“Шаттык” ансамбли Түркияга фестивалга чакырылды

Элдик-үлгүлүү «Шаттык» ансамбли 14-апрелден 27-апрелге чейин Измирде(Түркия) балдар чыгармачылыгынын Эл аралык фестивалына катышат. Бул жөнүндө бүгүн «КАБАР» агенттигине Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун деректири Сабира Челпакова билдирди.

Фестиваль Түркияда балдардын күнүнө — 23-апрелге арналган. «Шаттык» эл аралык көп конкурстардын лауреаты жана дипломанты болуп саналат. Мындан тышкары ансамбль жеке чакырууну алды, ошондуктан бул фестивалга дал өзү катышат», — деп белгиледи деректир.

А. Бенгард, МТ, «Кабар» МА, 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий