Манасты күткөн кыргыз

Жакында Жумадиндин «Бүбү Мариям» аттуу китебин окуп чыктым. «Көбү жалган, көбү чын, көрүп турган киши жок» дегендей болуп калыптыр. Манастын жанында жургон кишинин арбагы 11 муун менен ыр жаратышын элестете аласыңарбы? Мен элестете албай койдум. Кастанеданы окуган азыркы эле билимдүү адам жазгандай таасир калтырды. Болгондо да орусча ой жүгүрткөн адам жазгандай.

Мага «Манастын» поэтикасы таптакыр башкача болчу эле. Ага караганда Талантаалы Бакчиев менен Улан Исмаиловдун түшүнө кирген аян нагыз кыргыздын аянындай сезилген. «Манасты» укканда бүткөн боюң дүркүрөп, кулактын кумары канып, өзүң кошо айтып ийгидей, аралашып согушка кирип кеткидей абалга жетиш керек. Мен Дөөлөтбек менен алайлык дагы бир кишинин айтканынан ошондой абалга келгем.

Эми айрымдар далилдегендей, «реалдуу» Манас VI кылымда жашап өткөнү бизге эмне берет? Кирди кол менен кармагыс табышмакты өлтүрүп, жылаңачтап, жиликтеп, алдыбызга жайып койгондон эмне табабыз? Мен, мисалы, Манасты дух, символ катары көрөм. Кыргыздын патриотизминин символу. Кыргыздын көпчүлүгү өз эли-жерине күйсө, ал үчүн жан бергенге даяр турса — анда Манастын арбагы тирүү турганы ошол. Жок, андай болбосо Манастын өлгөнү ошол. Манастын идеясы (мамлекет, эл, жер) жашап турган шартта гана Манасты тирүү десек болот. Ошондо гана Манастын магиясы тирилет.

Азыр Манастын канчанчы кылымда жашап өткөнүнө үңүлгөнгө караганда жерибизди саттырбай, элибизди коргоп, намысты жерге түшүрбөй, мамлекет экенибизди далилдеп калсак, Манастын арбагын сүйүнтө турган иш кылган болобуз. Туурабы?

Азыр эмне үчүн козголуп, манасчыларды козгоп атат дейсиң? Анткени азыркы болуп аткан нерселерге Айкөлдүн арбагы нааразы. Бирок аталардан калган Сөз, абалтадан балбан Сөз элди козгоп, туура жолго салганга жетишсиз болуп калды. Манастын өзү тирилип келгени керек. Манастын сөзү эле эмес, өзү тирилип келгени керек! Манастын реинкарнациясы керек! Ошондо гана оңолчудайбыз.

Бар экени чын болсо баатыр болуп келбейби, багы тайган кыргызга баш-көз болуп бербейби?!

Андыктан азыр Манас атабыз ал тургай манасчылардын эмес, өзүндөй баатырдын жаралышына бата берип, арбагында колдосун, күчүнөн бөлүшсүн, сүрүн, каарын, айкөлдүгүн, жоокердик сапаттарын ошол кишиге (же кишилерге) жугузсун деп тилейли. Ошондой абалга жеттик.

Азыр кыргыз интеллигенциясы дагы эле туура эмес жолдо бараткандай сезилет. «Кыргыздар арийлердин тукуму экен», «Нурдун тукуму экен», «Күндүн тукуму экен» дегенден эч нерсе өзгөрбөйт. Арийлердин кыргыздардан артыкчылыгын да көргөн жокмун. Бул да бир өксүк комплекси болуш керек. Арий болгондугу үчүн эмес, кыргыз болгондугу үчүн баалуу, кыргыз. Мага, мисалы, арийдин тукуму болуп эч кандай кереги жок. Кыргыз болгонум жетиштүү. Ошонун да салмагы, жоопкерчилиги оңой эмес.

«Манасты» жүрөгүндө сактаган, төкмөлүктү төрүндө баптаган, ит агытып, куш салган, илгеркиден сөз салган, эңкейиштен эр сайган, экини катар бир сайган, баш кессе да тил кеспеген, каалгасын элден жаппаган, кандан-бектен кайра тартпаган, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган, кыздары кыялкеч, жигиттери жигердүү, күндүзү кымыз, түнү кыз, күпүлдөгөн эр кыргыз дегендей энөө, таза, кареги намыс, карысы калыс, арамдан алыс ата-бабаларым болгон да. Арийлерге аларды алып барып жабыштыргандан эмне мудаа көрөбүз?

Жыргалбек Касаболотов, 25-март, 2008-жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий