Нурак Абдрахманов, комузчу, күүчү: «Рух дүйнөсү күчтүү адам комузду угат»

Кыргыз элинин бактысына жаралган баалуулуктун бири болгон комузчулук өнөрдүн сыры, тарыхы, күүлөрү бүгүнкү күнгө чейин толугу менен чечмелене элек. Үч кылдан чыккан добуш канча доорду басып, уюткусу үзүлбөй, Мурас катары устаттан -шакиртке, атадан-балага көкүрөк-көөдөн аркылуу өтүп келет. Ааламдашуу саясаты-босогодо оюн салып, улуттун үрп-адатын, каада-салтын, көөнөрбөс салттык өнөрлөрүнө ай балтасын көрсөтүп, «бир шилтем» менен жыга чаап салчудай түр көрсөтөт. Замандын залкар комузчусу, күү жараткан Нурак аба менен комузчулук жаатында баарлашып, айткан кептерине кезек берели дедик.

Арпа
Дүйнөлүк симфониялык чоң-чоң оркестрдин курамында арфа аттуу музыкалык аспап бар. Бул аспаптын санжырасы барып-барып байыркы шумер элдерине такалат. Биздин ата-бабабыздын түпкүлүгү да шумерлер болушкан. Демек, кадимки эле көп кылдуу арпа өсүмдүгү сымал көлөмдүү келген көп кылдуу аспабын «арпа» деп аташканы ушундан болсо керек. Муну орустар «п» тамгасын өзгөртүп, «ф» деп арфага айланып, бизге бир аз өөн көрүнүп калганы ушундан. Байкагандырсың, оркестрге жазылган партитура кагазында бүткүл элдердин аталышы боюнча «арпа» деп эле жазылат. Шумер элинен бөлүнүп чыккан көчмөндүү кыргыз эли, жер которуп жүргөнгө ыңгайлаштырып, жагачты көңдөйлөтүп, кыл тагып, комуздун тегин ойлоп табышкан. Бул бир генийдин гана колунан келсе керек деп ойлойм.

Арстанбек Буйлаш, Кудайберген
Совет дооруна чейинки комузчу-күүчүлөрдүн чыгармалары оозеки түрүндө жүрүп отуруп, бизге жетпей калбадыбы. Эчендеген көөнөрбөс таланттар күүлөрү-күл, сөөктөрү-сөпөт болду. Кийинки муундардан эле Арстанбек беш жүздөй күүнү кенен черткен дешет. Булардан дайын жок. Радионун алтын фондунда сакталып тургандардын баары 1930-жылдан бери жагы болуп атпайбы. Кочкордон Кудайберген деген кыйын комузчу чыккан экен. Учурунда Карамолдого «ээ балам, чылбырыңды чое таштап, комузчулук жакка ыктап калган экенсиң» дептир. Демек, Карамолдонун комуз черткенине баа берген сынчы да болгон. Бийиктиги ушунда.

Бутум сынса сынсын, комузум сынбасын
Кыргыздын багына күүлөрүн, комузун, Карамолдону чогуу бир учурга бап келтирип койгон өңдөнөт. Москвадан Каллагриев деген музыка окумуштуусу келген экен. Ошо киши айтыптыр. «Кыргыз эли сабаттуулугуңар начар, өз боюңарды көтөрбөгөн, маданияттуу болууга умтулбаган бир бечара элсиңер. Бирок көчөдө зым-карагайдын башына илинген чака радиодон Карамолдонун күүлөрүн угуп калганда тык токтоп, өзүмдү унутуп, бир орунда катып калам. Качан күүсү токтогондо, кадамымды улайм. Дүйнөдө адамга мындай таасир бере алган музыканы угуп көрбөгөм» дептир. Эми ошол Москвадан тандалып келген окумуштуу ошончолук баа берип атканын карабайсыңбы. Бир жолу Карамолдону филармониянын жетекчиси «жашыңыз алтымышка келди. Эми үйдө эс алыңыз, ордуңузга жаштар иштесин» деп бошотуп коюптур. Комузчулук өнөрдүн толгон учуру алтымыш жаш тура. Күүнүн күчтүүлөрү ушул курактан башталып, жетимиш-сексенге таяп, тынбастан күү жаралып, орошондоп турганын баам кылдым. Ал кездеги учур ошондой болсо керек. Молдокенин чыгармачылыгы оргуштап турганына карабай, жанагынтип ишинен алып койгонуна бир аз жүүнүн кое берип койгон экен. Азыркы Күрөңкеев атындагы окуу жайга сабак берип жүрүп, Кызыл Өктөбүр көчөсүнөн өтүп баратканда бир машине капталдан кагып кетиптир. Башында тебетейи бир жакка, бутундагы кепичи бир жакка, колундагы комузу бир жакка, өзү бир жакка учуп түшүптүр. А жерде тааныган бирөөсү колтугунан алып, тургузуп атып, «Молдоке, амансыңбы, барсыңбы» деп калат. Анда Карамолдо атабыз «комузум кана, карачы, соо бекен?» дейт. Караса комузу чөпкө түшүптүр. Көтөрүп келип Молдокенин колуна карматат. Күү устаты комузунун кабын сыйырып ийип, соо экенине сүйүнүп, кубарган өңүнө кызыл жүгүрүп баштайт. Бирок ордунан туралбайт. Аны көргөн жанындагы киши «ээ кокуй, бутуңуз болбой калыптыр, сынды окшойт» десе, анда Молдокем «бут кара жерге кирсин, комузум аман экен» дептир. Эми карабайсыңбы, ошондо чындап эле буту сынып кетиптир. Бутунан комузун артык көрүп, бапестеп ардактаганын.

Карамолдонун комузун уурдап
Карамолдо атабыз ошондогу комузун өмүрүнүн акырына чейин көтөрүп жүргөн. Тарыхы болсо мындай башталат. Райкан Шүкүрбековдун элүү жылдык мааракесине Талас жергесинен бир уста белек апкелет, ал өрүктү жара бөлүп ийип, эки комуз чаап келген экен. Бирөөсүн Алымкул Үсөнбаевге, бирөөсүн Райканга, экөө бирдей үн салган, добуштары уникалдуу, сырдуу, керемет коштогон комуздар болгон. Алымкулдагы болсо, акындын көзү өткөндө музейге тапшырылып, ал жерден колдон-колго оошуп атып жоголду окшойт. Ал эми Райкан болсо комузду Карамолдого көтөрүп келип көрсөтүптүр. Молдокем чертип көрүп жактырып, коюн союп, коноктоп, костюм-шым кийгизип, жолун кылып, комуздун башын ачып алып калган экен. Касиеттүү бул аспап колуна тийген күндөн эргүүсү көтөрүлүп, демине-дем кошулган имиш. Радионун алтын фондуна жаздырган жүз күүсү ушул аспапта ойнолуп жазылган. Көзү өткөндөн кийин уулу Сабырга эки кайтарып кайрылдым. «Радиого атаңыздын күүлөрүн жаздырганга чакыртыптыр, Молдокенин комузунун күчүн бербейсизби» десем, «сенден аямак белем, буюрбасын, киши колдуу болуп жоголуп кетти» деди. Экинчисинде кайрылганымда такыр карганып туруп алды да, жол-жоосун мындай түшүндүрдү: «атамдын көзү өткөндө үйдүн дубалына илип коюп, кирди-чыкты сылап-сыйпап коюп жүргөм, жылдык ашын берип, үйгө көп киши келип, ким колдуу болуп кеткенин билбей калдым. Баягы эл тараганда үйдөгүлөрдүн кыйсыпырын салып суракка алсам, жээнимдин үйгө баш багып жүргөнүн байкашыптыр. Ал жээнимден жай да, өктөм да сурасам, көрбөгөнүн айтып кутулду» деди. Мына ошентип Молдокенин комузунан бүтүндөй кыргыз эли кол жууду. Ченебеген комуз эле да.

Шоргологон көз жаш, же күүнүн керемети
Күү — деген рух дүйнөнүн эч теңдешсиз азыгы. Рух дүйнөсү күчтүү адамдар улутуна, динине, дилине карабай, укмуштуудай кабыл алат экен. Атам олбурлуу, күчтүү, дүкүлдөгөн адам эле. Карамолдонун, күүлөрүн укканда, көзүнөн аккан жашы сакал ылдый шорголоп атса, анда кичине кезим ойлоп атпаймынбы… «Эмне үчүн кыңылдаган күүнү угуп атып, кайраты күчүндөгү адам күүнүн астында муун-жүүнү бошоп, жашыктанат» деп. Андай учур 2001-жылы Самаркандда бүткүл дүйнө элдеринин ЮНЕСКО өткөргөн фольклордук чоң сынакта байкадым.
Кезегим келип, чоң сахнанын ортосунда бир жарым сааттай кенен ойнодум. Тарам-тарамдап. Салтанат күүлөрү, кара күүлөр, оюн зоок күүлөр деп. Казактар айтты: «эки күндөн бери суктандык, энди сыйлык сиздики» деп. «Оозуңарга май» деп коюп жатаканага эс алганы кетип калдым. Кийинки күнү бирөө чуркап келип, «Нурак аба, сизди сынак мүчөлөрү чакырып атат, болуңуз» деп калды. А-аа, бирдекесине илиндимби деген бойдон чакырган жерине барып калдым. Ал жерде отурган он чакты жюри бир-экиси эле жашыраак болбосо, калганы жетимиш-сексенди таяп, ак чач аксакалдар экен. Алардын астына чыгып, дагы эки сыйра комузду ойноп бердим. Ошондо дагы жанагы аксакалдар теңселип көздөрү жашылданып, демдерин ичтерине катып турганын байкадым…

Бир аз күн мурун Төлөгөн Касымбеков агабыз үйүнө чакырыптыр. Көкүрөк күчүгүнө күү үйрөтүү таризинде. Дасторкондун четинде ойноп отурсам, жазуучу агабыздын көзүнөн жашы шорголоп, улам-улам көз айнегин ала коюп, бет аарчы менен дембе-дем аарчып токтобойт. Байбичеси байкап, «ой абышка, жөн отур, ыйлаба, күү ук» деп…

Он чакты жыл өтүп кетти окшойт. Телевидениенин жер төлөсүндө Асан Кайбылдаев агабыз күүлөрдү иреттеп аткан экен. Өзүмчө жумуштап барып калып, «Койчулардын коңур күүсүн» угуп калдым. Ой атаң-гөрү көзүмдүн жашы буурчактап токтобойт. Же бир ордуман жыла алсамчы, башынан аягына чейин шолоктогонумду айтпа. А жерде тургандар мени көрүп алып, ай таңкалышты. Жүзарчымды жүз көтөрүп арчыдым окшойт. Күү бүткөндө «кечирип койгула, мен бул күүнү ушинтип угам» деп басып кеттим. Бая атамдын «оорусу» мага да жуккан экен да. Карабайсыңбы, күүнүн кереметин. Рух дүйнөсү күчтүү адам күүнүн астында туруштук бере албайт экен.

Жапонияда
1995-жылы Жапония өлкөсүнүн «Милан» уюмунан биздин филармонияга өкүлдөр келди. Бул уюмдун башында Ике-де Се-сей деген биздин Чыңгыз Айтматовго окшогон бүткүл дүйнөгө таанымал, кадырман кишиси турат экен. Се-сей бизче устат деген сөз. Ошо Ике-де устаты жапон өлкөсүнүн жалпы маданиятына күл-азык боло турган салттык музыка топтомдорун өз элине көрсөтүүнү максат кылыптыр. «Камбаркан» тобу концертибизди тартуулап, жети аткаруучуну Японияга чакырып калды. Жыл сайын үч өлкөнүн башын бириктирип, саамалык иш алпарып, салтка айландырып алышыптыр. Биз менен арабдар, индиялыктар чогуу болдук. Бирок, аз өтпөй, жапон эли арабдарды, индустарды чанып, бизге назарды көбүрөөк бөлүп, бизди эле тегеректеп, үйрүлүшүп кызыга башташты. Жыйынтыгында ушул эле уюм кийинки жылга кайра чакырып, бу жолу кенен эки ай жүрдүк. Жапон өлкөсүнүн айыл жергелерине чейин концерт бердик. Үймө-үй кыдырдык. Музей, театр, завод-фабрикаларын көрсөтүп жүрүшөт. «Бүгүн атаңардын тамагын беребиз» дешет. «Атабыз ким?» десем, «атаңарды билбейсиңерби, силердин атаңар Чыңгызхан болгон. Аны тарыхтан окуп-билип алгыла» деп кошумчалайт. Ресторанына барсак, отурган үстөлүнүн ортосунда очогу, казаны, тамакка деген азыктары, сулп этти каңылтыр, жука-жука кесип, күйүп турган очогуна өзүбүз даярдап жейт экенбиз. Ал жерден сурап калдым, «эмне эле бизди мынча эркелетип атасыңар» деп. «Биз тогуз жылдан бери ушундай иш менен алектенебиз. Тиягы Америка, биягы Индия. Канча мамлекетти кыдырсак да сиздердикиндей элдик өнөрдү көргөн эмеспиз. Бул өнөрлөрүңөрдү көздүн карегиндей сактап, устаттан-шакиртке, атадан-балага өтүп турбаса, батыштан келаткан жеңил-желпилерге келечек муундар азгырылып кете турган болсо, анда эле бул касиетиңерден кол жууп каласыңар. Ал эми учугун улаш кийинчерээк кыйынга туруп калат. Музейдик экспонатка айланат. Бул жагдайды мамлекеттик деңгээлде каралып, аябагандай көңүл буруп, каражаттарын аябаш керек»деди.

Карабайсыңбы, а биздин өлкө, журт башчылары бүгүнкү күндө эмне менен алек болуп атышканын…

Маданият министрлиги
Биздин маданиятыбыз ал-ахвалы жакшы эмес. Комузчулук өнөргө баасын берип, ушул жагдайга көңүл бурбаганына он беш жылдан ашып кетти. Маданият министрлигибизге караганда америкалык «Агахан» фондунун жардамы басымдуурак болуп аткандай өңдөнөт. Буга бир мисал. Бизде «Устат-шакирт» борборунун каржылаган бул фонд салттык музыкабыздын учугу үзүлүп калбасын үчүн улуу муундагы комузчу, кыякчы, чоорчу, ж.б. элдик аткаруучуларга шарт түзүп, келечек муунга өнөрлөрүбүздү үйрөтүп келебиз.

Жанагы жапон адиси айткандай, эгер мамлекетибиз, өкмөт, министрлик бизге далысын сала берсе, шарттуу түрдө көңүл бурбаса, улуттун жоголуп кетиши да толук ыктымал.

Сурат Жылкычиев, «Учур», 02.04.2009-ж.

Р.S. Нурак агай менен баарлашып аткан учурда ошондой эле чет элдик швейцариялык бюро фондунан №9 музыкалык мектеп мугалими Мастура Бердибекова айым комуз күүлөрүнүн, анын ичинен Нурак абанын он жети комуз күүсүн жаңы ыкмада кагаз бетине нотага түшүрүү үчүн долбоорун утуп алганы жана алгачкы иштерин коомчулукка семинар иретинде алып чыкканы белгилүү болду. Бул жөнүндө да кененирээк киийнки сандарда кайрылалы деп чечтик.

Соц тармактар:

Добавить комментарий