өлбөс эмгектери үчүн «улутчул» аталып, куугунтукка алынган кыйын күндөр унутулмак беле. Ал турсун агайдын өмүрүнүн кыскалыгы ошол жылдардын капшабы эмеспи.

(Уландысы бар)

Бактыгүл ЧОТУРОВА, «Кыргыз Туусу», 31.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий