Султан Жумагулов: «Азыркы гезиттер 90-жылдардагы чапанын чечише элек»

«Журналист — биринчиден, кадимки эле адам. Коом кандай көз карашта болсо, журналист деле так ошондой көз карашта. Бирок ага өзгөчө озуйпа тагылган», — деди маегибиздин башында Султан Жумагулов. «Бейне» рубрикабыздын бул каарманы окурмандар үчүн интеллектуалдуу сатирага ык койгон Султан Акторпок, угармандар үчүн ВВС радиосунун баяндамачысы катары таанымал. Кесиптештери үчүн ал тек гана мээнеткеч журналист.

Ат-Башынын тоолору…
Менин бир өмүрүм Ат-Башынын тоолорунда. Ошол жакты эңсей берем. Ал жак ар дайым тунук, таза сезилет, мен дүйнөнүн кайсы жагында жүрбөйүн, ар дайым Ат-Башынын тоолорун сагынам. Бала күндөгү бир окуям эсимден кетпейт. Бир жолу, 4-класста болсом керек, райондук гезитте иштеген бир журналист мени сабактан сурап кетти. Ал менин колума бир аз тыйын карматып, дүкөндөн соода кылышымды суранды. Мен соода кылдым, эмнени сатып алганымды деле билбейм. Аңгыча баягы журналист дүкөнгө кирип, менин колумдагыларды кайрадан текшертип кирди. Көрсө дүкөнчү баласынтып мени алдап койгон экен. Баламын да, тим эле бирөөнүн шермендесин чыгарганыма сүйүнүп, эрдемсингем. Бирок ошондо өз капчыгын толтуруп алгысы келген бир журналисттин куралы болуп, дүкөнчүгө кыянаттык кылганымды кийин түшүндүм. Аябай өкүнүп да жүрдүм. Ал эми журналисттердин көбү алгач ыр жазышат, мен дагы бала күнүмдө ыр, жомок жаза берчүмүн. Мектепте да жакшы окуучу элем. Райондук гезитке да үзүм кабарларым чыгып турчу, ошондон уламбы, журналист болом деген ой мектепте окуп жүргөндө эле келди.

«Презервативдин падышасы»
Мектепти бүтүп келгенден кийин азыркы Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетине тапшыргам. Өз күчүм менен өткөм. Окуп жүргөндөн баштап эле ар кандай гезиттерде иштедим. Бирок 1993-жылы элге кошулуп, досум Кыялбек Урманбетов менен базарга чыгып кеттик. Биринчиден, турмуш кыстады, мүшөктөп акча алабыз, ал үч күндөн кийин эле эч нерсеге жарабай калат. Деги эле тапканыбыз эч нерсеге жетпейт. Экинчиден, журналисттик романтика башталып кетти. Ошол учурда Орусиянын журналисттери деле «журналисттер кесибин алмаштырат» дегенди мода кылып алышкан. Мүмкүн ошол да таасир бергендир.

Базарга Кыялбек экөөбүз тааныштарыбыздын майда-чүйдө буюмдарын сатып жүрдүк. Анан сагыз саттык. Көрсө, кыргыздын байлыгы жок экен да, мен ошондо билдим. Бирок ал учурда акча алмашып, сом кирип жаткандыктан, тапканыбыз эч нерсеге жарабай күйүп кетет. Кыйналдык. Кийин майда-чүйдөнү жайып коюп олтурсам корей, орус улутундагы адамдар келип, мага тамеки таштап кетишти. Алар менин дарегимди деле билишпейт, айтор мага товарларын ишенип таштап кете беришчү. Ортодо ал акчаны да уурдатып жибердим. Бирок болбой эле кайра миңдеген сомго бааланган тамекилерин таштап кетишет, үстүнө беш тыйындан кошуп атып карызымды жаптым. Анан бир күнү ошол товар берип кетчү орус мага презерватив алып келиптир. Мен чалкамдан кеттим. Бизде тарбия деген башкача да, мага абдан өөн учурады. Бирок болбой жатып мени көндүрдү. Столдун четине коюп койдук. Анысы тез эле өтүп кетти, кийин уялбай эле сата баштадым. Ошондон улам жанымдагылар мени «Презервативдин падышасы» деп тамашалап калышчу. Бирок ошол майда-чүйдө менен кийин бутума туруп, машина алдым. Колума бир аз акча тийип калгандан кийин кичине оюм бузулуп, көөп да кеттим. Көрсө биз бийликти да, байлыкты да көрбөптүрбүз. Азыркы бийликтегилердин бийликке келгенден кийин дардайып көөп кетип жатканы ошондон. Менин досторумдун ичинен деле байлыкты көтөрө албай ичип кеткендери болду, бузулуп кеткендери болду. Мен деле бир топко башым айланып барып, анан токтодум. Байлык деген чоң сыноо экенин мен ошол базардан даанараак түшүндүм. Көрсө базар мен башында ойлогондой романтика эмес экен. Базар — оор тагдырлардын чордону экен. Мен базардан эч нерсени деле жоготкон жокмун, тескерисинче, көп нерсени таптым. Бирок бир аз колума бир нерсе тийгенден кийин өзүмдүн журналистика деген токоюмду эле сагынып туруп алдым.

