Байма Сутенова өзүн сагынды…

Бир саам, Байма Сутенова мурдагы иш бөлмөсүндө олтуруп «чоң адамдар деле жаңылышат, бирок жаштар чоңдорду жаңылбайт деп ойлошот» деди мага. Айтор, мен ал учурда  эженин көз карашын жактабай койсом керек. Себеби ошол күндөрдө КТР жик-жик болуп бөлүнүп, «тууганчыл» беттердин пардасы сыйрылып турган эле. Анан айрымдар «Байма кетсин!» деген «улуу күрөштү» баштап, ачкачылык кармап жатышкан. Кыскасы, Байма Сутенованы орун басарлык кызматтан алып тынышкан. Мен жаш журналист катары ошол калыстыгы жок, адилетсиз, өз көмөчүнө күл тарткан өзүмчүл күрөштөргө таңгалгам. Жийиркенгем! Кол шилтеп кетип да калгам!.. Бирок ошол адилеттүү да, адилетсиз да күрөштөрдүн башкы каарманы болгон белгилүү журналист Байма Сутенова бүгүн дагы Байма Сутенова боюнча келе жатат. Албетте, өзү айткандай эжени көптөрү жаңылбайт деп ойлогондур. Бирок «Байма дагы чоң жаңылган» дегендер болгон кезегинде. Ал эми менин милдетим тек гана ошол каармандын бейнесин ачуу болуп турат. Мүмкүн сиз, окурман, ал адамдын дагы көп жактарын билбейт чыгаарсыз? Анда сөздү өзүнө берели.

«Мамыры гүлдөгөн жерде…
Студент кезимде «Мамыры гүлдөгөн жерде» жана «Сагыныч» деген китептерим жарыкка чыккан. Өзгөчө «Мамыры гүлдөгөн жерде» китебимди барактап олтурсам бир студенттин жакшы күндөлүгүн эске салат. Адатта, тажрыйба топтоп калгандан кийин жалпылашкан мүнөздөгү каармандар чыгат экен. Бардык эле автор алгачкы чыгармасында өзүн жазат. Мен ал китепте өзүмдү жазгам. Биз ошол студенттик турмушту көргөнбүз, ошол турмуш бизге жаккан, биз ошол кездеги сүйүүгө ишенгенбиз. Дээрлик чыгармаларымды китепканадан жаздым, кийин ошол жерге барып көрдүм. Бирок баштагыдай нерсени таппадым. Азыр болсо үстөл үстүндө көп чыгармаларым калды. Бул аралыкта чоң деле демөөрчү таба албадым. Китепти чыгарууга шарт деле болбоду. Учурунда мени Улуттук жазуучуулар союзуна он жыл кабыл алышкан эмес. Бир-эки жолу катуу сынып калгандан кийин түшүндүм, көрсө ал жерде такыр башка билинип-билинбеген ички мыйзамдары бар экенин. Кызык жери, кийин мендеги Жазуучулар союзуна болгон каалоо өчүп калгандан кийин алар өздөрү эле союзга мүчө кылып коюшуптур. Ал эми телевидениеге келгенде мен жалаң кагаз менен өмүрүм өтүп жатканын билсем да андан кете албадым. Өндүрүшкө баш-отум менен киргендеймин, ал эми өндүрүштө бир гана пайыз чыгармачылык болот. Жалын өчүп калат экен. Көрсө жашың өткөн сайын турмуштан алган соккуларың көкүрөгүңдү оорлотуп, баарына кайыл болуп каалгып, философиялык сөздөрдү сүйлөп калат турбайсыңбы. Биз студент кезде Омор Султановдун жакшы бир кечеси өтүп, ошондо ал «Мен өзүмдү сагындым! Эч жакшы костюм, эч жакшы кызмат жөнүндө ойлонбой, жакшы ыр жазып гана жөнөкөй жүргөн Оморду сагындым»,- деген эле. Мен дагы өзүмдү сагындым! Ал учурда балалыгыбызды сагынчубуз, азыр жаштыгыбызды сагынабыз. Баары бир оюңа бир каармандарды жаратып алып жыргап жүргөн кездериң эске түшөт. Жаштык менен кошо адам эркиндигин жоготоорун түшүндүм. Ошондуктанбы, мен өзүмдү сагындым.

Жазуучулуктан журналистикага келдим…
Мен журналистикага Байма Сутенова болуп таанылып алып келдим. Ал эми жазуучулук мага тилдин тактыгын, көркөм ойду жана негизгиси сөз менен иштөөнү үйрөттү. Адам өзүнө-өзү батпаган бир учур келет. Ойлогон оюң, шилтеген кадамдарың баары башка- башка. Мына ушул учурда журналистика өзүңдү калыптандырууга жардам берет. Мен 1979-жылы «Комсомольская правда» гезитине келдим. Анда биз жаш элек, эт-бетибизден кетип иштедик. Кайсыл тармак болбосун үңүлүп, аны өздөштүргөнгө аракет кылчубуз. Анан бардык тармакты өздөштүрүп жүрүп, өзүң дагы ар тараптуу ачылууга мүмкүнчүлүк аласың. Ал эми профессионалдуулук — бул өзүңдүн ишиңдин ар тараптуулугун кармай билгениңде, ошонун технологиясын өздөштүргөнүңдө. Ушунча жыл иштеп баарын желкебизден билебиз деген сөздүн артында көрсө ушул турат экен.

Азыр болсо жаштардын көз караштары такыр башкача. Бизде маалымат алуу чектелүү болчу, кандайдыр бир караңгылык бар эле. Билинип-билинбеген чектөөлөр көп эле. Жаштардын болсо көкүрөгүндө эркиндик бар, жаңылса да оригиналдуу жанылышат. Көп жактан билимдүү, жетишкен нерсеси бар. Мен иштен чарчап студенттерге барганда, аларга сабак өтүп, сүйлөшкөндө аябай эс алам. Булар таза муун. Биз эки замандын ортосунда калдык, азыркы жаштар ошол биз кыйналып өткөн доорду тарыхтан эки сап менен эле окуп коюшат. Мени сүйүнткөнү жаш журналистер көп жактан жетишкен, ой чөлкөмү так. Журналистикада так, кыска нерсе башталды. Биз бала күндө сүйлөгөн кыргыздын нукура сөздөрү менен сүйлөп жатышканын көрүп кубанып коём. Бирок кээде ойлоном, азыркы жаштар турмуштун сыноолорунан кантип өтөөр экен? Турмушта жаштарды бат эле сындырса болот. Өзгөчө журналистикада. Ошондон корком. Бизге, КТРге келген мыкты журналистер башында башка-башка жактарга иштеп кетишти. Ал жактардан тажрыйба топтоп, өнүгүп кайра өз короого кайтып келишти. Бирок алар көп нерсеге жетишкени менен ишке болгон жөндөмдүүлүктү, анан чын жүрөктөн берилип иштеген өзгөчөлүгүн жоготуп келишкенин байкадым. Ошол абал азыркы мен окутуп жаткан студенттерде болбосо экен дейм.

«А мен кызматтык жолумда көп ката кетирдим…
Мен мамлекеттик кызматка эгемендүүлүк учурунда келдим. 1991-жылы тунгуч президентибиз Аскар Акаев өзү орун басарлыкты сунуш кылган. Ал кезде мамлекеттин өз алдынча болуп кетиши үчүн, улуттун өсүшү үчүн деген нерселер бизде негизги орунда болчу. Эгер ал кезде чек араны кайтар десе, мен ага да бармакмын. Азыркы КТРдин бийлиги  айтып жатат, «саясий чечим керек» деп. Ал эми 1991-жылы раматылык Сатыбалды Жээнбеков экөөбүз ошол кадамдарга барганбыз. Азыр 1000 кишини кыскартуу оор болуп атса, биз 2500 кишинин ичинен бир күндө 800 кишини кыскартканбыз. Алардын ар биринин өзүнчө тагдыры бар эле. Бирок биз мүмкүн болушунча профессионалдуулук деңгээлге карадык. Жаман көргөндөр болду. Таарынып такыр эле сүйлөбөй калгандар болду. Көрсө, мамлекеттик кызматта адам көп катачылык кетирет экен, анткени кызматта турганда баары бир адамдын тагдыры менен байланышта болосуң. Мен дагы кызматтык жолумда көп ката кетирдим го деп ойлойм. Анткени, ал кезде стуруктуралык реформа өтө катуу болгон. Кандуу болгон. Азыр андай реформа боло элек.

«Кызматта турсам дагы ичимен оппозиция элем…
Өзүңүздөр билесиздер, мен мамлекеттик кызмат менен бирге журналистиканы алып кеттим. Канчалык күчтүү кадамдарга барып, күчтүү иштерди кылганың менен ошончолук адамдардын каршылыгы дагы күчтүү болот экен. Мен кызматта турганда эмне гана кадамдар жасалбады. Пикетке чейин чыгышты. Бөтөнчө жаңы бийликтин келиши менен бир беткей каралоо, уу-дуу эле айыптоо башталды. Мурдагы бийликти жактаган, мактаган деген сөздөрдү укканда башында түшүнбөй жүрдүм. Бирок менин бардык архивим бар эле. Баарын башынан аягына чейин угуп чыгып, тескерисинче, өзүмө-өзүм сыймыктандым. Мурун жасаган материалдарымдан көз тумандаган бир жактуулукту көргөн жокмун. Анан «билгениңерди кылып алгыла» дедим! Азыр мен гезиттерди такыр окубайм десем болот. Анткени айрым кесиптештердин дүйнөлүк маданияттан тааныштыгы жок, эң жөнөкөй журналистиканын мыйзамдарын билбеген жайы бар. Ал эми ошол сабатсыздык менен анан адамдын кадыр-баркына баткак сүрткөнгө көнүп алышты. Мен жөнүндө да бир топ журналистер жазып чыгышты. Ар кандай айтышты, түшүнүп да? түшүнбөй да жазышты. Кийин өздөрүнөн сурасам «ошондой деп уктум эле» дешет. Алгач чочуп кетчүмүн. Анткени, мен дайыма оппозицияда элем. Учуру келгенде катуу дагы айтып койчумун. Бирок 1996-жылга чейин мен А. Акевди кудайымдай көрчүмүн, анын бардык кадамдары туурадай сезилчү. Ошол 1996-жылы маңдай-тескей олтуруп бир нерсени байкап калдым да, ирээнжий түштүм. Кийин Аксы окуясына байланыштуу өз оюмду эфир аркылуу дагы ачык айттып чыккам, ошо менен мен кызматтан алындым.

«Журналистика — өзүн өтө сүйгөн кесип…»
Мен ар дайым студенттерге сабак өтүп жатып айтам, «бөтөнчө кыздар журналист болом десеңер, көп жактан кур калаарыңарды унутпагыла» деп. Журналистика — өзүн сүйгөн кесип, ал ар дайым бапестегенге аргасыз кылат. Эгер үй-бүлөң журналистканы түшүнбөсө сен экөөнүн бирөөсүнөн сөзсүз кур каласың. Бул ар дайым курмандыкты талап кылат. Мен бүт өмүрүмдү журналистикага арнадым, анын курмандыктарына деле өкүнбөйм. Бирок көп балалуу болсом болот беле дейм. Бир учурда мен үчүн акча биринчи орунга турган эмес, көрсө, биз жашоодогу кандайдыр бир нерселерден өзүбүздү чектептирбиз. Азыркы жаш журналистердин ишке болгон мамилесин көргөндө, журналистика чоң бир бизнеске айланганын түшүндүм. Биз жаш кезде тандай алчу эмеспиз, акчасы көп, аз деген ой да болгон эмес. Ал эми азыр бир жакка кетүүнү мен элестете да албайм.

Автордон. Мен Байма Сутенова менен маектешип олтуруп бир нерсе эсиме келди. Анда мен 17 жашта болчумун. Эжени өзүмчө кумир тута берээр элем. Китепканадан «Мамыры гүлдөгөн жерде» китебин окуп, өтө таасирленгенденби, эжеге кат жаздым. Кантип берсем, кантип жолуксам деген ойлор мени менен көпкө жашады. Бере албадым. Бирок кийин эже иштеген КТРден насип буюруп калды. Мен аны көп жерден жолуктурдум. Башта айткандай, бир эсе эже өз кабинетине чакырып алып, «чоңдор да чоң жаңылаарын» эскертти, айтор, акыл айтты. Бирок ал учурда менин көкүрөгүм кирдеп турган эле. Байма Сутенованын «чоң жанылыштарынан» ирээнжип тургангабы, көп сөзүн кабыл алган эмесмин. Кийин акыл токтотуп, «адам» жана «адис» деген сөздөрдү айрып түшүнө баштаганда эжени такыр башка жактан кароого туура келди. Ириде, жедеп тууганчылык уялап, көралбастык жетелеген Кыргыз телерадиокомпаниясынан өзүн чаңга, баткакка батырбай алып жүргөндөргө баа бердим. Көрсө, пенделер ар дайым улуулук, бийиктик, актык деген нерселерди кирдеткиси, жоготкусу келет тура. Бирок, чыныгы таланттар адамзаттын экинчи өмүрүндө да андан да сулуу, андан да бийик болоорун моюндабайт экенбиз. Муну залкар жазуучу Ч. Айтматовдун өлүмү дагы бир ирээт тастыктап кеткенсиди. Сөз соңу, батегине чалынган балтабай кыргыз жигиттеринин чегинде Байма эже өңдүү айымдардын эркине, анан ишине заманында баа бере алышса экен.

Жазгүл Жамангулова, «Journalist news» (№15)

Соц тармактар:

Добавить комментарий