Бурана

Бурана. www.ak-sai.com сайтынан алынды
Бурана. www.ak-sai.com сайтынан алынды

Кыргызстанда тарыхка бай тарыхый-архитектуралык эстеликтер аз эмес. Алар жайгашкан жерлер ар бир кыргыз үчүн ыйык. Мисалы, Манастын күмбөзү, Бурана, Таш-Рабат, Сулайман-Тоо, Пазыл-шаа (Шах-Фазил) күмбөзү ж.б. Бүгүн биз Бурана тарыхый-архитектуралык эстелигинен учкай маалымат берүүнү туура көрдүк.

Баласагын шаары
Баласагын шаары тууралуу маалыматтар өтө аз болгондуктан, көп мезгилге чейин анын кай жерде экени белгисиз болуп келген. Белгилүү тарыхчы-окумуштуу Бернштам Токмокко жакын жердеги шаар урандысын Баласагын болгон болуш керек деген божомолун айткандан кийин ал уранды Баласагын аталып калган.
Ахреологиялык изилдөөлөр боюнча шаар X кылымда негизделген. Бирок түргөш тыйындарындагы маалыматтар шаардын андан мурда эле (VIII к.) болгондугун кабарлайт.

Кашкарлык Маамыттын (Махмуд Кашгари) маалыматында Баласагын Улуу жибек жолунун боюнда, Чүй суунун өйүзүндө жайгашкан деп айтылган. Мындан 2-3 жыл мурда казак окумуштуулары Жамбыл облусунун Шу районунун аймагынан шаар урандысын табышып, аны Баласагын дешүүдө.

Баласагын караханийлер суласесине чейин эле мусулман шаары катары белгилүү болгон. Караханийлер доорунда ал көп жыл байтак шаар болуп турган. Ал доордо шаарлардын борбордук бөлүгү кооздолуп, сыйынуу жайлары салынган. Баласагындагы ошондой монументалдык курулуштардын бири — Бурана мунарасы. Бирок ислам дини жайылганы менен арап тили кирген эмес.

Байтак Кашкарга көчүп кеткенден кийин Баласагын соода тоому катары кызмат кылган. Каракытайлар, анан монголдор басып алгандан кийин шаар мурдагыдан бузула баштаган. Бирок монголдор аны талкалаган эмес, тескерисинче, бул шаарды Гобалык (Жакшы шаар) деп, кайра жаңыча атап алышкан.

Шаар XIII-XIV кылымдарга чейин жашаган, бирок бул мезгилде анын мааниси мурдагыдай болбой калган. Шаардагы турмуш акырындап солгундай берет жана эл шаарды таштап кете башташат.

Курулуштары урандыларга айланып, шаар XV кылымда өзүнүн жашоосун биротоло токтотот. Бир кезде караханийлердин ордо шаары болгон Баласагындын аты унутулат. Анын себеби али айкын боло элек.

Археологиялык казуулардын негизинде Баласагын шаар калдыгында 4 зыяраткана, мончо, турак үйлөр жана суу түтүктөрүнүн жана башка курулуштардын калдыктары табылган. Азыр ал Бурана археология-архитектуралык музей-комплекси. Анын аймагы 36 га шаар урандысынан турат. Бул аймакты курчап жаткан байыркы сепилдин планы 4 бурч формада, дүйнө жактарына багытталып курулган. Чептин ичиндеги имараттар бышырылган жана кам кыштан курулган. Ортодо турган чалдыбардын чыгыш жагында дөбөлөр жайгашкан. Анын үстүнөн турак жай жана мүрзөлөр табылган.

Бурана мунарасы дөбөлөрдүн түштүк-чыгыш тарабына жайгашкан. Ал XI кылымга таандык, ал Орто Азия аймагында ушундай типте курулган алгачкы мунаралардын бири. Мунаралар мечиттердин жанына курулган жана азан чакырып, динчилерди намазга чогултуу милдетин өтөгөн. Мечит Бурананын батыш тарабында болгон деп болжолдонот. Бурананын алгачкы бийиктиги 45 метрдей болгон деген ырастоо бар. Бардык эле мунаралардай анын кылда чокусуна атайын кароолкана (манзар) курулуп, төбөсү күмбөз түрүндө жабылып, тегерек дубалына панарга окшотуп айланта терезе ачып салынган. Жарык кириш үчүн каалгадай ачык оюктар дүйнө жактары боюнча жайгаштырылат. Бурананын азыркы кездеги бийиктиги 24,6 метр, баш жагы XV же XVI кылымдардагы катуу жер титирөөлөрдүн биринде кулап түшсө керек.

Мунара эзелтеден бери эле бул аймактын тегерегинде жашаган элдин көңүлүн буруп келген. «Монара» — минарет деген арап сөзүн жергиликтүү эл «Бурана» деп буруп айтып калышкан. Ошол бойдон ушундай наам менен, а түгүл, бүткүл ушул аймак да аталып калды.

Караханийлер каганаты
Азыркы Кыргызстандын аймагынын бир топ жерлери 10-кылымда карлуктардын колунда болгон. Карлуктар менен катар чиги, ягма, түргөш, огуз-түркмөн, кыпчак, кенжек, ябаку, согду, аргу уруулары мекендеп турган. Ал каганаттын байтак шаары Баласагын болгон. Ал кезде Баласагындын аймагы мусулмандашып, башка аймактарда буддизм, теңирчилик, зороастризм, манихеизм динин тутунушкан.

940-жылы карлук каганатына каршы көтөрүлгөн уруулар Баласагынды басып алып, жаңы мамлекетти түптөшкөн. Такты башкарып келаткан Ашин суласесинин өкүлү Сатук Бограхан ислам динин кабыл алып, ысмын мусулманча Абд аль-Каримге өзгөртүп, Карахан деген титул алган. Ислам дини каганаттын расмий динине айланып, аймакка жайыла баштаган. Сатуктан кийинки кагандардын баары карахан атыгып, Карахандар суласеси түзүлгөн. Кийин каганат Караханийлер каганаты аталып кеткен.

Караханийлер каганатынын аймагы Чыгыш Түркстан, Жети-Суу, Орто Азия, Мавераннахр ж.б. чектерге чейин созулган. Кийин каганат теңата эки каганатка бөлүнүп кеткен. Чыгыш каганаттын байтакты Кашкар, анан Баласагын, Өзгөн болгон. Кийин кайра Кашкарга өткөн. Батыш каганаттын байтакты Самарканда болгон.

XI кылымдын 60-70-жылдарында Батыш караханийлерге селжуктар, XII кылымдын 30-40-жылдарында каракытайлар кол салып, каганатты биротоло каратып алышкан. Караханийлер суласесинин калдыктарын Хорезмшах Мухаммед 1212-жылы биротоло жок кылган. Ошентип караханийлер доору аяктаган.

Караханийлер доору өзү тууралуу жетишерлик маалымат калтырган эмес. Негизги булактар каганаттан тыш жашаган арап жана перси тарыхчыларынын эмгектеринде кездешет. Караханийлер аалымы катары Баласагындык Жусуп менен Кашкарлык Маамыт тарыхта калган. Алардын бирден гана эмгеги («Кутагду билиг» («Кут алчу билим») жана «Дивани лугат ит-түрк» («Түрк сөздөрүнүн жыйнагы»)) бизге жеткен. Кашкарлык Маамыттын «Кашкар тарыхы» эмгегинен үзүндүлөр тарыхчы Жамал Каршинин эмгегинде гана кездешет, эмгек бизге жеткен эмес.

Ал эми архитектуралык эстеликтерден Бурана шаар калдыгы жана Өзгөн күмбөзү гана сакталып калган.

Балбал таштар
Балбал таш курман болгон жоокердин элесине арналып орнотулган. Балбал коюу жөрөлгөсү Кыргызстандын аймагында VI кылымдан тартып тарай баштаган.

Алтайда, Тувада, Монголияда балбал таштар чыгышты карай, ал эми Кыргызстандагылар батышка карай коюлган.

Алгачкы балбалдарда эркектин гана сүрөтү чегерилсе, кийинкилеринде аялдардын кейиптери да кездеше баштаган. Айрым таштарда адамдын жүзү гана түшүрүлгөн. Кээ бирлеринде адамдын кебетесине тышкары куралдар да тартылган. Мындай белгилер соңку коло, алгачкы темир доорлорундагы «бугу таштарга» мүнөздүү. Ал «бугу таштар» б.з.ч. II-I миң жылдыкта орнотулган.

Маркумга арнап ырым аткарууда балбал орнотуп, анын артына тик орнотулган жалпак таштардан төрт чарчы коргончо жасалган. Коргонго сөөк коюлган эмес, ырым-жырымдар аткарылган.

Теңир-Тоодо жана Жети-Сууда аял жүздүү жана таажылуу балбалдар тараган.

Балбал орнотуу жөрөлгөсү 960-жылы караханийлер доорунда исламдын тарашы менен токтотулган.

«Кыргыз маданияты», 03.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий