КРнын Баатыры, КРнын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Төлөгөн Касымбеков: “Мен атадан жалгыз уулмун”

Жумурай журтубузга «Сынган кылыч», «Кел-кел», «Баскын», «Кыргын» аттуу тарыхый романдары менен таанылып, кыргыз адабиятынын өнүгүп өсүш жолунда ат көтөргүс эмгек жумшаган аксакал жазуучубуз Төлөгөн Касымбеков 79 жашка толду!

— Жаңы жылыңыз, туулган күнүңүз менен жалпы жамаатыбыздын атынан куттуктайбыз! Ден соолугуңуз бекем болуп, ар жаңырган жылда сиздин ак батаңызды алып туралы. Кандайсыз, чыгармачылыгыңыз кантип атат-деп кайрылдык?
— Санжыра менен сүрүштүрө келгенде жаңырган жыл уй жылы экен. Уй салмактуу, анда-санда гана кыялы кармаса бир сүзүп койгон жаныбар келет эмеспи. Андыктан жылыбыз да жакшы жылдардан болсун. Сүт, май, каймак төгүлгөн, жемиштүү, ырыс-кешиктүү жылдардан болуп, эли-журтубуз аман-эсен жашашын каалайм.

Эми чыгармачылыгым боюнча айтсам, бардыгын топтоп өзүнчө бир сегиз томдук кылып чыгарайын деп ниеттендим эле, кудай буюрса жакынкы айларда окурмандардын колуна тийип калат. Бул томдукка менин ушул күнгө чейинки адабияттагы ишмердигимдин баары кирет. Андан сырткары азыркы күндө «Өткөн өмүр, көргөн күн» деген мемуардык романымдын экинчи томунун үстүндө иштеп жатам. Буга болсо менин балалык күнүмдөн баштап, ушул жашыма чейинки жалаң өзүмдүн ой-санаам кетет.

Мен өзүм атадан жалгыз уулмун. Атам Ибраимов Касымбек медреседе окуп, ошол учурдун билимдүү адамы кыйын комузчу, төкмө акыны болгон. Кыз балдары болгону менен атам 59 жашка келгенче эркек балдары токтобойт. Ошондо өзүнө окшош акылдуу байбичеси кыпчак энем «Сендей улуу адамдан тукум калбаса болбойт»-деп өзү сураштырып, макулдашып 20 жаштагы кызды атка өңөрүп алып келип, атама нике кыйдырып, токолдукка алып берет. Энем 21 жашында атам 60ка чыкканда көргөн баласы менмин. Мен төрөлгөндө сүйүнүшүп, атымды азан чакырып Кудайберди дешип, кайра аксакалдардын тилеги менен кудайым алган балдарын төлөдү деп атымды Төлөгөн коюшуптур. Байбиче менен токол бул менин эки энем, эже-сиңдидей бир үйдө чогуу ынтымактуу жашап мени өстүрүштү. Мен 14 кө караганда атам кайтыш болуп кетти. «Балам акылдын башы сөз менен»-деген атамдын айткан сөзү менин чыгармачыл адам болуу­ма чоң таасири тийди. Экинчи жагынан менин жазып калганыма ошол учурдагы мезгил, кырдаал да түрткү болду.

— «Сынган кылычтан» тартып тарыхый романдарыңыз башталат эмеспи, учурунда бир топ кыйынчылыктар менен жазылып, жарык көргөнү туурасында азыркы жаш муундун кабары болбосо керек. Ушунун тегерегинде азын — оолак сөз кылып кетсеңиз?
— «Сынган кылычты» 26 жашымда баштап жазып, 35 жашымда жарыкка чыкты. Талыкпаган эмгекти талап кылган чыгармамды ошол учурда эки жолу талкууга коюшуп, талкалоого салынды. Койгон күнөөлөрү «Сен улутчулсуң, орус менен кыргызды бөлүп, аларга каршы жазып жатасың»-деп чыгышты. Китептерим чыкпай партбилетиңди өткөр дегенге чейин барышты. Ошондо мени сактап калган адам Аалы Токомбаев болгон. «Токтогулачы, каргадай бир бала кыргыздын — ата тегинин тарыхын жазып койгон экен, көрө калдыңарбы»-дегендей сөздөрдү айтып, анан тим болушкан. Ошондо да:
Сен-сен дүйнө, сен дүйнө,
Кимге бапаа кылгансың?
Пайгамбарды алгансың,
Падышаны да алгансың.
Алтын бешик терметкен апамды алдың сен дүйнө,
Алланын сөзүн үйрөткөн атамды алдың сен дүйнө-деп «Сынган кылычтагы» жазган ырымда «Алланын сөзүн» дегенди атеист болушуп айтып чыгышканынан «Оңдоп, карап чыгайын» деп «Алла» дегендин ордуна «ак» дегенди койдум. Мына автор карап, оңдоду дешип анан китебим 80 миң нуска менен басылып чыкты. Ошол учурда өздөрүн илим-билимдүүбүз дешкендери менен «Ак» деген сөз деле Кудай деген маани экенин түшүнүшкөн жок. Айтып олтурса көп эле оор күндөр башыман өттү. Буга мен эле эмес ошол учурда жашап, иштеп калган көп эле замандаштарым күбө болушту. Анткени доор ошондой эле. Баардык эле романдарымды жазганда улуу муундан укканым менен эле чектелип калбай ошол айтылгандардын чын бышыгын изилдеп тактап, Москванын архивин алты ай казып олтуруп жаздым. Кийин анан КГБнын начальниги генерал Асанкулов менен таанышып калып, ошол кишинин кеңешчиси да болдум. Кийинки романдарымда документалдуу материалдарды топтоодо чоң жардамы тийди. Ал кезде архивке жетиш кыйын эле. Бир эле мисал менен айтсам, Курманжан Датканы жазганда энебизди чала көрүп-билип, угуп калган адамдарды сураштырып, издеп сүйлөшүп жана кошумча архивдик материалдар менен такталган. Кыргыздын накта каада-салтын карманган аябай таза аялзаты болгон экен. Сүрөткө да колун көргөзбөй түшүп атпайбы. Чындыгында кыргызда аялдар эркекке колун берип учурашкан эмес. Жөн гана акырын баш ийкешип саламдашышкан.

Азыр болсо…
Быйыл жайында Түркияга чакырышып Евразия сыйлыгын беришти. Евразия союзуна мүчө Кыргызстандан Айтматов эле, экинчи болуп мен мүчө болдум. Бул да чоң дем-күч болот экен. Ошондо түрк­төр кайрылышып «уруксаат берсеңиз «Сынган кылыч» романыңыз боюнча өз жерибизде кино тарталык дедик эле» дешти. Автор катары уруксаат бере албайм. Биринчи бул кинону кыргыздын жеринен кыргыз эли тартсын, анан алгыла дедим. 60-жылдары эле атайын ылайыкташтырып 8 сериялуу кино сценарийин жазып койгом. Бирок баары эле барып акчага такалып жатпайбы. Жалгыз гана чыгармачылыгым менен жашап келатам. Жана айтып өткөндөй далай оор күндөр өттү. Удаа-удаа уул-кыздарымды төрөп берген байбичем акыркы жылдары оорулуу болуп, көзү өттү. Бардык ариетин жасап күмбөзүн койдум.

Балдар да чоңойгондо өзү менен өзү болуп калышат экен. Анан тагдырдын буйругу экен азыркы жубайыма жолугуп, баш кошуп, балдарымдын кенжеси Асылбек-менин кичинекей эрмегим. — Москвада Чыңгыз Айтматовго арналган кинофестивалга катышып келдиңиз эле, кандай ойдо кайттыңыз?
— Зээнимди кейиткени чогуу аралашып жүрүп калган замандаштарымдын чекесинен кетип аткандары. Өзгөчө өтүп кеткен жылы улуу-улуу адамдардын көзү өтүп кетпедиби. Таланттар өтүп кетти. Декабрь айында Чыңгыз Айтматовдун элесин эскерүү иретинде Москвада бүткүл эл аралык чоң кинофестиваль болуп өттү. Москвада көптөгөн залкар адамдар менен кайрадан көрүшүп, сүйлөшүп, жердештерим, Кыргызстандын элчилиги да аябай кубаныч менен тосуп алышып, көңүлүм толкуп кайттым. Эми Санкт-Петербургда Айтматовго арналган кечеге чакырышып, сиздин да чыгармачылык кечеңизди ошондо өткөрөлү дешкенинен макул болдум. Уюштуруучуларга ыраазымын.

Жубайы- Элмира Касымбекова
— Улуу жазуучунун жубайы болуу да оңой эмес болсо керек. Ар кандай иш-чара, кечелерде агайдын калбай катышып, элине сөзүн арнап, чыгармачылыгын токтотуп койбой жазып келатканына салымыңыз чоң. Эми сурайын дегеним агайдын сиз билип, биз билбеген жактарынан айтып берсеңиз?

— Кантсе да агайыңар кыдыр жылоологон киши эмеспи. Ак батасы тийип, келечек муун улуу муундун сөзүн угуп, жаңырган бул жылы жакшылык жылоологон, учугу уланган калк бололу. Басса-турса кыргыз элим, журтум, тарыхым деп жашаган агайыңардын качан болбосун ак батаңызды бериңиз деп үлпөт, бешик-тойлорго чакырышса, кыргызды айтып, тарыхын айтып анан батасын берет. Тогуз жыл чогуу жашаган жашоомдон элиме «отчет» берейин деп «Адам болгум келетти» сахналаштырып, буюрса эл алдына алып чыгалы деп турабыз. Агайыңар өзү кеңешчим болуп берди. Мына 80ге жашы чукулдап калды. Кудайыма мен да өмүрү узун болсо деп сыйынып олтурам. Кенже уулубуз жаш, өзүнүн «Адам болгум келет» деген чыгармасындагы Асылбек деген каарманынын атын берген уулу эрмек болуп, дайыма жанында кобурашып чогуу жүрөт. Койнуна алып жатып, сабакты чогуу окушуп, атасынын аркасы менен да балабыздын да ой-жүгүртүүсү да чоң кишидей. Атасындай нукура кыргызча сүйлөп, «Менин чапанымды алып берип койгулачы, чыракты өчүрүп койгулачы»-деп бизди жылмайтат. Атабыз кыргыздын тоолорун жакшы көрөт. Жазында кымызга чыгып, жайлоодо ат минип эс алганды жактырат. Кыргыздын ыр-күүлөрүн укканды, өзгөчө азыркы Бегалиевдин симфонияларын берилип угат. Өзү да комузда, пианинодо ойной билет. Москвада Баатыр келген турбайбы дешип, сүйлөшүшүп, талашышып сүрөткө түшүшүп, элдин караанынан Касымбековду көпкө көрө албай турдук. Урмат-сый көрсөтүшүп, баатыр менен баарлашып атканыбызга бактылуубуз, көрүнбөй келбей кеттиңиз деп атышса, ичиңден ыраазы болот экенсиң. Бардык элимде жакшылык болсун.

М. Молдобекова, «Обон», 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий