Эмил БОРОНЧИЕВ: «Өткөнгө өкүнбөйм»

Өткөн кылымдын экинчи жарымынан тарта кыргыз тасмаларынын мыктыларынын бири, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган «Эрте жаздагы турналар» көркөм тасмасы көпчүлүктүн көңүлүнөн дале кетелек. Тасмадагы башкы каарман Султанмураттын образын жараткан актердун чыгармачылык тагдыры, кийин да биртоп кинолорго тартылган белгилүү киноактер Эмил БОРОНЧИЕВ өзү жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.

Ысмайыл Борончиевдин небересимин
Өзүм чыгармачыл адамдын үй-бүлөсүндө төрөлгөндүктөн алардын ички жандүйнөсүн жакшы түшүнчүмүн. Мени чоң атам, акын Ысмайыл Борончиев жетелеп жүрүп чоңойткон. Биздин үйгө улуу акын-жазуучулар, чоң атамдын чыгармачыл достору көп келишчү. Ушулардын бардыгы менин жашоомо, көзкарашыма, чыгармачыл адам болуп калыптанышыма кандайдыр бир таасирин тийгизсе керек деп ойлойм. Өзүмдүн ата-энем мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлер эле. Атам Зарлык маданият министрлигинде иштеп, мамлекеттик чиновник болгон.

Султанмуратты Кыргызстан боюнча издешкен
«Эрте жаздагы турналар» тасмасына тартылуу өмүрүмдөгү биринчи жолу киножаатына аттанган алгачкы кадамым болду. Султанмураттын ролун мектепте окуп жүргөндө, 15-16 жаштагы өспүрүм кезимде аткаргам. Ал кезде киного тартылуу абдан кыйын эле. Башкы каарман Султанмуратты табуу үчүн бүт Кыргызстандан ылайыктуу артист издешкен эле. Фильмди тартып атканда башкаларга айылдан күлүк ат тандап келишсе, менин минген атым ипподромдуку болчу. Атты ушунчалык катуу чаптырып, ошол эле учурда камерадан чыкпай, текстти айтуу, роль ойноо кыйын процесс болгон. Камерадан кайсыл жерге атты токтотуш керек болсо, алымча кошумчасы менен 10 сантиметр гана айырма болушу керек эле.

Чыңгыз менен Сүймөнкулдун баркын билбей…
Чыңгыз Айтматовго тасма тартылып аткан учурда көп жолуккам. Азыр убакыт өтүп, жашым биртопко барып калган кезде гана балалыкка алдырып, Чыңгыз Айтматов мени менен баарлашып, сүйлөшөйүн десе анча көңүл бөлбөй, улам бир жакка ойноп кеткениме өкүнүп калам. Азыр ойлосом мен ошол учурда абдан жаш, оюнга тойбой, бир орунда туралбаган кезим экен. Ал мени менен сүйлөшүп, бир нерселерди айтканда анча маани берип, көп нерсеге түшүнчү эмесмин. Ошол кезде футбол ойноп, же атка мингенди жакшы көрчүбүз. Кино тартылып жаткан учурда Чыңгыз Айтматов тез-тез эле келип турчу. Андан кийин деле жолуктум. Ошол учурда Сүймөнкул Чокморов өзүнүн өнөрканасына чакырып, автопортрет тартайын деп алып барган. Үч саат тынч отуруп бер дегенине чыдабай, он беш мүнөттөн кийин мойнум, денем талып, болбой койгом.

«Мосфильмге», Голливудга чакырылдым
«Эрте жаздагы турналарга» тартылгандан кийин Москвага ВГИКке окууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти. ВГИКке абдан көп адам тапшырыптыр. Бул окуу жайга өткөн күндө да аны бүтүрүп кете алам деген кепилдик жок эле. Себеби, окуу процесси абдан кыйын. Ал жердеги окутуучулар 1-2 жылдан кийин эле сенин кандай талантың бар экенин билип коюшат. Бирок, ВГИКти аяктагандардын баарынын эле кинокарьерасы ойдогудай ишке аша бербейт. Кээси кинодон алыстаса, кээси башка чөйрөгө кетет. Кээде чыгармачылыгың адилеттүү бааланса, кээде адилетсиздик орун алып калат. Айрым учурда жолуң шыр болот. Кеп чоң окуу жайын аяктоодо эле эмес, ага талант, аракет да болуш керек. Адам башка өлкөгө барып жашаса, анын ички жандүйнөсү эле эмес, өң-келбети да өзгөрөт эмеспи. Өзүңдүн өлкөңдүн маданиятынан башка элдердин үрп-адатын, каада-салтын, маданиятын үйрөнүү эч качан ашыктык болбойт. Бир эле казанда кайнай бербеш керек, ал эртеби-кечпи баарыбир соолуп калат. Билим алып көзкарашты, дүйнө таанымды кеңейтиш керек деп ойлойм. Окуу жайды аяктагандан кийин кыргыз, казак, өзбек киностудияларынан, Мосфильмден, Голливуд тасмаларына тартылууга чакыруу алдым. Акыркы жолу өткөн жылы «Тоолор» тасмасына тартылдым. Бул азырынча жарыкка чыгалек. Учурунда эң мыкты актерлор Талгат Нигматулин, аялы Венера Нигматулина менен иштештим. Кыргыздын үлкөн артисттери менен аралашып, алардан таалим-тарбия алдым десем болот.

Секс-символ, сулуулук
Султанмуратты ойногондон кийин секс-символго айландым деп айталбайм. Себеби, киного тартылгандан кийин эле мектепти аяктап, окууга тапшырып окуп калдым. ВГИКтин босогосун аттаганда эле профессор А.Баталов буга чейин жараткан ролдоруңду, иштериңди, жетишкендиктериңди унут деп айткан. Бул окуу жайга менден да кыйын, чоң ролдорду ойногон артисттер да окушкан. Мен өзүмдүн аткарган ролумду унутмак түгүл, эстеген да жокмун. Ал кезде секс-символ деген түшүнүк жок болчу. Секс-символ деп Голливуд жылдыздары жөнүндө журналисттер гана жазып атышат. Мен сулуулар конкурсун көргөндө дайыма күлкүм келет. Себеби, сулуулук деген эмне? Мен үчүн наристенин күлкүсү же 90-100 жыл жашаган мээрман чоң эненин жылмаюусу да сулуу. Ал эми көкүрөгүнө номур коюп, кыздардын сулуулугун аныктоо күлкүнү гана келтирет. Адам бирөө үчүн кайталангыс сулуу, сүйүктүү болушу мүмкүн. Аны эл алдына чыгарып, «ким сулуу, ким сулуу эмес» деп сындоо бул менин табиятыма жат көрүнүш.

Азыркы режиссерлорго ыракмат
Көпчүлүк мени Султанмураттан улам тааныгандыктан, эмнеге киного түшпөдүң деген суроолор болот. Мүмкүн мен Султанмуратты 15-16 жашымда тартылсам, андан кийин келбетимдин өзгөрүшү аларга тааныш болбой калса керек. Бирок, мен үчүн Султанмурат ар бир кинодо кайталанбашы керек. Баш-аягы 25 фильмге тартылыптырмын. Азыркы чыгып аткан тасмаларды көргөндөр бул начар тартылыптыр же жакшы экен деген сын-пикирлер айтып калышат. Өз каражаты менен фильм тарткан режиссерлорго эстелик койсо болот. Себеби, алар башкалардай болуп хансарай салышып, чет мамлекетке сейилдеп эс алышкан жок. Эгер киного жумшаган акчасын казиного кирип жок кылышса, ошондо гана сындаса бир жөн. Фильмде негативдүү терс жактар көп болсо, мисалы, самолетту жардыруу, адам өлтүрүү, же биздин менталитетке туура келбеген жылаңач адамдарды көрсөтсө бул албетте, жат көрүнүш. Ошондуктан өзүбүздүн улуттук салтыбызды көргөзүүгө аракеттенгенибиз жакшы. Көрүүчүлөрдү адамдардын жөнөкөй тагдыры, тарыхы кызыктырат. Эмнегедир акыркы кездерде бизнесмен, сойку, же атышкан кинолорду көп тартышат. А эмне үчүн ошол эле саанчылар жөнүндө фильм тартышпайт? Жаңы чыгып келаткан режиссерлорго атайын окуу жайды бүтүрүшсө деп кеңеш берээр элем. Эң негизгиси, диплом алуу эле эмес, билим алуу деп ойлойм.

Тасма тагдырыма таасир тийгизе элек, бирок…
Аткарган ролдорумдун көпчүлүгүндө өлүп калам. Султанмурат да, «Аномалиядан» да, «Элеттик күйөө баладан» да көз жумгам. Ошондон улам, тасмадагы трагедияны жашоомдо кайталанып калбасын деп ырымдабайм деле. Негизи, терс каарманды жаратканды анча жактыра бербейм. Мисалы, кичинекей балдарды өлтүргөн, адамдын жанын кыйнаган фильмдер таптакыр жакпайт, андай ролдордон дароо эле баш тартам. Бирок ага карабай киллердин, акмактын ролдорун да ойногом.

Казактар «кыргыз» деп баш тартышкан
Бир жолу «Казакфильм» башкы ролду аткарууга чакырып, мен бардык комиссиясынан өтүп, мына кино тартуу башталат деп атканда алар менден кечирим сурап, «тасманы каржылаган банкир сен ойной турган ролго өзүм ойнойм деп атат, анүстүнө сени кыргыз экен дешти» деп айтышты. Банкир «Эмил Борончиевден эмнем кем, ал ойногон ролду мен деле ойной алам» десе керек. Мен аман эле болгула дедим да, кетип калдым. Алар кой союп кечирим сурап, узатып жиберишти.

Канааттануу алсаң, алыс узабайсың
Кыялданганды анча жактыра бербейм. Жатып алып кыялдана бергенден көрө, ошол ишти аткарыш керек. Бир нерсеге жутунуп чуркабайм, эгер ийгилик келе турган болсо ал өзү келет. Ошол кезде гана чуркап иштөө керек, менин принциптерим ушундай. Адам иштеген ишинен дайыма канааттануу ала берсе, анда ал андан ары өнбөйт деп ойлойм. Чыгармачыл адам дайыма изденүү, аракеттенүү менен жашаш керек.

Дөдөйлөр, саткындар да болгон
Чыгармачыл адамдардын жашоосу башкалардай эле. Болгону алар көпчүлүктүн көңүлүндө, эл алдына болгондуктан, канча жолу үйлөнүп, канча жолу ажырашкандары алаканга салгандай көрүнүп турат. Мисалы, жаныбыздагы эле жөнөкөй кошунабыздын канча жолу үйлөнүп, ажырашканын билбейбиз. Мүмкүн ал чыгармачыл адамдардан да көп жолу нике жаңырткандыр. Мындай көрүнүштөр чиновниктерде, башка чөйрөлөрдө деле көп кездешет. Анүстүнө чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү эмоциялуу болушат.
Мен жашоомдо оптимистмин. Эгерде жакын санаалаштарым же досторум өзүнүн кетирген катачылыгын мойнуна албаса же түшүнбөсө, аны дөдөй деп эсептейм. А эгерде ал кетирген катачылыгын мойнуна алып түшүнсө, мен ал кандай катачылык кетирген күндө да кечире алам. Кээде адамдын туура эмес жасаганын түшүндүрүп айтсаң да түшүнгүсү келбей, ошол нерсени өзүнөн оолактатса, демек, андай адам менен жакындашууга же мамиле курууга болбойт. Албетте, мени сатып кеткен, көңүлүмдү калтырган досторум да болгон. Ошентсе да досчулукка бекеммин. Досторум, тааныштарым, жакын санаалаштарым абдан көп, бул жагынан өзүмдү баймын деп эсептейм.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий