Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева: «Биздин коом да, мамлекет да жазуучуларга муктаж эместей туюлат»

Жазуучу, окумуштуу Топчугүл Шайдуллаеванын ысымы окурман журтчулугуна таанымал. «Кыз бала», «Жан шерик» аттуу прозалык китептердин,»Гендердик өнүгүү» аттуу илимий жана «Ташка чыккан гүл» деген публицистикалык китептердин автору. Ал чыгармачылыкта адабият менен публицистиканы, илимди канатташ алып жүргөн көп кырдуу талант.

Көпчүлүк таланттардын тамыры айылдан келгендиги ырас эмеспи. Топчугүл дагы алыскы Баткендин Кара-Булак айылынын кызы. Кадимки аңыз болуп айтылып жүргөн Айгүл тоонун түбүнө жайгашкан бул айылда чын эле Топчугүл бала чакта Айгүл деген гүл терип чоңойгон. Айгүл гүлү башка гүлдөрдөн бөтөнчө айырмаланып кооз гүлдөп, эрте жазда ачылат. Көбүнчө ай чыкканда ажарына ачылып гүлдөйт дешет. Белгилүү жа-зуучу Мурза Гапаровдун жазганын окугандар бул гүлдү жакшы билишет. Азыр ал гүлдү эңсеп, көрүүгө баргандар тоонун кылда учунан араң издеп табат. Ал эми Топчугүлдүн бала чагында ал гүлдөр тоонун түбүнө чейин өсчү экен. Апрель айында ачылган бул гүлдү кыздар үзүп келип чоң чакага суу куюп салып коюшса бир айга чейин калыбында турчу. Ошол шаңкайган тоодо гана өсчү бул өзгөчө гүлдү заманың түшкүрдүн өкүнүчтүү жагы кийин бизнеске айланткандар чыгып, балдар үзгөндөй сабагынан эмес, тамыры менен кошо казып кетип жүрүшүп, уругу азайып кеткен экен. Адамдар эмнеге гана барышпайт. Муну ойлогондо Топчугүлдүн жүрөгү бала чактын айылына бир барып келгендей толкунданып, кайра ошол гүлдөрдү кантип көбөйтүү керек деген ойго батат. «Айгүл тоого эки ыр» деген ырына Апаз Жайнаков обон чыгарып, ырдалып да жүрөт.

Өткөн жылы Топчугүл Шайдуллаеванын «Акылкасас» деген аңгемелердин топтомунан турган көлөмдүү китеби жарык көрдү. Анын калеминин башкалардан өзгөчөлүгү жазган аңгемелеринин көлөмүнүн кыскалыгы, бирок ойдун нускалыгы. Алакандай аңгемесин окуганда терең бир маанини туюп, адамзаттын жашоосундагы бир сүрөттү көрүп тургандай сезим келет. Жаңы китебинин жарык көрүшү менен куттук айтып, Топчугүлдү окурмандардын назарына тартуулап турганыбыз.

Аңгеме-дүкөнүбүздү «Акылкасас» китебиңден баштайлы, айрым аңгемелериң жазуучулардын Хельсинкиде өткөн дүйнөлүк форумунда жакшы пикирлерди жараткандыгын укканым бар, ошону өзүң дааналап айтып берсең ?
— Ал форумга айрым аңгемелеримди орусчага которуп алып баргам. Адабий кечелерде автор катары окуп да бердим. Көп өлкөлөрдөн келгендер үчүн ошондо англис тилине улам которуп айтып турушту. Форум аяктагандан кийин Финдердин бир басмасы китебимди акысыз чыгарып берүүгө сунуш кылышты. Мен Бишкекке келгенден кийин жаңы китептин кол жазмасын салып жибердим. Бирок айрым себептерден бул иш кечигип кеткен соң, «Бийиктик» басмасынан жарыкка чыгардым. Жазуучулук деген китеби маалында чыгып турбаса жүрөгү тынчыбайт экен.

Жазуучулук кесиппи же кызматпы?
— Союз учурунда жазуучулук өнөр мамлекет, коом тарабынан кесип, керек болсо кызмат катары кабыл алынган. Мамлекеттик идеологиянын тапшырмалары менен жазуучулар чыгармаларды жазышкан, социалисттик реализмдин талаптарына баш ийишкен. Ал үчүн жакшы өлчөмдө калем акыларды алып турушкан. Жазуучулар эч жерде иштебесе да жазуучулук кесиби, кызматы менен жан бага алышкан. Ошон үчүн советтик идеологиянын чок ортосунда жүргөн жазуучулардын кадыр-баркы да жогору эле. Анткени бүтүндөй калк китеп окуган. Ынсап, ыйман, адамгерчилик, эл менен жерди сүйүү сыяктуу бийик нраваларга биздин муун китептер аркылуу тарбия алганбыз. Оң каармандардын образына суктанып, шыктанып өскөнбүз. Бүгүн дегеле көркөм адабиятта оң, терс деген каармандарды бөлүп кароо татаал. Жаңы муун жаштар гана эмес, бүгүн интеллигенциянын жоон тобу да гезит гана окуп калбадыбы. Көптөгөн кызыл-тазыл түстүү гезиттер, ичиндеги бүйүр кызыткан материалдары менен азыр окурмандардын баарын өзүнө тартып алган.

Демек жазуучунун сынчысы эл деген чын го, же адабий сынчыларбы?
— Албетте, эл дагы сынчы, бирок атайын адабияттык сынчылардын баасы өзгөчө. Кийинки маалда жакшы китептер жаралып жатат. Бир гана адабий сын деген бүгүн чоң таңсыктыкка айланбадыбы.

Эгемендиктен бери көркөм адабияттын орду кандай дең-гээлде деп ойлойсуң?
— Эгемендик бизге чыгармачылык эркиндик деген чоң дөөлөттү тартуулады. Муну ар ким өз деңгээлине жараша пайдаланууда. Биздин милдет — бу эркиндиктин өзөгү жоопкерчилик экенин сезүү. Эгемен жашоонун да өзүнүн көркөм адабиятка койгон талабы бар. Азыркы коом да, мамлекет да жазуучулардын асыл эмгегинен пайдаланыш керек, аларды баалаш керек, анткени көркөм сөздүн күчүндөй касиетке эч нерсе жетпейт. Жалпысынан караганда азыр көркөм адабиятыбыздын абалы жаман эмес. Биздин калемгерлер экономикалык реформанын оңой эмес капшабына кабылса да, чыгармачылык деминен кайткан жок. Өп-чап турмушту баштан кечиргенине карабай китептерин чыгарып жатышат. Бул да болсо биздин элдин сөздү баалаганы. Чынында эле эгемендиктин таттуу даамын эң ириде калемгерлер тартты. Көкүрөктө көп жылдар уюп жаткан ойлорду айтканга шаштык. Бирок муну менен эле биз биротоло марып калган жокпуз. Жазуучулар китебин жазарын жазып алып, басып чыгарганга чамасы жетпей, демөөрчү издеп колунда барлардын көзүн карап калышты. Бүгүнкү турмуш агымын карап туруп азыр биздин коом да, мамлекет да жазуучуларга муктаж эместей туюлат.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, «Кыргыз Туусу», 31.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий