Кален Сыдыкова: «Беш депутат менен беш жыл соттоштум…»

Кален Сыдыкова 1958-жылы 25- январда Жумгалда туулган. Үй- бүлөлүү, эки баланын энеси. «Кайрылуу», «Түпкүрдөгү монстр», «Доор кайрыгы», «Насыя нике», «Асылдар», «Эр издөө», «Күч күйөө», «Кыргыз тарыхы», «Алтын казык», «Чачылган кыргыздар», «Токол», «Ата-Журтум — ардагым» атуу китептердин, 500дөн ашык аналитикалык курч макалалардын автору. 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана башка бир катар наамга татыган.

Кален…
Кален деген атты мен төрөлгөндө эжем Саламат коюптур. «Кал» жана «эн» дегенден турат. Бир саам, өзүмдүн атымды кыргыз адабиятындагы, кыргыз журналистикасындагы калтырып жаткан изим, эним деп түшүнөм. Ал эми Кален өзү болсо жашоодон, чыгармачыл чөйрөдөн, жакындардын арасынан өз ордун тапкан, сыйлуу жана кадырлуу адам. Макалаларымда курч, ачык, бетке чабаар болгонум менен табиятымдан жөнөкөй гана аялзатынын өкүлүмүн. Бирок коомдогу активдүү аялдар үчүн үй- бүлө күтүү өтө оор маселе. Кыргыз үй-бүлөсүндөгү бир энөөлүк туурасында сөзсүз айтыш керек. Дээрлик токсон пайыз кыргыз үй-бүлөлөрү акыл менен иштеген аялзатынын ишин түшүнө да, баалай да алышпайт. Ага караганда үйдө нан бышырсаң, үйдө кир жуусаң иштеп атат деп ойлошот. Мындай нерсе менин башыман далай өттү. Мен үйдө эне, жар анан кайын журтка келинмин да. Бирок сыртта дээрлик башкаруучулук иштеринде жүрдүм. Кудайга шүгүр, бул жагынан жолдошум түшүнгөнгө аракет кылат, бирок ал түшүнгөнгө чейин көп окуя, көп кыйынчылык болуп кетти. Өзгөчө бийлиги бар адамдар басынтып, кордоп турганда аялзатын үй-бүлө колдобосо, бул өтө оор нерсе болот экен. Акыры баарын көтөрө билүү, сабырдуулук менен жеңдим окшойт. Көптөгөн чыгармачыл кыздар бирок ушул жагынан жеңилип калып жатышат…

Чыгармачыл жолум бак тигүүдөн башталган…
6-класста ишембиликке чыгып, чоң жолдун жээгине бак тиктик. Мен ошол ишембилик туурасында «Бак тиктик» деген аталышта кабар жазып, райондук «Демилге» гезитине жөнөттүм. Алакандай ошол кабарымдын чыгышы мага ушунчалык дем- күч берип, аябай таасирленгеним эсимде. Ал эми биз бала кезде өтө окумал элек. Китептерди бири- бирибизден сурап, китепканадан кезеги менен алып окучубуз. Мектепте түрдүү ийримдерге катышчубуз. Кызык жери, биз дагы «тимурчуларга» окшоп кезеги менен көчөдөгү кары-картаңдарга жардам берип, короосун тазалап, суусун алып келип берип батасын алчубуз. Анда колкоо кылуу деген жок. Көрсө бала күнүбүздө аксакал аталардын, ак байбичелердин батасы тийген экен. Балалыгым Жумгалдын Кызарт айылында өттү. Жайкысын Соң-Көл жайлоосуна чыкчубуз. Айылдыктар анда кыргыздын нарк-насилин бекем кармашып, улуттук ырым-жырымдарды, каада-салтты, анан кыргыздын адабий тилин түптөгөн эл эле. Өзгөчө айылымдагы элдин кыргыздын төл сөзү, нукура сөзү менен сүйлөгөнү калыптануу жолумда чоң табылгам болуптур. Андан тышкары, биздин жерден Сагынбай Орозбаков, Калык Акиев, Мидин Алыбаев, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева, Муратбек Рыскулов, Уран Сарбагышев, Мыскал жана башкалар чыккан. Бала күнүмдө ошолорго таасирленүү чоң болду. Ал эми көп балалуу үй-бүлөдө өскөндүктөнбү, бири-бирибизге кайрымдуу элек. Ошол бала күнүмдө ата-энемден кандай тарбия алсам, кандай нарк-насилди көрсөм, кийин китептеримде, макалаларымда алар туурасындагы ой толгоолорумду чагылдырдым. Бала күнүмөн кыргыз элине кызмат кылам деген максатым болгон…

2-кабаттын башчысы…
Биз 80-жылдардын студенттерибиз. Айылдардан келгенден кийин биз да жатаканада жашадык. 2-кабаттын башчысы элем, кезектешип жалпы коридордун полун жуучубуз. Ал учурда студенттер жаман иштерди кылгандан коркушчу. Тез-тез маданий, адабий кечелер, бийлер болуп турчу. Биздин кыздар башка окуу жайлардын балдары менен таанышып, алар биздин жатаканага конокко келишип бий уюштураар элек. 80-жылдардын музыкасы да башкача экен. Ал кездин жигиттери кыздарга сый мамиле кылып, кыз-жигиттер киного, театрга, операга барышчу. Азыркыдай кир майка, футболкаларды кийип алып көчөдө жүрүшчү эмес, таза көйнөктөрдү үтүктөп, шымдарынын кыры чыккан. Биз андай балдарды маданияттуу деп эсептечүбүз. Азыркыдай бир көргөндө эле өбүшө калчу эмес анда. Чын-чынына келгенде кыргыз кыздарына чындап сезим келмейин алар ачылбайт, ал учурда кыздар абийирдүү болчу деп айткым келет. Өзүн өзгөчө сактачу. Студенттик жылдарда биз «Буратино» деген лимонад ичээр элек. Спирт ичимдигин ичүү кайдан, мен 40 жашка чыкканда гана шампанды ооз тийдим. Ал учурдагы мугалимдер да, студенттер да абийирдүү экен. Студенттик учурда биз пара алуу эмне экенин түшүнбөдүк. Биз ар дайым тартипке, окууга, жакшы нерселерге умтулган студенттер болчубуз. Азыркылардан айырмаланып бекер окучубуз. Окууну бүткөндөн кийин мамлекет тарабынан камкордук болооруна да ишенчүбүз. Азыркы кездегидей эртең эмне болуп кетет деп кооптонуу дегенден алыс болдук.

Эмнеге Кыргызстандын тарыхы 1917-жылдан башталат?..
Мектепте окуп жүргөн учурда чыгармачылык жолум башталды. Жөө жомоктордон баштап тарыхый китептерге чейин окудум. Бала күнүмөн эле мен кыргыздын тарыхына кызыгам. Мектепте окуп жүргөн учурларымда: «Эмнеге кыргыздын адабияты, тарыхы, кыргыздын географиясы окулбайт» дей берчүмүн. Мектептен да, ЖОЖдо да кыргыз тарыхы негедир эле 1917-жылдан башталат деп окутушту. Бирок кыргыз элинин ооз эки чыгармаларында кыргыздын байыркы эл экени айтылат. Анан мен көпкө ойлондум, кыргыздын чыныгы тарыхын тапкым келди. Студенттик курактан баштап 25 жыл тарыхый бир китепти жаздым.

Ал эми мен окууга өткөнгө чейин жип ийрүүчү, анан шыбакчы болуп эки жыл иштегем. Ошол жактан айылдык жумушчу жаштардын кыйынчылыктарына күбө болдум. Кыргыз улан-кыздарынын укугу аябай эле тебеленчү. Алар дээрлик кара жумушта иштешкен. Шаардагы кабат үйлөрдө башка улуттар жашачу, кыргыздар бир же эки гана. Мына ушундай теңсиздикти көргөндө анан жумушчу жаштар туурасында көптөгөн макалаларды жазууга туура келди. Жөнөкөй көрүнгөн менен Кыргызстанда кыргыз улутуна татыктуу мамиле жасалбагандыгы, тилин кадырлай албагандыгы деген темаларды өзөк кылып, улуттук бир катар маселелерди жазып чыкканым ошондон. Талаш-тартыштуу бир катар кыйынчылыктарга карабай, кыргыз тарыхын изилдеп келдим жана азыр да ошол иштер менен алекмин. 20 жылга чукул биз эгемендүү мамлекет болдук дегенибиз менен өз жолубузду таппай, Кыргызстандын стратегиялык маанилүү маселелерин аныктай албай жатабыз…

Беш жылда мүмкүн бир китеп жазып коймокмун…
Жаңы, эгемендүүлүк алган жылдардан баштап, саясатты Батыштын саясаты менен ченеп-өлчөп, бийликте тургандарды сатып алып, өздөрүнүн шарттары менен баарын аткартканга мажбурлашты. Ошонун негизинде биздин мамлекет батыраак талкаланып, социалистик мүлк мыйзамсыз таланып, баары укуксуз түрдө менчиктештирилип кетти. Ушундай адилетсиз нерселер мени азыркы күнгө чейин тынчсыздандырып келе жатат. Ошол учурдагы мамлекеттин мүлкүн талап алган, мыйзамсыз менчиктештирип алгандардын бетин ачып, чындыкты жазам деп жүрүп беш депутат менен беш жыл соттошуп чачым агарды. Бирок акыры далилдегенге аракет кылдым, акыры сотто жеңип чыктым аларды. Бул жерде менин принцибим анан эл алдындагы таза кызматым биринчи орунда болду. Өзгөчө бийлиги жана байлыгы бар адамдар менен соттошуу өтө кыйын экенин түшүндүм. Бийликтүү адамдардын басынтканына, кагууларына карабай талашып-тартышып, бирок жемимди жедирбей келе жатам. Ошентип жеке тагдырым аркылуу турмушту ушундайча кабылдадым. Курч жазылган макалаларыма ушул эле өзүмдүн адабияттагы жакын чөйрөм көралбастык кылышты. Нечендеген бут тосуулар болду. Мен чыгармачылыгымды жаңы баштаган учур Совет мезгилине туш болуп, улуттук маселелер анчалык ачыкка чыкпагандыктан бийлик тарабынан көп тоскоолдуктар жасалды.

Аялдар айтпаган теманы айтканым үчүн сындашты…
Кыргыздын үрп-адатында аялдар айтпай турган жашыруун темалар бар. Алардын бири секс темасы. А мен ошол теманы алгачкылардан болуп ачыкка алып чыктым. Алгач «Периштем» гезити менен иштешип жүрдүм, өзгөчө аял-эркек ортосундагы жашыруун мамилелер, алардын өйдө-төмөн жактары, эрди-катындын бири-бирине шайкеш келбөөчүлүгү, кыргыз эркектериндеги төшөк маданиятынын жоктугу, аялдардын, эркектердин жугуштуу оорулары, алардан кантип сактануу керек деген маселелер мени бир катар изденүүлөргө алып келди. Ошол темаларга адистер менен чогуу жооп издеп, элди агартууга аракет кылдым. Себеби ошол учурда «Пайшамба» өңдүү жеке менчик гезиттер көп чыгып, алар комерциялык багытты көздөө менен өтө эле ашынган макаларды жаза башташкан. Бурмалап, калпты кошуп, өзгөчө эркектин көз карашы менен жазылган макалалар басымдуу эле. Жадесе сойкулукту да туура дегендей маанайда жазышкан. Анан аларга батыл киришкеним ошондон. Себеби ал учурда коомго туура маалымат бериш керек болчу. Анан мен айтып чыксам аны туура эмес түшүнүп үй-бүлөмдү уруштурганга чейин барышкандар болду.

Жазгүл Жамангулова,»Journalist news» (18)

Соц тармактар:

Добавить комментарий