Анатай Өмүрканов

 

Жер Күндү сүйгөн үчүн чимирилет, Куйкалайт а Күн Жерди сагынгандан…

САГЫНУУ
Мүнөткө калып калсам кабар албай,
Делдейем алган демин чыгара албай.
Үшкүрүп сагынчууну сагынганда
Үй эмес аалам болот мага тардай.

Чагылган кара түндү жаркылдатат,
Күрпүлдөп күткөнүнө дайра шашат.
Таш чыдайт сагынычка таштыгынан
А мага чыдаш кыйын, чыдаш азап.

Балыктай тордон чыккан алдас урам,
Булутту сылайын деп тоого чагам.
Көздөрүң жалт-жулт этет жаап жаткан
Жамгырдын ар бир тунук тамчысынан.

Шылдырап агып жаткан тунук булак,
Шыбырап айткан ырым угуп турат.
Агарат тоонун башы сагынгандан,
Бирөөнү сагынгандан көл да тунат…

Кучагың кучагыма тартылбаса,
Жүрөгүм куйкаланмак сагынычка.
Агалбай калмак суулар деңизине
Тартылбай турмак көктө жылдыздар да.

Бактылуу бир бирине табылган жан,
Тилегем сагынууну тагдырымдан.
Жер Күндү сүйгөн үчүн чимирилет,
Куйкалайт а Күн Жерди сагынгандан…

ЖАРАТЫП АЛДЫМ СЕНИ ӨЗҮМ ОЙДОН
Жаратып алдым сени өзүм ойдон,
Элесиң издей бердим көлдөн, тоодон.
Көчкүдөй соккон турмуш соккусунда
Өзүңө жансоогалап коргологом.

Укпаган сөзүң каным аралаган,
Көрбөгөн көзүң жаным жаралаган.
Сел алып баратканда сени ойлонуп
Серпилип жээкке чыгып аман калгам.

Карабай кыштын бороон ызгаарына,
Өзүң деп кыял менен учканымда,
Сезүлчү дүйнө бир тең, өзүң бир тең
Ханың да тең келчү бучкагыма.

Өрттөн да аман калып сенде күйбөй,
Жашындым бир өзүңө күндө түндөй.
Секетим сен бар үчүн бу дүйнөдө
Туйулган ушул өмүр өлбөчүдөй…

Ыйладым өксүй карап өзүң жакты,
Жаш эмес көөдөнүмдөн кан, зил акты.
Сөздү кой, жүзүң буруп койгон жоксуң
Жүрөк деп алдың беле кара ташты?!

Тамырын тапса таштан үн чыгат дейт,
Жүрөгүм жалгыз гана сага эркелейт…
Эмне үчүн ай-ааламга жеткен үнүм
Эмне үчүн сага жетпейт, сага жетпейт?!

ТААРЫНБА
Мейли жашың, мейли болгун карың да,
Бир кемчилик болот адам-баарында.
Жаркынайым, билип билбей, байкабай
Бир кетирген кемчиликке таарынба.
Бир-бирине сүйгөн гана таарынат,
Сүйгөн гана бир-бирине жалынат.
Ошолордун оттон ысык өбүшү
Бу дүйнөнү кармап турат жаңылап.

Жамандыктан колдоп турган Теңирдей,
Сен бар үчүн келем көптөн жеңилбей.
Барган сайын жакын болуп барасың
Эң бир ысык эң акыркы деминдей.

Сен тарапка сапырылат санаалар,
Сүйгөн жүрөк бир-бирине барабар.
Ташка тийген тагдырыма табылган
Таяныч сен эң акыркы таянар…

Көңүлгө алба көп иштердин майдасын,
Мулундабай мурункуңдай жайна чын…
Таң атарда тарап кеткен булуттай
Таарынычың таппай калсын айласын.
Макулбу?

ЖАКШЫ ТҮШҮМ БЕРЕМ САГА
Сагынычтан күйүп жана,
Салып уруп келсең мага.
Сонуркатып уктатпаган
Сонун түшүм берем сага.

Жакшы түшкө акылдуу хан
Казынасын алмаштырган.
Менин түшүм жыргалдардын
Жыргалына татый турган, —
Бир укмуш түш; сен да жашсың,
Мен да жашмын, жапжашбыз биз.
Суу да акпайт, жел да жүрбөйт,
Күн да чыкпайт ишен бизсиз.

Жоголсок да табылабыз,
Улам Айдай жаңырабыз.
«Кош» айтышып бүтөр менен
Ар кимибиз сагынабыз…

Жаркылдаган эй, садага
Канатың как кана, кана.
Жан адамга ыраа көрбөс
Жакшы түшүм берем сага!

УЗАТААРДА
Узай бердиң улам-улам ыраактап,
Карай бердим кайра артымды кылчактап.
Эмнени айтам эрип бара жатканда,
Сени көргөн тагдырыма ыракмат.

Өмүр калды тамшандырган таңдарда,
Таянч болдуң тайгалансам кармарга.
Сени эч качан унуталбайм, унутпайм,
Көздө сүйүү, көкүрөктө жан барда.

Каректесиң-көзүмдү ачып карасам,
Оюмдасың-мен эмнени самасам.
Кол булгалап:
«Жакшы бар!..» -деп калсам да
Сени менен кошо кетип баратам…

ЯПОН ПОЭЗИЯСЫНАН

* * *
Сүйүктүүм бир сен гана,
Кандардын кызуулугу
Жашоонун миң кылыгы
Жаздардын укмуштугу
Жөнүндө эң узак кеп кыласың!..

* * *
Капыстан ойго кылт дейт,
Турганы мени күтүп бозоюмун
Эшигин түнүчүндө ачып кирем
Керемет ай жарыгы
Жаздагы жагым чачкан тала үстүнөн!

* * *
Акылым айран болот,
Отурсам канатына махабаттын,
А өзүм эч байкабайм,
Ак булуттун ар жагынан,
Бар — жогун бир жүз отуз чакырымдан…

* * *
Таң сүрбөй коё турчу!
Эң таттуу махабат жомогунда.
Түндөгү уйкусуроо кулагыма
Угулуп төшөктө жатамын,
Сүйгөнүмдүн ийнине арта салып колдорумду…

* * *
Айлуу кечте
Сен далистен ыр ырдадың.
Ал сагынычтын ыры эле:
«Кайгылуу жер, кош түбөлүк,
Өттү сүйүү унутпагын…»

* * *
Эки колум эрке, көнбөй
Ырдын тытат барактарын.
Айым менен күлүп — жайнап:
Сүйүү үчүн «20 миң жыл» —
Көппү эң эле? Жо-ок карагын эң аздыгын!..

* * *
Зериктирген ушул түнү
Узатамын мага үйүр күүлөрүмү.
Кан тамырда жалын чуркайт
Бу да Кудай бергениби
Кумар жаздын келгениби?

* * *
Түндөгү махабаттан соң,
Күзгү алдына отуруп оңдономун…
Ах десең убак эрте,
Тоо — белестен акын булбул
Сүйүктүүмдүн уйкусун буза көрбө!

* * *
Капкара чачтарымды,
Симадай тал — тал гана өрдүм бүгүн.
Окшошуп борбордогу чүрөктөргө
Эртең сага жаксам
деген ойдо: «Токто күнүм!»

* * *
Арыкта суу шылдырайт…
Ал түнү уйку качып алда — кайда
Каалоонун эркелиги ала качып
Талаага таң сүргүчө жүрөм басып
Бу жайдын келбетине сыймыктана.

* * *
Жашыл төр жайыктарда
Шар өзөн ийреңдеген.
Келемин сүйгөн бозой!
Түштүккө сен жашаган
Сагынам мени дагы өзүң жүргөн!

* * *
Будда сөзү мындай деген?
Катаал чындык ченебеген?
Ушак — айың эмне керек?
Дүйнөдө биз экөөбүз
Чырмалышкан сүйүү менен!

* * *
Тал — тал түшкөн көмүрдөй чач.
Согончокту жаппаса да.
Өзөн сыңар камчы саптай
Назик жүрөк элеп — желеп
Кысталышта айла таппай!..

* * *
Киёмидзе храмына,
Гион деген жер менен бара жатам-
Жолуккан адамдардын,
Жаркын жүзү агарып ай нуруна
Мөмөгө окшоп, турду мына!…

* * *
Көздүн жоосун алып турат,
Байчечекей атыры көңүл коштоп!…
Мант бери ойду канча алаксытат
Капкара чачтын жыты.
Караңгылып калганбы кетпей токтоп!

* * *
Турамын арашандын суусун кечип,
Ысыгына балкытып бой жибитип-
түбүнө сыр катылган,
аппак гүл чагылышып
Жыйырма жаңы келген жаш өңдөнүп!

* * *
Оо эрке жел
Жаз түнү жолго чыккан
Эң алыс сапарынан
токтобой келе жаткан,
чачына кыз аттуунун тие көрбө!…

* * *
Бул жерде азыр гана,
Не бүттү деп кылчактайм арт жагыма
Сокурду элестетем,
Көрбөгөн алысты, жакынды да
Көзгө сайса көрүнгүс үркүтпөгөн!

* * *
Көкүрөк кысталгандай
Топ болуп буттан бутка
Купуя сыр сандыгы,-
О кандай, узун-кыска
беле дейм гүлдөй нуска

* * *
Шыпырылып түштү ийинден,
Шөлбүрөк жибек кийим.
Шамаал жортту жашыл түспөл
Калкып түндүн караанына
оргуп-оргуп желип жорткон.

* * *
Капкара олоң чачтар
Жибектей кою, сүйкүм
аралашып калды кандай!
Сүйүүдөн сапар чечип келди бүгүн
Мендеги айтыла элек көп-көп ойдой…

* * *
Күттүм сени тиги жерде,
Агарткан лиля гүлү тажыларын
Те тиги гүл өнгөн жылгаада
Сени күттүм жапыс чөптө,-
Жана түздө, күн желеси төрөлгөн…

* * *
Үзүп алып жапайы розаны,
Чачымды келиштирип алгым келди
Гүл чатырын чогултуп
О сүйгөнүм өзүңдү сагынгандан
Күн кечке от болуп жангым келди…

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.12.2009-ж.

Жалгыздыкта бүт баары бар

АЯЛДЫ СҮЙ
Бирөө мурун дем алган деп абадан,
Сен дем албай кое албайсың эч качан.
Менден мурун бирөө муну өпкөн деп,
Өппөй басып кете албайсың аялдан.

Көпкө узабай көз жумасың абасыз,
Так ошондой тагдыр күтөт аялсыз.
Аргасыздан моюнуңду сунасың,
Моюн толгоп кетүүгө али жан алсыз…

Абадан жут! Каалаганча, канганча,
Аялды сүй акыл-эстен танганча!
Акмакчылык келбей коюу өмүргө,
Менден мурун жашаган деп жан канча…

Аба азайбай көбөйөт дем алгандан,
Өпкон сайын өң өзгөрөт адамдан.
Келесоолук келберсинген аялды,
Өбүшкөн деп беттен өөп калбаган.

Дагы дем ал! Абадан жут канганча,
Дагы аял сүй акыл-эстен танганча.
Сенден мурун эч ким аны өппөгөн,
Дем албаган сенден мурун бир жан да…

* * *
Күтпөгөнүң күткөндөй,
Күндөн күлүп түшкөндөй.
Дүйнө сенден башталып,
Сени менен бүткөндөй.

Акпаганың аккандай,
Айдан ылдый шашкандай.
Жоодурасаң ар бир жан,
Жоготконун тапкандай.

Өппөгөнүң өпкөндөй,
Өрттөнүп жан кеткендей.
Жүрбөй калдым бир мүнөт,
Жүрөгүмдөн «честь» бербей.

Жибек болуп жел желбей,
Желге шыбак термелбей.
Ушул дүйнө ушинтип,
Турмак эмес сен келбей…

Жаныма жан кошосуң,
Эмне десем ошосуң.
Уктап калсам канымдан,
Укмуш ырың созосуң.

* * *
Күйүксөм күлүп чыгарга,
Жабыксам жан сөз угарга,
Күйгүлтүк келсе түн түшүп
Күн болуп тийип турарга.

Сүйлөсөм сөзүм угарга.
Жардам деп колун сунарга.
Армандуу күндө адашсам
Ай болуп тийип турарга.

Көөдөнүм өрт да, көңүл кир…
Өмүргө калган дагы бир,
Өксүгүм ичтен чыгарар
Өмүрлөш болчу жаны бир.

Жүрөгүм жалын, жаным кир…
Жашоомо калган дагы бир,
Кайгымды кандан таратар
Кара көз болчу жаны бир.

* * *
Купуя колдоп Теңирим,
Жаныбыз бир жан сезилген.
Көптөрдөн калган көңүлүм
Калбаса экен өзүңдөн.

Жалынчты мындай укпагам,
Жабыккан жанга дары сен.
Далайдан жүрөк муздаган,
Муздатпа мындан ары сен.

Көөдөндө жаз да, көчө күз,
Күлкүңө күлкүм жарашты ай…
Салкын сөз эмес экөөбүз
Жүрөлү салкын карашпай.

«Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.04.2009-ж.

ДҮНҮЙӨ ЭСКИ, АДАМДАР ЖАҢЫ
Дүнүйө эски, адамдар жаңы,
Топ болуп келип жок болуп кеткен,
Кембагал өткөн көңүлү чөккөн,
Падыша өткөн байлыкка көпкөн.
Аалымдар өткөн түйүндү чечкен.
Өзүңө эмес өлкөңө арна
Өмүрдү ушу өткүндөй өткөн.

Дүйнөдө элдин бардыгы жакшы,
Өз элиң бирок баарынан сонун.
Ааламды алты айлансаң дагы
Үйүңө барсын бараткан жолуң.
Атпай журт атын асманга көтөр
Ошондо жетет жылдызга колуң.
Элиме десең бар болот жогуң…

Байлыкты адам жаратат, бирок
Адамды байлык жарата албайт.
Жакшыдан адам көңүлү калбайт,
Жамандар жардам берем деп алдайт.
Алтынга темир жанаша жатып
Алтындай болуп жаркырап жанбайт.
Арамга жакшы чыпалак малбайт.

Досуңа бергис душман бар билсең,
Жалган бар делет бергисиз чынга.
Денеге тондон көйнөгүң жакын
Жакын деп күйүп жакындан сынба.
Уу, уу-деп балды үч жолу айтса
Айланып кетет бал дагы ууга…
Агалбай калса бузулат суу да.

Жамгыр да төктү, мөндүр да төктү,
Өкүнткөн, күлгөн өмүрлөр өттү.
Чакчайып тийген чак түшүм ооп
Чаңы арбый түшкөн иңирге жетти.
Кейисем дагы кечинен бер — дейм
Кейиштүү күндү келбеске кетчү.
Ыр бүтүп, анан обон да бүтүп
Күнгө да келдим күүлөрдү чертчү…

«АРАШАН» ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ҮЙҮ
Үйөрлөп каным жүрөктө,
«Арашан» десе дердеңдей…
Ар жылда келем өзүңө
Ата-энем куруп бергендей.

Жардыбыз чыны жайытка
Жайлоом жок башка эч сендей.
Жарадар болгон илбирс да
Ийнине кирип кеткендей,-

Киребиз сага жайы, кыш,
Кездерде жүрөк канаган,-
Керек деп бачым айыгыш
Жан эзип жүргөн жарадан.

Көкүлдү көккө ыргытып,
Көңүлдү аста сылайт жел.
Ичип кал сууну шыңгытып
Ыр түнөп кеткен ушул жер.

Темиркул, Аалы, Насирдин,
Түмөнбай, Халил… эстечи…
Байдылда, Турар… дагы ким…
Жолондун келет элеси.

Жан сырым айтам күн-түнгө,
Жаңыдан билип ыр даамын.
Чогултуп жатам бу жерде
Алардын калган ырларын.

Милдет чоң аны сезебиз…
Ырлардын Күнү, Айы окшоп,-
Сүкөбүз менен Сокебиз
Бир-бирин жүрөт коноктоп —

Карайбыз тоону, талааны,
Чокуну беттеп кыр менен.
Сары оору болгон жараны
Сакайтабыз ыр менен.

Жылдыздан түндө койнуңа,
Жылдыздай кыздар келишет.
Асылып улам мойнуңа
Анан ыр жазып беришет…

«Арашан» десе сүйүнөм,
Ташкындай, селдей күүлөнүп.
Суурулуп чыгып үйүмөн
Калганча шашам бир көрүп…

КАНДЕК
Шаар чети. Баскан эл көп.
Көзүнө илбей өткөн жанды.
Толгоо бүтүп жолбун кандек
Жол боюна тууп салды.

Көзү ачылбайт, көөдөн менен
Көрүп күчүк жан айласын,-
Эмчек издейт бардык жерден,
Кандек жалайт чарайнасын.

Бирин бири түртөт баары…
Окшошун айт Кудай Таала.
Наристедей кыбырашы
Кыңшылашы кудум бала…

Төртөө эмес төрт жагынан,
Бүт тамыры балкып-чалкып,-
Обон чыгып кан-жанынан
Ал ансайын кумары артып…

Миң бөлүнүп жалгыз жаны
Күчүктөрүн жалап жуктайт.
«Жүрөгүндө мээрим бары
алпкетсечи»… бирөө да укпайт.

Алсырады ачкалыктан,
Ой жанын жейт таңдан кечке:
«Боорукер жан, кайрымдуу жан
Күчүктөрүм алып кетсе»…

Бирөө өттү: «Жаңы иш таптым,
Жакшы турсам анда башка.
Күчүктөрүн кайдан бактым,
Балдарыма жетпей жатса»…

Сүт ордуна кан чыкса да,
Күчүктөрү тынбай эмет.
Желдей ойноп бир убакта
Келген бала аны көрөт.

Көрөт дагы колуна алат:
«Дурус окшойт ит тукуму.
Эки-үч күндөй берип тамак
Базарга анан сатам буну»…

Кандек тишин ырсайтпады,
Кубанды ичтен алпкеткенге.
Ыраазылык ысык жашы
Анан тып-тып тамды жерге.

БУЛ ӨМҮРДӨ…
Даракта арман жазда ойгонбой куурап калган,
Куштарда арман кайтарында учпай калган.
Жылдызда арман бир жылт этип өчүп калган,
Булакта арман деңизине жетпей калган,
Өмүрдө арман — өмүр жалган
Жалган дүйнө кимден калган?!

Бул өмүрүң ылдамындай учкан октун,
Бир жалт эттиң, анан болду, жоксуң, жоксуң.
Жыргалынан кууралы көп арман күнгө
Оо, Жараткан, кантип коштуң, кайдан коштуң?!
Ортосунда кызыл чоктун,
Олтурамын бармын-жокмун…

Жарык дүйнө кандай жакшы болсо да арман,
Жакшылыкты батар күндөн, атар таңдан,-
Күтүп жашоо тирүүлүктө дөөлөт болсо
Үмүт менен ал арманды көрүү — майрам..
Оо, көз ирмем созул көпкө
Көк деңизге кайык чөкпө…

ОРУС ДЕГЕН СӨЗ
Өзгөрүлдү бүгүн өзгөрбөс,
Жакшы көрбөй барат эл элди.
Түшүнгөнгө орус деген сөз
Түшүндүрөт Калыс дегенди.

Керек эмес дагы тереңдеш,
Кучак жайсын эми эл элге.
Бирок бизге орус деген сөз
Бапбарабар Чындык дегенге.

Керооз айтат: «Эзди сексен жыл,
Кылбаганы барбы орустун»…
«Жоктон барды орус жасады
Турат жайнап элин, конушуң.
Элибиздин багы бар экен,
Башка улут мынча эзгенде,-
Аргындашып ушул элиңден
Калбай калмак такыр эч нерсе.
Жакшылыкты билгин дайыма…
Үмүт үзүп ушул жарыктан,-
Өлпбаратканда сууну оозуңа
Орус болчу алгач тамызган»…

Ал-күчүнө ар эл жараша
Күндү көрөт эптеп өлбөөчү.
Бирок билгин орус деп айтса
Бирбоор деген сөздүн дал өзү…

АТАГАНАТ
Жан жагы күү, жан жагы ыр жаштык кезде,
Айылдан дос, шаардан дос күттүм эле.
«Кандайсын?» деп берерге ашын таппай калчу
Көчөсүнөн көңүл жайда өткөнүмдө.

Кайгы күндөн кабары жок алдыдагы,
Кабак жарып жайнап турчу анын баары.
Бу карылык — карышкырдай үйгө кирип
Көзгө басар дос, жолдоштон калбай калды…

Көлөкөмдү ээрчитип мен көптү самап,
Жалгыз жүрөм. Токой турат мени карап:
«Жарданышып тиктеп турган дарактар бүт
Досум болуп калса гана атаганат»..

«Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.10.2009-ж.

БАРДАР КЕЗ КАЙДА — БААРЫ БАР
Редакциядан: Кыш бою тоңуп турган табийгат кыймылга келип, жер чымырап жаз чыкты.
Акындардын сезимине бүлүк салып, жан- дүйнөсүн оболоткон ырлар бүчүр жара баштады.
Бүгүн «Ачык саясат» ашыктык ырларынын кыргыз мажнуну, акын Анатай Өмүркановдун жаз жыттанган, кыз жыттанган ашыглык ырларынын жаңы токтомун тартуулайт.

Акезде бу күн батчу эмес,
Жыш болчу жылдыз асманда.
Кара жер турчу солкулдап
Каткырып катар басканда.

Жетпеген нерсем жок эле,
Желгеним учкан ок эле.
Жанымдан карыш чыкпайт деп
Жаштыктан көөнүм ток эле.

Керемет күчүм ченелбей,
Келаткан селге кебелбей…
Деңизден сүзүп деңизге
Дегеним болчу дегендей.

Турналар кайтты канча ирет,
Тоолорго канча жаады кар?!
Бактылуу ар бир мүнөтү
Бардар кез кайда — баары бар?!

Бардар кез кайда — баары бар?!
Балбылдап батып барат күн.
Баш бербей жанга баркылдап
Базарым кайда түгөттүм?!

Жүзүмдөй бетте жүз бырыш,
Жүрөктө күйүт толот муң.
Мас болуп, анан эрдемсип,
Майрамым кайда жоготтум?!

ЧЕЧЕН ЭЛИНИН АКЫН-ЖАЗУУЧУСУ, ДРАМАТУРГУ МУСА АХМАТОВГО
Салт мыйзамдан улуу, эч кимге
Моюн сунбайт, ыйык эзелтен.
Жоого аттанып чыгаар мезгилде,
Ким кечиксе башы кетчү экен.

Кол дапдаяр, четте турат топ,
Жолду тиктеп карек тешилет.
Жүз башынан көзү күйгөн чок,
Эмнегедир экөө кечигет…

Шамалга окшоп келди ким бирөө,
Суроо жебе: — Неге кечиктиң?
— Кечээ бизге Нике кыйды эле,
Ууз ичкенсип уктап кетипмин.

Суурулганда кылыч титиреп,
Келди дагы бирөө куюндай,
Эси чыккан жигит энтигет…
Айткан сөзү даана угулбай…

— Эй, жаш жигит, шашпа өлүмгө,
Себебин айт кечиккениңдин…
— Мен да сүйгөм, сүйгөм өзгөчө,
Бул үйлөнгөн кызды… келинди…

Муну сүйдү, мени сүйбөдү…
Буйрук экен… алды. Билгем мен
Жубайы экөө унтуп дүйнөнү
Туралбасын мунун таң эртең.

Анын жары — менин сүйгөнүм,
Калбасын деп дайым кайгыда.
Жоо жаракчан эрте келгенмин,
Муну күтүп мунун айлына.

Муну өзүмдөн мурун өткөрүп,
Мен кечигип келдим соңунан…
— Жаза эмес, буга ырахмат
айтыш керек буга…оо, буган…

Калсын бул салт. Күбө ушул жер.
Жоокер сүйгөн ар бир асыл жар.
Тилеп алсын көктөн мураскер
Найза берер, кылыч тапшырар…

СЕНИН ЖӨНҮҢ БАШКАЧА
Жаным сага жаш баладай берилген,
Ушул күндү күтүп жүргөм Теңирден.
Сан жетпеген колу менен падыша,
Бир сулууга жеңилгендей жеңилгем.

Жеңилгенмин баскан изиң өпкүлөп,
Бир болууну көп суранып, көп тилеп.
Өптүргөндү мындай койгун чекемен,
«Бир жолу эле сыпаа сылап өтчү»- деп…

Жалдырагам, Кудайга үнүм угулган,
Сенсиз менин басар жолум буулган.
Сен сүйүүгө баш ийбейм деп көгөрсөң
Мен сүйүүнү багынтам деп туулгам…

Күнүм эсте өзүңдү эстеп кайыккан…
Жан дүйнөмө чачып жарык шам,
Кереметтин керемети өңдөнүп,
Келип калдың келген өңдүү кайыптан.

Караңгыда качкан куштай түнөктөн,
Кайсалатып орун алдың жүрөктөн.
Кандай гана бактылуу жан өмүрүн
Сен деп жашап, сен деп жүрүп түгөткөн.

Күлмүңдөчү, аймалачы, аймала,
Күбө болуп көлбүп турсун айлана.
Жалынычтар жаап кирсин жамгырдай,
Аман калса аман калсын жан гана…

Сенин жөнүң башкача да өзгөчө,
Тиктеп эле тургум келет кечкете.
Куудай учуп, Суудай агып суйкайган,
Күндөн бүткөн, Айдан бүткөн Ак Бөпө .

САГЫНУУ
Мүнөткө калып калсам кабар албай,
Делдейем алган демим чыгара албай.
Сагыныч сай сөөгүмдү зыркыратса
үй эмес аалам болот мага тардай.

Чагылган кара түндү жаркылдатат,
Күрпүлдөп күткөнүнө дайра шашат.
Таш чыдайт сагынычка таштыгынан
А мага чыдаш кыйын, чыдаш азап.

Балыктай тордон чыккан алдас урам,
Булутту сылайын деп тоого чыгам.
Көздөрүң жалт-жулт этет жаап жаткан
Жамгырдын ар бир тунук тамчысынан.

Шылдырап агып жаткан тунук булак,
Шыбырап айткан ырым угуп турат.
Агарат тоонун башы сагынгандан,
Бирөөнү сагынгандан көл да тунат…

Кучагың кучагыма тартылбаса,
Жүрөгүм куйкаланмак сагынычка.
Агалбай калмак суулар деңиздерде,
Тартылбай турмак көктө жылдыздар да.

Бактылуу бир бирине табылган жан,
Тилегем сагынууну тагдырымдан.
Жер күндү сүйгөн үчүн чимирилет,
Куйкалайт а Күн Жерди сагынгандан…

ТААРЫНБА
Мейли жашың, мейли болсун карың да,
Бир кемчилик болот адам -баарыңда.
Жаркынайым, билип билбей, байкабай
Бир кетирген кемчиликке таарынба.

Бир бирине сүйгөн гана таарынат,
Сүйгөн гана бир бирине жалынат.
Ошолордун оттон ысык өбүшү
Бу дүйнөдө кармап турат жаңылап.

Жамандыктан колдоп турган Теңирдей,
Сен бар үчүн келем көптөн жеңилбей.
Барган сайын жакын болуп барасың
Эң бир ысык эң акыркы демимдей.

Сен тарапка сапырылат санаалар,
Сүйгөн жүрөк бир бирине барабар.
Ташка тийген тагдырыма табылган
Таяныч сен эң акыркы таянар…

Көңүлгө алба көп иштердин майдасын,
Мулуңдабай мурункудай жайна чын…
Таң атарда тарап кеткен булуттай
Таарынычың таппай калсын айласын.
Макулбу?

МЕН БАРМЫН
Караңгы түндө жолуңа,
Карегим жанган жылдыздай.
Кол сырын төгүп колума
Койгонсуң мени жылгызбай.

Каткырсаң кошо каткырып,
Кайгырсаң бирге кайгырган.
От болуп он жыл күйбөгөн
Отумду сенден жандыргам,

Мейли жүр тозок отунда,
Мейли жүр бейиш багында.
Кай жерде кантип отурба,
Мен бармын сенин жаныңда.

Мен бармын сенин жаныңда,
Каякта жүрбө мен бармын…
Жаныңда жүргөн дайыма
Чыны мен ушул жалгандын.

***
Кандайсың деп кабар алсаң жан жыргап,
Антпей калсаң кусалыгым канда ыйлап…
Карааныңа зар болгондо көздөрүм
Күйүп турат толгон Айдай балбылдап.

Чыгаралбай чырмап калган бугумду,
Чыркыраймын бир сөз айт деп угумдуу.
Унчукпасаң улуу тоодон удургуп
Куюн болуп кубалаймын куюнду.

Колдоруңду калсам көпкө кармабай,
Жүрөк басып баралбаймын жайма — жай.
Атырылып, алдастаймын
Ай чапчып өзүн өзү аскага урган дайрадай…

Өзүмдү өзүм таппайм, таппайм, табалбайм,
Таңдан кечке ташка урунуп алаңдайм.
Анан аста келе калып өзүмө
Анан жаңы жазган ырым сага арнайм.

***
Көңүлүм азыр шаттангыз,
Олтурам үйдө жапжалгыз.
Чыдамым кетип чыргыттайм
Чымчыктай калган асмансыз.

Сүйлөбөйм сөздү негизсиз,
«Сүйөм» деп кечээ эрипсиз…
Жер таппай жаным коёрго
Балыктай сүзгөн деңизсиз.

Жалындай күйүп жаналбай,
Дайрадай күр-шар агалбай.
Алдырып баарын урууга
Аңгырап турган адамдай.

Олтурсам үнсүз жалдырап…
Угулат күлкүң шаңгырап…
Тунжурайт туш-туш тарабым
Турам мен минтип канча убак?!

КАР ЖААГАНЫН КАРАП
Ушул дүйнө кандай керемет!
Кар жааганды курбум карачы.
Жым-жым этип жумшак шилтенет
Анын жылуу аппак канаты.

Үбөлөнүп түшүп жылдыздан
Катар бузбай кайткан аккуудай —
Аруу ырын мурда, азыр да
Ырдап келген, ырдайт басылбай.

Сыйкыры көп сырдуу ууз кар,
Силерге окшоп келет муундар.
Ким болбойлу мезгил алдында
Милдет өтөп жайнап туруу бар.

Арты өкүнүч ушул өмүрдүн,
Ар мүнөтүн, ар бир ирмемин,
Кана карап барктап калгын деп
Кайра демеп төгөт күүлөрүн.

Балбалактап тынбай чубалган
Карың мисал өткөн сан кылым.
Жексен болгон акын, баатырдын
Айтып жатпа татаал тагдырын?!

Бир-бирине арзып жетпеген
Эки жаштын арман ыры окшоп
Самсаалайсың… сен да, мен дагы
Бу дүйнөгө келген бир конок.
Оо, тирүүлүк канбай күүңө,
Тоо-ташыңды өөп, эркелеп —
Жазмыш буйруп жашоо өзүңө
Кардай жаап кайра келсем, эх…

АК ТИЛЕК
Ушул күнү акындар жакшы ыр жазсын,
Ушул күнү кыздар бозой катын ачсын.
Ушул күнү баласыздар бала көрүп,
Базар болуп коргону бакылдашсын.

Ар-ар кимдин ойлогону ишке ашсын,
Ар-ар ким турмушунан бакыт тапсын.
Онтогон оорулуулар ушул күнү
Сакайышып арабызга аралашсын.

Өлгөндөр да көрүн тээп чыкса деймин,
Сокур көрүп, дүлөйлөр укса деймин,
Ылайым гүлдөр чыгып, чөптөр чыгып,
Ырыс күн ырын ырдап турса деймин.

Алсыздар алдуу болуп күчкө толсун,
Жаштын жары жаркылдаган аккуу болсун.
Куюлган ушул кызыл виного окшоп
Дүйнө элинин жашоосу таттуу болсун.

БЫЛТЫРКЫ КАР
Кандайсың, кайра келген былтыркы кар,
Жадыңда канча кайгы, канча муң бар?!
Былтыркыдай жылтылдайсың, мупмуздаксың
Жылуулугун жатка бербес жылдыз сыңар.
Ууздай ак денеңди колума алып,
Кармагым келет сени куштарланып.
Чыдай албай чын сүйүүмө «мөлт-мөлт» этип
Ошол замат жок болосуң жерге тамып.

Сыйкырың — шунча сулуу, шунча муздак,
Тулкуңда мерездигиң турат уктап…
Таш кыласың тамылжыган махабатты
Күлүп кирген кайра өзүңдөн сыздап чыгат.

Теңирдин бизге жазган каты сымал,
Жатасың «жалт-жалт» этип былтыркы кар.
Так ошончо муздайт, сыздайт, ыйлайт, ырдайт
Бир өзүңө кимдер канча болсо кумар…

Соц тармактар:

Анатай Өмүрканов: 4 комментария

Добавить комментарий