«Пайшамбанын» редактору
Ошентип, базарда үч жылдык өмүрүм өттү. 1996-жылы Шайлообек агам (Дүйшеев) «Асабага» алып барды. Ал ортодо «Пайшамба» гезитине да редактор боло калдым. Нускасын болуп көрбөгөндөй өстүрүүгө жетиштик. Азыр «Супер-инфо» гезити өңдүү «Пайшамба» анда өтө популярдуу эле. Ал ошол учурдагы адамдардын жөн гана кызыгуусу болгон экен. Коммунисттик идеология баарына тыюу салып, баарын чектеп келген да. Жадагалса ал учурда «секс жок» дегенге чейин шылдындап, келекелеп айтышчу. Анан ошол учурдагы адамдарды өтө кызыктырган нерсени Мелис Эшимканов ачып жибербедиби, эрдик кылып. Ошондон эл аябай кызыгып, төрт-беш жылга чейин катуу окуду. Ал кезде редакцияга ондогон каттар келет. Журналисттер дагы кошуп жазышчу. Орустардын эротикалык журналдарынан кыргызчага ылайыкташтырып которуп, көркөмдөп, элдик чыгармачылык, журналисттин фантазиясы, айтор, баары биригип келип «Пайшамбаны» болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жеткирген.

«Кыргыз журналистикасы 90-жылдардагы чапанын чеч элек»
Кыргыз журналистикасына 80-жылдары жаңы бир муун кирген. Ошол жылдары жан кирип, каны дүргүй баштаган десек болот. Эми биз деле анда асмандан түшкөн эмеспиз, болгону орус тилдүү («Комсомольская правда» сыяктуу) тайманбаган гезиттердин жанрларын алып, аны кыргызча кыртышка салганбыз. Экинчи бир катуу эпкин 90-жылдарга туура келет. «Асаба» жана «Пайшамба» гезиттеринин гүлдөп турган учуру болчу. Ошондо мурунтан калыптанып калган журналистиканын тилин Кубатбек Жусубалиевдин идеясы менен элдик тилге салып жазганбыз. Ал элге өтө алынып кеткен эле. Бул, билгенге кыргыз журналистикасындагы революция болгон.

Ал эми бүгүнкү күндө эмне үчүн гезиттердин тиражы өспөй калды? Себеби, азыркы гезиттер 90-жылдардагы чапанын чече элек. Азыр гезиттердин атын жаап коюп, ичин окусаң дээрлик бардыгы окшош, б.а. баарында чукумай, тийишмей, уруп кетмей, муштамай өңдүү тапан стиль. Бүгүнкү кыргыз журналистикасы жедеп чалдыбары чыгып, колдонууга мүмкүн болбой калган тилди, стилди туу тутуп келатат. Маселен, 90-жылдарда журналисттер айрым адамдарга, же президентке деле жөнү жок эле, эч кандай далилсиз согуп алмай, капталга урмай, кабыргадан нукуп өтмөй, бетке түкүрмөй өңдүү мамиле кыла беришчү. Ал учурдагы аткаминерлер көтөрүмдүү экен. Ал эми азыр журналисттерге байланышкан соттук процесстердин дээрлик көбүндө журналисттер өздөрү утулуп калып жатышат. Анткени, кесиптештер ошол далилденбеген эле маалыматка жол берип, укуктук жактан сабатсыз болгону үчүн. Жакынкы учурларда эле премьер-министрлердин бири «журналисттер мени туура эмес жерден шыбап жазганы үчүн чыдабай апам өлүп калды» деп айткан. Бул эмнени билдирет? Бир сөз менен адамды көкөлөтүп, же бир сөз менен аны өлтүрүп койсо болот дегендик. Журналисттер ошол жоопкерчилигин билбей жатышат. Журналисттерди да мыйзам менен эсине келтириш керек. Заман болсо олуттуу, эч кимге тийишпеген, чындыкты айтып, бардык тарапка сөз берген журналистиканы талап кылып жатпайбы.

Бирок ошол эле учурда Кыргызстандагы ММКларды саясий кысымга алуу уланып жатканын да айтуу зарыл. Учурдагы бийлик бир радионун же телевидениенин оозун жаап койгону менен, адамдардын дүйнөнү көрүү, кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жаап коё албайт. Бизге такыр башка маалыматтар мобилдик телефондор аркылуу же Интернет аркылуу келе бериши толук мүмкүн. Азыр ааламдашуу доорунда чоң бир толкун келе жатат. Бул себептүү азыркы бийликтегилердин кылган аракеттери жел тегирмен менен күрөшкөн сыяктуу элес калтырат.

«Мен көп ката кетирдим»
Атайын бирөөгө кыянатчылык кылып убалына калган жокмун, бирок журналист катары көп жакшы иштерди баштап, аягына чыкпай калган учурларым болду. Бир окуяны башынан аягына чейин жарытылуу иликтеген талдоо жаза албадым. Бир учурда «Нарын тентектери» деген тема коюп, ошол кездеги феодалдык жол менен башкарган жетекчилерди жазган элем. Ошол нерсени да аягына чыгара алган жокмун.

Чыгармачылык менен журналистика убакыт жагына келгенде күнү катын экен да. «Мени жаз», «мени жаз» деп бири-бирине жол бербей турат. Мурда чыгармачылык менен журналистиканы бирге ала жүрчүмүн. Азыр болсо чыгармачылык таарынып үңкүрдө жатат. Себеби, чыгармачылык менин биринчи алган жубайым сыяктуу да. Мурун гезиттерге да «Султан Акторпок» деген псевдоним менен «бормулаларымды» берчүмүн. Баарын чогултуп китеп чыгарсамбы деген ойлорум да ишке ашпай жүрөт. Мен көбүнесе сатира жанрында чыгарма жазам. Сатириктерге берсем, «бул окуп бере турган интеллектуалдуу сатира экен» дешет. Бирок аны аудитория кабыл алабы-жокпу, билбейм.

Ашкере мээнеткечтик мүнөз жакшы деп сыпатталганы менен, көбүнчө идеяларым өз мойнума илинип калат. Убакыт өткөн сайын ушунчалык түйшүгүң арбып, эч нерсеге үлгүрбөй калат экенсиң. Мурун жатып алып эле ковбойлор туурасында тартылган кинолорду көргүм келчү. Же бир күнү кечке мончодо болсом эс алып калаар элем, азыр алардын баары калды. Бир гана жекшемби күнү үч саат футбол ойногон хоббимди сактап калдым. Буга да каршы болушкандар болду, бирок «жок дегенде ушуну калтыргыла» дедим, жакындарыма. Азыр уулум Жаншерик дагы мени тартып, футболго аябай кызыгат, мен аны дайым жанымда алып жүргөндү жакшы көрөм.

«Мени ойлондурган нерселер, булар…»

Кыргыздар балалуу болот, анан балдарды кийинтип-ичинтет, бирок тарбиялашпайт. «Мектеп тарбиялайт» деп жиберип коюшат. Ушул себептен улам биздин көптөгөн балдар-кыздарыбыз сапатсыз чыгып калышкан. Биз балдарга туура тамак жегенди, туура ойлонгонду, туура китеп окуганды үйрөтпөй жатпайбызбы. Мен бул нерселерди адам катары ачык айтышым керек. Эгер мен президент болсом, күч менен кыргыздын көп салттарын токтотмокмун. Бөтөнчө кыйнамай, кийит бермей салтын токтотуш керек. Элибиз жок дегенде Кытайдын экономикасына иштеп атканын түшүнүшсө болор эле. Бир коюн сатып, балдарын окутуунун ордуна ага кийит алат, кийит болсо Кытайдын товары. Ал эми биз кубалашып арак ичип, кийиттен кийит чогултуп, таң атканча эт жейбиз. Албетте, ал элеттеги кыргыздардын бир гана кубанычы, бирок аны токтотуунун ордуна бир нерсени сунушташыбыз керек эле. Аны биз журналист катары сунуштай албай жатабыз. Адамдарга жалаң эле маалымат берип койбой, биз улутту оң жолго сала турган, эркинирээк жашоого үндөй тургандарбыз. Бирок мен, журналист Султан Жумагулов катары, аны жасай алган жокмун. Азыр кыргызды тушаган, кыйнаган, өстүрбөй турган кемчиликтерин кесе айтып, жолго салган Салижан Жигитов өңдүү инсандар жок.

Жазгүл Жамангулова,»Journalist news» (16)

Соц тармактар:

Добавить комментарий