Уран Сарбагышев: «Атам үчүн биринчи орунда кызматы турчу»

Кыргыздын тунгуч режиссёрлорунун бири, эмгек сиңирген артист Отунчу Сарбагышевдин быйыл 100 жылдыгы. «Атадан уул төрөлөт. Ал уул-атадан кем, атага тең же атадан артык болот»дегендей, атанын уулу — СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, КРнын Эл артисти, профессор Уран Сарбагышев учурунда кыргыз балетинин тарыхында аты кала турган эмгектерди жасаганын улуу муун унутпай айтып келет. «Чолпон» балетинде — Нурдин, «Ромео менен Жульеттада»- Ромео, «Анарда»- Кадыр, дагы башка көптөгөн образдарды жаратуу менен улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде «Асель», «Саманчынын жолу», «Маңкурт» балеттерин койгон балетмейстерди «Атаңызды сиздей эч ким эскерип бере албайт»-деп кепке тарттык.

— 1928-жылдары алгачкы режиссёр Аманкул Куттубаев жетектеген артисттердин тобу Жумгалга оюн коюп барышат. Койгон оюндары атама абдан жагат, кызыгат. Ал кезде машина жок, ат араба менен барган артисттердин кайтаарында аты өлүп калыптыр. Атам артисттерге атын берип, өзү арабакеч болуп Фрунзеге жеткирип келип, кайра кетпей калып калат. Алар менен аралашып жүрүп, актёр, режиссёрлукка чейин жеткен. Такыр билими жок болсо да аракеттенип, тырышып, китептерди көп окуп жүрүп Шекспирдин «Он экинчи түнүн» которуп, театрда койбодубу. «Көкүлдү» койду, Нурдин Тугелов, Бүбүсара Бейшеналиева, Чолпон Жамановаларга арнап «Чолпон» балетинин либреттосун жазган. Театр өнөрүнүн тарыхында аты калган чоң таланттар Сыдыкбек Жаманов, Муратбек Рыскуловдорду өзү чакырып, Жумгалдан алып келген экен.

Төрөлгөндө эле артист болуп төрөлүшкөн Кудайдын кыргызга берген таланттары Күйүкова, Кыдыкеева, Көбөгөновдор колунда өсүп калышты. Ал кезде режиссёр болчу. Атам көтөрмөлөдү. «Гастролдоп эки жакка чыкканда сени колубузга улам бирибиз көтөрүп жүрчүбүз»,-деп кийин Даркүл, Бакен эжелер эскерип айтып калышчу. Фрунзедеги элдин баары агылып келип, дүркүрөгөн кол чабуу менен «Курманбекти» койду. Ушул жерден айта кетээрим, атам кыргызчылыкка жол бербеген киши экен. Анткени, Курманбекти эки составда Сыдыкбек Жаманов менен Насыр Кытаев экөө ойноп калышат. Оюнда болсо Жамановго салыштырмалуу Кытаев образды күчтүүрөөк ачып бере алган окшойт, атам Кытаевге берип коёт. Жаманов атама жакын тууган, «мага бербейсиң» деп көпкө таарынып жүрүптүр. Башка бирөө балким тууганына тартып коёт беле?.. Кызмат -кызмат деп биринчи орунда жумушу турчу.

Үйдүн ээси, ата катары кандай эле? Жеке сапаттарына да токтоло кетсеңиз?
Аябай сүрдүү адам болчу. Дем алыш күндөрү сөзсүз кой сойчу. Жумгалдык эмеспи, он беш мүнөттө эле ары — бери соё салып, керчөөсүн бышырып ооз тийип, кайра кызматына кетип калчу. Апам болсо кечкиге бышырып, даярдап койчу. Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев, дагы-дагы бир топ атактуу адамдар менен катышчу. Ыбырай Туманов кошунабыз эле, жакшы билип калдым. Менин атымды Уран деп Токомбаев коюптур. Атам элден калбайын деп, биринчилерден болуп астыда жүргөндү жакшы көрчү. Жакшы жашаганга тырышчу. Никелденген керебет, пух жаздык дегендер ошол кезде мода болуп, атам биринчилерден болуп алганын үйдөгүлөр айтып калышчу.

Жумгал театрына атаңыздын аты берилет деп жүрүп эле берилбей калды да?
Ооба, коюлат деп жүрүшкөн. Анан эле унчукпай калышты. Башкалардын балдарычылап атамдын атын тиякка бергиле, көчөгө койгула деп өкмөттү тажатып мен барганым жок. Эмгегин баалашып өздөрү беришсе болмок.

Опералык жактан тунгуч режиссёр Куттубаев болсо, драмалык жактан Сарбагышев эле да. Кийин гана атамдын ордуна Москвадан ГИТИСти бүтүп келген Айдаралиев деген жигитти коюшту, атайын билими бар дешип. А бирок ал жигит да көп өтпөй эле авто кырсыктан каза болуп калган. Атам иш дегенде ичкен ашын жерге койгон адам эле, 35 жашында эле көзү өтүп кетти. Атам тууралуу ушуларды айта алам.

Искусство чөйрөсүндөгү адам катары калыптанууңузга атаңыздын таасири тийдиби, же?..
Ооба, атамдын түрткүсү менен согуш жылдарында Ленинграддан эвакуацияланып келген кыйын мугалимдер ачкан студияда окуп калдым. Кийин кырк жетинчи жылы Ленинграддагы хореографиялык училищага сегиз бала, жети кыз тандалып окууга жөнөтүлүп, окуп калдык.

Жаштык жылдарыңызда балетте көп жылдар бою партнёруңуз болгон Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу сурабай коё албайм. Кызык, эсте калган окуялардан айтып берсеңиз?
Мен окууну бүтүп театрга келгенде Бейшеналиева атагы чыккан бийчи болчу. Экөөбүз он сегиз жылдай чогуу бийледик. Өз кесибин ушунча сүйгөн адам эле. Балет залынан 4-5 саат чыкчу эмес. Анан мен кантип кетмек элем, ошончо саат мен да бийлечүмүн. Жашмын да, кээде бейбаштык кылып кечигип же репетицияга келбей калсам, «шашпа, мен сени жазалап , өчүмдү алам» деп лагманга тоюп келип, «эми көтөр» дечү. Мен деле анда-санда көтөралбай кетимиш болуп, көтөрүп таштап койчумун. «Жубарымбек, уятың жок » деп урушуп, ачууланып, анан ачуусу таркачу. Алдына эч кимди салгысы келбеген, кыйын бийчи эмес беле.

Азыркы балет өнөрү жөнүндө эмне дээр элеңиз?
Балет жөнүндө айтсам, Бейшеналиева, Чокоева, Айсулуу Токомбаевалар кыргыздын үч жылдызы эле да. Азыр болсо Союз тараганда бир аз дымый түшкөн балет театры кайра жанданып жатат. Өсө турган жаштар көп. Айдарова Асел деген кыз өсүп келатат. Менин да келечектен көптү үмүттөндүргөн Канат,Талант деген окуучуларым бар.

Азыр деле опера жана балет театрында, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында жаштарга таалим-тарбия берип келе жаткан Уран Отунчуевичке ыраазычылыгыбызды билдирип кайттык.

М.Молдобекова, «Обон», 31.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий